Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_7.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_7.htm on line 5

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_7.htm on line 5


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_7.htm on line 5

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_7.htm on line 5

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_7.htm on line 5
Кыргыз гезиттер
Төр маек...
"Азыр билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн экинчи кадамын баштадык..."
Калыс Шадыканов,
Билим берүү жана илим министринин статс- катчысы:
Үч ай мурун гезитибизге Билим берүү жана илим министринин статc-катчысы Калыс Шадыканов боюнча куш тилиндей маалымат жарыяланган эле. Ал маалымат туура эмес жазылганын актоо эмес, тактоо максатында кийинки эле сандарыбызда Калыс мырзадан кечирим сурап жазганбыз. Ал маалыматты Калыс мырза көрбөй, окубай калгандыктан, окуянын чын-бышыгын билүү максатында, ошондой эле, учурда Билим берүү министрлигинде аткарылып жаткан иштер боюнча учкай маек курдук...

Калыс мырза, статс-катчылык кызматка кантип келип калдыңыз?
- Статс- катчылардын кызматка келиши мамлекеттик мыйзамда жазылган, сынактын негизинде тандалып алынсын деп. Статс- катчылык министрликтеги жогорку админстративдик кызмат. Статс-катчылыкка дайындалуу жогорку жети этаптан турат. Биринчи тестирлөө, мамлекеттик тест бар, ошондон тест толтурабыз. Тесттин жобосу, биринчи, мамлекеттик мыйзамдарды билүү, баш мыйзамдан баштап, министрликтеги статс -катчы кандай иштерди алып барат, анын аткарган иштери кандай ж.б. у.с. толгон-токой мыйзамдарга жооп берүү керек.
- Статс-катчылыкка сиз менен бирге канча талапкер ат салышты?
- Он беш талапкер ат салышты, алардын арасында профессор, доценттер болду. Кандидат, доктор наук, статс-катчынын талабына жооп бербеген инсандар да болбой койгон жок. Мен өзүм техника илимдеринин кандидатымын. Мамлекеттик кызматта иштеп келе жатканыма бүгүнкү күнү жыйырма тогуз жыл болду. Союз убгында комсомол комитетинде эмгектенгем. Он беш талапкердин бир канчасы биринчи турдагы мыйзамда эле кулап калган. Үчүнчү турга беш талапкер калып, экзамен жазуу түрүндө жүрдү. Андан кийин калп тапкычтан өтүп, анда эки талапкер эле калдык. Калп тапкычтан бардыгы айдан-ачык көрүнүп калат экен, буга чейин мыйзам бузгансыңбы жокпу, андан экөөбүз тең өттүк. Аягында пикир алышуу болуп, анда мен утуп чыктым. Пикир алышуу үчүн атайын мамлекеттик кеңешме түзүлүп, ал кеңешменин курамына депутаттар, мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, жогорку соттун мүчөлөрү , өкмөттүк жана президенттик аппараттын өкүлдөрү катышышты. Пикир алышуудан соң, статс-катчы менен иштешүүгө макулсуңбу деп министрдин оюн сурайт экен. Эгер министр макул десе иштейт экенсиң, жок иштеше албайм десе иштешпейт экенсиң. Министр Канат Жалилович мага ою түз экен, иштешип калдык. Эң акыркысы өкмөт башчынын буйругу экен. Ал кездеги өкмөт башчы, азыркы президентибиз Алмазбек Шаршенович эле. Мени кабыл алып, ийгилик каалап, ишке дайындаган. Иштеп жатканыма быйыл эки жыл болду.
- Өкмөт статс- катчылардын аткарган ишин, статусун жогорулатып койгонунун себеби эмнеде?
- Статс-катчынын фунциясында жазылган, эгер министр кызматтан кетсе, жаңы министр дайындалгыча анын кызматын статс-катчы аркалайт деп. Министр кызматтан кетсе эле иш токтобош керек, билим берүү өз нугунда жүрүп туруусу зарыл. Ошонун баарын статс-катчы колго алып, көзөмөлдөйт. Мурун деле статс-катчынын орду жогору болчу, азыр андан да жогорулатылган.
- Министрликтеги кадрлардын баары сиздин көзөмөлүңүздөн өтөт экен, эки жылда канча кызматкерди алмаштыра алдыңыздар, министрликте кадрдык алмашуулар болуп жатабы?
- Мамлекеттик кызматкерлердин баарын сынактын негизинде алдык. Азыркы тапта министрликтин аппаратындагы кызматкерлер отуз пайызга жакын алмашты. Көбүнчө жаштарга басым жасап, жаштарды жумушка алдык. Жаштар буга чейин деле иштеп келишкен, бирок биз жаштардын санын андан да көбөйттүк. Жаштарды да жөн эле ала бербей, жогорку окуу жайларында, финансылык тармактарда иштеген жаштарды алдык. Ошондой эле министрлик ар бир үч жылда бирден кызматкерлерди аттестациядан өткөрүп турабыз. Аттестацияда биринчи кезекте кызматкерлердин билими текшерилет. Кээ бирөөнүн билими жогору болгону менен иштей албай калышы да мүмкүн. Аларды да эске алабыз.
