Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Мырзакат ИМАНАЛИЕВ,
Улуттук физиатрия борборунда уюштуруу иштери боюнча координатор, врач-педиатр:
"Кургак учук - инфекциялык оору"

- Кургак учук адам баласынын жашоосуна канчалык деңгээлде коркунуч алып келет?

- Кургак учук өзү инфекциялык оору болгондуктан ар кандай учурда оору жугуп калат деген коркунуч бар. Адамдардын топтолушкан тобунун ичинде ооруган адам болсо, айлана-чөйрөсүндөгү таза адамдарга коркунуч туудурат. Ошол үчүн бул ооруга чалдыккан адамдардын көбү биздин туугандарда жок эле, эч ким ооручу эмес деген суроолорду узатып келишет. Бирок ошол эле учурда биздин коомдо ооруган адамдардын саны көп болууда. Бир жылда республика боюнча бир жарым, эки миңдей адамдарыбыз ачык түрү менен ооруп келишет. Ошондуктан, кайсы жер болбосун оору менен кездешип калышыбыз толук мүмкүн. Ал эми кургак учуктун ачык жана жабык түрү деп айтып келебиз. Эгерде ооруган адам ооруканага канчалык бат кайрылса, ошончолук ага эрте жардам бергенге болот. Оору жаңы эле башталып, кургак учуктун таякчаларын тышка бөлүп чыгарбай ичке кармап турса, муну жабык түрү деп коебуз. Ал эми өпкө ооруп, тешилип, какырыктар чыга баштаган учур, микробдордун какырык менен сыртка чыгып, оорунун абада жайылышы кургак учуктун ачык түрүнө кирет. Бул аталыштар салыштырмалуу гана аталып калган деп эсептесек да болот.

- Кургак учук деген эмне?

- Кургак учук жугуштуу, инфекциялык оору. Ал ар бир адамдын каалаган органына кирип аны жабыркатат. Көпчүлүк учурда өпкөгө зыянын тийгизет, себеби аба аркылуу жуккандыктан дем алганда өпкөгө кирет. Өпкөдөн айырмаланып омуртка, сөөк жана муундарды да жабыркатат. Ар бирибиздин дене бөлүгүбүздө кандайдыр бир кемчилик болуп же ооруга дуушар болсо, кургак учук таякчалары ошол жактардан орун алып калыптанат. Дүйнө жүзүндө жыл сайын 8-10 млн адам кургак учук менен ооруса, анын 80%ы 15-50 жашка чейинкилер болуп катталып келет. Бул оорудан көз жумгандардын саны 2 млн. го жетет. Ал эми кургак учук менен ооруп, жылына көз жумган аялдардын саны 720 000ге жетет. Кургак учук ВИЧ СПИД менен бир организмде болуп калса, анда ал адам сөзсүз өлүмгө дуушар болмокчу. Кургак учукту башка оорулар сыяктуу эле айыктырса болот. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам жылына 10-15 адамга жугузат. Кургак учуктун таякчалары адам катуу сүйлөгөндө, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө аба аркылуу, башка адамдарга жугуп келет. Ал эми ошол таякчалар өпкөгө түшкөндө, эгер организм күчтүү болсо эч бир белги бербей жашап жүрө берет, качан гана бир жериң ооруп, организм начарлаганда гана ошол жакка кирип, өз ара көбөйүп, андан соң оору тууралуу белги бере баштайт.

- Кургак учук менен ооруп калганда биринчи кандай белгилер болот?

- Биринчи эле дене табы көтөрүлүп, эки жумадан ашыгыраак жөтөлүп, тердей баштайт. Убакыт өткөн сайын арыктап, кургак жөтөлгө айланып, какырык чыга баштайт. Ошол үчүн кеч калбастан дарыгерге кайрылуу зарыл.

- Акыркы убакта жаш балдар арасында кургак учук менен ооруп көз жумгандарга күбө болуп жүрөбүз, мунун себеби жана жаш балдар арасында ооругандардын санын кандай азайтсак болот?

