Кудай деген куру калбайт!
Мамлекет жана дин
Дүйнөлүк тажрыйбада кандай?
"СВЕТТИК" ЖАНА "АТЕИСТТИК" ДЕГЕН ТҮШҮНҮКТӨР ЖӨНҮНДӨ
Көптөгөн адамдар "светтик мамлекет" жана "атеисттик мамлекет" деген түшүнүктөрдү жаңылыш түрдө бирдей карап жүрүшөт, чындыгында алар кыйла ажырым түшүнүк.
"Светтик мамлекет" - бул мамлекеттик бийлик диний эмес мүнөз күткөн, жарандык түзүлүштөргө, органдарга таандык болгон, диний уюмдар мамлекеттен (мамлекеттик түзүлүштөн) бөлүнгөн, диндин жана диний көз караштардын эркиндиги таанылган мамлекет. Светтик мамлекет атеисттик мамлекеттен түп тамырынан айырмаланат.
"Атеисттик мамлекет" - бул, атеисттик (динди жокко чыгаруучу) насыяттоо (пропаганда) мамлекеттик саясаттын деңгээлине чыгарылган жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан жүзөгө ашырылган, дин кызматкерлерин жана динчилдерди куугунтукка алуу үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн мамлекет. СССР жана социалисттик лагердеги башка мамлекеттер атеисттик мамлекеттер болгон. Атеисттик насыяттоо укугу СССРдин Конституциясында тастыкталган (127-берене).

СВЕТТИК МАМЛЕКЕТТИН ДИНГЕ КАРАТА
МАМИЛЕ КЫЛУУСУНУН МИСАЛДАРЫ
Светтик мамлекет дин тутуу эркиндигине тыюу салбайт. Маселен, Улуу Британия, Дания, Норвегия, Греция, Финляндия, Швеция, Исландия сыяктуу светтик мамлекеттерде динге мамлекеттик же расмий статус берилген. Болгариянын, Грузиянын, Индиянын, Латвиянын, Литванын конституцияларында салттуу дин статусу бекемделген. Аргентина, Боливия, Гаити, Испания, Италия, Кипр, Колумбия, Македония, Польша мамлекеттеринде айрым диндер мамлекеттин, анын ичинде парламенттин өзгөчө колдоосуна алынган. Айрым өлкөлөрдүн мисалдарына кайрылалы.

КАНАДА . Бул мамлекетте 136 жылдан бери парламенттин ар бир жумуш күнү чогуу дуба кылуу менен башталат. Британиядагыдай эле мында дуба окулуп жатканда эл киргизилбейт, бирок Вестминстерден айырмаланып, парламенттин кеминде 20 мүчөсү катышкан шартта дубаны спикер өзү окуйт.

АКШ . Конгресстин жана Сенаттын жыйналыштары чогуу дуба кылуу менен башталат, 1983-жылы сот муну "Болгону өлкөнүн тургундарынын арасында кеңири жайылган диний ынанымдарды таануунун жарамдуу формасы гана" деп атаган. Бул көрүнүш мындай салт сакталган штаттардын жыйындарына жана шаардык кеңештерге да мүнөздүү болуп саналат.

ИСЛАНДИЯ . 1845-жылдан тартып, бул өлкөнүн парламентинин - дүйнөдөгү эң эски парламент болгон (930-жылдан бери иштеп келатат) Альтингдин ар жылдык сессиясы башталуучу 1-октябрда жумуш лютерандык ибадат кылуу менен башталат, муну мамлекеттик Евангелиялык лютерандык чиркөө уюштурат.

ЛАТВИЯ . Бул өлкөнүн парламентиндеги (Сеймдеги) чакан чиркөөдө ар күнү эртең менен лютерандык ибадат кылуу жүргүзүлөт. Христианчылык (лютерандык чиркөө - анын бир түрү) - юридикалык жактан да, тарыхый жактан да Латвиянын негизги дини болуп саналат.

ДАНИЯ . Бул өлкөдө парламенттин (Фолькетингдин) ар жылдык сессиясынын башталышында парламент мүчөлөрү үчүн диний ибадат кылуу салтка айланган. Ибадат кылуу Кристиансборг азем сарайындагы чакан чиркөөдө жүргүзүлөт, ал эми бул азем сарайда өлкөнүн парламенти өз жыйындарын өткөрөт.

ДҮЙНӨДӨГҮ ПАРЛАМЕНТТЕРДЕ ЧОГУУ ДУБА КЫЛУУ
Көптөгөн өлкөлөрдүн парламенттери өз ишин чогуу дуба кылуу менен баштайт. Айрым мисалдарга кайрылалы.

УЛУУ БРИТАНИЯ. "Демократиянын мекени" делген бул өлкөдө парламенттин эки палатасында жыйналыштар чогуу дуба кылуу менен башталат. Жамаатчылыктар палатасында дубаны спикердин карамагындагы атайын дин кызматкери, ал эми Лорддор палатасында - эң карыя епископ окуйт. Дуба окулуп жатканда эл киргизилбейт. Дуба кылууга катышуу ыктыярдуу түрдө гана болот. Мындай практика XVI кылымдын орто ченинде эле башталганы белгилүү, ал эми дубанын азыркы тексти 1558-жылдан бери колдонулуп келе жатат.

