Жети өлчөп бир кеселик...
Бажы биримдиги боюнча коркунучтар, артыкчылыктар ачык айтылууга тийиш
Учурда мамлекетибиздеги бирден-бир жүрөк өйүткөн маселелердин бири - Бажы биримдиги болууда. Орусия, Белоруссия, Казакстан мамлекеттери тарабынан түзүлгөн Бажы биримдигине кирсек, Кыргызстанды кандай келечек күтүп турат деген маселе коомчулукта кызуу талкууланып, талаш-тартыштын чордонуна айланды.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүздөгү кайчы пикирлерди эске алып, 2013-жылдын 24-декабрында Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргызстан улуттук кызыкчылык сакталган шартта гана Бажы биримдигине кирерин ачык айткан. Башкача айтканда Кыргызстан Бажы биримдигинен чек араны даярдоо, мигранттар боюнча, санитардык-ветеринардык лабораториялар боюнча маселени чечүүнү, 1 млрд. долларга эсептелген Өнүктүрүү фондун түзүүнү, миграциялык саясат, үч ири "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларына жеңилдик берилишин, Бажы биримдигинин толук кандуу шарттарын этап-этап менен ишке ашыруу үчүн 7 жылдык мөөнөт берүүнү талап кылып жатат. Буга байланыштуу Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин уюмга киребиз деген өлкөлөргө эч бир өзгөчө шарт берилбеш керектигин айтса, Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюна даярдыктар дээрлик көрүлүп бүткөнүн, айрым суроолор гана калганын, алар боюнча орток пикир табыларын билдирген. Натыйжада, Кыргызстанга март айына чейин убакыт берилген. Март айы болсо жакындап калды. Бирок дале болсо, Бажы биримдигинин экономикабызга тийгизчү оң жана терс жактары тыкыр иликтенип, карапайым элдин жашоосу кандай өңүттө өнүгөт деген суроого конкреттүү фактыларга негизделген жооп табылбай турат. Кыргызстан койгон талаптар канчалык деңгээлде аткарылат али бүдөмүк.
Мындан улам, өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев баш болуп, бир катар бийлик сересиндеги чиновниктер, саясатчылар, эксперт-адистер, жөнөкөй карапайым жарандарыбыз орток пикирге келе албай жатышат. Буга байланыштуу айрым эл өкүлдөрү Кыргызстан Бажы биримдигине кириши керекпи деген маселени референдумга алып чыгып, элдин талкуусуна коюуну сунушташууда.
Айрым эксперт-адистер болсо мыйзам боюнча экономикалык маселелер референдумга чыгарылбай турганын, эгер референдум болсо көз боёмоочулук өкүм сүрүп, ошондо элдин үнү дана угулбай калаарын, Бажы биримдигине кирүү Кыргызстандын эгемендигине шек жаратаарын, Орусияга саясий-экономикалык жактан көз карандылыкка алып келерин эскертишүүдө. Ал түгүл Орусия Бажы биримдигинин аркасы менен бирдиктүү валюта катары рублди киргизгенге аракет кыларын, ошондой эле Тышкы иштер министрлиги сыяктуу орган, парламент түзүп, барып-келип СССР учурундагы көзөмөлдү кайтарып келүү менен Орто жана Борбордук Азияга өз үстөмдүгүн артырууга багытталган бир катар механизимдерди ишке киргизиши ыктымалдыгын каңкуулашууда. Бирок мындай көз карашка каршы чыккандар, Кыргызстан Бажы союзуна кирбесе, Орусиядан келип жаткан темир, жыгач, күйүүчү-майлоочу майдан (бензин, солярка) кол жууп калуу коркунучу күчтүү экенин, ошондо даана экономикалык кризис болуп, анын натыйжасы социалдык жарылууга алып келиши мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Айтор Кыргызстан бүгүнкү күндө "өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат" деген кыйчалыш абалда турат.
