Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Элесин эскерип…
Насипа Садыркулова,
маркум Медет Садыркуловдун апасы:
"бакиев үйдөн былчыя тамак ичип эле жүрчү…"
Маркум Медет Садыркуловдун киши колдуу болуп курман болгонуна 13-мартта беш жыл болот. Учурда өлтүргөн деп шектелген күнөөлүүлөрдүн жарымы камакта, ал эми Жаныш Бакиев баштаган күнөөлүүлөрдүн ана башчылары камалбай тышта жүрөт. Бүгүн биз маркумдун апасы Насипа апаны жана иниси Болот байкени кепке тартып, учурда каралып жаткан соттук процесс жана маркумдун өмүр таржымалы тууралуу кыскача маектештик…
- Насипа апа жакшысызбы, ден соолугуңуз жакшыбы?
- Ден соолугум жакшы эмес, бирде ооруп, бирде жакшы болуп калам. Карылык да, жашым сексен алтыга келди. Көбүнчө бутум ооруйт, кээде баспай калам. Баарынан санаа, күйүт жаман тура. Медетимден айрылганы оорукчан болуп калдым. Абышкам дагы ооруп жүрүп, билсеңер керек, мурдагы жылы каза болбоду беле. Менин азыр тилегеним эле баламды өлтүргөн Бакиевдер кармалып, жазага тартылса дейм. Көзүм өткөнчө күнөөлүүлөрдүн жазага тартылганын көрүп кетсем деп Кудайдан тилейм. Абышкам да ошентип тилеп жүрүп өтүп кетти.
- Канча уул, канча кызыңыз бар, Медет ага канчанчысы эле?
- 5 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрдүм. Медетим үчүнчүсү болчу. Медеттен улуу Мелис, Жакшылык, андан кийин Болот, анан Рашид деген уулдарым бар. Кыздарым Бактыгүл, Зейнегүл. Учурда кичүү балам Рашиддин колунда турам.
- Медет ага башка уулдарыңыздан эмнеси менен айырмаланчу эле?
- Медетим дилгир эле. Мектепти бешке окуду. Лыжаны жакшы тепчү. Бала кезинде лыжа тээп эле чоңойду. Балдарыбыздын баарын окутуп, жогорку билимдүү кылдык. Кыздарым медик, дарыгер болуп иштешет. Абышкам балдарга аябагандай кам көрөөр эле. "Мен эле иштейм, балдарды иштетпе, окушсун"- деп балдарды такыр иштеткен эмес.
- Абышкаңыз ким болуп иштеди эле?
- Тракторист болуп иштеген. Мен болсо үйдө торпок бакчумун. Балдарды ошентип эле иштеп, багып чоңойттук. Ошондой эле Медетим уюштургуч эле. Бир нерсени бат эле уюштура калчу. Мектепти бүтүп, студент болгондон тартып эле иштеп, айылга келип, айылдагы жаштарды чогултуп, аларга ар кандай кеп-кеңешин айтып жардам берип жүрдү. Азыр ошол балдар Медетти айтып эскерип турушат, "Медет байке жаш кезинде эле бизди ушинтип тарбиялачу эле" -дешип.
- Медет ага менен акыркы жолу качан жолуктуңуз эле?
- Өлөөрүнө жакын, 8- март күнү жолуккам. Мен анда ооруп, ооруканада болчумун. Медет ооруканага барып мени чыгарып, үйгө алып келип майрамдатып: "Апа мен Казакстанга кетип жатам, буюрса эки-үч күндө келем, анан сизди Кеминге айылга алып барам"- деген. Кетип баратып: "Апа батаңды бер, аман-эсен барып келейин",- деп бата алган. Ошондо жанында Сергей Слепченко жана Кубат Сулайманов бар болчу. Аларды мен өз көзүм менен көргөм. Алар мага учурашып, ден соолугумду сурашкан.
- Бакиев, дагы башка чоңдор Медет ага менен үйгө барып турчу беле?
- Бакиев көп эле жолу барды. Былчыя тамак ичип эле жүрчү. Тамагымды ичип, үйүбүздөн даам сызып жүрүп, анан кантип баламды өлтүрдү билбейм. Жеткен канкор тура. Салымбеков, Байболов жана башка чоңдордун баары эле барып конок болуп кетишчү.

