Акаев Бекназаровго ыраазы
Аскар Акаев быйыл Камчыбек Ташиевдин 7-каналына кеңири маек бериптир. Кыргызстанга кайтып келсем дегенде эки көзү төрт экенин, быйыл 70 жашка чыгаарын, маарекесин той-топур кылбай, илимий конференция түрүндө өткөрүшсө жакшы болмок дегендей арманын айтып, кайран киши жашып да ийди. Андан кийин эч нерсе уурдабаганын айтып актанып, ""Чет өлкөдө дагы, Кыргызстанда дагы мүлкү жок", - деп Бекназаров менен Үсөновдун комиссиясы аныктап чыкпадыбы? Бекназаровго ыраазымын. Акаевдин бир дагы центтин тапкан жокпуз дебедиби", - деди. Акаевдин ак экенине Акаевдер анан айрым аңкоолор гана ишенбесе, калган бүтүндөй калк ишенбейт.


Бахадыр Сулайманов мандатынан ажырайбы?
"Ата-Журттун" дагы бир депутаты Бахадыр Сулайманов жакында мандатынан ажырай турганы тууралуу маалыматтар чыкты. Кыргызга анчалык күйбөгөн, Жогорку Кеңеште депутат катары бар экени же жок экени билинбеген бул дуңган депутаттын үстүнөн "Асаба" партиясынын айрым билермандары БШКга арыз менен кайрылышкан. Ал арызда Сулайманов кош жарандуулукту алып жүргөнү, тактап айтканда Кыргызстандыкынан тышкары Казакстандын да жараны экенин тастыктаган далилдер жазылганы айтылууда. Учурда БШК ал арызда жазылгандар чын чыкса, анда Бахадыр мырзанын мандатын тартып алып, башкасына берет. Чынында Бахадыр мырза 3, 5 жылдан бери депутат катары кайсы бир мыйзамдарды кыйратып жазган да жок. Же элдин көйгөйүн деле айтып чыккан жок. Бир гана мурунку депутат Ташиевден сабоо жеген окуясы гана элдин эсинде.


Жөө жомоктун устаты
Бакиевдин бийлиги элди эзип турганда, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин жетектеп, мамлекет, экология, эл-жер дегенди түк да оозанып койбогон Садыр Жапаров, төө кыядан өткөн соң курулай популисттик кылып элди, "Кумтөрдү" оозунан түшүрбөй калды. Кылмыш иши козголуп, камалып да чыкты. Бирок куйругунда калбыры барына карабай, шыйпаңдаганын токтотпой койду. Кыргыз элине кайрылуу жасап, 17-мартта Элдик курултайга чыккыла деп үндөп жүрөт. Анан да акылдуусунуп, "Ата-Журт" партиясынан чыкканын жар салып, бул кадамын мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жасаганын жарыя кылды. Жапаровдун акылы боюнча мамлекеттин бүтүндүгү анын "Ата-Журт" партиясынан чыкканына көз каранды экен э-эй, жоругуң жолдо калгыр. Андан көрө: "Ташиев экөөбүздүн мамилебиз бузулду. Ал мени, мен аны түшүнбөй калдым. "Кумтөр" боюнча митингде Ак үйдүн кашаасынан ашып түшүп, мени "капканга" түшүргөн" десе жарашмак, кайдагы жөө жомокту айтпай.


Бабанов балит саясатын баштадыбы?
Экс-башбакан эмки башбакан Жантөрө Сатыбалдиевди Жогорку Кеңеш Ош дирекциясы боюнча "жалпайта" чапса экен деп, көктөн тилеп жатышкан дешет. Ал үчүн "Ар-Намыстын" атасы ФШКбынын да кулагын ушалап: "Сатыбалдиевди кызматтан алдырганга жардам бериңиз" деп суранган имиш. Кулов Бабановдун ал сунушуна макул болуп, өкмөттү отставкага кетирүү маселесин бир аз көтөрүмүш этип барып, кайра артка чегинди. Кыязы, Сатыбалдиев да анын астынан өткөн окшобойбу. Эмнеси болсо да, саясаттагы "карт карышкыр" Кулов эки тарапка, керек болсо төрт тарапка тең ойногонду жакшы өздөштүргөн эмеспи.


