Күн дүрбү:
Жер шары толкундоолорго толуп турат
…Илгерирээк жер шарында ядролук дүрмөттөрдү жок кылалы, анын кесепеттеринин алдын алалы деген маанидеги эл аралык келишимдер кабыл алынып,алардын аткарылышы ар тараптан көзөмөлгө алынып, көбүнэсе анын жыйынтыктары жемиштүү болуп турчу эле. Азыркы шартта да мындай демилге күчөтүлүүгө абдан муктаж. Кийинки кезде айрым мамлекеттерде жарыша куралдануу күчөп, ал адамзатынын азабына айланып, орду толгус жоготууларга алып келип жатат. Ушу кезде дүйнө жүзү курал-жарактардын не деген коркунучтуу арсеналына толуп турганын элестетип көрүңүзчү. Анын кыяматты жакындаткан кесепетинен адамзатын кудай өзү эле сактасын!

Сириядагы согуш качан басылат?

Дүйнө жүзүнүн тынчын алган Сириядагы согуш үч жылдан бери басылбай келет. Бул жарандык согушта үч миңден ашуун адам курман болуп, үч миллионго жакын адам өз өлкөсүн таштап тентип кетишкен. Алардын тарткан азап-тозокторун пенде башына салбасын. Анткен менен дүйнө жүзүндө, ар кайсы мамлекеттерде алоолоп турган согуш оттору адамзатынын азабы болуп калып жатат. Деги, жер бетинде согуш очоктору тыптыйпыл жок болуп, тынчтык орногон заман келер бекен?! Же адамзаты эзелтен келаткандай эле согушканын тынымсыз уланта береби?
Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр улантылып, кезектеги талкууда өлкөдө бийликти өткөрүп берүү маселеси курч коюулуп жатат. Өткөн дем алышта белгилерлик илгерилештер камсыз кылынды.Өткөн эки жыл боюу Хомсто курчоодо калгандардын арасынан аялдар менен балдарга шаардан чыгып кетүүгө уруксат бере тургандыгын өкмөт жарыя кылды.
Хомс шаарынын айрым кварталдарындагы курчоону алып салууга Сирия өкмөтүнүн макул болушу абалдын бир кыйла жеңилдешине алып келет. Көптөгөн адамдардын турмушу жакшы нукка түшөт. Бул туурасында Женевадагы сүйлөшүүнү жүргүзүүгө ортомчу болгондордун бири
Бириккен Улуттур Уюмунун өкүлү Лахдар Брахими кабарлады. Арадан көп өтпөй Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Файсал Муктад: "Козголоңчулар ок атышпоо шарттарын орундатса эле жардам көрсөтүү уюмдары Хомс шаарына кире берсе болот. Эгер Хомстогу жан кечтилер эски шаардан балдар менен аялдарды чыгарса биз аларга жолтоо болбойбуз. Аларга баш паана берип, дары-дармек менен камсыз кылабыз",-деп айтты.
Арийне, Сирия өкмөтү аялдар менен балдардан тышкары эркектер да чыккысы келсе эң алды аты-жөнүн бийликке билдириши керек деген талабын койду. Бул оппозицияны кабатырландырды. Анткен менен адамдардан Хомс шаарынан чыга турган болуп жатканы, узак убакыттан кийин курчоодогуларга жардам көрсөтүүгө жол ачылганы жетишкендик катары бааланып жатат. Мүмкүн Женева сүйлөшүүлөрү кырдаалды жакшы жагына кескин өзгөртүп жиберер деген үмүт бар.

Фельдмаршал Сиси Египетти эптейби?