Кыргызстан минтип (жомокто айтылгандай үч айрылыш жолдо; оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң, түз кетсең барсаң келбейсиң деген) кириптер болуп турганда, Бажы биримдигин түзүшкөн үч өлкөнүн экөө Белоруссия менен Казакстан аталган уюмга нааразы болушууда. Алсак, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Россия менен Казакстан Белоруссиянын сүт продукциясына чектөө киргизип койгонуна нааразы болуп, уюмдун бирдиктүү экономикалык эрежелери сакталбай жатат деген жүйөсүн бетке кармап Бажы биримдигинен чыгабыз деп коркутуп жатса, Казак президенти Нурсултан Назарбаев Бажы биримдигиндеги Казакстандын абалына нааразы экендигин жашырбай: "Биздин продукциянын Россиянын жана Белоруссиянын рыногуна чыгышында, бирдей тарифтик барьер коюлбагандыктан, олуттуу кыйынчылыктар турат. Казакстан эт азыктарын да өткөрө албай жатат",- деп айтып, уюмга Россиянын басымы күчтүү болуп, чечимдердин аткарылышы бир гана Кремлге көз каранды экенин кыйытты.
Ушунун өзүнөн Бажы биримдиги Россиянын басымы менен түзүлгөн уюм экенин баамдоого болот. Демек, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси каалсак да, каалабасак да Москванын кысымы менен жүргүзүлүп жаткан саясий-экономикалык долбоор экенин, акыры келип аталган уюмга киргенден башка жолубуз жоктугу кашкайып көрүнүп турат десек жарашат. Андыктан Бажы союзуна киребиз-кирбейбиз деп талышып-тартышкандан майнап чыкчудай эмес. Экономика министринин мурдагы орун басары, президенттин кеңешчиси Олег Панкратов Бажы биримдигине кирүү боюнча келишимдин көпчүлүк пункттары макулдашылганын, Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуу боюнча "жол картасы" ушул жылдын март айына белгиленген Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынышы мүмкүндүгүн билдирди. Эгер чындап иш ыкчамдап, март айында "Жол картасына" кол коюлуп калса, андан соң парламенттен ратификациядан өтүп, 2015-жылдан тарта Кыргызстан Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болушу мүмкүн экени айтылууда. Айтор минтип, Бажы биримдигине кирүүнүн багыты аныкталып калганына карабастан, коомчулукта аталган уюмга кирүү маселеси талаш жараткан курч көйгөй бойдон калууда.
Маселен, Бажы биримдигине кошулууну Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин жактагандарды бири, экономист Жумакадыр Акенеев: "Бажы биримдигинен коркуунун кереги жок. Кыргызстан бул уюмга кошулса, экономикалык жактан жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Кошулбасак, баягы эле Кытайдын арзан товарын сатып жүрө беребиз. Кымбатчылык болот деген да туура эмес" - деп билдирсе, мындай пикирге ынанбай, Бажы биримдигинин пайдасынан зыяны көп дегендер бар. Алар Бажы биримдиги орто жана чакан бизнеске чоң сокку уруп, баалар 25-30 пайызга чейин кымбаттаарын айтышууда. Маселен, учурдагы 5000-8000 долларга чейинки машиналар, Бажы биримдигинин тарифи менен алардын баасы 20 000$га чейин өсүшү мүмкүн. Эң негизгиси Россиядан, Казакстандан жана Белорусиядан келген медикаменттер болгону 25 пайызды араң камсыз кыларын эске алсак, дары-дармектерге болгон баада кескин жогорулайт. Индиядан, Пакистандан, Болгариядан жана Польшадан келген медикаменттер кымбаттайт.
Эксперттердин божомолдоруна ылайык, алгач тамак-аш, кийим кечеге болгон баа көтөрүлөт. Кытайдан, Турция, Италиядан алынып келинген товарлар Бажы салыктарын Россиянын жана Казакстандын салыктарына теңеп көтөрүүнүн негизинде 25 эседен 30 эсеге чейин өсөөрү күтүлөт. Жергиликтүү ишкерлердин колунан чыккан кийим-кечелердин дагы баасы көтөрүлөт. Анткени, Кытайдан арзан алынып келинген кездемелер кескин азаят. Кыргызстан Кытай товарларын реэкспорттоодон калат. Бул жагдай постсоветтик мамлекеттерге Кытай товарларын өткөрүү боюнча бирден-бир база катары саналган "Дордой", "Кара-Суу", "Мадина" базарларына кескин таасирин тийгизет. Анткени бүгүнкү күндө Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген товарлардын 10 пайызы ички базарда калып, 80 пайызы Россияга менен Казакстанга жиберилсе, 10 пайызы "Кара-Суу" базары аркылуу Өзбекстан, Тажикистанга кетет. Биримдикке кошулгандан кийин сырттан кирген товарларга чектөөлөр пайда болот. Бул жагдай кыргыз ишкерлеринин экономикасы кубаттуу Орусия, Казакстанга атаандаш боло албай, банкрот болуусуна алып келиши толук ыктымал. Ал эми мамлекеттик кызматкерлирдин айлык маяналары, пенсионерлердин пенсиясы Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн деңгээлинде болбогондуктан, карапайым калк үчүн бир топ эле оор болот. Бул багытта атайын чара көрүлбөсө социалдык нааразычылыктын оту тутанбай койбойт.
Бирок Президент Алмазбек Атамбаев: "Бажы биримдигине кошулсак азык-түлүк, кийим-кечеге болгон баалар кымбаттайт деп чуу кылгандарды билем. Бул маселени элге зыяны тийбей тургандай кылып чечебиз. Айрымдар жөн эле алдап жатышат. Мисалы, Бажы биримдигине мүчө Казакстандын Алматы шаарында ун, сүт, жумуртка Кыргызстанга салыштырмалуу арзан. Эт кымбат. "Дордой", "Кара-Суу" базарларында кымбатчылык болбойт, биримдикке киргенден кийин дагы жарандарга азыркы баада кийим-кече сатып алчудай шарт түзөбүз", - деп Бажы биримдигине кирсек кымбатчылык каптайт деген кооптонууларга негиз жоктугун айтып, ынандырууда.
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев: "Биздин Бажы биримдигине киргенге зарылчылыгыбыз деле жок. Бажы союзуна киребиз деп чамына бербей, үч мамлекеттин ар бири менен өз алдынча экономикалык келишим түзүп, иш алып барсак жөндүү болот", - деген пикирде.
Кыргыз өкмөтү болсо Бажы биримдигине кошулуунун оң да терс да жактары бардыгын моюндап, бирок пайдасы көбүрөөк экенин белгилөөдө. Өзгөчө утуш айыл чарба, тигүү тармагында болорун айтып, ага мисал катары Кыргызстандын эт, сүт, картошка, капуста жана башка айыл чарба продукциялары Орусия, Казакстан, Белоруссия мамлекеттеринин базарларында тоскоолдуксуз сатылаарын, жана Орусиядан келген нефтинин кайра иштетүү продуктуларынын бажы төлөмсүз келишин негизги көзүр катары кармашууда. Мындан сырткары, Орусия менен Казакстанда иштеген 1 миллионго жакын мекендештерибизге жеңилдиктер болоорун да айтышууда.
Бирок мындай мигранттарга жеңилдик болот деген пикирге кошулууга болбойт. Себеби, Бажы биримдиги социалдык эмес, экономикалык эржелерге багытталган уюм.

Андыктан миграциялык маселелер Бажы биримдигинин милдеттемелерине кирбейт. Ошол себептен, Россия тескерисинче мигранттарга карата мыйзамдарын катаалдантып жатат. Мурун эмгек мигранттары Россияга Кыргызстандын ички паспорту менен кире беришсе 2015-жылдан баштап чет элдик паспорт менен гана кире алышат. Кара тизмеге илингендер такыр киргизилбейт. Демек, Өкмөттүн мигранттарга жеңилдиктер берилет дегени чындыкка коошпойт десек болот.
