Пайдакеч...
Марат менен Максимдин көмүскө схемасы бүгүн да иштеп жатат
Кондитердик продукция, шире чыгарган, өндүрүшүндө кантты колдонгон тармактардын тагдыры бүгүнкү күндө өтө оор абалда турат. Анткени, анын өсүп-өнүгүшүнө бут тоскон чоң күчтөр бар. Себеби, кантты ташып келген ишкерлер "Кыргыз Республикасынын бажы төлөмү жөнүндө" мыйзамына жана кант тростнигинен жасалган кантка 30 пайыздык мезгилдик бажы төлөмүн киргизилип жаткан өзгөртүүсүнө каршы экенин баса белгилеп айта кетели.
Кыргызстанга керектелүүчү канттын 60 пайызын "Белоруссиялык кант заводу" ташып келет. Демек, аны кант ташуу боюнча чоң монополист десек болот. Аталган заводдун кожоюндары "Кайыңды Кант" заводун жамынып 30% мезгилдик бажы төлөмүн киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Аталган ишкананын максаты Кыргызстанга ташылып келген канттын 100 пайыз монополисти болуу. Аталган ишкананын кызыкчылыгын Экономика министри Сариев Темир колдоп жатканы акыркы күндөрү жетиштүү далилдер менен ачыкка чыкты. Мындан тышкары, бул маселеде Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кызыкчылыктары бар экендиги көрүнүп турат.
Бажы кызматынын маалыматына таянсак (тиркеме№ 1) биздин мамлекетке канттын негизги көлөмү 5 өлкөдөн келет экен. Алар: Белорусия, Украина, Казахстан, Азербайджан жана Россия. Мисалы, Беларуссиядан алынып келинген кумшекердин көлөмү 2009 -жылы 71 пайызды, 2010- жылы 65 пайызды, 2011- жылы 8 пайызды, 2012- жылы 58 пайызды жана 2013 - жылы ____ % түзгөн. Бир сөз менен айтканда, акыркы беш жылдан бери "Белоруссиялык кант заводу" Кыргызстанга кант ташуу жагынан жалгыз монополист болуп келатат. Белгилүү болгондой эски бийликтин тушунда ал аталган заводдун артында Максим менен Марат Бакиевдер турган. Азыр да алардын ошол кездеги көмүскө схемасы уланып жатканы абдан таңкалдырбай койбойт. Ал эми учурда Б. Жээнбеков жетектеген Монополияга каршы кызматы аталган иш-кананы 2013 - жылы монополист ишканалардын тизмесине официалдуу киргизген.
Бүгүнкү күндө "Кыргыз Республикасынын бажы төлөмү жөнүндө" мыйзамына кант тростнигинен жасалган кантка 30% мезгилдик бажы төлөмү киргизилери күтүлүүдө. Бирок жогоруда айтылган 5 өлкөнүн ичинен бир гана Белоруссия өлкөсүнө гана кант боюнча мезгилдик бажы төлөмүн киргизбөө аракеттери көрүлүп жатат. Демек, Украина, Казахстан, Азербайджан жана Россия өлкөлөрүнөн келген кант тростнигинен жасалган кант 30% бажы төлөм менен чектелет. Кыргызстанга мурункудай эле жалгыз Беларуссиянын канты кире берет, 100 % монополия түзүлөт.

Сариев "Белоруссиялык кант заводунан" үлүш алабы?
Т. Сариевге узатылган "Эмнеге кант тростнигинен жасалган кантка бажы төлөмүн кийирип жатасыз, кант кызылчадан жасалган кантка бажы төлөмү тиешеси жок? - деген суроого, ал төмөндөгүдөй жооп айтты: "Анткени кант тростнигинен жасалган канттын баасы кызылчадан жасалган канттын баасынан кыйла төмөн. Кант тростнигинен жасалган канттын баасы кызылчадан жасалган канттын баасына тууралайлы деп максат кылып жатабыз". Бирок бул туура эмес маалымат. Себеби, Бажы кызматынын маалыматын карасак Белоруссиядан келген кызылча канттын 1 кг. баасы 0,69 центти түзөт, ал эми Украина, Казахстан, Азербайджан өлкөлөрүнөн келген кант тростнигинен жасалган канттын 1 кг. баасы 0,67 центти (тиркеме № 2) түзөт. КМШ өлкөлөрүндөгү жайгашкан кантты чыгарган заводдор Нью-Йорктогу товарно-сырьевая биржанын кантка болгон баасын карап, экспортко чыккан канттын баасын биржанын баасына жараша баалашат. Демек Темир Аргембаевичтин таянган аргументи чындыкка дал келбей калгандыгы, анын бул маселе боюнча туура эмес маалымат айтканы да жөн жерден эмес. Себеби, министр мырза жогоруда айткандай башка кызыкчылыктарды көздөп жатат.