Болот Садыркулов,
маркум М. Садыркуловдун иниси:

" Эркин Исаков мени мыйзамсыз бошоткон…"
- Болот ага, агаңыз М. Садыркуловдун өлүмү боюнча жүрүп жаткан сот процесси боюнча эмне айта аласыз?
- Ачыгын айтканда, башында эле сот туура эмес чечим чыгарган. Биз соттун чыгарган чечимине нааразы болуп, апелляциялык арыз менен кайрылганбыз. Ошондон бери улам бир шылтоону айтып эле соттун чечимин создуктуруп келе жатышат. Жакында эле сот аяктап калганда конституциялык палата чечим чыгарды деп, дагы созуктурушту. Күнөөлүүлөр жасаган кылмыштарынын баарын эле айтып берип, моюндарына алышты. Кантип өлтүргөнүн, кимдер буйрук бергендигинин бардыгын. Бирок сот ошонун баарын эске алып туруп эле чечим чыгарбай жатпайбы.
- Анда сотторго кысым болуп жатса керек да…
- Албетте кысым болуп жатат да. Болбосо сот эмнеге мынча создуктурулмак эле. Күнөөлүлөр эптеп акталып кетүүнүн аракетин көрүүдө. Мен ойлоп атам, Жаныш Бакиев каражат жагынан каржылап, кийлигишип жатабы деп. Сотко учурда эч ким көңүл бурбай калды, журналисттер да катышкан жери жок. Журналисттерден эмнеге катышпай жатасыңар десем, "иш актуалдуулугун жоготту"-дешет. Актуалдуулугун жоготкондон кийин иш бүткөн экен да дедим. Ал эмес, апрель революциясы боюнча каралып жаткан сот дагы актуалдуулугун жоготту дегендер жок эмес. Эгер апрель революциясы боюнча каралган сот актуалдуулугун жоготсо, анда биз кайда баратабыз деген ой келет.
- Апрель революциясына чейин чыгыш автобекетинде директор болуп иштечү элеңиз, революциядан кийин эле кызматтан кеттиңиз, себеби эмнеде?
- Байкем өлгөндөн кийин эле Бакиевдер мени да аңдып, ишимди жөнү жок текшерип, жакшы иштетпей коюшту. Революциядан кийин Транспорт министри болгон Эркин Исаков мага: "Сенин ордуңду чоңдор сурап жатат, сен кызматтан кетишиң керек",-деди. Кайсы чоң сурап жатат, Бабанов сурап жатабы десем айткан жок. Укугумду коргош үчүн ал кездеги Каржы полициясынын жетекчиси болуп иштеп турган Эркин Булекбаевге бардым. Ага айтсам, ал Эркин Исаковго телефон чалып: "Эмнеге жумуштан алып жатасың десе, ал Болот Садыркулов Бакиевдин кадры да",- деди. Мен каяктан Бакиевдин кадры болмок элем, алар агамды өлтүрүп, мени кордоп жатышса, ошентип кызматтан алынып, ордума Эркин Исаков Кубанычбек Жумалиевдин Казыбек деген өкүл баласын дайындаган. Учурда директор болуп ошол Казыбек иштеп жатат. Мага кызматтын деле кереги жок болчу. Эркин Исаков министр болгондон кийин "сиз баланча жыл иштептирсиз, эми эс алыңыз, башкалар иштесин" деп сылык-сыпаа узатып ийсе болмок да. Опузалап, ордуң чоңдорго керек болуп жатат дебей. Ошентип, Эркин Исаков кызматтан кеткенден кийин азыркы министр Калык Султановго барып болгон окуяны айтсам: "Ал мен сенин ким экениңди жакшы билем, сен Эркин Исаковду сотко бер"- деди. Сотко берип, сот менин ишимди туура деп таап, "Бирок сен кеч бергенсиң, эртерээк берсең жакшы болмок"- деп ишти жакшы карабай жатат.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев






Пикир:

Яндекс.Метрика