Таалайбек Айдаралиев министр болду...
Өз каалоосу менен кызматтан кеткен Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгыс Узакбаевдин ордуна Таалайбек Айдаралиев келди. Таалайбек мырзаны "Ар-Намыс" фракциясы 7 талапкердин ичинен министрлик кызматка татыктуу кадр катары Өкмөт башчысына сунуштап, министр болуп дайындалды. Таалайбек мырза (1958-жылы Талас облусунда туулган) - Чүй облусунун Сокулук районундагы "Альфа-Семена" айыл чарба корпоративинин жетекчиси жана урук өстүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти. Жалпы эмгек стажы - 34 жыл. 1980-жылы - К.И.Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун аяктаган, агроном; 1988-жылы - Москва шаарындагы В.Р. Вильямс атындагы илим изилдөө институтун бүтүргөн.


Эл байлыгын эл чечсин
Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев негизги бардык маселерди референдумга салуу туралуу мыйзамды сунаштады. Ага мисал катары "Кумтөр" маселесин элдик референдум өткөзүп, элдик добуш менен чечүү керектигин айтты. Айрым депутаттар эл өкүлдөрү болгондуктан референдум өткөрүүнүн кажети жоктугун айтып, каршы ойлорун билдиришти. Негизи Бакыт Төрөбаевдин сунушу ойлонто турган маселе. Себеби "Кумтөр", бажы биримдиги, АКШ аскер базасы сыяктуу негизги маселелер элдин катышуусусуз эле чечилип, карапайым калкты кыжалат кылууда. Мындан улам, карапайым калк менен бийликтин ортосунда ажырым пайда болууда. Ушундай кырдаалды жөнгө салчу бирден-бир жагдай, чиеленишип чечилбей туюкка кептелип жаткан маселелерди элдин добушуна коюу. Бардык көйгөйлөрдү болбосо да, негизги "Кумтөр", Бажы биримдиги сыяктуу маселелер Төрөбаевдин долбоору аркылуу каралышы зарыл болуп турат. Мындайча айтканда эл өз тагдырын өзү чечкенге мүмүкүнчүлүк түзүлүшү керек.


Усеналиева кызматынан бошотулду
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Усеналиева Назира кызматынан бошотулду. Назира айым Бакиевдер талап-тоногон мүлктөрдүн ар бири менен жакшы тааныш. Анткени Убактылуу Өкмөт Бакиевдер ээлик кылган мүлктөрдү мамлекетке кайтаргандан бери Мүлк фондунун жетекчилеринин бири катары ээрден түшпөй келди. Назира айымдын көз алдында мамлекетке алынган бир топ мүлк кайра эле менчиктештирилип кетти. Айрымдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бир катар дооматтар да айтылган. Өзгөчө Ысык-Көлдөгү "Солнышко", "Витязь" панисонаттары, андагы коттедждер боюнча. Учурда кайра сатуудан канча пайда көрдү болду экен деген көз караш күч. Айтмакчы, Назира айымдын ордуна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Шерипов Нурланды орун басар кылып дайындады.


Кудайды карасаң боло!
Популист саясатчылардын көч башында турган Равшан Жээнбеков: "Мен оппозицияга бүгүн эле кошулган жокмун. Оппозициялык көз карашты карманып келе жатканыма 10 жыл болуп калды. Курагым жашыраак болгону менен саясатта келе жатканыма бир топ жыл болуп калды", - деп жалганды чындай шыпырылтыптыр. Ушинтип айткандын ордуна "Мүлк министри болуп, бир топ мамлекеттик мүлктөрдү тыптыйпыл кылганыма бир топ жыл болуп калды, бирок дале болсо камала элекмин" деп айтса жарашмак экен. Анык эркек экен демекпиз.


Садырдын айтканына көңүл бургула!
Оозу менен орок оруп, маалымат каражаттарынан түшпөй ойду-тоону дөөрүп жүргөндөрдүн бири Садыр Жапаров жалган-чыны белгисиз, дагы бир маалыматты айтып чыкты. Алсак: "Кумтөр маселеси көтөрүлгөнүнө эки жыл болду. Же эч бир жарытылуу иш бүтпөйт. Эми мунун да сырын ачып берейин. Ак үй жылына 3 тонна алтын (150 миллион доллар) чөнтөккө "доля" алат. Ошол себептен 2 жыл созушту. 2011-жылдагы "долясын" алтын менен алып, Түркияга чыгарып кетишкен. Андан кийинкилерин нак акча менен алып жатышат деген маалыматтар келип түштү. Ошол үчүн быйыл дагы жылдын аягына чейин созушса, эч таңгалбай эле койгула",- деп балп этти. Тиешелүү органдар Садырдын бул сөзүнүн чын-бышыгына жетиши абзел го. Анткени Садыр айткандай кимдер "Кумтөрдөн" миллиондогон доллар "доля" алып жатат ачыкка чыгарып, эгер эч ким албаса ар кайсыны айтып чагым кылып жаткан немеге чара көрүшү милдет эмеспи.

Ден соолук анан мыйзам...
Бүгүнкү күндө куландан соо жүрүп эле, анан колу туткагына байланыштуу камакка алынып, сурак бере келгенде эле ооруп калчу адат биздин чоңдорго көнүмүш болуп калды. Учурда кылмыш иши козголуп, бирок ден соолугунун шылтоосу менен кылмыш ишин же суракты убактылуу атайылап токтотуп койгондор бир топ. Булардын катарында Коррупция беренеси менен эки айдан бери УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган Ахматбек Келдибеков да бар. Ага кечээ №4-ооруканада экинчи экинчи опперация жасалды. Ылайым эле ден соолугу чың болсун. Ошол эле кезде колу менен жасаганды мойну менен тартышы абзел. Мыйзам баарына бирдей.


"ФАБУЛА" пресс