Демек, бул жерде кызылча өндүрүүчүлөргө жана кант чыгаруучу ААК "Кайыңды Кант" заводуна колдоо болбосу ачыкка чыгууда. Анда бул өндүрүүчүлөргө жана кант чыгаруучу ААК "Кайыңды Кант" заводунун кызыкчылыгы эмнеде? Бул кызыктуу суроо. Эми кызыгы бул жерде ААК "Кайыңды Кант" мурдагы башкы жетекчиси Алиев Канат жетекчиликтен кетип өзүнүн ордуна ААК "Кайыңды Кант" заводуна өзүнүн тууганы Матеев Д. мырзаны коюп, өзү болсо жогоруда айтылган монополист "Беларуссиялык кант заводуна" жетекчи болуп алган. Бул жерде, чыныгы кызыкдар болгон адамдардын жүзү билинип турат. Мисалы буга, "Кайыңды Кант" заводу жана ал ээрчитип келген кызылчачылар өздөрүнө каршы чыгып "Беларуссиялык кант заводу" жетекчилигинин заказын аткарып жатканы далил.
Мындай иш-аракеттерди изилдеген монополияга каршы кызмат бул көмүскө схеманы түшүнүп, Экономика министирлигине жана өкмөткө жазган каттарында каршы пикирлерин (тиркеме № 3 - 4). билдирген. Терс иш-аракеттерди түшүнүп Монополияга каршы кызмат бул көмүскө схемасы деп түшүндүрсө, мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан өкмөттүн Экономика министирлигинин жетекчиси Сариев жана айрым эл өкүлдөрү, сөз бербей өздөрүнүн каалаганын жасап, жалпы Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына каршы болгон чечимди, мыйзамга чейин Марат жана Максим Бакиевдердин кызыкчылыгын кийирүү аракеттери ишке ашып баратат. Жогоруда айткандай Белоруссиядан келген кант товарында аталган мырзалардын үлүшү бар экендиги эч кимге жашыруун эмес.
Төмөндө Сариев жана ЖКнын айрым депутаттарынын: "Кыргызстан элинин кызыкчылыгына каршы болгон чечимди кабыл алганы жатат"-деген сөздү тастыктаган фактылар: "Субсидия жана компенсациялар жөнүндөгү", "Коргоо ченемдери жөнүндө" мыйзамдарынын 7 -беренелеринин, 4 -пунктуларынын, 18- беренелеринин, 1- пунктуларынын жана "Антидемпинг жөнүндө" мыйзамынын 7 - жана 10- беренелердин негизинде Белоруссиядан ташылып келген эмне үчүн Кыргызстанда жалгыз монополист жатат? Башкалар сыяктуу эле Белоруссиядан келип жаткан кантка дагы коргоо бажы төлөмдөрүн киргизиши керек эле. Анткени, ага 2011- жылы 24 - мартында №359, кабыл алган Белоруссия Республикасынын Министрлеринин Кеңешинин Токтому "Кант өндүрүшүнүн 2011-2015 жылга чейин өнүктүрүү программасын" кабыл алгандыгын (тиркеме № 5) далил болуп бермек. Ал жерде так жазылган "Кантты иштеп чыгарган ишканаларга берилген кредиттердин процентинин 50% Белоруссиянын эсебинен төлөнсүн" деген чечими бар. КСДП фракциянын 2013-жылдын 27-сентябрындагы отурумунда Сариев: "Эгерде Белоруссия Республикасынын өкмөтү кант чыгарган ишканаларды колдоо токтомдору болсо "Кант керектөөчүлөрдүн ассоциациясы": Экономика министрлигине официалдуу берсин биз териштирүү иштерин жүргүзөбүз" - деп убадасын берген. "Кант керектөөчүлөрдүн ассоциациясы" жогоруда айтылган Белоруссиянын токтомун Экономика министрлигине официалдуу түрдө 2013 - жылдын 7-октябрда №02-10 катты жөнөткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин изилдөө иштерин жүргүзө элек жана Белоруссиянын кантына коргоо пошлиналарын кийире элек.

