Экс - мэрден эстелик
Өткөн жылдын 4 - декабрында иш козголуп иштен айдалган Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов кетээр алдында чуулгандуу токтом токуп ийгенге үлгүргөнү ачыкка чыкты. Бишкектеги жер тилкелерин бөлүштүрүү иши менен буга чейин Муниципиалдык менчик боюнча башкармалык алек болуп келсе, Иса Өмүркуловдун 3-декабрдагы токтому менен бул милдет шаардык акимиаттарга жүктөлгөн. Экс-мэр шаардык кеңештеги депутаттар менен кеңешип койбогондугу дагы билинди. Бул жашыруун токтому менен Иса Өмүркулов акимдер аркылуу Бишкектеги далай жердин "даамын татайын" десе керек. Бирок Иса Шейшенкулович ал күндүн эртеси экс-мэр аталып, иши чаташып калаары түк оюна келбесе керек. Баса, Башкы прокуратура экс-мэрдин кылмыш иши эки айдан бери эмне болгонун элге кабарлап койсо болмок...


Анарбекти иштен айдаш керек!
ЖК депутаты Урмат Аманбаева өткөн жумаларда айрым кемчонтой чиновник сымалдардын оозунан чыккан кейиштүү кепти айтып берди.
- Мен Алмазбек Атамбаев тууралуу жаман айткым келбейт. Бирок анын парламенттеги атайын өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов мамлекеттик тилге оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды кароодо кыргыз тилине каршы сөз айтты. Ал "Бизге кыргыз тилинин эмне кереги бар, бизге кайсы тилде сүйлөсө дагы сабаттуу кадрлар керек" - деди.
Урмат Аманбаеванын укканы анык болсо, Исмаиловдун ошол ириген сөзү чындык болсо, кыргыз тилин жээриген андай сабатсыз кадрларды токтоосуз иштен айдаш керек. Эне - тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытмак беле?

Иш кылбай эле, иштен алуу менен алек
Бакыт Аманбаевдин Акыйкатчылыкка отурганына алты айдан ашык убакыт өтсө дагы алгылыктуу ишин алигиче көрө элекпиз. Акыйкатчы Аманбаев иш кылбай эле, эски кадрларды иштен алуу менен алек болуп жатканын экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун айтып чыкты. "Ал жакта кадрдык тазалоо иштери менен эле алек. Аппарат башчысы баш болгон бир катар тажрыйбалуу, мыкты кызматкерлерди иштен кетирди. Бул гегемон өзүнүн адамдарын топтоп атат. Акыйкатчылыктын милдети менен анча тааныш эмес" - дейт экс-акыйкатчы.


Москвалап жүрүп мандатсыз калды
Эки жыл мурун Москвага кеткен бойдон кайрылып келбеген ЖК депутаты Нурлан Сулаймановдун мандаты алынды. Мындай чечимин БШКдагылар "Нурлан Сулайманов Жогорку Кеңештин 30 жолку сессиясына катышкан жок" - деп түшүндүрдү. Транспорт министри болуп турганда казынага кол салган деп айыпталып жаткан Нурлан Сулайманов калбыры чын калың беле, азырынча Кыргызстанга кайтып келүүгө ашыкпай турат.


Үч тамга үш алмайды баштадыбы?
Өткөн аптанын акырында Улуттук коопсуздук кызматынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгы белгилүү журналист Эрнис Кыязов жетекчилик кылган ОшТв теле каналына "конокко" барып, түшүнүк кат жаздырып, "тизгинди тарткыла" маанисин туюнтуп, тинтүү да жүргүзүп кетиптир. "Аймактар аралык араздашууга жол бергендиги үчүн" - деп телеканалга карата кылмыш ишин да козгоптур. Албетте ОшТВдагы кесиптештерибизди кейиткен бул окуянын ак карасы акырындап ачыкка чыгат деңизчи, бирок демократия деми менен жашап жатканыбызда УКМКнын мындай эски ыкмага ыктаганын элибиз колдобойт.


Чек арачылардын чекилиги...
Өткөн жумада ЖК депутаттары жабык эшик артында чек арадагы чатактарды талкуулашты. Жабык деген аты эле болбосо, депутаттарың улам кирип чыгып, эмне кеп болуп жатканын журналисттерге кенен айтып берип атышты. Алардын бири Абдумиталип Кочкорбаев "Кыргыз-кытай чек арасында жок кылынган белгисиз адамдар менен биздин чек арачылар тааныш болушу мүмкүн. Мыйзамсыз бул өтмөк мурдатан эле бар болушу керек. Мунусунда бир нерсени талашып, ортолорунда конфликт болгон сыяктуу. Артын тазалаш үчүн баарынын көзүн талашкан окшойт" - дейт. Абдумиталип мырзанын айтканы чындыкка жакындай, себеби жанкечти боевик делингендердин жанында болгону бычак, мергенчи Барыкинден тартып алган бир мылтык гана бар болчу. Кепини деп атышкан ак кездемелер карга жашынып калууга керектелгендир. Айтор суроо көп, чек арачылар куралсыз "боевиктерден" жок дегенде бирөөнү аман калтырбаганы күмөнүбүздү күчөтүп туру.


Ала-Тоону ак жүрөктөр араласын!
Кыргызстанда мамлекетке караганда эл бай. Миллиондоп эмес, миллиарддап акча уучтаган мекендештерибиздин саны бир топ. Албетте арасында ал акчаны адал эмгеги менен тапкандар бар, арам жолго баскандары бар дегендей. Айтор кабат-кабат үйлөрдү катары менен салып коюп, бала чакасы эмес, небере, чөбөрөсүнө чейин жеткидей каражат камдап койгон капчыктуулар үчүн атайын "Ак Жүрөк" сыйлыгы уюштурулду. Акчасын кайда катаарын же чачаарын билбей калгандарды меценаттык ишке үгүттөгөн бул жакшы саамалыкты "Айкөлдүк" деген кайрымдуулук фонду баштап бериптир.


Азикеден ажого ачык кат
Айтылуу Азимбек Бекназаров Атамбаевге ачык кат жазыптыр. Анда чуусу бүтпөгөн Кумтөрдүн айланасында алгылыктуу ойлорун айтып келип, азыркы Өкмөттү толугу менен отставкага айдалышын дагы талап кылыптыр:
- Отставкага кеткен Ж.Сатыбалдиевдин Өкмөтүнүн ордуна Кыргыз Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүүнү бизге - Саруу айылында старт алган оппозициялык маанайдагы кыймылга Жогорку Кеңеш аркылуу тапшырыңыз - дейт.
Азимбек Анаркулович айткан оппозициялык маанайдагы кыймылда кимдер бар? Азимбек мырза өзү бар, Равшан Жээнбеков, Рамазан Дырылдаев, Садыр Жапаров ж.б. саясатта саргарып бүткөндөр менен креслону зарыгып күткөндөр бар. Жантөрө Жолдошевич башкарган азыркы Өкмөттүн кетишин каалаган эл, Азимбек Анаркулович баштагандардын Өкмөткө келишин андан беш бетер каалабайт. Кызмат деп жүрүп Кыргызстаныбызды кыйратып алышпаса болду...