Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Кадам ушул…
Коррупционер жана "саясий заказ"
"Кумтөр" маселеси кыргыз эли үчүн рак оорусунун шегиндей эле болуп турат, накта өзү дебей "шеги болуп" дегенимдин маани-маңызын түшүнөт эмессиңерби… Мына ошол "Кумтөр" маселесине бүт дилди буруп салып, ал маселеге эр жигиттен салпетек катынга чейин киришип жиберип кашык-табагыбызга чейин саясат болуп, кир-когу аралашып булоолонуп эле жатып калдык! Бул маселени көтөрүп аброй күтөм дегендер болду, миллиондогон доллар өндүрөм дегендер болду, оңдой берди болуп турат Атамбаевди алып түшөлү дегендер болду, алар менен бирге чын дилден кыргызына күйгөндөр болду, "Дело №" сыяктуу гезиттер алчусун алып туруп канадалыктарды мактап турду ж.б. Эми ал маселе азга тыныгуу алды окшойт, бугуп жатып кайра да атырылышы бар ал маселенин!
Ошентип, "Кумтөр эле Кумтөр" деп жатып башка орчун маселенин бири болгон коррупция маселеси, кылмыштуулукка каршы күрөшүү түйшүгү экинчи планда калгандай болду. Жок, коррупция маселеси биздин мамлекетте- коррупцияга бел бүгүп турган мамлекетте көз ирмем да көз жаздымда калбашы керек.
Азыр дүйнөдөгү эң коркунучтуу көрүнүш коррупция болуп турат. Килейген мамлекеттер: Кытай, Россия, Америка коррупциянын тизгинин тарта албай ит жыгылыш болуп келет. Россияда эки жылдай мурун коррупцияга тургус согуш ачып, анын ташын талкан чыгармай болуп чабуул башташты эле, ал деми улам мокоп олтуруп, азыр ал орчун маселе болуудан кайтып олтурат, бизге ошондой сезилгени… Кытайда коррупцияга каршы мыйзам биздегидей жумшак эмес, ири пара алгандар дароо өлүм жазасына тартылат. Ошого карабастан коррупция алган багытынан жазбай кетип баратканы. Өлүмдөн да коркпой турган коррупциянын күчүн кара! Демек, коррупцияны жеңүү деген тегирмен менен кармашкан Дон Кихоттун окуясындай болуп жүрбөсүн! А балким Сизифтин убарасындайдыр…
Атамбаев президент болуп шайланары менен коррупцияга катуу күрөш ачууга команда берди. Андан бери бир катар ири коррупционерлер кармалды, соттолду, дагы да далайы "кезекте" турат. Акаев менен Бакиевдин тушунда "кол тийгис" укугу бар өңдөнүп келгендердин көбү азыр ичкени аш болбой турган кези! Коррупциялык иши менен, шектелгени менен кармалгандар, кармала тургандар аябай эле көп экен. Алар мурдагыдай "чабак" сындуулар эмес, "акуласы да,кити" да болуп берүүгө жарамдуулар экен. Баарын аралаштырып туруп санап коелу, ичинде соттолгону бар, соттоло турганы бар, шектүүлөр бар, эл билип турганы бар ж.б.: Түлеев, Келдибеков, Сулайманов, Сатыбалдиев, Балкыбеков, Танаев, Пирматов, Чунуев, Эсенаманов, Ташбаев, Курманалиев, Үсөнов, Рахманов, Турсунбеков, Жолдошева, Дербишалиева, Мырзалиев, Абеков, Силич, Елисеев, Гуревич, Обдунов, Осмонов, Мадылбеков, Төлөгөнов, Филатов, Нышанов, Өмүркулов, Мырзакматов, Бообеков, Молдокеев, Нарбаев, Домченко… бул тизме оголе көп уланат. Ал эми Акаевдер менен Бакиевдер конкурстан сырт деп шүк коелу. Аларга кеп барбы, баа барбы?!
Кандай кылмыш иши болсо да жазаны сот берет. Ал эми биздин соттор оңолбой келет. Бири соо өңдөнсө, экинчиси "иттикти" жасап коюп жатат. Сот реформасынан жыйынтык чыкканы билинбейт десе, Жогорку Соттун төрайымы Жамашева "соттордун иши дурус эле" дегенди айтып турат. Албетте дечи, өз короосундагыларды ким эле жаман деп айтмак?! Жакшылап чукуса балээ иштин баары сот тарапта экенин ким танат?!
