Каныкей бизде жок бекен…
Аялзаттын асылынан
Аялзатынын асылы ушул, назик, асыл баа, сурайылдай сулуу, көктөм мүнөз, бала кыял, бал сөздүү, айдай, күндөй, жашыл бүчүр, сурайылдай сулуу, керемет… деп аялзатына сыпаттама беребиз. Ал сыпаттама көбүнчө көркөм адабиятта жарашып жатып калат. Мен жогорудагы сынды китеп каарманы эмес, ушул эле биздин замандын каарманы Гүлнара Бейшембиева деген карындашыма бермекмин. Анткени, бул карындашым жанагы айтылган сыпаттамалардын накта ээси экендигин жеке өзүм да билдим, анын тааныштарынан, жакындарынан сурап да билдим. Ал карындашымды кандай мыкты сыпаттама менен кооздосом да бардыгы бир тилкеде, бир тилекте жарашып жатып калганы…
Эми салттан тайбай, кеп башынан болсун дейин…
Гүлнара алты кыздын анабашы экен. Ата-эненин тун кызы болгону менен өзүнүн артынан удаа беш кызды-Динараны, Гүлзатты, Гүлбараны, Замираны, Кыялды алып келген жолу аны кыргыз баласынын жакшы жерине койбойт эмеспи. Анткени, кыргыз эркек каалайт! Оңдой берди болуп жетинчиси эркек болуп, мурун байбичеси Лаштан түңүлүп, катуу капа болуп жүргөн Шайдылда кубанганын дилине батыра албай жиндинин жиндиси болуп турду ко! Оо, ошондон кийин Шайдылданын экинчи өмүрү башталгандай болду… Кыргыз баласы эркек балалуу болмоюн жаны тынбайт, тукум улоону жалгыз гана эркек баладан улайт. Ушундай айныгыс бүтүмү бар кыргыз элинин, Улуу кыргыз элинин! Анан Шайдылда удаасы менен алты кыздуу болуп, тели-теңтуштары бири тамашалап айтса, бири күйгүзө айтып, мазээсин алып келген эмеспи. Шылдыңдын четин угуп калып канча адам менен кер-мур айтышпады. Сөз кыскасы, Шайдылда эркек уулдуу болуп, дүйнөсү түгөл, бу жарыкчылыкта өзүнөн өткөн бактылуу адам жоктой сезип, ошол жарыкчылыкка батып-батпай турду го!
Шайдылданын байбичеси Лаш айым дагы аялзаты ушундай болуш керек дегенди айттырып турчу жан экен. Муну мен жакындан билдим. Бу Бейшембиевдердин бүлөсүн билгениме биртоп жыл болуп калды. Анткени, бир досумдун өтүнүчү менен ушул ырыскысы куюлган бүлө жөнүндө үч-төрт жылдан бери китеп жазып келатам. Бүтпөй койдум,жалкоолугумдан… "Ажонун акыркы күнү деген" романымдын тең жарымын бат эле бүттүм эле, бу Бейшембиевдердин китебин эмнеге бүтө албайм деген суроо коем да өзүмө. Ошондо ушундай жооп келип турганы: начар ишти жазуу оңой, анткени аны жасагандарга аео жок, ал эми жакшы адамдарды жазуу кыйын, анткени, жакшыны бузуп албаймынбы деп коркосуң да!
Баш каарманым Гүлнаранын чоң атасы Бейшемби көлдөн чыккан мыктылардын бири экен. Анын тарыхын жана билгендердин айткандарын китепте жазып жатам, ошондон бир-эки факт айтып берейин. Бейшемби аксакал тээ отузунчу жылда кулакка тартылмай болуп калганын билип бүлөсү менен, дагы толгон адамдар менен Кытайга качат. Барып ал жерге бат эле баш-көз болот. Ошол Бейшемби көчүп барган айылды уйгурлар менен калмактар бийлеп, кыргыздарга күн көрсөтпөй турган убакта бияктагы Совет мамлекетинин аскерлери барып, Кытай революционерлерине жардам көрсөтөт эмеспи. Ошондо Бейшемби Ош тараптан барган полковник Мавлянов дегенге барып, коркпой-үркпөй эле болгонун болгондой айтат. Калмактар менен уйгурлар болсо, ошол Мавляновго аял тартуулап, акча тартуулап, бул айылдагы кыргыздарды башка жакка көчүрүүнү суранып коюшуптур да. Мавлянов көнүптүр.
