Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Ишенбай Молдоташев,
Курортология жана илимий изилдөө институтунун жетекчиси:
"Биз үчүн оорулуулардын саламаттыгы башкы орунда турат"
- Ишенбай аба, Таш- Дөбө айылындагы курортология жана илимий изилдөө институтунда канча орундук бар жана акылуу орундуктардан түшкөн каражаттарды кайда жумшайсыздар?
- Биздин илимий изилдөө борборунда жалпысынан 500 орун бар. Анын 300 оруну бюджеттен каржыланат. Бюджеттен бөлүнгөн каражат айлык маянага, соцфондго, коммуналдык төлөмдөргө, дары- дармектерге жумшалат. Бирок оорулуулардын бардык дары - дармектерин сатып беришпейт. Себеби каражат жетпейт. Ал эми институтту оңдоп - түзөөгө, заманбап техникалар менен жабдууга, адистерди окутууга, чет жерлерге тажрыйба алмашууга жөнөтүүгө мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Ошондуктан мен келгенге чейин бул институтта эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Албетте, баарын эле мамлекеттин милдетине жүктөп койгон да туура эмес. Бизде 200 орун акылуу болуп саналат. Мына ошол каражат менен да көп иштерди жаса болмок. Мурдагы жетекчилер 8 млн. сом табышчу экен. Көрсө, андан да көп сумма чогулат экен. Болгону аны чөнтөккө салбай кассага төктүрүп, тартипке салыш керек эле. Ишке киришкенде адегенде тартип, дарыгерлердин бейтаптарга болгон мамилесин жакшыртуу, жылытуу, институттун ичи - сыртын оңдоо жагына көңүл буруп, быйыл бюджетти 75 млн. сомго жеткирдик. Бул биздин эң чоң жетишкендик. Мындан сырткары мурда тапкан акчабыздын жалпы суммасынын 20 пайызын мамлекеттин бюджетине салык катары төкчүбүз. Бир жылдан бери бул мыйзамды алып салып, 20 пайыз акчабызды институтту оңдоого, жашылдандырууга жумшадык. Маселен, чатырды толугу менен алмаштырдык. Жылуулукту электр жылыткычына туташтыруу менен 3 млн. сом төлөп, 9 млн. сом каражатты үнөмдөп, аны дарыгерлердин маянасына, чет жерге барып кесипкөйлүгүн жогорулатууга жумшап жатабыз.
- Дарыгерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн чет жерге жөнөтүп жатабыз деп калдыңыз. Акыры жылдары канча адис чет жерге барып билим алып келди?
- Учурда мекемеде 445 кызматкер эмгектенип, алардын 31и илимий кызматкер, мындан сырткары 4 медицина илимдеринин доктору, 10 медицина илимдеринин кандидаты, 3 аспирант билим алып жатат. Негизи бизде адистер көп жылдан бери эмгектенип эле жатышкан кызматкерлер. Алды 40 жыл, эң аз иштегенине 10 жыл болгон кызматкерлер эмгектенишет. Ошондуктан алар кандай ооруну кантип дарылоо керектин, кыскасы өз адистиктерин мыкты өздөштүрүшкөн. Албетте, азыркы заман талабына ылайык тажрыйба алмашып, окуп, билимди өстүрүү керек. 2013 - жылы институттун каржылоосу менен 4 кызматкер Түркиядагы медицинага байланышкан эл аралык конференцияга катышып келишсе, 1 дарыгерибиз Москвадагы белгилүү институттан муун оорууларын дарылоо боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнүп келди. Мындан башка да адистерди Астанага, Алматыга, Германияга жөнөтүп жатабыз. Быйылкы жылды окуу жылы деп жарыялайлы деп чечим кабыл алдык. Кудай буюрса, ушул жылы бир топ жаштарды чет жерге окууга жөнөтсөк деп жатабыз.
- Аталган институтка барып ден соолугун чыңдоого муктаж болгондордун саны абдан эле көп. Бирок дайыма эле орун жок деген жоопту угабыз дегендер көп. Сиздерде да орундар акчага сатылып калганбы же чын эле киши көппү?