- Кызматкерлерди тандап алуу акыйкат эле жүргүзүлөбү?
- Сынакты өткөрүп жатканыбыздын негизги себеби коррупцияга каршы күрөшүү болуп эсептелет. Тестирлөө башынан аягына чейин компьютерлик негизде жүргүзүлөт. Туура кылсаң дагы, туура эмес кылсаң дагы компьютерден көрүнүп турат.
- Эки жыл аралыгында кандай алгылыктуу иштерди аткара алдыңыз?
- Эң негизгиси министрликтеги компьютерлерди жаңыладык. Бизге чейин компьютерлер эч жаңыланган эмес экен. Долбоорлорду жазып жатып, компьютерлерди алдырдык. Андан тышкары министрликке кызматкерлердин элүү пайызга жакынынын отурган эмеректерин жаңылап бердик. Кызматкерлерге шарт түзүп берүү иши менин функцияма кирет.
- Депутаттар тарабынан, коомчулук тарабынан министрликтин дарегине ар кандай сын-пикирлер айтылып келет, бул боюнча эмне айта аласыз?
- Негизи айтылган сын-пикирлер туура эле айтылып жатат. Эл оозунда элек жок дегендей депутаттар айта беришет экен. Бирок мен баса белгилеп айтып коеюн, эки жылда министрликте болуп көрбөгөндөй өзгөрүү болду. Мен муну ишеничтүү айта алам. Себеби эки жылда жогорку окуу жайлары 4 жылдык билим берүү, балон процессине өтүп, коррупция акырындык менен жоюла баштады. Мурда болон процесси мыйзамга киргизилип, депутаттар ал мыйзамды өткөрбөй койгон эле. Министр Канат Жалилович министр болуп келгени аракет кылып жатып, аталган мыйзамды ЖКдан өткөрдү. Биз ар бир жогорку окуу жайын бөлүп чыктык. Сен бакалаврда бересиң, сен РJ боюнча бересиң деп.
- РJ деген эмне?
- РJ бул доктор, наук. РJни бүткөндөр илимдин доктору боло алышат. Тактап айтканда азыркы аспирантура, докторантура деген сөз. Азыр биздин көптөгөн уул-кыздарыбыз тышта окуп, иштеп жүрүшпөйбү. Алар бизден бакалаврды бүтүп алып, тыштан магистратураны бүтүп келип, кандидат болуп жатышат. АКШдан, Лондондон РJ коргоп, илимдин доктору болуп келишүүдө. Кыскасы бүгүнкү техника, илим-билимдин өнүккөн шартында болон процессинин кадыры абдан жогору. Эки жыл ичинде жасалган иштин эң маанилүүсү дал ушул иштер.
- Мугалимдердин айлык маяналарын жогорулатуу боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатат?
- Көп жылдан бери мугалимдердин айлык маяналары жогорулабай келген. Жаңы тариф системасын түзүп, мугалимдерге 20 сааттан 41 саатка чейин сабак берүүгө уруксаат бердик. Жогорку билимдүү мугалимдердин ар бир саатына 45 сомдон төлөп берип жатабыз. Орточо билимдүү мугалимдерге 40 сомдон төлөөдөбүз. Президент Алмаз Шаршеновичке рахмат, өлкөдө каражат жок болуп турганда саясий чечим кабыл алып, мугалимдердин айлыгын жогорулатып берди. Тоолуу аймактарда иштеген мугалимдер азыркы учурда 15 миңден 20 миңге чейин айлык алып жатат. Мугалимдер эле эмес, маданият кызматкерлеринин, ак халатчандардын дагы айлык маяналары жогорулабадыбы. Азыр билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн экинчи кадамын баштадык. Сандан сапатка өтүү боюнча. Кайсы бир жылдары дүйнөдө билим берүү боюнча Кыргызстан 67-орунду алганбыз. Бул биз үчүн уят да. Антейин десем, Кыргызстандын деңгээли ошол убакта ошого эле барабар болчу. Анткени акча каражаты мамлекет тарабынан жарытылуу бөлүнчү эмес, жогоруда айткан эмерек, компьютерлердин баары эски болчу ж.б.
- Окуу куралдарынын басылып чыгуусу кандай болуп жатат?
- Бул боюнча да жаңы стандарт түзүп, ошонун негизинде иштеп жатабыз. Кыргыздар окуучуларга билимди ашыкча берип, түшүнсө, түшүнбөсө деле мээсине куя берет экенбиз. Дүйнөлүк стандартта ал туура эмес экен. Былтыр биринчи класстан төртүнчү класска чейинки окуучуларга жаңы системадагы китептерди чыгардык. Үчүнчү класска чейинки окуучулардыкын чыгарып бүтүп, быйыл төртүнчү класстагы окуучулардын китебин чыгарууну пландоодобуз. Китеп чыгарган кээ бир окумуштуу аксакал мугалимдер биздин жаңы китеп чыгарганыбызга анчалык көңүлдөрү жылыбай турат. Болбой эле китептерин чыгарышууда. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Анткени биз жогоруда айткандай, билим берүүнүн дүйнөлүк системасына өтүшүбүз керек. Кыскасы билим берүү министрлиги колубуздан келишинче аракет кылып иштөөдөбүз. Билим берүүнүн 2017-2020- жылга чейинки өнүктүрүү программасын кабыл алып, ошонун негизинде иштеп жатабыз.
- Буга чейин биздин гезит сиз жөнүндө куш тилиндей маалымат жарыялаган элек, ал боюнча эмне айта аласыз?
- Силер жазган тендер тууралуу маалыматка эч кандай тиешем жок.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев







Пикир: