Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Парламент - "мыйзамканабы" же намазканабы?
Бул кеп Президент Алмазбек Атамбаевдин шаштысын кетирип, ал гана эмес чочутуп ийген экен. Мындай күтүүсүздүктөн тайсалдай түшкөн спикер: "Ал жерде конференц-зал болот",- деп президентке, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө, бүтүндөй элге карандай калпты айтты - деп жазат аталган агенттик.
Бирок биздеги маалымат боюнча Жогорку Кеңештин имаратында намазкана 2011-жылы ал кездеги спикер Акматбек Келдибековдун учурунда ачылган. Былтыр Төрөбай Зулпукаров, Дамира Ниязалиева, Акылбек Султанов, Акылбек Эшимов, Гүласал Садырбаева баштаган жыйырмадан ашуун депутаты намазкана тар болуп калганына байланыштуу бөлөк кенен бөлмө берүү өтүнүчү менен спикерге кайрылышкан. А.Жээнбеков депутаттардын жана парламент кызматкерлеринин гана өтүнүчүн канааттандырган экен. Негизи эле Ак үйдө намаз окуучу жайлардын ачылышын анчейин колдобогондор мындай аракет Конституцияга каршы келет деп ач айкырык салып чыгышты. Бул боюнча Нурлан ОРОЗБАЕВ деген көз карандысыз эксперт укуктук баасын бериптир:

- Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө так, даана жазылып турат. Аны сөзмө-сөз мисал келтирейин: "Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес". Эгерде башка диний өкүлдөр дагы кандайдыр бир сыйынуучу жайларды ачып берүү өтүнүчү менен кайрылса, Жогорку Кеңеш ачып берүүгө милдеттүү болот. - Эмне үчүн? - Себеби бир диндин өкүлдөрүнө артыкчылык жасабаш керек. Бул биринчиси деп туруңуз. Экинчи жагдайга кенен токтолоюн. Туура, дин мамлекеттен ажыратылган. Бирок, ошол намаз окуган жайда мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алса же мамлекеттик маанилүү маселелерди талкууласа, анда ал Конституцияга караманча каршы келет. Ал эми Жогорку Кеңештин имаратындагы намазканада андай өңүттөгү маселелер талкууланган эмес. ЖК имаратындагы биринчи намазкана 2011-жылы ачылган экен. Дагы бир намазкананы ачуунун зарылчылыгы канчалык эле? - Менин билишимче, 2011-жылы ошол мезгилдеги спикер Акматбек Келдибековго ЖКнын айрым депутаттары жана кызматкерлери атайын кат жолдоп, намазкана ачууну суранышкан. Ошол каттын негизинде намазкана ачылган. Ошол эле намазкананы кеңейтүү аракеттери болду. Бул тууралуу былтыр ЖК депутаттары, кызматкерлери ЖК төрагасынын атына кат жолдошконун билем. Бул жерде Конституцияга караманча каршы келген жагдай жок. ЖК төрагасы намазкананы кеңейтүү өтүнүчүн гана канааттандырып койду.
Эрнис Балбаков





Жети өлчөп, бир кеселик...
Бажы биримдиги боюнча коркунучтар, ийгиликтер ачык айтылууга тийиш
Учурда мамлекетибиздеги бирден-бир жүрөк өйүткөн маселелердин бири - Бажы биримдиги болууда. Орусия, Белоруссия, Казакстан мамлекеттери тарабынан түзүлгөн Бажы биримдигине кирсек, Кыргызстанды кандай келечек күтүп турат деген маселе коомчулукта кызуу талкууланып, талаш-тартыштын чордонуна айланды.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүздөгү кайчы пикирлерди эске алып, 2013-жылдын 24-декабрында Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргызстан улуттук кызыкчылык сакталган шартта гана Бажы биримдигине кирерин ачык айткан. Башкача айтканда, Кыргызстан Бажы биримдигинен чек араны даярдоо, мигранттар боюнча, санитардык-ветеринардык лабораториялар боюнча маселени чечүүнү, 1 млрд. долларга эсептелген Өнүктүрүү фондун түзүүнү, үч ири "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларына жеңилдик берилишин, Бажы биримдигинин толук кандуу шарттарын этап-этап менен ишке ашыруу үчүн 7 жылдык мөөнөт берүүнү талап кылып жатат. Буга байланыштуу казак президенти Нурсултан Назарбаевдин уюмга киребиз деген өлкөлөргө эч бир өзгөчө шарт берилбеш керектигин айтса, Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюна даярдыктар дээрлик көрүлүп бүткөнүн, айрым суроолор боюнча орток пикир табыларын билдирген. Натыйжада, Кыргызстанга март айына чейин убакыт берилген. Бирок дале болсо, Бажы биримдигинин экономикабызга тийгизчү оң жана терс жактары тыкыр иликтенип, карапайым элдин жашоосу кандай өңүттө өнүгөт деген суроого конкреттүү фактыларга негизделген жооп табылбай турат. Кыргызстан койгон талаптар канчалык деңгээлде аткарылат, али бүдөмүк.
Мындан улам, өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев баш болуп, бир катар бийлик сересиндеги чиновниктер, саясатчылар, эксперт-адистер, жөнөкөй карапайым жарандарыбыз орток пикирге келе албай жатышат. Буга байланыштуу айрым эл өкүлдөрү Кыргызстан Бажы биримдигине кириши керекпи деген маселени референдумга алып чыгып, элдин талкуусуна коюуну сунушташууда.
Айрым эксперт-адистер болсо мыйзам боюнча экономикалык маселелер референдумга чыгарылбай турганын, эгер референдум болсо көз боёмочулук өкүм сүрүп, ошондо элдин үнү даана угулбай калаарын, Бажы биримдигине кирүү Кыргызстандын эгемендигине шек жаратаарын, Орусияга саясий-экономикалык жактан көз карандылыкка алып келерин эскертишүүдө.

