Динара Муканбаева,
Абактагылардын укук коргоо комитетинин төрайымы:
"Абактардын жетекчилигинде акча талап кылуу фактылар катталып турат"
- Динара айым, амнистияны кабыл алуу менен кандай пайда жана зыян тартышыбыз мүмкүн?

- Өткөн жылдын 10-декабрында амнистия боюнча мыйзамды депутаттар төртүнчү окууда кабыл алып, президентибиз ушул жылдын 27-январда кол койду. Амнистия биздин абакта жаткан жарандарыбызга абдан керектүү нерсе болчу. Анткени бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 17 миңден ашык адамдарыбыз абакта жатышат. Эки жарым жылдан бери амнистия боло элек болчу. Бирок бул амнистияга 2011-жылкыга караганда, абакта жаткан адамдарыбыздын көбү илинбей калышы мүмкүн болуп турат. Анткени кээ бир мыйзамдарыбыз оордотулду. Мында коррупция тууралуу да мыйзамды киргиздик.

- Ошондо коррупция менен камалгандарга амнистия колдонулбайт экен да?

- Жок колдонулбайт. Коррупция, өмүр бою жана оор статьялар менен кесилгендерге колдонулбайт. Амнистия - беш жылга чейинки мөөнөткө камалгандарга, биринчи жолу соттолуп жаткандарга автоматтык түрдө колдонулат. Аялдарга болсо 55 жаштан, ал эми эркетерге 60 жаштан өйдө карып калган адамдарга колдонулат.
Эми бул амнистияны колдонуу мөөнөтү мурунку амнистияларга караганда узартылыптыр. Мурунку мыйзамда үч айдын ичинде аткарыла турган болсо, бул амнистиянын мөөнөтүн алты айга созуп коюптур. Буга түшүнсө болот. Анткени эки жарым жылдан бери амнистия болбогондон улам, абактагы адамдар көбөйүп кетти. Мамлекет, көзөмөл органы ар бир ишти карап чыгып, кылдат иштөөсү кажет. Бирок бизде, башкача айтканда атайын прокуратурада беш-алты прокурор болсо, абактагылардын саны 17 миңге жетип отурат. Аларды карап чыгыш үчүн күнү-түнү иштегенге туура келет. Ошондон улам алты айга созулуп кетет. Бирок бир жагынан карасак, алты айга созулганы менен коррупцияга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Анткени бүгүнкү күндө амнистия чыккан деген маалыматтардан улам, абактагылар кубанып, ошол күндү күтүп отурушат. Администрациядан сөзсүз түрдө коррупциялык системалар катталмакчы. Себеби биринчи катарга кимди коет, ким биринчи эркиндикке чыгат деген маселе бар. Демек, биринчи чыгам дегендер акчаларын берип катарга тура башташат. Алты ай аралыгында ошого жол берилип калып жатат.

- Негизи амнистияга кимдер биринчи чыгышы керек?

- Абакта өзүн тынч, жакшы алып жүрсө, ар кандай мушташ, чыр-чатактардан алыс болуп, туура жолго түшүп, мындан ары оңолом деген адамдар биринчи чыкмакчы. Андан соң үй-бүлөлү, балдары жаш, жана женил беренелер менен камалгандар эске алынат. Бизде баарыбызга малым болгондой эле акчасы барлар биринчи чыгып кетет. Бул туура эмес. Ачыгын эле айта кетейин, бүгүнкү күндө абактардын жетекчилигинде акча талап кылуу фактылары көп катталып келет. Абактагылар менен жолуканы барсаң, баары эле мага амнистия колдонулган жок дешет. Териштире келсең, кээ бирөөлөрдү байкабай калган болот, кээ бирөөлөргө чындыгында колдонулган эмес болот. Ошондон улам башпрокуратурадан суранып өтөт элем, мүмкүн болушунча коррупциялык системаларга жол бербей, баарына тең карап, таза иштесек деп.

- Амнистия акыркы эки жылдан бери колдонулбай калган дедиңиз, себеби эмнеде?

- Акыркы жолу амнистия 2010-2011-жылдары убактылу өкмөт иштеп турганда болгон эле. Роза Отунбаева президент кезинде бир эмес, эки жолу амнистияга уруксат чыгарып берген. Алмазбек Атамбаев президент болуп келгенден бери биринчи жолу амнистияга уруксаат берди. Менин оюмча, бул ар бир презиндентибиздин иш-аракеттери жана өзүнүн жүргүзгөн саясаты. Бирок акыркы 2011-жылкы амнистияга караганда, бул амнистияда бир кыйла айырмачылык бар. Анткени көп беренелер боюнча, тактап айтканда өтө оор кылмыш кылгандар амнистияга илинбей калышат.

