Алты орун алдыга жылдык
"World Press Freedom Index" эл аралык коомунун жылдык рейтингинде Кыргызстан сөз эркиндигинин сакталышы боюнча 180 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлептир. Былтыр биздин өлкө бул коомдун эсебинде 103-орунда болсо, быйыл 6 өлкөнү артка таштаптыр. КМШ боюнча бул эң мыкты көрсөткүч экен. "Чын тийбес" оппозиция "оозубузду басып жатат, коркутуп жатат, үркүтүп жатат" - дегенине карабай, эл аралык коомчулук минтип өз баасын берип жатат. Ошого топук кылып, тобоо дегенибиз туура го.


Дамира айым төрдү бошотту
КСДП фракциясынын депутаттары партиялашы Дамира Ниязалиевага ишенбей тургандыгын билдирип, 14-февраль күнү ал жетекчилик кылган Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынына катышуудан баш тартышты. "Дамира Ниязалиева саясий ишмердүүлүгүнө жеке бизнесин аралаштырып жатат" - деп айыптап жаткан социал-демократтар акыры максатына жетишти. Дамира Абаскановна комитет башчылыгынан өз эрки менен кетээрин убада кылды.


Мадылбековдун максаты не?
Өмүрбек Текебаев, Туратбек Мадылбеков баш болгон ата мекенчилер Кара-Балтадагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводдун ишке киришине каршы чыккан митингчилерге жолугуп келишти. Экологияга зыян келип жатканын саймедиреп, жалындуу сөздөрүн жакшы эле айтышты. Бирок жалындуу кебинин артында Мадылбековдун жашыруун максаты бар экени айтылууда. Көрсө, Туратбек мырзанын "Жунданын" жанында 200 гектар жери бар экен. Кытайлыктар заводду кураарда эл өкүлүнүн жерин эске албай, жанындагы Жалгап Казакбаевдин жерин оңбогондой суммага сатып алышыптыр. Ошого ич күптүүсү күчөп жатканбы же чын эле гектарлаган жеринин түшүмдүүлүгүнө кабатырланып жатканбы айтор, ач айкырыкты катуу салды.


Ошто террорлор кармалды…
Кечээ күнү УКМК Ошто ири терордук иштерди уюштурууга камынып жаткан 23 жаштан 33 жаш курактагы 6 бандиттик топту кармашты. Алардын жанынан кесилген мылтыктар, газ тапанча, беткап сыяктуу буюмдар чыккан. Маалыматтарга ылайык, алардын айрымдары буга чейин Сириядагы атайы террордук актыларга катышып, даярдыктан өтүп келишсе, айрымдары криминал чөйрөсүндө жүрүшкөн. Алардын Ош жана Бишкек шаарларында ири тероррдук операцияларды ишке ашыруу жана бай адамдарды тоноо максаты тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгон. Кыязы, жаз жакындап келген сайын Кыргызстанга буга чейин көп жолу айтылып келген үчүнчү күчтөр ушундай жолдор менен коомчулукту дүрбөлөңгө салганы турат окшобойбу. Эмнеси болсо да, мындай кооптуу иштерден сак болуу зарыл.


Өкмөттүн жообу жакшыбы же жолу жакшыбы?
Парламентте өкмөттүн айыл-чарбасына көргөн камкордугу талкууга алынып жатып, депутат Талант Узакбаев "Азыркы өкмөттүн жолу жакшы экен. Бактыга жараша мал арасында эпизоотикалык оорулар каттала элек. Андыктан бул абалды жоготуп албайлы",- деп келип, быйыл бул тармакка канча каражат каралганына кызыгып, вице-премьер Тайырбек Сарпашевге кайрылды. Кандай суроо болбосун какабай, такалбай жооп берген Тайырбек мырза быйыл бюджеттен вакцинацияга 600 млн. сом каралгандыгын айтып, мал ылаңына каршы катуу күрөш жүрүп жатканын да ачыктады.


Өмүркуловдун өмүрү 2,5 миллион сомбу?
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркулов 2,5 жылдын ичинде үйүн кайтарган кызыл шапкечендерге 2,5 миллион сом айлык төлөп бергендигин, бирок ал акчалар ИИМдин капчыгына түшпөй калганын Башкы прокуратурадагылар айтып чыкты. "Тартип боюнча анын үйүн 10 адам кайтарган. Ар бирине айына 4 миң сомдон төлөнмөк. Экс-мэрге иш козголгон соң ал акчалар ордуна коюлган" - дейт көзөмөлдөөчү органдагылар. Ошондо экс-мэр Өмүркулов жана анын үй - бүлөсүнүн өмүрүн сактоо үчүн мамлекет эсебинен айына 80 миң сом которулуп келген экен. Элдин салыгынан сакчы жалдап келген Иса мырза экс аталып, ээрден шыпырылгандан бери коркпой-үркпөй кантип жашап атты экен?


Салянова сапырганда...
Башпрокурор Аида Салянова былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча чоң жыйын өткөрүп, кол алдындагы прокурорлордун жүрөгүн бир опкоолжутту. Кай жагынан жазганын ким билсин, Базар-Коргон районунун прокурору Артисбек Кыдыралиевди "Сиз туруңуз да, залдан чыгып кетиңиз. Эртең эртең менен келесиз. Биз сиз менен башкача сүйлөшөбүз",- деп жаш баладай жалдыратып, эшикке айдап чыкты. Эмнеге экенин деле көпчүлүк түшүнбөй калды. Аида айымдын ачуусун келтирген Артисбектин "артистигин" кийин угаттырбыз...


Калбыры калыңдар каякта?
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда былтыркы жылы паракорчулардын саны боюнча айыл өкмөттөгүлөр алдыга чыгыптыр. 2013-жылы арам акчага азгырылган 264 айылдык чиновникке иш козголгон. 2-орунду кызматкерлерине 79дан кылмыш иши козголгон Коргоо министрлиги менен мэрия, акимиаттагылар ээледи. 3-орунга 74 паракорчусу менен Билим берүү министрлиги "татыды".
4-орун ИИМ - 54 кылмыш иши
5-орун Архитектура жана курулуш тармагы - 44 кылмыш иши
6-орун Мамкаттоо кызматы - 42 кылмыш иши
7-орун Саламаттыкты сактоо министрлиги - 39 кылмыш иши
8-орун Экология тармагы - 32 кылмыш иши
9-орун Социалдык фонд - 28 кылмыш иши
10-орун Салык кызматы - 25 кылмыш иши
11- Транспорт министрлиги - 19 кылмыш иши