- Бизде 65-70 пайызы пенсия жашындагылар менен майыптар, согуш ардагерлери. Аларга бекер. Алар массаж, ийне менен дарылоо, баткакка түшсө акы төлөшөт. Анткени бул кызматтарга бюджеттен акча төлөнбөйт. Мындан сырткары Кыргызстандын бүт аймагынан келип жаткандыктан, бюджеттеги орундар жыл бою бош болбой калат. Бири кеткенде бири келет дегендей. Ал эми акылуу орундар да акыркы кездерде бош болбой калды. Элдин талабы көп. Ар кандай шартка жараша азыр оорулар да көбөйүп кетти. Дагы айта турган нерсе аталган институттай дарылоочу мекеме Кыргызстанда жок. Ошондуктан орундар жетишпейт. Муну туура түшүнүп, туура кабыл алуу керек. Орун жок десе эле, акча алат дей берген туура эмес. Биз үчүн оорулуулардын саламаттыгы башкы орунда турат.
- Азыр бардык эле бейтапканалардын кызматкерлери бейтаптарга орой мамиле жасап жатканын элдин баары айтышууда. Бул жаатта сиздер кандай иш- аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Эң туура. Адам канчалык жагымдуу чөйрөдө куунак жүрсө, дартты да бат жеңет. Бул бейтапканада ооруларды карап жаткан кызматкерлерден көз каранды. Мына ушул нерсени биз эске алып, Жапон бизнес борбору менен келишим түзүп, алгач 20дай медайымдарды "Бейтапка бетме- бет" деген программанын негизинде үч ай даярдыктан өткөрдүк. Бирок аны бир окутуп эле таштап койгонго болбойт экен. Муну үзгүлтүксүз окутуп отурсаң, эки- үч жылдан кийин гана натыйжасын бере баштайт экен. Биз үйрөнгөн нерселерибизди унутуп калбайлы деп институтта медайымдар тобунан "Боорукер", "Жаркын маанай", "Мыкты сапат" деген демилгелүү топторду түзүп, алар ар күндү ар кандай темада атап, маселен, бүгүн жылмаюу күнү деп жарыялашса, баарыбыз бири- бирибизге жылмайып, жакшы сөз айтып, ошол эле бейтаптарга да ошондой мамиле жасалат. Эми бул ишти мындан ары да колго алып, кызматкерлерди бейтаптарга сылык мамиле жасоого үндөй бермекчибиз.
- Кызматкерлердин айлык акылары алардын күнүмдүк муктаждыктарына жетеби?
- Орто эсеп менен алганда дарыгерлерибиз колуна 10 миң сомдун тегерегинде алышса, медайымдар 8-9, санитарлар 6-7 миң сомдун тегерегинде алышат. Мындан сырткары өзүбүздүн акчадан 40 пайыз төлөп беребиз. Ошондо орточо эсеп менен дарыгерлер 15-16 миң сом алышат. Бирок акылуу кызмат көрсөткөн дарыгерлерибиз 25-30 миң сом деле алышат.
- Мына жакын арада жетекчини шайлоо болгону жатыптыр. Сизди кесиптештериңиз колдойбу. Деги эле кайра жетекчи болушуңузга көзүңүз жетеби?
- Менин жетекчи болуп иштеп жатканыма 8 жылга жакындап калды. Буга чейин Улуттук кардиология борборунда 25 жыл иштегем. Медицина тармагын жакшы эле билем. Сырттан келген адам эмесмин. Ошондуктан мага аталган институтта иштөө жеңил болду. Алгач орун басар болчумун. Жетекчибиз кеткенден кийин коллектив шайлап алды. Арбын эле иштерди жасадым. Аны жогоруда айтып өттүм. Эми алдыдагы шайлоо кандай өтөт, аны айтуу кыйын. Менин кандай иштегенимди коллектив билет. Атаандаштар да жок эмес. Эми коллектив өзү чечет. Быйыл эс алууга чыктым. Эс алсам деле болмок. Бирок институтту дагы алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүгүм бар. Ошол мүмкүнчүлүктү институттун сапатын жакшыртууга жумшасам деп жатам.
Жаркынай Кадыркулова







Пикир:

Яндекс.Метрика