Айтмакчы, Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюму менен да макулдашууга аргасыз экенин билдирип: "Биз Бажы биримдигине кирип жатып, Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү экенибизди унутпашыбыз керек. Биз алар менен да кеңешүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек", - деп айтса, Экономика министри Темир Сариев болсо Бажы биримдигине кирсек, Дүйнөлүк соода уюмуна компенсация төлөшүбүз керектигин билдирген. Компенсациянын көлөмү 1,5 миллиард долларга чаап барышы мүмкүн экен. Албетте, бул багытта тишелүү органдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Айрым адистер ДСУнын мыйзамдары "ийилчээк", компромисске келип, уюмдан чыкпай эле Бажы биримдигине киргенге болот дешүүдө.
Мына ушундай оң-терс, пайда-зыяны аралаш Бажы биримдиги Кыргызстанды өз катарына кабыл алса, былтыр 24-декабрда "Жол картасына" кол койгон Армениядан кийинки бешинчи өлкө катары аталган уюмга мүчө болуп калат. Ошондо Кыргызстандын бажы тармагын Орусиянын бажы саясаты көзөмөлдөп калмакчы. Себеби, Бажы биримдигинин мыйзамдарынын 90 пайызы Орусиянын Бажы мыйзамдарынын алкагында жазылган. Учурда Орусия Бажы биримдигин чыңдоо жана өз таасирин арттыруу багытында Батышка ыктап, Европа биримдигине кирүүнү каалаган Молдова менен Украинаны өз айлампасына тартуу менен алек. Азыркы тапта, Кремлдин саясатынын негизинде Украинанын жарандары экиге бөлүнүп, бир тарабы Орусияны жактаган, Виктор Янукович башында турган бийликти колдосо, теңи Европа биримдигине кошулууну көксөгөн оппозицияны колдоп тирешүүдө. Дал ушундай эле абал Молдовада дагы түзүлүшү мүмкүн болуп турат. Анткени Молдова Европа биримдигине кирүүнү каалап жатса, аталган мамлекетинин ичиндеги автономдуу Гагаузия жана Днестр Москвага ыкташууда. Днестр жумурияты Бажы биримдигине кошулууну колдоорун айгинелеген мыйзам долбоорун кабыл алса, Гагауздар Евросоюз менен КМШнын Бажы биримдигинин кайсынысына кирүүнү кааларын аныктаган референдум өткөрүштү. Бул көрүнүштү Кишинев Кремлдин шыкагы катары сыпаттоодо. Ал эми Орусиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин "Молдова деп аталган поезд Европаны көздөй зуулдап баратып, эки вагонунан айрылып калышы мүмкүн" - деп, жыландын башын кылтыйткан жайы бар.
Демек, мындай шартта, Орусияга "Кыргызгазды" толугу менен сатып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин куру үчүн анын 75 пайыз акциясын берип, нефтиден (бензин, солярка) толугу менен көз каранды болуп турган Кыргызстан Бажы биримдигине кирбейм деп кантип былкылдайт деген суроо туулат. Бажы биримдигиңе кире албайм деп баш тартып койгондой Азербайжандай экономикалык жактан кубаттуу өлкө болсок бир жөн. Андыктан, Бажы биримдиги боюнча кабыл алынган чечимдер кандай болгон күндө да экономика тармагын көтөрүүгө өбөлгө болушу шарт. Коомдогу айтылып жаткан бүтүндөй ой-пикирлер талкууланып, ачык-айкын, кынтыксыз экономикалык анализ жүргүзүлүп, бардык боло турчу коркунучтар дагы, ийгиликтер дагы ачык айтылышы керек.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу