25 жыл мурун 15-февралда Ооганстандан совет жоокерлери чыгарылган чыкканына...
PS : Эртең 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7 141 мекендешибиз катышып, алардын 249у каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн ооган согушунун ардагерлеринин саны 6 миң. Чынында Кыргызстанда ооган согушунун күнгөй-тескейи, ага катышкан жоокерлердин трагедиясы, эрдиги, алардын согуштан кийинки коомдогу орду тууралуу жазылган китептер жокко эсе, болсо да саналуу. Мына ушул маселени эске алган биздин кесиптешибиз Айбек Шамшыкеев учурда ооган согушунун жалпы тарыхы жана ал согуштагы кыргыз жоокерлеринин орду, көрсөткөн эрдиги тууралуу үч бөлүктөн турган тарыхый -документалдуу китеп жазып жатат. Биздин редакция эртеңки: "15-февраль совет жоокерлеринин Ооганстандан чыккан күнүнүн 25 жылдыгына карата " окурмандарыбызга ошол китептин экинчи бөлүгүнөн (китептин 2-бөлүгүндө ооган согушуна катышып, кан кечип келген мекендештерибиздин кеңири маектерине орун берилген) гезитке ылайыктап, үзүндү сунуш кылмакчыбыз.
Редакциядан




"Моджахеддер: "Булар аз экен, өлтүрөлү" деп дайым артыбыздан түшүп алышчу..."
Асанбек Алымкожоев генерал -майор, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси:

- 1980- 1981- жылдары толугу менен ооган согушуна катыштым. Ал жакта бир жарым жыл чалгындоочу батальонунун чалгындоочу ротасынын командири, андан кийинки жарым жыл № 177чи чалгындоочу полктун жетекчиси болуп кызмат өтөдүм. Негизи эле, чалгындоочулардын тапшырмасы абдан оор, мисалы: кайсы дивизия, кайсы полк, кайсы рота согуштук операцияларга чыкса, чалгындоочулар да сөзсүз түрдө алар менен кошо чыгат. Аларга колдон келишинче биринчи маалыматтарды берүү биздин милдетибиз болчу! Биз 1980-жылы жарым жылдан ашык Кабулдун четиндеги Хайрхана деген ашууда, андан кийин Баграм деген шаарда турдук. Чалгындоочу полктун жетекчиси болуп дайындалгандан кийин Джабалусарас деген жерде болдук. Ал жерде Кабулдан Саланг ашуусуна кеткен жолду моджахеддерден кайтарып, көзөмөл кылып жүрдүк. Бизге тоолорго авиация техникалары менен чалгындоого чыгышкан чалгындоочулар моджахеддер боюнча биринчи маалыматты берип турушчу. Ошол маалыматтарга таянып, аларга каршы тиешелүү чараларды көрчүбүз. Негизинен моджахеддер 50 - 60тай төө, ат, качырлар менен курал-жарак, ок- дарыны Пакистандан Ооганстанга ташышып, кезектеги согушка даярданып жаткан кездерде, вертолёттор менен келип, аларды туткундап, жүктөрүн алчубуз.
- Согуш учурунда өтө кооптуу кездерге кабылган, оор, маанилүү тапшырмалар тууралуу айтып берсеңиз? Мисалы, атактуу Пандшерди ээлеп алган айтылуу Ахмад Шах Масудга каршы чабуулдарга катышсаңыз керек...
- Мен сиз айтып жаткан Масудга болгон каршы чабуулдардын экөөсүнө ал отурукташкан атактуу Пандшер капчыгайында катыштым. Ал капчыгайды Ахмад Шах биротоло ээлеп алгандыктан, ага эч ким кирчү эмес. Киргендер, согушуп кирип, согушуп чыгышчу. Ага каршы биринчи чабуул 1980-жылы болуп, капчыгайга канча чакырым кирсек, ошончо чакырым тынымсыз аткылашып, согушуп жүрүп олтурдук. Техника бийик тоого чыга албайт. Бир аяк жол. Моджахеддер бизди кандай да болсо, буктурма уюштуруп, туш тараптан кысып, жок кылганга аракет кылышты. Анткени, бул ыкма алардын бирден-бир көп колдонулган ыкмалардын бири болчу.
Капчыгайдын үстүнөн да авиация техникалары да бир топ чабуул коюп, көзүнө көрүнгөндүн баарын кыдырата бомбалап, аткылаган учурлар болгон. Себеби, Пандшерде жеке эле Масуддун отряды эле эмес, анын урук-туугандары, ага баш ийгендер, айтор өзүнчө эле бир чоң айыл жашаган десек болот. Ал эми 4-5 чакырым бийиктиктен ким моджахед, ким карапайым адам, ким кемпир - чал, ким бала-бакыра дегенди так ажыратуу кыйын да. Ошондуктан авиациянын чабуулунан, далай жаш-карылар кырылып калганын көрүп эле жүрдүк. Мунун өзү жалпы элдин нааразычылыгын туудуруп, совет жоокерлерине карата жек көрүүнү жана каршылыкты жаратып турган. Чынын айтканда, ал кезде карапайым калк жыш жайгашкан айылдарда "моджахеддер көп" деп ал жакты ракета же катюша менен аткылап, "мына биз талкаладык" деп төш кагуу өтө туура эмес болгон. Себеби, ошол кубаттуу куралдын огунан канча бейкүнөө адамдар көз жумганын жана андай трагедиядан улам канчалаган карапайым адамдар моджахеддердин катарына кошулуп жатканын эч ким эсепке алган эмес да. Биз болсо, көп учурда жалгыз аяк жол менен жүрчүбүз, ким моджахед, ким жаш-кары экенин так ажырата таанып, аларды атпай, моджахеддердин өздөрү менен согушчубуз. Ошондо да, бизди биринчи аткылагандарга жооп кылчубуз.

Пандшердеги чабуулдардан кийин Будда эстелиги (кийин талибдер жардырып салышты) менен аты чыккан Бамиан шаарында да жарым жылга жакын болуп, ал жактан да бир катар салгылашууга катыштым. Аталган шаарды дагы кийинки мезгилге чейин моджахеддер ээлеп, алар башкаларга үстөмдүк кылып турушчу. Бамианда эки-үч ай турдук. Мына ушул эки жерде эң маанилүү, эң оор тапшырмаларды аткардык...
Биздин чалгынчылардын тобу ашып кетсе 20дай эле, кээде андан да аз топ болуп чалгындоого чыгып кетчүбүз. Душмандар көрүп калса: "А, булар аз экен, өлтүрөлү же колго түшүрөлү " деп артыбыздан билинбей, байкатпай түшүп алышчу. Ошон үчүн биз өтө сак жүрчүбүз. Анткени, моджахеддердин башчылары өздөрүнүн тобу тарабынан өлтүрүлгөн ар бир совет жоокерлерине, офицерлерине жакшы акча төлөшчү да. Тирүү кармап барса, андан көп акча төлөп берчү. Жакшы чабуулдарга да өтө көп акча төлөшчү. Бул жагынан АКШ баарынан алдыга чыкты. Өздөрүнүн миллиондогон акчаларына ооган моджахеддеринин ичинен согуш ыкмасына, жаңы үлгүдөгү куралдардын адистигине үйрөтүштү.
Мисалы, Усама Бен Ладенди алалы. Аны деле ошол кезде америкалыктардын ЦРУсу даярдап, укмуш кубаттуу куралдарды кантип колдонуп, кандай учурда атуу керек, кандай кол салса болот ж.б. деген толгон - токой согуш маселесине, айтор тиешелүү нерселердин бардыгына үйрөтүшкөн. Бен Ладен дагы шейхтин баласы болгон...



Алик Мамыркулов, генерал-майор, Өкмөттүн коргонуу, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнүн башчысы:


"Бир жолку эле операцияда 1-ротанын жоготуусу 90, Менин 2- ротамдан 12 жоокер курман болуп... "
- Ооганстанга 1979-жылы декабрь айында согуш жаңы башталган учурда бардык. Бизди дароо эле Алмата полкуна которушту. Мен ошол полкто десанттык 2-ротага командир болдум. Ошондо мен 23 жашта болчумун. Кабулга келгенде №66 бригадага туш болдук. Ошол күндөн баштап биз үчүн чыныгы кыйын жашоо башталды. Азыр айрымдар: "Ой, укмуш согушканбыз, баланча душман кырганбыз" деп айтып жатышпайбы, мен ачык айтайын, согушта эрдик көрсөткөн учурлар дайым эле боло бербейт, антип мактанган сөздөрдү, согушка катышпаган, катышса да, чыныгы салгылашты башынан өткөрбөгөн жоокерлер гана айтышат.
Өтө кооптуу учурларды башыбыздан көп эле өткөрдүк. Мисалы, бир чоң окуяны учкай айтып берейин. 1980-жылы 10-майда Нангалан деген провинциядагы Бойхара деген шаарчада согуштук операция өткөрө турган болдук. Ар бир ротада 115тен 125ке чейин жоокер боло турган. Биздин ротаны түнкү саат экиде вертолёттор (ар бирине 15ке чейин жоокер) менен чабуул боло турган жерге ташташты. Ал жер Пакистан чек арасына жакын жер, дарыянын нары жагы Пакистан, бери жагы Ооганстан. Биринчи ротаны 7-8 чакырым аралыктагы коктунун жогору жагына, үчүнчү рота ылдый жакка жайгашты. Менин ротам болсо ортосунан орун алды. Батальондун башкаруу планы жана миномёттору менде болчу. Таңкы бештерде картаны карап, операцияны баштоону максат кылып мурункудай эле самолёттор, танкалар менен талкалайбыз, баары качышат деген ой менен ишенимдүү келатабыз.
Жол жүрүп олтуруп, бизге жакын жердеги Шамун деген шаарчадан өттүк. Бир кезде эле бардык тегеректе моджахеддер жайнап чыга башташты. Саны бизден алда канча көп, 15 метр жакындыкка чейин каптап келишип, биздин роталарды бөлүп-бөлүп курчап алышты. Чынында душмандар кайсы жактан, качан чыга каларын ким билиптир. Себеби, бизде да, биздин үстүбүздөгү чоңдордо да так маалымат жок болчу. Негизги, маалыматтар Москвадан, Ташкенттен жана Кабулдан келчү. Ошентип, курчоодон эч жакка чыга албай калдык. ДШК, (БТРде талкалай турган күчтүү курал) снайперлер туш тараптан атылып баштады. Душмандар чоң таштарга жашынып, улам жакындоонун амалын көрүп жатышты. Мен өз ротамдан 10дой жоокерди алып, кырдаалдан чыгууга амал издеп баштадым. Эптеп жогору жактагы бийиктикке чыгып, АГС менен удаа - удаа аткылап жибердик, бир аз качышкан болушат, кайра жакындашат. Ал жерден баары алаканга салгандай көрүнөт, атышуу кинодогудай эле болуп жатат. Биздин жолдун баары бекилип, жердин баарында буктурма коюлган. Ашык аракеттерди кылуу өтө эле кооптуу болуп калды. Ошондой болсо да, жашоо керек да, баарына кайыл болуп, болушунча каршылык көрсөттүк. Бир кезде 1-ротага болгон чабуул өтө күчөп кетти. Алар сууга агып, туш келди качып жатышат. Көп өтпөй, кайра бизди артыбыздан курчай башташты. Комбатка артиллерия менен авиацияны чакырыш керек дедим. Бирок авиация чыгышы кыйын эле. Келген күндө деле душмандар менен биздин ортобуз 20 -40 эле метр, демек, кимисин атат? Артиллериянын келиши да кыйын болчу.
