Коңгуроо...
Тажикстан Кыргызстанга кыр көрсөтүү саясатын күчөтүп жатабы?
Кыргыз-тажик чек арасында 11-январда болгон окуянын терс таасири али күнчө сакталып турганын жашырууга болбойт. Тажикстан күнөө толугу менен өздөрүнөн кеткен болсо да, аны четке кагып койду. Ал эми Кыргызстандын: "Тажикстандан талкаланган буюмдарга, жарадар болгон чек ара кызматкерлерине компенсация төлөтөбүз" деген талабы абада калкыган бойдон калды, анткени тажик тарап ал маселе боюнча эч кандай жооп берген жок. Тескерисинче, Тажикстан тетири ишке бет алганын туюнтуп, Баткен менен чектешкен аймактарына (өзгөчө чыр орун алган жерге) кошумча куралдуу күч топтоо аракетин күчөткөн. Биздин бийлик да, "сактыкта кордук жок" дегендей, Баткендеги чек арачыларга кошумача күч кошуп, кырдаалга байкоо салып турду.
Мындан аз күн мурун расмий бийлик: "Баткендеги кыргыз-тажик тараптын кошумча топтолгон күчтөрү артка кайтарылды" деген маалымат тараткан. Бирок, буга улай эле коомчулукту кооптондурган маалыматты Россиянын "РИА-Новости" агенттиги биринчилерден болуп таратканга үлгүрдү. Ал маалыматта кыргыз-тажик мамилелери курч сынга алынып, эки тарап тең чек арага куралдуу күч топтоп жатышканы айтылат. Ошондой эле: "Тажикстандын ИИМинин жооптуу кызматтарын ээлеген, тажик элинин белгилүү генералдарынын бири Мухамадшо Искандаров кыргыз чек арасына жакын Исфарада 150дөй куралдуу тобу менен, (аскер кийими менен эмес, граждандык кийим менен) жүрөт"-деген "ысык" кабар айтылат. Тажик генералынын кырдаалды көзөмөлдөп жүрүшү кадыресе көрүнүш деңизчи, бирок кыргыз-тажик ЖМКларынан мурда оозунуп Россиянын РИАсы Искандаровдун кыргыз -тажик чек арасында бекеринен жүрбөгөнүн кеп кылганына караганда, бул маселеге биздин бийлик олутту көңүл бурушу абзел. Ал ортодо Жамаатык коопсуздук келишим уюмунун жетекчиси Николай Бордюжа алгач Дүйшөмбүгө, андан соң Бишкекке келип, эки өлкөнүн президенттери менен жолугуп, чек арадагы келишпестиктер боюнча сүйлөшүп кетти.

Генерал Искандаров деген ким?
Бул адамдын өмүр-таржымалы чулгандуу окуяларга бай. Ал Тажикстандан тышкары, Ооганстан жана Өзбекстанда талаа командири катары таанылган. Тажикстандын узакка созулган жарандык согушунда радикалдуу оппозициячыл катары оозго алынган. Тактап айтканда, ошол кездеги бийлик менен келише албаган Мулло Абдуллонун жакын санаалаштарынын бири болуп, азыркы бийликке каршы согушкан. 1998-жылы жарандык согуш басылгандан тарта, бийлик менен келишим түзүп, Тажикстандын жооптуу кызматында иштеп баштаган. Кийинчерээк жарандык согушта тажик бийлиги менен келише албаган дагы бир белгилүү тажик оппозиционери Мухмуд Худойбердиевге жана М. Абдуллого каршы чабуул жүргүзгөн топту жетектеген. 1999-жылы Баткен окуясында моджахеддерге туткунга түшкөндөрдү бошотууга катышкандыгы тууралуу да маалыматтар айтылат. Ал 2010-жылы Тажикстандын Хорог шаарындагы атайын текшерүүдө 30дай жоокери менен тынч жашоочулардын үйүнө кирип алып, баалуу буюмдарды уурдагандыгы боюнча да айыпталып, натыйжада 1000 доллар айып төлөп кутулуп чыккан.
2011-жылдан тарта Тажикстандын ИИМинин ар кандай жооптуу кызматтарында иштеп келет. Тажик бийлиги бул генералды "кризистик генерал" катары колдонуп, чыр-чатак чыккан жерлерге көзөмөлгө коюп келет. Бул жолку кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда да Искандаровдун минтип жылдызы жанып тургансыйт. Анын Исфарада куралдуу топ менен жүрүшүн эксперттер такыр башка кооптуу жагдайларга жоруп жибергенге да үлгүрүштү. Мисалы, андай божомолдордун бири мындай: "Тажикстан тарап Искандаровдун колу менен Кыргызстанга Өзбекстан Ислам Кыймылынын экстремисттик топту Баткен аркылуу Кыргызстанга киргизүү саясатын ишке ашырышы толук мүмкүн." Анткени, Искандаров ӨИК менен байланышы бар деген маалыматтар да бар. Адистердин мындай пикирин да эске алуу зарыл. Себеби, бул кеп да бекер жерден айтылбаса керек. Кокус ӨИК Баткенге кирип келсе, 1999-жылдагыдай Баткен окуясы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, кыргыз бийлиги мындай кооптуу маалыматтарды алдын-алып сак болушу зарыл.