Бизде 100 миң сом пенсия ким алат?
Пенсияны бир жылда эки жолу көбөйткөнгө Социалдык фонддун азырынча мүмкүнчүлүгү жоктугун аталган мекеменин жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев 20-февралда парламенттин жыйынында маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстанда учурда 581 миң пенсионер жашайт, алардын саны бир жыл ичинде 16 миң адамга көбөйгөн. Учурда эң төмөнкү пенсия 2,5-3 миң сомду түзсө, эң жогорку өлчөм 100 миң сомду түзүп, аны 1 жаран алат. Бирок ким экенин Абулгазиев ачык айткан жок. Кызык. Ким алат болду экен?


Тасма гейт…
Текебаев Юсуповду боштондукка чыгаруунун камын көрүп жатабы?
Интернет булактарында "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Сайдулла Нышанов, Ташболот Балтабаев, Асия Сасыкбаевалар №1 СИЗОдо отурган Абдулла Юсуповго жолугушкан тасма пайда болуп, коомчулукта чоң талкуу жаратты. Ал тасмада Өмүрбек Текебаев Юсуповго жолугушуп, ага "Өмүрбек акам келсин деп телевизордон кайра-кайра айтып жаттың. Ошон үчүн келдим"-деди, Юсупов "Мен Өмүрбек акам келсин деп телевизордон кайра-кайра эмес, мен мыйзам чегинде тергөөдө беттешкени чакыра албай жаткам. Мен сизди башка жакка кантип келтирем" - деп жооп кылды. Текебаев Юсуповго "Мен бир-эки суроо берип калайын, мына биз бир топ адамдар менен жолуктук. Алты айдын ичинде Качкыналиев 100дөй жолу келип жолугуптур"- деди эле, Юсупов "Качкыналиев канча жолу келгенин, Рысалиев кандай тергөө жүргүзгөнүн, силер бийликте отурасыңар го, өзүңөр териштирип чечкиле"- деп, ортодо кайым айтышуу жүрдү. Анан Сайдулла Нышанов Текебаевди жеңден тартып, болду кеттик деген ишарат кылды. Ага көнбөгөн Текебаев "мен дагы официалдуу келип жолугуп, неметип кетем" деп Юсупов отурган камерадан чыгып жөнөдү. Калгандары артынан ээрчиди.
Тасманын экинчи бөлүгүндө аталган №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси, өзүм билемдиги үчүн кылмыш иши козголуп, азыр үй камагында отурган Марс Жусупбековдун Абдулла Юсупов менен жолугуп, аны боштондукка чыгаруу үчүн Текебаев менен макулдашып жатканы көрсөтүлөт.
Булардан сырткары, абактын жетекчисинин мурдагы орун басары, азыркы учурда кылмыш иши козголуп качып жүрөт делген Улан Абдыкеримов менен Абдулла Юсуповдун жолугушуусу да тасмада камтылган. Экөөнүн диалогунда Юсупов андан нан жана тамеки үчүн 2000 сом сурайт.
Бул боюнча Өмүрбек Текебаев абактагы Абдулла Юсуповго байланыштуу тасманы таратуунун артында Зарылбек Рысалиев турганын айтып актанууда.
Ал эми №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков абактагы Абдулла Юсупов менен жолукканы чын экенин, бирок алардын ортосунда тасмадагыдай диалог болгон эместигин, тасма "монтаждалган болушу мүмкүн" деп чыкты.
Демек, минтип Текебаев баш болгон "Ата Мекенчилердин" №1 СИЗОго барып, Юсупов жаткан камерага чейин кирип-чыгышканына караганда, талап-тооночулук боюнча айтылып келе жактан шектүү жагдайда данек бардай туюлат.