Ишенбай Молдоташев,
Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү Кыргыз илимий изилдөө институтунун директору:
"Кирешебизди 8 миллиондон 48 миллион сомго чейин жеткирдик"

Ордо калаабыздын түштүк аймагында жайгашкан Таш-Дөбө айылындагы айтылуу Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү Кыргыз илимий изилдөө институту совет маалында бүтүндөй СССР аймагына даңкталып, атагы алыска кеткен. Эгемендүүлүк алгандан кийин эбин тапкан эптүүлөр ушундай мамлекеттик мекемелерди менчиктештирип же абалын мышык ыйлаарлык деңгээлге жеткирип, ишпалдасын чыгарып ийген мисалдар өлкөбүздө оголе көп. Бул институт да базар экономикасынын шартында ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп, ал аз жерден соодаланып кете жаздаптыр. Бирок акыркы 5-6 жылдан бери Курортология институту кайрадан жанданып, калкка кадимкидей кызмат көрсөтүп, дарыланам, эс алам дегендердин аягы үзүлбөй, бир ай мурун тизмекке жазылган деңгээлге жетип калыптыр. Албетте, мындай иште Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү Кыргыз илимий изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Молдоташев Ишенбай Курмановичтин жана анын күжүрмөн командасынын салымы, эмгеги зор. Бул институттагы акыркы жаңылыктар тууралуу мекеменин жетекчиси Ишенбай мырзаны кепке тарттык.

- Сиз Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү Кыргыз илимий изилдөө институтуна директор болуп келгениңизден бери бир топ жакшы иштер жасалганын угуп, билип жатабыз. Албетте, бул иш оңойго турбаса керек…
- Туура, оңойго турган жок. Ошентсе да колубуздан келишинче бир топ иштерди жасаганга аракет кылып жатабыз. Мен 2005-жылы октябрь айында илимий иштер боюнча орун басар болуп ишке орношком. Жарым жылдан кийин мурунку директордун каржылык мыйзам бузуу иштери ачыкталып, иштен кетип, шайлоо жолу менен мен жетекчи болдум. Бизде мен жетекчи болуп келгенде, ачыгын айтканда институттун абалы бир топ эле оор экен. Мурдагы жетекчилер, аттарын атабай эле коёюн, бул мекемени атайын банкротко учуратып, менчиктештирүү иштерин баштаганы жатышкан экен. Ошентип иштеп баштадык. Ишти алдыга жылдырыш үчүн баягы эле каражат маселесине барып такалат да. Мамлекет тарабынан бизге айлык акыга, салыктарга, анан оорулуулардын тамак-ашына гана акча бөлүнөт. Андан башка бюджеттен акча каралбайт. Пенсия курагындагылар, майыптар бизде бекер жатып, дарыланышат. Массаж, баткак өңдүү кээ бир дарылоо иштерине акча төлөшөт. Мен келгенде ар бир оорулуудан 5 миң сом төлөтсө, 2 миңин кассага төгүп, калганын өздөрү бөлүп алышчу экен да. Мурункулар ушундай жол менен жакшы жашап жатышкан экен. Мунун баарын тартипке келтирип, төлөмдөрдүн бардыгын компьютердик системага салып, көзөмөлдү күчөттүк. Эч ким уурдай албай тургандай кылып койдук. Мен келгенге чейин киреше 8 миллион сом болсо, былтыркы жылы 48 миллион сом пайда көрдүк. Ошол каражаттын эсебинен институтту бир топ эле оңдоп койдук. 30 жылдан бери колдонулуп келе жаткан сеткасы полго жетип калган темир керебеттерди, ички эмеректерди алмаштырдык. Акчаны болушунча үнөмдөп, эски матрацтардын жүнүн кайра тыттырып, жаңы каптаттырдык. Столдорду жасаганга 350 сом дешти эле, биз 50 сомго материал алып өзүбүз жасадык. Ремонттор жасалды. Мурда бардык шарттары бар 10 орун бар болсо, азыр 60ка жетип калды. Бир кабат толугу менен евро ремонттон өткөрүлдү. Айтор 5 жылдын ичинде Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү Кыргыз илимий изилдөө институту кадыресе оңолуп калды.
- Көйгөйлүү маселелерден да кеп салып өтпөйсүзбү?
- Эң чоң көйгөйүбүз жылуулук маселеси. Көмүр менен жылытылат. От жагуучу жайыбыз 30 жылдан бери эскилиги жетип, эртең бүрсүгүнү иштен чыгайын деген абалда турган. Бул котельныйлар бүтүндөй айылга ылайыкташтырылып курулган экен. Бизден башкасынын бардыгы электр жылуулугуна өтүп кетишкен. Мындан чыгым өтө көп болуп калат экен. Котельныйлар Бишкек жылуулук түйүнүнө караштуу. Машакаты да көп болгону аз келгенсип, олчойгон эсеп чыгып келет. Ушунун баарын ойлонуштуруп көрүп, 2007-жылдан бери биз дагы электр жылуулугуна өтө баштаганбыз. Бакиев "тезек тергиле" дегенинен, орто жолдон бул ишибиз да токтоп калган. Кудай буюрса, бул ишти акыр аягына чыгарып, май айында бүткөнү турат. Бул биз үчүн эң чоң жетишкендик.