АВСТРАЛИЯ . Көптөгөн мурдагы британиялык колониялар сыяктуу эле бул өлкөдө парламенттин ар бир жыйналышында спикер эки дуба айтат - бири парламент үчүн дуба ("Кудуреттүү Кудайым, Сенден парламентке Өз ырайымыңды салууну момундук менен тилейбиз. Биздин акыл жорумубузду Сенин даңазаңды жана Австралия элинин нагыз бакыбаттуулугун көтөрүүгө багыттасаң жана көтөрмөлөсөң экен"), экинчиси - "Биздин Эгебиз" дубасы. Көңүл бура турган нерсе - мындай жагдай парламентке гана мүнөздүү, анткени, башка бардык мамлекеттик жана коомдук мекемелерде, маселен, мектептерде чогуу дуба окууга тыюу салынган.

ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ . Бул өлкөнүн парламентинде жыйналыштар чогуу дуба окуу менен башталат, Мында да көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле бул жагдай талаш туудуруп келет. 2007-жылы парламент спикери депутаттарга сурамжылоо жүргүзгөндө наыйжасы мындай чыккан: 74 депутат же парламентарийлердин 84 % дуба окууну токтотууга каршы болгон.

ДҮЙНӨДӨГҮ ПАРЛАМЕНТТЕРДИН
ДУБА КЫЛУУ ЖАЙЛАРЫ

УЛУУ БРИТАНИЯ . Парламенттин ички тартип эрежелерине ылайык, "Мильбанк Хаус" жайынын биринчи кабатындагы номер 45-бөлмө дуба кылууга да арналган"
Ошол кездеги жаңылыктарда билдирилгендей, 2011-жылы Британия парламентинде мусулмандар үчүн намазкана бөлмөсү ачылган. "Бул өтө кызыктуу факт. Мага лорд Ахмед телефон чалып (Улуу Британия парламентинин Лорддор палатасынын мүчөсү, лорд Назир Ахмед), парламенттин имаратында акыры келип намазкана ачылганын билдирди" - деп айтат Курандын маани-маңызын орус тилине которгон айтылуу автор Валерия Порохова.
АКШ . Капитолий имаратында дуба кылуу бөлмөсү бар. Анын терезесине дуба кылып жаткан Джордж Вашингтондун сыпаты тартылган. (Сыпаттын көчүрмөсү төмөнкү сүрөттө берилди). Бул бөлмөгө туристтик топтор жана Капитолийге келгендер киргизилбейт. Ошондой эле, Капитолийде атайын дин кызматкери - сенаттык капеллан бар.

ГЕРМАНИЯ . Азыркы убакта парламент - Бундестаг жайгашкан мурунку Рейхстаг имаратынын 1-кабатынын түштүк-чыгыш секторундагы дуба кылуу бөлмөсү немец парламентиндеги эң көп талап кылынган орун-жай болуп эсептелет. Бундестагдын депутаттары бул парламенттик капелланы (орун-жайды) дуба кылуу, сүкүт салуу, ойлонуу жана ой топтоо үчүн пайдаланат.

КАНАДА . Парламенттеги Жамаатчылыктар палатасы жана Сенат үчүн дуба кылуу бөлмөсү ачылган. (Бул окуя тууралуу газеталык билдирүү төмөнкү сүрөттө берилди.).

ГРУЗИЯ . Парламенттин имараты мурда, XIX кылымда ыйык Александр Невский ысмындагы Кавказ армиясынын кафедралдык собору турган орунда жайгашкан. Учурда анда дуба кылуу орун-жайы калыбына келтирилген.

УКРАИНА . Парламенттин - Жогорку Раданын өзүнүн чиркөөсү бар. Бул чакан орун-жай парламенттик комитеттер жайгашкан, Киевдин Садовая көчөсү, 3а дарегиндеги имараттын жетинчи кабатында жабдылган. Ал өтө чакан чиркөө же үйдөгү чиркөө түрүндө болсо да, толук кандуу чиркөө статусуна ээ.

ЛАТВИЯ . Парламенттин өзүнүн чакан чиркөөсү бар.

ДАНИЯ . Парламент жыйналыштарын өткөрүүчү Кристиансборг азем сарайында чакан чиркөө бар.

ТҮРКИЯ . Парламенттин - Улуу Улуттук Жыйындын имаратында намазкана бар. Парламент аппаратынын кызматкерлери билдиргендей, ал мыкты жасалгаланган.

БАШКА МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨРҮ .
Алжир, Афганистан, Бангладеш, Индонезия, Иордания, Иран, Катар, Марокко, БАЭ, Пакистан, Сауд Аравия мамлекеттеринде ислам расмий мамлекеттик дин статусуна ээ. Бул өлкөлөрдүн парламенттеринде намаз окуу үчүн толук шарттар түзүлгөн.
Тиленбек АЗЫК