- Сиздин оюңуз боюнча амнистия канча жылда бир болуп туруусу зарыл?

- Азыркы биздин беренелерибиз оордотулуп жатат. Мына быйыл өспүрүмдөргө зомбулук көргөзгөндөргө, коррупция менен түшкөндөргө беренелер бир кыйла оорлотулду. Ушундай оор беренелер болуп жаткандан кийин амнистияны эки жылда бир, бат-баттан кылып турушса жакшы болмок деп ойлойм. Анткени абактагы адамдарды багууда өкмөткө да, өзүбүзгө да каражат жагынан жеңилдик болмок. Мисалы, бир жылда жалпылап караганда абактагыларга кеткен акчанын эсеби 2 миллиард сомду түзмөт экен. Жеңилдетүүнү эки жылда бир кылса жакшы болмок дегеним ошондон. Албетте, кылмыштын оор, жеңилдигине караш керек. Мисалы бир тоок, бир мүшөк картошка кылмыштын жеңил түрү менен соттоп, түрмөгө тыгып койгон учурлар арбын. Өткөндө бир учур болду, көлдүк бала шаарга келип батирде жашап жүрүп, эки мүшөк картошка уурдаган деп СИЗОго тыгып коюшкан. Ушул балдарды камабай эле коомдук жумуштарда иштетип коюшса деле болмок. Бул мыйзам бүгүнкү күндө бизде бар. Бирок биздин соттор аны колдонбостон, мөөнөт берип, камап жатышат. Ал жактагы адамдардын баарынын кылмышы ар түрдү болгону менен баары бир жерде жатып, бирдей тамактанып, бирдей жумуш кылып жүрүшөт. Бул туура эмес.
Гүлнар ЖОЛОЧИЕВА






Куудулдардын атынан бата
Сочи шаарында өтчү 22-кышкы Олимпиадага Кыргызстандан жалгыз спортчу Дмитрий Трелевскийге Кыргызстандагы жалпы куудулдардын атынан ак бата. Айланайын Трелевский уулум аман барып, аман кел. Мойнуңа алтын, күмүш, коло медалдардан тагынып кел, жок дегенде ондуктун тизмесине илинип келсең. Кыргызстан үчүн чоң жеңиш! Кыргызстандын атынан жалгыз бара жаткандан кийин болгон күчүңдү жумшап тырмалаңдай көр. Сенин тегереңде коштоп жандап бараткандарга таң калам. Намысы жактан кантип уялбай баратышат. Анан дагы беттерин тултуйтушуп сени менен ачылышка чыгып басышат да. Жеке мен Олимпиаданын ачылышын аябай чыдамсыздык менен күттүм эле, бирок уялып көргүм келбей турат. Кайсы бир кышкы Олимпиаданын ачылышында, бир негир жигит өмүрү каар көрбөгөн, кыш эмне экенин билбеген, бирок намысы бар жигит экен бөлөк мамлекетке барып бутуна лыжа байлап төрт жыл машыгып, анан ачылышта өлкөсүнүн желегин желбиретип жалгыз өзү күлүп, бийлеп басты эле. Ошону көрүп алда байкуш азамат дедик эле. Ошол байкуш эми биз болуп турабыз. Тообуз кышында тизеден каарыбыз, өзөндүн баары муз болуп туруп лыжа, гана, коньки тебе албай турганыбыз өтө уят иш. Спортту башкарган чиновниктер аман эле болгула. Деги эмне иш кыласыңар билбейм баш жетпейт. Спортко бөлүнгөн акчаны бөлө жеп, шапар тепкенден бөлөк ишиңер жок окшойт. Кышкы Олимпиада Сочиде өтөрү 4-5 жыл мурун эле билинбеди беле. Ушул жылдары Тянь-Шань аюуларынан 7-8 ди Индиядан прокатка 10-15 маймылдарды алып келип бутарына лыжа, коньки байлап машыктырсаңар, азыр керекке жарап бермек. Банан, мандарин, бал, сабиз, эт-сетин кенен берип. Ай ким билет аларга бөлүнгөн тамак-аштын баарын өзүңөр кемирип алып аларды ачкадан өлтүрөт белеңер.
Эгер ошондой болгондо ачылышта Трелевский уулубузду тигилер коштоп чыкканда бөлөктөрдүн оозу ачылып Кыргызстан дүйнөгө дүңк этмек. Анан да коштоп бараткандардын жарымы мамлекеттин эсебинен, жарымы өз эсебинен, баратат дешип элди сооротуп коюшат. Эми айланайын Дмитрий Трелевский уулум Кыргызстандын атынан бараткандан кийин Манас бабаңдын арбагы колдосун. Быйыл жылкы жылы Ак кула, Тай торулар сени коштоп, жандап жеңиш менен алып келсин.
Келдибек НИЯЗОВ