Айбек Шамшыкеев




Талкуудан тактык жаралат
Ошол эле күнү жыйында жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыздоону ошол университеттин жетекчилерине жүктөөгө багытталган мыйзам долбоору бир топ талаш-тартышты жаратты. Демилгечи депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ЖОЖдор ортосунда атаандаштык түзүлүп, сапаттуу кадрларга суроо-талаптын күчөшү жолго коюлат деген максатта мыйзам долбоору даярдалган. Долбоордо жогорку окуу жайларды бүтүргөндөрдүн 30% жумушка орношпосо ошол ЖОЖдун лицензиясын кайра кароо жолу аркылуу жогорку окуу жайларга жана ректорлорго жоопкерчилик жүктөө максаты белгиленген. Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин корутундусуна ылайык, ЖОЖдордун лицензияларды кайра кароо "КР лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзамга шайкеш келиши керек. Ал соттун чечими боюнча лицензияларды чакыртып алууну карайт. Лицензиялоо, тесттен өткөрүү, аккредитация институттары аркылуу мамлекет билим берүүнүн сапатына кепилдик берет. Билим берүү уюмдарын лицензиялоо Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат. Ушул сындуу негиздемелер менен тармактык комитетте сунушталган мыйзам долбоору четке кагуу боюнча корутунду чыккан. Талкууда депутаттардын ортосунда кайчы пикирлер айтылды. Комитеттин корутундусун Билим берүү министрлиги да колдоого алды. Депутат Наталья Никитенко сапатсыз билим берген ЖОЖдордун лицензиясын чакыртып алуу көз карандысыз аккредитациялык институт киргизилип жаткан мыйзам долбоорунда камтылганын белгиледи. Дагы бир эл өкүлү Эристина Кочкорова мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар деп, өз жүйөөлөрүн ортого салды. Эл өкүлдөрү Надира Нарматова, Тынчтык Шайназаров, Бөдөш Мамырова мыйзам долбоору кабыл алынса ЖОЖ жетекчилиги кимди кабыл алып, кандай адис даярдап чыгып жаткандыгы боюнча жоопкерчиликти сезет эле, ЖОЖдордогу коррупциялык иш-аракеттерге бөгөт коюуга көмөкчү болот эле деген пикирлерди айтып, мыйзам долбоорунун зарылдыгын белгилешти. Депутат Эсенгул Исаков мыйзам долбоорунун максаты туура болгону менен анын аткарылыш механизмдери эске алынбагандыгын айтты. Добуш берүүгө келгенде мыйзам долбоору депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок. Ал эми ЖКнын кечээги жыйыны жабык эшик артында өттү. Анда чек ара маселеси кеңири талкууланды.