Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Коопсуздук...
Үч-Дөбөдөгү тажик аскерлери чыгарылды
Баткендин Үч-Дөбө айылынын аймагына кирип келген тажик аскерлери чыгарылды. Алар бул жерде көзгө атар аскерлер үчүн аң казганы белгилүү болду.
Баткен районунун Ак-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек айыл округдары Тажикстан менен чек аралаш жайгашкан. Күнүмдүк тириликте бул аймактагы кыргыз-тажик жарандары бири-биринин аймагын аралап өтпөскө айласы жок.
Бирок 11-январда чек арачылардын ок атышуу менен коштолгон жаңжалынан бери эки өлкөнүн тургундары бири-бирине каттабай калды. Кыргыз-тажик аймагында күч кызматтары көбөйтүлүп, чек аранын эки тарабы тең күчөтүлгөн тартипте кайтарылып турат.
24-январда болсо чек арадагы Үч-Дөбө айыл округунун калктуу конушуна тажик күч кызматтары 50 метрдей бери кирип, аң казып, көзгө атарлар үчүн атайын жашырынуучу жер даярдаганы айтылган.
Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Жээнбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшулар казган аңдарын таштап, чыгып кеткенин "Азаттыкка" кабарлады:
- Бизге Үч-Дөбөнүн үстүндө кандайдыр бир күчтөр окоп казып жатат деген кабар түштү. Териштире келгенде алар Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери болуп чыкты. Алар өз аймагын билбегендигине байланыштуу ушундай кадамга барышкан. Баткен чек ара кошуунун зардалы Уларбек Шаршеев алардын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин маселе чечилди. Тажик күч түзүмдөрү туура эмес кылганын моюнга алышкан.
Эки жумадан бери чек арасы жабык турган аймакка Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары да барып, кабар алышты. Көчмө жыйында алар жергиликтүү тургундардын бир топ арыз-арманын укту. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков эл менен жолугушуу учурунда быйылкы жылы чек арадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн 500 млн. сомдой каражат бөлүнүп жатканын айтты:
- Быйыл түрк насыясынын эсебинен 500 миллион сомду Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын оңдоого, айрым көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо боюнча чечим кабыл алынды. Мына ошол сумманын ичинен Ак-Сай айыл өкмөтүнүн маселелерин чечүүгө каражат бөлүнөт.
Эки жумадан бери ачылбай турган чек арадагы чыңалган абал качан, кантип жөнгө салынары азырынча белгисиз. Облустук бийликтин өкүлү Мамажан Бердишевдин билдиришинче, чек аранын жабылышы элдин жашоо-шартына олуттуу таасир эткен жок.
- Чек ара аймактарындагы абал туруктуу бойдон сакталып турат. Чек ара, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өз милдетин аткарып, коомдук тартипти сактоодо. Айрыкча, аткезчилик менен күрөшүүдө жергиликтүү калктын жардамы чоң болууда. Тажикстан менен чектешкен жердеги чек ара бекеттери жабык бойдон турат. Бул элдин турмушуна анчейин деле таасир тийгизген жок десек болот. Азык-түлүк жетиштүү, эл арасында толкундоолор болгон жок. Баалар туруктуу.
Чек арадагы чырдын чыгышынын негизги себеби болгон Көк-Таш-Ак-Сай айланма жолу. Кыргыз бийликтери бул жол курулчу аймак Кыргызстанга тиешелүү экенин айтып жатышса, тажик бийликтери аймакты өздөрүнө таандык деп эсептешет. Чек арадагы абал боюнча азыр эки өлкөнүн чек арачылары деңгээлинде гана сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен чек аранын 70 пайыздайы али такталбай, шарттуу чек ара сызыгы бойдон турат. Көпчүлүк жаңжалдар ушу чек аранын айынан чыгып келет.