Египет да элдик толкундоолорго, кагылышууларга толуп турган өлкө. Өткөн жылы эле бул мамлекетте исламчыл президент Мухамед Мурси аскердик төңкөрүш менен бийликтен кетирилген. Египеттин убктылуу президенти Адли Мансур өлкөдө президенттик шайлоо парламенттик шайлоого чейин өтө тургандыгын жарыя кылды. Бул мурдагы президент Мухамед Мурси генералдардын көтөрүлүшү менен бийликтен кеткенден кийин кабыл алынган "жол картасын" өзгөртүү максатын көздөйт. Анын шарттары боюнча парламенттик шайлоо президенттик шайлоону утурлай өтүшү керек болчу. Арийне, айдын башында өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы боюнча чечимди Адли Мансур өзү кабыл алмак.Бирок, ал президенттик шайлоонун мөөнөтү жөнүндө айткан жок. Бул Египет армиясынын башкы кол башчысы Абдел Фаттах Сиси президенттикке талапкерлигин коет дегенди билдирет деген ойлор айтылып жатат.
Президенттин милдетин аткаруучу жакында эле ага Египет армиясындагы эң жогорку аскердик наам болгон фельдмаршалдыкты ыйгарган. Египет Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы фельдмаршал Абду Фаттах Сисинин талапкерлигин презденттикке сунуштоого макул экендиктерин билдиришти. Ал өткөн жылы жайында демократиялык жол менен шайланган Мухамед Мурсини тактан кулаткан аскердик көңтөрүшкө башчылык кылган. Буйруса, президент болуп калышы ыктымал.
… Өткөн ишембиде мурдагы президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишинине байланыштуу өтө көрүлгөн жыйындарда чыккан кагылышууларда 49 адам курман болгон. 250 адам жарадар болгон. Полиция миңден ашык адамды камакка алган. Ар кайсы шаарлардагы манифестацияларга катышкандардын айрымдары учурдагы аскердик бийликке колдоо көрсөтүшсө, башкалары мурдагы исламчыл президент Мухамед Мурсини колдоп чыгышкан.

Жарандык согуштун жарындагы Украина

Бул өлкөдөгү кырдаал курчуган бойдон турат. Украинанын Жогорку Радасы кезектеги сессиясында митингдерди уюштурууга каршы мыйзамдарды жокко чыгарды. Ага Жогорку Раданын 412 депутатынын 361 депутаты өз добушун берди.
Кырдаалды жеңилдетүү максатында өлкөнүн премьер-министри Микола Азаровдун отставкага кетишин оппозициянын чыгааны Виталий Кличко болгону "жеңишке карай бир кадам" деп гана койду. Өткөн дем алыштагы сүйлөшүүлөрдө президент Янукович премьер-министрликти оппозициянын башчысы Арсений Яценюкка сунуш кылган, бирок ал баш тартып койгон. Оппозиция Януковичтин кызматтан кетишин, шайлоону эрте жарыялоону талап кылып жатат.
Украинада бийликке каршы нараазылык 2013-жылдын ноябрь айында Янукович Евробиримдик менен алака түзүүчү келишимдерге кол коюудан баш тарткандан кийин келип чыккан. Алгач Киевди гана солкулдатып турган нааразылык акциясы ушу кезде бүткүл өлкөнү каптап кетти.
Кечээ Киевге Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы өкүлү Кэтрин Эштон келди. Украинадагы кырдаал Брюсселде, Еврошаркет-Орусия саммитинде да талкууланууда. АКШнын вице-президенти Жо Байден Януковичти (телефон аркылуу) " өлкөдө өзгөчө абал киргизбөөгө, күч органдарын зордукчул опуза иштерден оолак болууга, оппозиция менен тил табышып кырдаалды оңоого чакырганы" айтылууда.
Жогорку Раданын атайын сессиясы бийликке каршы чыгууларда кармалган адамдарга мунапыс берүү маселесин талкуулады. Ошол жыйында өлкөнүн СССР тарагандан кийинки мурдагы алгачкы президенти Леонид Кравчук чыгып сүйлөп, мамлекет жарандык согуш коркунучуна кептелип турганын эскертип, анын алдын алуу үчүн шашылыш чара көрүү зарылдыгын айтты.

Меңдибек Асылбеков