Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_4.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_4.htm on line 5

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_4.htm on line 5


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_4.htm on line 5

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_4.htm on line 5

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/fabula/14/0128_4.htm on line 5
Кыргыз гезиттер
Иштегендер тиштеди…
Урууну эмес улутту, коктуну эмес коомду ойлойлу!
25-январь күнү өлкө президенти Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2013-жылы жарыяланган "Иштерман" жылынын жыйынтыгын чыгарып, чыныгы иштермандарга мамлекеттик наамдарды тапшырды. Чыныгы дегенибиздин себеби, буга чейин мамлекеттик наамдарды акчасы, таанышы анан мансабы барлар гана алып келсе, бул жолку сыйлык алгандардын катарында кара таман калктын арасынан чыккандар көп болду. Слесарь, электромонтер, шоопур, мугалим, фермер, тикмечи, салыкчы, өрт өчүргүч, чек арачы, врач, айтор эмгеги менен калк кадырына татыган ар кыл кесиптин ээлери мамлекет башчысынын колунан мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Баса белгилей кетүүчү жагдай, бүтүндөй Кыргызстан боюнча мыктылардын мыктысын аныктап, сыйлык эңсегендерге эмес, элге тартып, кара кылды как жарган калыстыгын көрсөткөн Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын башчысы Асел Кодурановага көпчүлүк алкышын айтып турду. Президент дагы татыктуулар кылдат тандалып, арасында "блатнойлор" жок экенин кошумчалады.
Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы өлкө экономикасында өсүш болгонун айтып, буга иштермандарыбыздын кошкон салымы өтө чоң экенин айтып өттү.

Өлкөдө өнүгүү башталды
- Өткөн жыл Мекенибиз үчүн оңой болгон жок. Далай кыйынчылыктардан, сыноолордон өттүк. Бирок, кандай болсо да, биз баарыбыз бирге кыялыбызга - күчтүү жана эгемендүү Кыргызстанга карай алгачкы кадамдарды жасадык. Өлкөбүздө жаңы ГЭСтер салынып, ТЭЦтер оңдолуп, ЛЭПтер курулуп жатат. Ар бир региондо, шаарда жолдор оңолуп, асфальт-бетон заводдору курулуп, айыл чарбасында, суу чарбасында ири долбоорлор башталды. Дал сиздер, сиздердин өжөрлүгүңүздөрдүн жана эмгегиңиздердин аркасында өлкөдө көптөн күткөн экономикалык өнүгүү башталды. Ички дүң продукциянын өсүш деңгээли боюнча биздин көрсөткүчтөрүбүз - шериктеш өлкөлөрдүн арасында биринчилерден болду. КМШда биз ИДПнын көлөмү боюнча 11 пайыз көрсөтүп, алдыга чыктык. Эми биз бул тенденцияны сактап калышыбыз керек. Бизге жөн гана тынч иштегенге мүмкүнчүлүк керек.

Тезек тергиле дебейм!
- Электр жарыгы өчүрүлүп жатканын мойнума алам. Энергетикада маселелер бар, бирок биз тезек тергиле дебейбиз. Биз маселени чечкенге аракет кылабыз. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин энергетикада бизде маселе болбойт. Коррупцияга каршы катуу күрөштүн аркасында ушуга жетишебиз.

Ууруларга укурук
Мамлекетти талап-тоногондор бүгүн көкүрөгүн каккылап, элдин атына жамынып өздөрүн коргоого аракет кылып жатат. Алар улуттук байлыктарыбызды тыйынга сатып салышкан, "Кумтөрдү" тыйынга баалап коюшкан. От менен ойногонду токтотуш керек. Аларга эч кандай аео болбойт! Учурда коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштү жактырбагандар дагы бар. Ошондой эле, өлкөбүзгө зыян келтирген коррупционерлер кимдин тууганы же жакыны болбосун, баары бир өз жазасын алат жана толук жооп берет. Эгерде, менин жакындарым коррупцияга аралашса, мен аларды эч качан аябайм. Бардыгыбыз мыйзам алдында бирдей жооп беребиз жана ага каршы күрөштү улантабыз. Акырындап элибиз, коомубуз, өзгөчө жаштарыбыз өзгөрө баштаганы да кубандырат. Миңдеген, жүздөгөн кыргызстандыктар башкы байлыгыбыз - Мекенибиз, мамлекеттүүлүгүбүз экенин түшүнө баштады. Эгемендүүлүк жылдары кечиктирилбес чечимдерди - өткөн жылдардын калдыктарын жоюуну талап кылган бир топ көйгөйлөр пайда болду. Бул чек ара коопсуздугу маселеси, коррупция, регионализм, улутчулдук, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо көйгөйлөрү, Куралдуу Күчтөрдүн реформасы.