"Азаттык"
Жеңиш Айдаров




Ачыгын айтканда…
"Бульдозер" деп койсо эле булкуна бериштин кереги эмне?
Кыргыз элине Кудай пейилине жараша көздүн жоосун алган табигаты сулуу жерди бериптир. Үч миң тоннага жакын алтын кенин жеринин астына катып бериптир.
Бүткүл дүйнөнүн тарыхында, алтынды сатып байыган эч бир адам же мамлекет болгон эмес. Тескеринче, адам же мамлекет бир оор мүшкүл иш башына түшкөндө, мисалы, Улуу Ата - Мекендик согуш убагында, алсырап кансырап турган кезде СССР империясы өзүнүн жүздөгөн тонна алтындарын Америкага берип, ал жактан курал-жарак сатып алууга мажбур болгон.
Чулгандуу "Кумтөр" кени жыйырма бир жылдан бери саясат ызы-чуунун негизги катализаторуна айланды. Өзүнүн алтын кендери боюнча, дүйнө жүзүндөгү он мамлекеттин жетинчиси болуп турган Кыргызстан чоң бизнес менен алектенген авантюристердин түн уйкусун бузду. Ушундай авантюристердин бири СССР КГБнын мурдагы полковниги, канадалык "Сеабеко-групп" бирикмесинин деректорлор кеңешинин өкүлү Борис Бирштейн 1992-жылы Аскар Акаевдин чакыруусу менен Бишкекке келгенин билебиз. Борис Бирштейнге Акаев Ак үйдүн жетинчи кабатынан кабинет бөлүп берип, Акаевдин жарлыгы менен "Кыргызстан - Сеабеко" корпорациясын түзүшөт. Кыргызстандын экономикасын реконструкциялоо жана өнүктүрүү келишими түзүлүп, анын жетекчилигине чет өлкөнүн жараны Борис Бирштейн дайындалган. Акаев экөө Кыргызстандын экономикасын жаңы нукта реконструкциялайбыз деп, 70-жылда курулган социалистик экономиканын өзөгү болгон завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду кыйратып күлүн көккө сапырган.
Ошол чуулуу "Кумтөрдү" бетке кармап, элге бир көрүнүп алсам дегендердин арасында бир кезде биз сыйлаган "революция бульдозери" Азимбек Бекназаров дагы бар. Бул киши жылан чакпай, жылкы теппей эмне себептен өзүнүн революция боюнча идеялаштарына ач кенедей жабышып, ыгы жок күнөөлөгөнүн көпчүлүк түшүнбөй турат. Биз сыйлаган революциянын бульдозеру, эмне себептен революциянын чыккынчысына айланды. Туура, бийликке сын-пикирлерди айтыш керек, бирок, акылга сыйбаган сын-пикирлерди бу киши кантип ойлонбой туруп айтат.
Азимбек Бекназаровдун акыркы саясий кадамдарына түшүнүп болбойт. Жалпы Кыргыз эли кыргыз-тажик чек арасындагы чатак эмне менен бүтөт, элибиздин ынтымагы менен биримдигин Кудай сактай көр деп турсак,15-январда Бекназаров Жети-Өгүз районунун Саруу айылына келип, өзүнүн чагымчыл иштерин кайра баштады. Кыргызстанда революция бышып калды деп элдин кыжырын кайнатты. "Сүрөтчү, сүрөтчү деп койсо, атасынын сакалын боептур" деген сыяктуу "бульдозер" деп койсо эле, булкунуп революция жасайм дей бериштин эмне кереги бар. Биринчи элден сурабайбы, керекпи же керек эмеспи деп? Бирөөнө бийлик жетпей калды, экинчисине иш козголду, үчүнчүсү мэрликке шайланбай калды деп эле революция жасай берсек, Кыргызстандын эмнеси калат? Эл азыр революция эмес, бейпилдикти каалап атат. Украинанын кейпин көрүп жатабыз го. Бизге ушундай керекпи?
Улуу кытай философу Конфуцийдин "Элди бир эле жолу алдоого болот, аны ар дайым алдай албайсың" - деген жакшы сөзү бар. Бир кезде Азимбек мырзага эл ишенген. Колдогон, артынан ээрчиген. Азыр болсо заман башка. Азимбек мырза арты таза эместер менен аралашып кеткенден бери ага дагы элдин ишеничи азайган.
Азимбек Анаркулович, сиз кыргыздын Эрнесто Чегаварасы болгуңуз келип турганын биз сезип турабыз. Бирок, сиз жаштардын башын айлантканды токтотсоңуз. Эгер сиз кыргыздын чыныгы мекенчил патриоту болсоңуз, анда сиз кыргыз элинин кызыкчылыктарын кайдыгерликтин капканында туруп эмес, улуттук ар-намыстын алкагында туруп коргосоңуз.

Ысык-Көл облусу
Калысбек Жаангер





Пикир:

Яндекс.Метрика