К У Р Г У Й
Өткөн жайда айылдан,бала кезден берки досум Жумабек конокко чакырып калганынан,кой атайын чакырып жатса барбаса болбойт деп байбичемди ээрчитип алып жөнөп калдым. Барсак Жумабек мени тосом деп кыйсыпыр эле түшүп калыптыр.Атайын мени коноктойм деп тоого барып союшка, килейген семиз ирик алып келиптир.Бирок Жумабек өзү шалакыраак болгондуктан,ирикти чала байлап койгон экен,анысы бошонуп, талаага качып кетиптир. -Жүрү бекер отургандан көрө көңүл ачып мени менен басып кел-дегенинен мен аны ээрчип алдым.Айылдын аркы четинде бөксө тоолор бар .Ирик так ошол тоонун боорунда чөп отоп жүрүптүр.Жумабек ала барган кегин мээлеп туруп басып алды эле баягы ирик так секирди да бир маалда дайын оту менен жок болду.Чуркап барып карасак ирик ошол тоону так ортосунан жарып өткөн кургуйга түшүп кетиптир.Эми ал кургуйдун түбү көрүнбөйт сөгүнүп алып кайра жолго түштүк.
Менин бул окуяны эстеген себебим:өгүнү анча мынча тааныштыгым бар Асан деген киши менен кайсы бир тойдо чогуу отуруп калсак мындай дейт:
- Э-э балам,акыркы мезгилде Кумтөр деп эле ызы чуу түшүп жатасыңар, Кумтөрдө алтын түгөнсө эмне кылып оокат кыласыңар?Менин түшүнүгүм боюнча кайсы бир өлкөдө өнөр жай өндүрүшү иштебесе ,ал өлкөдө эч качан өнүгүү болуп элдин турмушу оңолбойт.
Анан силер завод фабрикаларды кем акыл Акаевдин учурунда кургуйга кулатып,андагы эбегейсиз имараттарды болбогон тыйынга,олшол эле Акаевдин кошоматчы куйруктарына сатып,кыргыз элинин келечегине балта чапкансыңар. Эми мен учурунда жашадым,көп нерсени көрдүм,ачыгын айтсам арманым жок,бирок балдарымдын, неберелеримдин келечегин ойлосом жүрөгүм тызылдап кетет.Эмне кылып оокат кыласыңар деги?Же баарыңар Россияга көчүп кетесиңерби?- Мен эмне деп жооп айтарымды билбей,такыр эле келесоо экен деп ойлобосун деп:
- Аксакал бизде деле анча мынча болсо да жылыш бар,Мисалы биздин тигүүчүлөрдүн продукциясы Россияда бааланып жылдан жылга экспорту көбөйүп жатат. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча цехтер ачылып ...-дегиче болбой Асан аксакал оозумдан сөзүмдү жулуп кетти.:
- Тикини,уялбай цехтер деп койот,мен кеминде он миң киши иштеген чоң завод фабрикалар жөнүндө сөз козгоп жатам.Учурунда аларды талап тоноп,эми иштетүүгө кудуретиңер жетпей калды го.Баарынан кейиштүүсү ошол килейген завод фабрикаларды аслган шүмшүктөр аларды иштетүүгө эч кандай аракет жасабай эле аларды тоноп сатуу менен гана алек.Мисалга баарыңарга белгилүү Фрунзе заводу.Учурунда анын цехтеру толгон станоктору менен бир нече миң сомдон сатылып кетти.Казакстандан ишкерлер келип анын станокторунун көбүн алып кетишип өзүлөрү ошондой завод куруп алышты.
Ал эми айыл чарбасында,өзгөчө мал багууда пресс подборңиксиз чөп жыйнаш кыйын экен.Эми биздин дыйкандар аларды казактардан валютага .мурдагыдан төрт эсе жогорку баада сатып алууда.Же Кара Балтадагы килем комбинатын алалы,Ошол шаарды бүтүндөй багып жаткан комбинатка улам улам жумушту түшүнбөгөн жегичтерди жетекчи кылып коюп жатып акыр аягы ал да токтоп калды.Эми килейген комбинат аңгырап ээн турат.Кайтарганга кароолчуларды коюп коюшуптур,эми алар бир нече бөтөлкө арак алып барып берсең бир станокту кармата берет экен.
Келечектен анча мынча үмүт болсун десеңер,баягы шылуундар текейден арзан баага менчиктеп алган имараттарга,алар турган жерлерге салыкты очойтуп азыркыга караганда миң эсе көбөйтүп салыш керек,андан тышкары учурунда мамлекетти алдап завод фабрикаларды менчиктеп алгандардын кантип ,канчага алганын тийиштүү органдар изилдеп чыгып,жазалабаса дагы гезиттерге жарыялап коюш керек.Өлкө өзүнүн "геройлорун" билиш керек да.
Баяман Омар
12 февраль 2014 жыл




Келгиле, машыгалы
ДЕНСООЛУК ЫРЫ
Союз мезгилинде теледен көрсөтүлгөн "Эртең мененки гимнастика" көпчүлүгүбүз үчүн денебизди кыймыл- аракетке келтирип, буту-колубузду чоюп машыгууга жардам берер эле. "Дени сактын иши так" дегендей дайыма машыккандар өздөрүн жеңил сезип, көңүлдүү, шайдоот алып жүрүшчү . Бул иштеген иштерине да жакшы таасир этчү. Азырчы? Машыгуудан эринип ыкшоолук өкүм сүрүп, кайдыгерлик, көңүл коштук күч алган. Машыккандар жок дебейм, бирок өтө эле аз.

Элибизди, өлкөбүздү ыкшоо кылып жаткан мындай көңүл кош кайдыгерликке чыдамым кетип анын бирден-бир дабаасы болгон дене тарбия машыгууларын жалпыбыздын жандантуубуз үчүн мекендештериме кайрылам. Ага чакырык катары өзүм жазган "Ден соолук ырын" сунуш кылам. Келгиле, эрте туруп машыгалы, чуркайлы. Митингдерге, пикеттерге чыгуунун ордуна машыгууларга чыгалы. Ооба,мурдагыдай аттын кулагы менен тең ойноп, шамал менен жарыша албасак да, ден соолукту чыңдап шайдоот, көңүлдүү, жакшы маанайда жүрүшүбүз өз колубузда. Аны менен дени сак, таза коомдун болушуна да чоң салым кошо алар элек. КТРК да "Эртең мененки гимнастиканы" кайра жандантса деген ойдомун.

Ыкшоолукту жалкоолукту коелу, Ырдап, бийлеп буту колду чоелу. Эртели- кеч эринбестен чуркоону, Эрмек кылып ден соолукта бололу.

Кайырма:
Келгиле , келгиле чуркайлы, Ал өзү ден соолук турбайбы. Жашарып, тазарып күнүгө, Денени чыйралтып, чыңдайлы.

Таңда туруп күндү тосуп алалы, Талыкшыбай сергектикке баралы. Машыгуудан денелерде кан ойноп, Ар бир жандын жанып турсун жамалы.

Машыгууну ар дайыма жасасак, Денебизге эч жолобойт илдет, дарт. Кана-кана колду шилтеп өйдө-ылдый, Уланталы токтобостон кайталап.

Бир, эки , үч, оромпой тээп секиргин, Денеңдеги ымтыроону кетиргин. Дени таза-ою таза дегенди, Ар бир таңда өз башыңдан кечиргин.
Жума Мамбетов
акын , журналист