Таң атпай башталган атышуу кечке чейин созулду, жарадарлар, өлгөндөр да көбөйүп баштады. Кабулга кырдаал тууралуу билдирсек, бизге ишенбегендей: "Алар каяктан, кантип эле",-деп ишенишпейт, биз жинибиз келип: "Келгиле көргүлө, силердин чалгынчылар кандай иштешет, мына 1 -ротаны талкалап салышты" - деп ачуубуз менен жооп кайтардык. Эптеп, курчоодон бошонуп, маджохеддердин өзүн артынан курчоого алууну пландадык. Бирок ал мүдөөбүздү ишке ашыруу кыйын эле. Миномёт менен аталы десек, биздин жашынган жерди дароо билип калышат да, каптап келип пулеметтор менен талкалашмак. Ошон үчүн чоң курал колдоно албай айлабыз кетти. Ушундай ашыкча кыймыл кыла албай турганда, түн кирип, тыптынч болуп калды. Мен курчоодо калган 1-ротанын аман калган жоокерлерин алып чыгуу үчүн сержант Алиевди баш кылып, калган жоокерлерди каалоосу менен алып, жөнөдүм. Баары пулемёт, автомат, миналар менен куралданышкан. "Тирүү колго түшпөгүлө, багынбагыла" деп катуу эскерттим. Талап боюнча бир да жоокер душмандын колуна түшпөшү керек. Жарадар болсо, аны кандай болсо да душмандарга калтырганга болбойт, мындайча айтканда, окко учкандар болсо, алардын өлүгүн алып чыгып кетүү милдет эле. Калтырып кетсең, дароо сот жообуна тартылчусуң.
Ошентип, башты канжыгага байлап, 1-рота курчоого калган жерге акырын жылып жөнөдүк. Алды жагыбыздан кыйратып эч нерсе көрүнбөйт, тегерек четтин баары эле өлгөн жоокерлердин сөөктөрү. Ал өлүктөр улам бутка илешип, улам жүрөктү түшүрөт. Чынында корктук, жүрөк лакылдаса да сыр бербей, эптеп алдыга жөнөй бердик. Паролубуз "Зет" (1-ротанын командири Сергей Заколодяжный деген атка жакындаштырып койгонбуз) болчу. "Зет" деп кыйкырсак, анда 1-ротанын тирүү калгандары үн салып, бизди тосуп алышмак. Анткени, аларга мурун радиостанция менен пароль туралуу билдирилген болчу. Биз эки катар менен басып баратабыз, бир кезде ай жарык болуп, алды жагыбыз көрүнө баштады. Бирок ошондой болсо да, 10дой жоокерди жанагынча душман каалаган жеринен тосуп чыгып, бир заматта жок кылып коймок да. Бактыга жараша андай болгон жок. Кыязы, алар кетип калышса керек. Бир аздан кийин, орусча сөгүнүп сүйлөгөн, кыйкырган адамдардын үнүн уктук. Токтоп: "Зет" деп кыйкырсам, эч ким унчукпайт. Акырын жакындап олтуруп, 1-ротаны таанып, жакындап келдик. Үн салсак, эч ким сүйлөбөйт. Карасак, бирөөнүн куралы бар, бирөөнүкү жок, айтор абдан шок абалында калышканын байкадык. Серёга мени көрүп эле: "Алик, баарынан айрылдык",-деп ыйлап жиберди. Болгону ал жерде 17 адам калыптыр... аларды биз куткарып алдык. Аз болсо да тирүү калгандарына сүйүнгөнүбүздөнбү, айтор биз да ыйладык, командирге кошулуп.
Ошол жердеги бир көрүнүштү сөз менен өзүндөй кылып айтуу мен үчүн оор. Мындай бир өтө кызык окуяга туш болдук. Жарадарларды чогултуп, куралдарды жыйнап жатсак, жаныбыздан түркмөн улутундагы Караев деген миномётчик бир буту кызыл ашыктан ылдый жок, басып баратат. Биз абдан таңгалып: "Сержант Караев сага эмне болгон, кана бутуң?"-деп сурап жиберсек, ал ошондо эсине келгенсип, бутун карап бир кыйкырып алып, жыгылып калды. Көрсө, коркконунан шок абалында бутун ок жулуп кеткенине карабай эле басып жүрө бериптир...
Кийин, бул операция тууралуу гезиттер көп эле жазышты. Өзүм тууралуу "Московский Комсомолецтин" жазганын окугам.
- Ошондо силердин үч ротадан жалпы канча жоокер курман болду?
- Биздин үч ротадагы жоокерлер бардыгы болуп 360 -370ке жетет эле. 1-ротанын жоготуусу 90го жетти. Менин экинчи ротамдан 12 жоокер курман болуп, 17си жарадар болду. 3-ротадан 6 жоокер каза болуп, 7си жарадар болушкан. Душмандардын деле жоготуусу биздикинен аз болгон жок. Так санын биле албадык, анткени алар түн ичинде өлгөндөрдүн баарын жыйнап кетишиптир...