Ал түгүл Орусия Бажы биримдигинин аркасы менен бирдиктүү валюта катары рублди киргизгенге аракет кыларын, ошондой эле Тышкы иштер министрлиги сыяктуу орган, парламент түзүп, барып-келип СССР учурундагы көзөмөлдү кайтарып келүү менен Орто жана Борбордук Азияга өз үстөмдүгүн арттырууга багытталган бир катар механизмдерди ишке киргизиши ыктымалдыгын каңкуулашууда. Бирок мындай көз карашка каршы чыккандар, Кыргызстан Бажы союзуна кирбесе, Орусиядан келип жаткан темир, жыгач, күйүүчү-майлоочу майдан (бензин, солярка) кол жууп калуу коркунучу күчтүү экенин, ошондо даана экономикалык кризис болуп, анын натыйжасы социалдык жарылууга алып келиши мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Айтор Кыргызстан бүгүнкү күндө "өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат" деген кыйчалыш абалда турат.

Кыргызстан минтип (жомокто айтылгандай үч айрылыш жолдо: оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң, түз кетсең барсаң келбейсиң деген) кириптер болуп турганда, Бажы биримдигин түзүшкөн үч өлкөнүн экөө Белоруссия менен Казакстан аталган уюмга нааразы болушууда. Алсак, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Россия менен Казакстан Белоруссиянын сүт продукциясына чектөө киргизип койгонуна нааразы болуп, уюмдун бирдиктүү экономикалык эрежелери сакталбай жатат деген жүйөсүн бетке кармап, Бажы биримдигинен чыгабыз деп коркутуп жатса, казак президенти Нурсултан Назарбаев Бажы биримдигиндеги Казакстандын абалына нааразы экендигин жашырбай: "Биздин продукциянын Россиянын жана Белоруссиянын рыногуна чыгышында бирдей тарифтик барьер коюлбагандыктан, олуттуу кыйынчылыктар турат. Казакстан эт азыктарын да өткөрө албай жатат",- деп айтып, уюмга Россиянын басымы күчтүү болуп, чечимдердин аткарылышы бир гана Кремлге көз каранды экенин кыйытты.





Байкоо сал...
Тажиктер менен өзбектер, Кыргызстанга кыр көрсөтөбү?
Баткендеги 11-январдагы чек арадагы окуядан кийин кыргыздарга караганда тажиктерге кыйын эле болду. Анткени, Кыргызстан чек ара бекеттерин толугу менен жаап салгандыктан улам, Тажикстанда азык -түлүк, күйүүчү майлардын баасы асмандын башына чыккан. Белгилүү болгондой, алар буга чейин Кыргызстандан кирип турган. Бир айдан бери кымбаттаган азык-түлүктүн азабын тарткан тажиктер өз бийлигине катуу каршы боло башташкан.
Ал ортодо тажик бийлиги кымбатчылык каатынан чыгуунун жолун таап, кудуңдап турат. Себеби, Өзбекстан менен акыркы 3 жылда абдан начарлап, жетер чегине жетип, Өзбекстан Тажикстанга экономикалык блокада түзүп келаткан. Чек арадан, айрыкча темир жол аркылуу товарларды, күйүүчү майларды өткөрүүнү такыр токтоткон болчу.
10-февралда Өзбекстандын Тажикстандагы элчилиги мындай оор шартта Өзбекстан Тажикстанды колдоп чыкты. Тактап айтканда, чек аралардагы бекеттердин баарын ачып, өзбек -тажик чек арачылары, бажычылары күчөтүлгөн режимде иштеп баштады. Таң калычтуусу, Кыргызстан Тажикстанга экономикалык блокада койгондо, өзбектер тажиктерге жан тартып, өткөндөгү келишпестиктердин баарын унутуп, боордоштугун билдирип чыкты. Буга чейин бул эки мамлекет чек ара маселесине келгенде "ит-мышык" абалында болуп келишкен. Кандай болгон күндө да Өзбекстан Кыргызстанды чек ара маселеси боюнча коңшу өлкөлөр менен тең ата тирешүүсүн жактырбайт. Мындайча айтканда, көрө албайт. Кечээки душмандардын бүгүн эзилишкен достордон болуп чыга келгени, мына ушундай божомолдорго далил болуп бере алат десек болот. Кыскасы, Өзбекстандын Тажикстанга боор ооруп, кол сунушунун бирден-бир себеби - бул чек ара маселеси. Чечилбеген чек ара маселесинде экөөлөп Кыргызстанга кыр көрсөтүп, өздөрүнүн көздөгөн максаттарына жетүү. Андыктан кыргыз бийлиги мына ушул маселени эске алып, биздин коңшу өлкөлөргө өздөрүнө жараша мамиле кылуусу зарыл. Азыр корко турган эч кандай курч маселе жок. Болгону коңшуларыбыз менен тең ата мамиледе сүйлөшүп, алардын алдында эч качан кемсинбешибиз керек.
Айбек Шамшыкеев







Пикир:

Яндекс.Метрика