Мыйзамчылар мыйзамга каршы чыкпагыла
Тескерисинче, таңкаларлык нерсе Сариев Темир жана Жогорку Кеңештеги элдин өкүлдөрү, тагырагы Фискалдык жана Экономика саясаты боюнча комитетинин төрагасы Самаков Карганбек Садыкович, мүчөлөрү Мадеминов Мурадыл, Султанов Марат жана Сакебаев Эркин, кызылча өндүрүүчү фермерлерди жана ААК "Кайыңды Кант" заводун жамынып, Белоруссиядан алып келген монополист "Беларуссия кант заводу" ишкананын кызыкчылыгын коргоп канттын импортунун 100% монополияга жол салып жатышканын байкоого болот.
"Келечекте эмне боло турганды билгиң келсе - тарыхты кара" деген нуска сөз бар. Кыргызстандын башынан өткөн 2009- 2010- жылдардагы канттын импортуна квоталарды жана 30% бажы төлөмдөрүн кийирүү тажрыйбасын карасак кызылча өндүрүүчүлөр жана "Кайыңды Кант" үчүн эч кандай өбөлгө болгон жок, тескерисинче жалпы Кыргызстандын эли үчүн кантка болгон баалардын өсүшүнө жана кондитердик азыктарга баалардын өсүшүнө алып келген. 2009 - 2010 жылдын кантка болгон баалардын графигине көз жүгүртсөк, канттын дүйнөлүк баасы 2010 -жылдын январь айында канттын 1 тоннасы $ 597, 27 турган болсо, 2010 - жылдын март айында 1 тоннасы $ 360ка түшүп кеткен. Кыргызстандагы баанын графигинде 2010 -жылы канттын баасы апрель айына чейин өсүп жатканы көрүнүп(тиркеме № 6) турат. Анткени 2010-жылдын апрель айында болгон революциянын негизинде Убактылуу өкмөт тарабынан Максим Бакиевдин канттын импортуна киргизилген квотасы апрельде алынып, Кыргызстанда таза конкуренттүү чөйрө орноп баалардын кескин түшүүсүнө алып келген. Бирок баанын ылдыйлашына тосколдук болгон 30% баажы төлөмү, Жогорку Кеңештин 2011 - жылдагы баажы төлөмү алынсын деген чечиминин негизинде 30% - 0% түшүрүлгөн.
Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин маалыматы боюнча 2012 -жылы республикабызда кант менен камсыз кылуу 68 пайызды түзгөн, анын ичинен 12 пайызын "Кайыңды Кант" камсыз кылса, калганы болсо импорттун эсебенен камсыз болот. Демек, Кыргызстандын кантка болгон керектөөсүн "Кайыңды Кант" заводунун чамасы жетпегени далил болуп турса дагы "Кайыңды Кант" заводунун ээлери 30 пайыз бажы төлөмүн кийирип берүүлөрүн суранып жатышат.
Дүйнөлүк тажрыйбада максималдуу жана узак мөөнөттөгү бажы төлөмдөрүн ата-мекендик өндүрүштүн жогорку деңгээлде иштеп жатканда гана коргоо максатында киргизилет. Бүгүнкү күндө ата-мекендик кант өндүрүшү мамлекеттин кантка зарыл болгон көлөмдүн 15%ын камсыз кылууда, аларга 30% бажы төлөмдөрүн кийирүү бүгүнкү күндө али эрте. Качан кант өндүрүүнүн көлөмү 50%га жеткенде гана бажы төлөмдөрүн кийирүү маселеси каралышы мүмкүн. Антпесе элдердин күнүмдүк жеген азыктардын катарында турган азыктын баасы өсүшүнө алып келээри маалым.

Жанкороз Эсенгелдиев