- Ооба жаш балдар арасында кургак учук менен ооругандар акыркы жылдары көбөйүп, ал гана эмес көз жуумп жатышат, бул сөзсүз түрдө өтө кейиштүү. Акыркы беш жылды ала турган болсок, айыл жергесинде жашаган мекендештерибиз башка мамлекеттерге иштеп келүүгө жөнөшүүдө. Үй-бүлөсүн, бала-бакырасын кароосуз таштап кетип жатышат. Карыган чоң энеси менен чоң атасы неберелерин бакмак турсун, өздөрү багууга түшүп турган кездери. Бир күнү курсагы ток, бир күнү курсагы ачка балдарыбыз, ар кандай адамдар менен жолугуп, өзү тең курактуу балдар менен ойноп жүргөндө эле жугузуп алуулары толук мүмкүн. Ал эми ооруган балдардын санын азайтуу үчүн тек гана дарыгерлер эмес, ата-эне да болгон күчүн жумшоосу керек. Үйдө атасы же энеси ооруганда жаш баланын өздүк тазалыгын сактап, аны дагы кандай жолдор менен сактоого болот деп доктурлардан кеңеш алуусу зарыл. Кээ бир ата-энелер балдарын эркелетип жатабыз деп оозунан, мурдунан өпкөн учурлар кездешип келет, бул туура эмес. Ал эми доктурлардын жумушу ооруган үй-бүлөнү көзөмөлгө алып, дарылап туруу.

- Өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооруган жаштарыбыз көп кездешип келет, муну кандай түшүндүрөсүз?

- Жаштардын режими жок, ошол себептен болушу мүмкүн. Эртең менен жумушка кеткен бойдон кечинде кезээрип келип үйдөн чай ичсе ичти, ичпесе жок жатып алышат. Муну биринчи себеп деп карасак, экинчи себеби болуп, шаарда турган жаштарыбыздын дээрлик бардыгы батирлеп, көрүнгөн жерлерде жашап келишет. Базарга барсак, араба түрткөндөрдүн көбү жаш балдар. Күнүнө канчалаган тонна жүктөрдү көтөрүп жатышат, аягы барып организм чыдабай калат. Дагы бир себеби деп, жаштардын башаламан жашоого өтүп кеткенинде, оор шартта, жакшы тамактанбаганда адам баласынын организми начарлап, бат жабыркоого дуушар болот.

- Кургак учукка каршы 40-50 жылдарда ойлонуп табылган дарылар менен бүгүнкү күнгө чейин дарылап келе жатабыз, акыркы убактарда медицинада жаңы ойлонуп, табуулар болуп жатабы?

- Кийинки убактарда бир-эки дарыны дүйнөлүк масштабда ойлонуп табууга аракеттер жасалып жатат. Акыркы убактарда алар текшерилүүдө.

- Бул оору менен ооруган адам, экинчи жолу оорушу мүмкүнбү жана экинчи жолкусунда кандай көтөрө алат?

- Бир ооруган адам экинчи, үчүнчү жолу ооруп калышы мүмкүн. Эгер ооруп айыккан адам режимин жакшылап сактабай, ооруган адам менен бат-баттан кезиге берсе, сөзсүз түрдө ооруйт. Айрым адамдар болот, бир ооруп айыккандан кийин организми жаңырып, жакшы иштеп кетүүсү мүмкүн. Бирок көпчүлүк учурда экинчи дарылануу оорураак болуп калат. Анткени биринчиге салыштырмалуу дары көбүрөөк, кошумчаланып берилет, организм да начарлап калгандан кийин анын кабыл алуусу да начарлайт.

- Кургак учук таякчалары кайсы мезгилде күчүнө кирип турган болот?

- Таякчалар мезгилге карабайт. Биз кыш мезгилинде көп болот деп коебуз, анткени суук мезгилде сасык тумоо бат-баттан болгондуктан, кышында ооруйт деген түшүнүк бар, бирок андай эмес. Биздин какырык менен чыккан вирус кыш мезгили болсо, тоңгон түрүндө 10 айга чейин, сууда 150 күн, тамак-ашта май менен сүткө түшүп кете турган болсо 10 ай, сырда 19 айга чукул, ал эми тоңгон этте 1 жылга жакын, бөлмө температурасында караңгы болсо 4 ай жашайт. Вирусту күндүн нуру менен 1,5 саатта, УФ нуру менен 2-3 мүнөттө, кайната турган болсок 5 мүнөттө, кургата турган болсок 25 мүнөттө, хлор менен тазалай турган болсок 5 саатта өлтүрсө болот. Ошол үчүн үйдүн ичин таза аба менен желдетип, терезелерди ачып, күндүн нуру түшкүдөй кылышыбыз керек.

- Республика боюнча кургак учук ооруларын караган канча оорукана менен ФАПтар бар?

- Бүгүнкү күндө ар бир райондордо кургак учукка атайын кабинеттер бар. Областтык деңгээлде областтык борборлор, республикалык деңгээлде төрт республикалык борбор жана улуттук физиатрия борбору иштейт. 3 000 орунга жакын оорукана болсо, 250нүн тегерегинде адистер иштеп келет.
Маектешкен
Гүлнар ЖОЛОЧИЕВА







Пикир:

Яндекс.Метрика