Ошентип, өзүн кудай сезип турган полковник Мавляновго Бейшемби барып түз эле айтат:
- Жолдош Мавлянов, сиз уйгурлар менен калмактардан тартуу алыптырсыз, алар катындыкка аял бериптир, жамбы бериптир… Бизде, кыргыздарда андай байлыктарыбыз жок. Сизге эч нерсе бере албайбыз, өзүбүз калмактар менен уйгурлардын кордугун көрүп жашап жатабыp,- деп далай ачуу сөздү тартынбай айтканда Мавлянов кепке жыгылып кыргыздарын коргоп, уйгурлар менен калмактардын сазайын окуткан экен. "Эгерде кыргыздарга тийише турган болсоңор, баарыңарды атып таштайм" деп айтыптыр! Ошону айттырган Бейшемби аксакал Гүлнаранын чоң атасы болуп жатпайбы.
Гүлнаранын атасы Шайдылда кийин,бой жетип калганда Кыргызстанга- ата-бабаларынын жери Ак-Суу районунан келгенде Лашка үйлөнүп, алты кыздан кийин Нурланды көрүп жатпайбы. Жеке мен Нурлан менен да көп ирет сүйлөштүм, өмүрүн берсин, жакшы бала болуп тарбияланыптыр. Алты кыздан кийин көргөн эркегин Шайдылда да, байбичеси Лаш да бөпөлөп, "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" баккан да. Анан Нурлан жалаң таттуу токоч жеп эркелеп жинди болбой, адамдыктын жолуна баам салып, кимдин-ким экенине да баа берип, эжелерин сыйлап, энеси менен атасынын жакшы кебин дилине батырып, басканы менен турганы ошого жараша болуп өскөнүн айтпайсыңбы! Бир жолу Нурландын үйүнө барып жакшы сүйлөштүк, баскан-турганын сурадым. Нурландын 50 гектардай жери бар экен, баарын иштетет экен. Атасы тилек кылып кеткен мечитти салдырып жатыптыр. Адамдыкты сүйлөштүк, үч чүрпөсүн беттен сүйдүм, колуктусу Элизаны көрдүм, жаш болсо да кыргызынын мыкты келиндеринин бири экенин сездим. Анын энеси, Нурландын кайненеси Дарика түшүнүгү терең аялзаты экендигин ар бир сөзү айтып турду…
Баш каарманым Гүлнараны орто жолдо таштап эле анын жакындарына кирип кеттим окшойт. Айла жоктон ошентип жатпаймынбы. Алар дурус адамдар болгону үчүн айтып жатам го.
Гүлнара мединститутту бүткөн тиш догдур болуп иштеди. Кийин бир досунун айдамасы менен соодага өтүптүр. Ошол соодага өткөн коркунучтуу күндөрдө жолдошу Фахриддин экөө жинди болуп, соода кылгандан уялып жашынарга жер таппай калган учурлары болгонун кийин мага айтып беришкен. Анан турмуш баарына көндүрөт, Гүлнара Кытайга каттап, башка өлкөлөргө каттап, буюм-терим ташып соодасын түптөндүргөн. Азыр кудая тобо, өздөрү топук кылып, өңгөлөргө жардам берип турган кези.
Гүлнара өзү туулуп-өскөн Ак-Суу районундагы Шапак айылынын мектебине жылына жардам берет, ошол айылда жашагандарга жардам берет. Мен уккандан баарына эле жардам бере берет. Мен ушул Гүлбараны сүрөттөп бергенден корком, анткени, анын турган турпатын түзү менен айтып бере албасмын, ал аялзатынын пиридир дейин. Калганы жазып жаткан китебимде. Анын Улукбек, Темирлан, Малика аттуу кыз-уулдары жакшы тарбия көргөн. Малика гимнастика боюнча Америкага мелдешке кетти...

Баратбай Аракеев