- Бир жылда бул жакка канча адам ден соолугун чыңдап кетет?
- Орто эсеп менен алсак, былтыр 13 миң адам эс алып кетти. Ага чейин 10-11 миңдин тегерегинде эле, былтыр эс алгандар көп болду. Кыргызстандыктардан тышкары Орусия, Казакстандан бери эс алуучулар келишет.
- Медициналык шаймандарыңар, аппараттар жетиштүү элеби?
- Бюджеттин жардамы менен, өзүбүздүн акча менен быйыл 10 миллион сомго ар кандай аппараттарды сатып алдык. Бизден башка эч жерде жок, өтө баалуу аппараттарыбыз да бар. Инфаркт, инсульт сыяктуу ооруларды тез сакайтууга көмөкчү болгон жакшы аппараттар. Ошондой эле биздин мекеме илимий институт болгондуктан, кадр даярдоо жагына да өтө чоң көңүл бурабыз. Биздин кызматкерлер жыл сайын чет мамлекеттерге жумушчу командировкаларга, окууларга барышат. Мурда каражаттын тартыштыгынан мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Былтыр бир нече кызматкерлерибиз Москвага, Австрияга барып тажрыйба үйрөнүп келишти. Быйыл дагы төрт ортопедибиз Италияга жөнөгөнү турушат. Бардыгын өзүбүз каржылап жиберип жатабыз.
- Баш-аягы канча дарыгер кызмат кылат?
- 100гө жакын врач иштейт. 15и илимдин кандидаты, төртөө илимдин докторлору. Жакын арада алты врачыбыз докторлук, дагы беш-алтоо кандидаттык даражага ээ болгону турушат. Жаңы багыттарды ачып жатабыз. Жакында эле Москвадан бир программаны үйрөнүп, ошону иш жүзүнө ашыруудабыз. Ошондой эле, Орусияда карылыкты алдын-алууга багытталган жакшы программа бар экен. Ошол боюнча дагы июнь айында эки кызматкерибизди Москвага жөнөтүп жатабыз. Элдин саламаттыгын сактоо үчүн өзүбүздүн кызматкерлердин дени сак болушу керек, жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Биздин ар бир кызматкерибиз бир жылда он күн санаторийде бекер дарыланып, бекер эс алуу мүмкүнчүлүгү бар. Шаарда жашаган жумушчуларыбызды ташыган атайын унаа уюштуруп койгонбуз, мекеменин эсебинен бекер барып-келип иштешет. Зыяндуу делинген кызматта иштегендерге илгери сүт берилчү эле, биз дагы айына 30-40 миң сомго атайын сүт сатып алып таратып беребиз. Түшкөн кирешенин пайызынан сыйлык катары атайын акча бөлдүргөнбүз. Ай сайын атайын комиссия ким мыкты иштегенин аныктап чыгат дагы ошолорго миң сомдон кем эмес акчалай сыйлык беребиз.
- Демек силерде иштесем деген каалоочулардын саны көп экен да?
- Кадр жагынан бизде эч кандай маселе жок. Бош орун жок. Былтыр айлык акы көтөрүлгөндөн бери иштейт элек дегендер узун тизмекте турушат.
- Мамлекетке канча салык төгөсүздөр?
- Биздин чоң көйгөйүбүз бул түшкөн каражатыбыздан 20 пайыз салык катары төлөйбүз. Былтыр 9 миллион 600 миң сом салык төлөдүк. Негизи түшкөн кирешебиз деле өзүбүздөн артпайт. Оорулууларга, айлык акыга, жылуулукка эле кетип калат. Салык Кодексине 2007-жылы өкмөтүбүз ушундай мыйзамга туура келбеген кошумчаны киргизип коюшкан. Бул кошумчаны жокко чыгарууну өкмөттөн да, парламенттен да суранып келебиз. Өткөндө силердин гезиттен окудум, "Мадина" базарынын чоңу Турсунтай Салимов деген "биз жылына мамлекетке 9 миллион сом салык төлөйбүз" -деп мактанып жатат. Ал жакта жок эле дегенде 3,5 миң киши иштейт экен. А бизде 200 орунга акча төлөшөт, ошонун эсебинен борбордогу чоң базар төлөгөн салыктан көп акча төгүп жатабыз. Анткени биз ар бир тыйынына чейин оңго-солго жумшабай, кассага төгөбүз.
Маектешкен
Жаркынай кадыркулова