Коррупцияга каршы күрөштү тиешелүү кызматкерлердин баары эле бир ооздон колдогон пикирин айтат. Бирок, ишке келгенде бир тобу коррупциялык ишке аралашып кетип жатпайбы. Ой, о-ой, кызыктын баары биздин мамлекетте: кээ бир министрликтеги коррупциялык схеманы ошол жерде иштегендердин өздөрү айтып жатат. Анан эмне үчүн дароо чара көрүлбөйт?! Маселен энергетика тармагын айталы, шумдуктун баары ошол жерде!
Айтып не, айтпай не, бир кезде борбор шаарыбыз бак-дарагы менен кулпуруп турчу эмес беле, эми алардын ордуна кабат үйлөр, ресторандар, кафелер, сауналар, май куюучу жайлар ж.б. бирин-бири жөөлөгөн турак-жайлар салынып жатат. Бала-чака ойной турган аянтчалар, сейил бактар калбай барат. Ушунун баарына, биринчи иретте, шаардын мэри жооп бериш керек. Ушуга чейин кимиси жооп берди? Түлеев эле соттолду, ал дагы автобус, жол чатагы менен… Мэр болуп иштеп кеткен Силаев, Кулов, Үсөнов, Керимкулов, Түлеев, Өмүркуловдор жерди каалагандай бөлүп келишти. Эч кимиси жооп берген жок. Кечээ жакында эле кийинки мэр Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголду. Анан ошол боюнча "жым" эле болду. Өмүркулов дурус делген сыпаттамадагы жигиттердин бири, токтоолугу бар дегендей. А бирок, жакшы адамдар жаман ишке барып жаткан бу замандан ал дагы качып кутула алган жок. Мен "кан күсөп" жаткан жерим жок, бирок, кандай мыкты адам болсо да кылган ишине жооп бериши керек. Кылмыш жасаган адамдын ким экендигине карабай, кайсы партияда тургандыгына карабай, кары-жашына карабай чара көргөндө кана бир жыйынтык чыгат.Айта кетели, Өмүркуловго кылмыш иши козголгондон кийин ал "бул саясий заказ" деп чуу салып, туугандарын, санаалаштарын митингге чыгарып, жол тостурган жок. Ушул жагынан жигиттик кылды.
Азыркы мэр Кубанычбек Кулматов ишти жөндөйм деп катуу убадасын берип жатат. Бирок, анын мурун баскан жолунда "мүдүрүлгөн" жерлери биртоп эле бар экендигин айткандар толо. Мэрлерден жалкып калган жаныбыз Кулматовдон деле чочуп турганыбыз. Жакшылык болсо экен…
Кийинки жаман адаттардын бири: кайсы бир кызматкер коррупциялык шек менен кылмыш иши козголсо, дароо эле "бул деген саясий заказ" деп жарыялап жиберип ит болуп жатканы. Коррупционерди жоопко тартуу саясий заказга кирбейт! "Саясий заказ" деген ак жерден куугунтукталса гана саясий заказ болот. Түлеев, Келдибековдор кандай кана митингдерди уюштурушпады. "Баланча күнгө чейин бошотулбаса, ташын-талкан чыгарып жиберебиз" деп асмандын башын айтып кыйкырып турушту го алардын митингчилери!
Аз мурун Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголду. Эми көрөрсүңөр, "бул деген саясий заказ" деген ачуу айкырык чыгышы турулуу! "Өлбөгөн жазга жаз келсе", далай митингдерге күбө болорбуз, алардын кээ бири түз эле бийликти көңтөрөбүз дейт эмеси! Кандай болсо да митинг уюштуруп жол тосуу адатын таштасак сонун болбойт беле… анын зыяны ошол эле жол тозгондордун өзүнө да тийип жатпайбы!
Коррупцияга каршы күрөш солгундап кетти деп жогортон бери айтып келдик. Ошол коррупцияга болгон күрөш менен кошо кылмыштуулукка каршы күрөш дагы солгундагандай түрү бар. Ошонун айынан милийсаларыбыз атылып жатат! Ички иштер министри Абдылда Суранчиевди эс алдыруу керек экендигин баары эле айтып жатат. Кадр табылбай калса го бир жөн, ал эми кадр дегениң Бакыт Жусубалиев, Мелис Турганбаев ж.б. дагы беш-алты ысым менен уланып дапдаана эле болуп турбайбы. "Мен эс алайын" деп Суранчиев мырза өзү эле айтпайбы да…
Мына, жаз дагы келип калды. Далай окуялар болот. Ошондо милийсанын иш түйшүгү күчөйт. Дал ошол иште кыраан, курч жетекчилер керек. Президент ал жөнүндө ойлонуп жатса керек деген үмүт да бар көп адамда…

Баратбай Аракеев









Пикир:

Яндекс.Метрика