Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Кандуу кармашта
Уйгурча да, кытайча да сүйлөп көрдүк
26-январь күнү областык борбордогу чек ара бөлүмүндө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференция өтүп, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызатынын төрагасынын орун басары, полковник Таалайбек УСУБАЛИЕВ журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

- Таалай Кадыркулович, Ак-Шыйракта болгон окуяга кандай баа бересиз?

- Мамлекеттик чек ара бүтүндөй кыргыз калкы үчүн ыйык. Чек ара коопсуздугу-малекеттин коопсуздугу. Жакында болгон Бикирттиктеги окуя бардыгыбыздын тынчыбызды алды. Ал кандай болгондугу элге жакшы белгилүү болуп калды. Мергенчилер коомунун төрагасы Александр Барыкин шектүү адамдардын чек арага кирип келгендиги жөнүндө биздин чек арачыларга билдиргенден кийин ал жакка кызмат өтөп жаткан Черикчиев барган. Бирок тилекке каршы, бул окуя мергенчи Барыкиндин трагедиялуу өлүмү менен аяктады... Оперативдүү изилдөө тобу мунун үстүндө дагы иш жүргүзүп жатат. Ал эми мен окуя болгон жерде кылмышкерлерди толук жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн операцияны колдойм.

- Чек араны бузуп өткөн адамдардын жок дегенде бирөөнү тирүү алып калууга болбойт беле?

- Азыр көп адамдар ушундай пикирди айтып жатышат. Сиздер түшүнүшүңүздөр керек, булар мамлекеттик чек араны бузуп өткөн кылмышкерлер. Эгер алар адамдын башын кыйып жатса, булардан эмне күтсө болот? Аларды эртең мененки саат 10.30да Барыкин баш болгон айрым адамдар биринчи болуп көрүшкөн. Алар менен18.30га чейин сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кылмышка шектүүлөр өз ыктыяры менен колго түшүп берген жок. Саат 18де тоодо күүгүм кире баштайт. Суук катуу болуп турган учур. Алар казарманы өрттөп жиберишип, ушунун аркасы менен качып кетүүнү көздөгөн.

- Сүйлөшүү кайсы тилде жүрдү?

- Ар кандай тилде. Биздин чек ара кызматында дунган тилинде сүйлөгөндөр да бар. Кызматкерлерибиз уйгур тилинде, кытайча да сүйлөшүү аракетин жасашты. Бирок, биз күткөндөй жооп болгон жок.

- Аларды кимдир бирөө тосуп алып же мурдатан жашырып койгон курал-жарактарына бара жаткан болушу мүмкүнбү?

- Жок. Биз мындай божомолду четке кагабыз.

- Кылмышкерлердин сөөктөрү Кытай тарапка өткөрүлүп берилдиби?

- 25-январда саат 15.00дө Караколдогу облустук оорукананын моргуна Кытай Эл Республикасынын элчилигинен өкүлдөр келишип, кылмышкерлер уйгур сепаратистери экендигин аныкташты. Алардын сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү.

- Чек ара бузгандар карышкырдын териси капталган жылуу кийим кийгендиктен, кытай тарапка тиешелүү электрондук көзөмөлдөн байкалбай калышкан деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Жок, бул сөздөр калп. Карышкырдын териси жөнүндөгү айтылгандар да чындыкка коошпойт. Ар биринде иттин терисинен жасалган белге тартма таңуулары болгон. Кылмышкерлерден бардык далил заттар алынды. Бычактардан баштап атайын рогаткаларга чейин.

- Ошол учурда Ак -Шыйрак постунда кынча чек арачы болгон?

- Окуя болгон күнү Ак-Шыйракта 14 адам болгон. Бикирттик жылтуучу жайында бир чек арачы, дагы бир чек аранын укуктуу өкүлү бар болчу. Бүгүнкү күндө Ак-Шыйрак тосотунда штат боюнча 25 адам турат.

- Биздин мамлекетте чек арачыларга толук шарт түзүлгөн эмес, алардын саны да жетишсиз дегенге кандай карайсыз?

- Жоокерлерин саны боюнча кемчиликтер бар. Бирок, алардын санын көбөйтүү үчүн азырынча каражат жетишпейт. Чек арачыларыбыз тамак- аш, кийимден камсыздалып турат. Юридикалык жактан кыргыз-кытай чек арасы толук аныкталган. Бүгүнкү күндө Ак-Шыйракта турган чек арачылардын саны жетиштүү. Каракол чек ара бөлүмү бийик тоолуу болгондуктан, башкаларга караганда айлык маяналар жогору.

- Александр Барыкиндин кылмышкерлерге көрсөткөн каармандыгы тууралуу маалымат каражаттарында көп айтылды. Буга сиздин жекече пикириңиз кандай?

- Барыкиндей адамдар көбүрөөк болсо кана, барыбыз андан үлгү алсак болот. Ооба, ал мекенчил адам. Азыркы күндө андай адамдар аз. Ал келечектен жакшы үмүтү бар үчүн ушундай жолго барды деп ойлойм. Анын иш-аракетине Барыкиндин ордуна өзүбүздү кое алсак гана түшүнө алабыз. Биз тарабыбыздан Барыкин Александр Васильевичти мамлекеттик сыйлык менен сыйлоо боюнча сунушубузду Өкмөткө жибердик. "Эрдик" медалына көрсөтүлдү.

- Сиздердин болжолдо алар Кыргызстанга кандай максат менен келген?

- Чек араны бузган адам эмне себеп менен келет? Демек, башка мамлекетке баткан эмес. Ушул учурда кытай калкы уйгурлар менен кандай мамиледе болуп жатканын жакшы билесиздер. Ал жактан качып чыкса керек. Кытай элчилигинин өкүлдөрү уйгур сеператисттери экен деп дароо эле айтышпадыбы.

- Алар чек араны кантип, кандайча жол менен кесип өткөн?

- Кайчы ашуусу аркылуу өтүшкөн. Биз бул жерлерди атайы топтун коштоосунда барып көрүп келдик. Ал жерде ашууда кар жок, булар өтүп кетүүгө толук мүмкүнчүлүк болгон.

- Мындай окуя кайрадан кайталанбаш үчүн кандай чараларды көрүп жатасыздар?

- Мындай кылып ийебиз, тигиндей жасап жиберебиз деп айта албайм. Себеби, бул иш Өкмөттүн, аскердик саясый жетекчиликтин жана Жогорку Кеңештин деңгээлинде чечилет.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА







Пикир:

Яндекс.Метрика