Тыныбек Кадыров, Ооган ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасынын орун басары:
"40 КАМАЗ жарылып, күйүп жаткан жерден, эки кыргызды алып келип..."
- Мен Ооганстанга 1985-жылы күзүндө Новосибирск шаарында ЖОЖдо 2-курста окуп жүргөн кезде: "20А" деген команда менен кеткем. Кыргыздардан бешөөбүз эле. Бирок жанымдагы төртөө мага карганда арык жана кичирээк эле, ошондон уламбы, айтор аларды башка командага кошуп жиберди. Ал эми менин боюм 170см. Салмагым 70 кг. болчу. Ошондуктан мага: " Германияга Аба десантына барасың",-дешти. Бирок вокзалга келгенде, Германия тарапка эмес, Ташкент тарап Ашхабаддын 13-шаарчасына (Ирандын чек арасына жакын жерге) алып келишти. Көрсө, бизди алдап коюшуптур. Ашхабадда 6 ай машыгуудан өтүп, "Командир градка" даярдашты. Ал жерде кыргыз балдардан 10го жакын болчу. Андан кийин Кабулга алып барып, 1 ай жергиликтүү элдин салт-санаасына ж.б. үйрөтүштү. 1 айдан кийин Саланг деген атактуу ашуусунун түшө бериши жактагы Джабалусарас деген жерде кызматтык мөөнөтүм аяктаганча болдум. Биринчи, эки айга жакын убакыт "Командир граддын" (аскер машинесинин үстүндө орнотулган катюша) "наводчиги" болдум, андан кийин атайы текшерүүдөн кийин, "Командир машине" кылышты. Биздики рота эмес, №2- Огневой взвод 4-реактивний батарея деп аталчу. Ошондо бир "батареяда" 3 машина болсо, ар бир машинада командир менен 7-8 адам болот. Бир градга 40 снаряд батат. Атканда алыстыгы 21, тоо шартында 23 чакырымга чейин жетет.
Негизи, "Командир граддарды" Ооганстандын согуш жүрүп жаткан ар бир шаарларына, айрым айылдарына чейин бөлүп-бөлүп коюп коюшкан. Биз болсо Джабалусараста полкту көзөмөлдөп кайтарып турдук. Көбүнчө, Чарикар (Бишкектен үч-төрт эсе чоңдуктагы жапжашыл бак -дарактуу жер, бирок бактардын узундугу бир метрдей эле), өзөнүндө болдук. Ал, "жашыл өзөнгө" совет жоокерлери кире алган эмес, анткени ал өзөн моджахеддердин ээлеп алган жери болчу. Бизди ал "жашыл өзөндө" жашынган душмандар дайыма атып, ар кандай ыкмада кол салып турушчу. Биз ошол кооптуу аймакта Град менен атып турчубуз. Ошол 1986-жылы моджахеддер Европанын, АКШнын колдоолорунун негизинде абдан жакшы куралданышып, бизди "реактивный снаряддар" менен аткылашчу.
1986-жылы, жаңылбасам 13-февраль күнү биз турган жерде чоң окуя болуп кетти. Ошол кезде бир канча убакытка согуш токтоп турган. Себеби, атактуу Ахмад Шах Масуд менен элдешүү жүргөн эле. Биздин жаныбызга Пулихумур деген шаардан керосин ташып келаткан 40тан ашык КАМАЗ (10-41 деген колонна болчу) токтоп калды. Ар бир камазда экиден-үчтөн болгондо, алар жалпысынан 100дөн ашык болсо керек. Башка жерге токтошсо, душмандар аны атып салышы мүмкүн эле. Биз болсо, аларды кайтарып турдук. Мен ал кезде командир взводдун орун басары болчумун. Кечинде жоокерлерге "кечки текшерүү" өткөрүп жатсам, жаныбыздан эле бир нерсенин катуу жарылган үнү угулуп калды. "Аткылоо" башталды деп кыйкырып калышты. Андайда биздин биринчи милдет, тез аранын ичинде машинеге жетип, градды атканга даярдоо. Баарыбыз чуру-чуу түшүп сыртка чуркап чыксак, душмандар баягы "жашыл өзөндөн" снаряддар менен тынымсыз аткылап жатышыптыр. Карасак, биздин "каптёркабыз", дааратканабыз күйүп жатат. Биз согуш токтоп, элдешүү саясаты жүрүп жатса, бул эмнеси деп маңыроо болуп эч нерсеге түшүнбөй калдык. Туш-тараптан жарылуулар күчөп, алоолонгон от асманга чыкты. Тим эле, 1941-жылкы согуштагыдай болуп кетти. Чуркап машинага жете бергенде эки-үч снаряд учуп келип, баягы тизилип турган 40тан ашык КАМАЗдардын так ортосуна түштү. Жарылуу биринен - бирине өтүп, айлананы дароо кызыл жалын менен кара түтүн каптады. Биз турган жерге КАМАЗдардын тетиктери, дөңгөлөктөрү учуп баштады. Кыйкырып-өкүрүп, ар кайсы жерге чуркашып, жанын сактаганга жанталашкан эле кишилер... Кыскасы, май ташыган 40 КАМАЗдын өрттөнгөнүн карап көр. Ошол окуяны бирөөлөр сүрөткө тартып алган экен, ошол сүрөт менде да бар.
Биз машинелербизге тездик менен олтура калып, снаряддар учуп чыгып жаткан жерди аткылап, акыры жок кылдык окшойт, айтор биз тарапты аткылабай калышты. Биздин жоокерлерден эч ким курман болгон жок. Ал эми КАМАЗдардын бир канча айдоочулары каза болду. Карап турсак, бир маалда бир айдоочу өрттөнүп жаткан КАМАЗды айдап качып, бир нече метрге жеткенде айдоочу карга секирди. Көрсө, ал КАМАЗ ысып, жетчү жерине жетип калса керек, айдоочу секиргенден кийин 10-15 метр жүрүп барып эле, тарс жарылып, күлү көккө сапырылды.
Мен колоннага барып: "Эй, Кыргызстандан барбы?" -деп кыйкырдым. Бир убакта: "Бар" деген үн чыкты. Ошол жалында калган эки кыргыз айдоочу бала бар экен. Анын бирөөсү Казыбек деген жигит эле, азыр Аламүдүн ИИБсинде иштейт. Чини майор. Экинчиси Токмокто жашайт. Мен экөөнү тең алып келип, курсагын тойгуздум. Кийимдери да жок, жылаңайлак жүрүшөт, кийим да бердим. Автоматтары да күйүп кетиптир. Ошондо бизди көргөн башка улуттун жоокерлери: "Кыргыздар жаман ынтымактуусуңар да",-деп абдан таң калышкан. Мен взводдун командиринин орун басары болчумун. Ал кезде менин ошентип кийим кийгизип, курсактарын тойгузганга кудуретим жетип, болуп турган кезим болчу...