Татыктуу армия, аскердик реформа
Армия -Кыргызстанды коргой ала тургандай болот. Чек арачыларга өзгөчө көңүл бурабыз. Керектүү бардык куралдарыбыз да болот. Буюрса аскер тармагы боюнча бир катар реформалар башталды. Биздин армиябыз чек араны татыктуу коргой турган абалга жетет. Эсимде, мындан10-15 жыл мурун орус президенти Кыргыз Армиясынын жадагалса өтүгү жок экенин айткан. Мен ишенем, биздин армия Кыргызстандын чек арасын татыктуу коргой алат жана келечеги кең болот.

Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун айрымдарын кепке тарттык:

Кишимжан Токтосунова,
айдоочу

- Мен Ош шаарынан келдим. Ош шаарындагы муниципалдык автотранспорттук ишканасынын айдоочусу болуп иштейм. Шоопурлук кесипте жүргөнүмө 33 жыл болду. Мурда маршруттук такси айдачу элем, азыр Кытайдан келген чоң автобустарды айдап жүрөм.
Сыйлыкты алаарда чынында анчейин ишене албай турдум. Анан ишенгенден кийин аябай кубандык. Эмгегибизди да баалагандар бар экен деп, кичине демибизге-дем кошулуп калды.

- Демек, "Рулдагы аял гранатасы бар маймылдан да коркунучтуу" деген тамаша кеп сизге тийиштүү эмес экен да?

- Болуп калат эми. Аял киши айдай алабы, жетээр жерибизге аман - эсен жеткиреби деп, кээде өзүнүн өмүрү үчүн кооптонгондор да болот. Бирок көп жылдан бери коомдук транспорт айдап жүргөндүктөн көбү мени таанып калган. "А бул эркектерден жакшы айдайт, коркпой эле отура бергиле" - деп тамашалагандар да болот.

- Машиненин "ичи карынын" арткан жагынан кандайсыз?

- Жакшы эле билем. Майда-чүйдө жерлерин ар кимге жалдырабай, өзүм эле ары-бери кылып коем. Кээде СТОлордун кызматынан пайдаланабыз. Азыр болсо ишкананын атайын слесарлары бар. Ошолор карап, жасап турушат.

Абдымомун Нармырзаев, 5-разряддагы слесарь

- Өзүм Жалал-Абад облусунун Кара-Алма деген айылынан болом. Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай гидроэлектрстанциясынын электро-машиналык цехинин машина участогунун гидроэлектрстанциясынын гидротурбиналык жабдууларды оңдоо боюнча слесармын.

- Кызматыңыздын аталышы эле ишиңдин канчалык жооптуу экенин айтып турат. Канча жыл болду иштегениңизге?

- 18 жылдын жүзү болду. Кыргыз элине ак кызматыбызды кылалы деп болгон аракетибиз менен иштеп жатабыз. Майда, бирок маанилүү ишибизди мамлекет минтип баалап, жетине албай кубанып турам. Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен сыйландым.

- Сыйлык алаарыңызды укканда кандай абалда болдуңуз?

- Ал күнү маанайым анча эмес эле. "Ушундай, ушундай, "Ардак грамота" менен сыйланганы жатасыз, мынчасында президент өзү тапшырат. Келип калыңыз",- деп бул жактан кыздар телефон чалышты. Кыздар тамаша кылып, шакаба тээп жатабы деп, катуу-катуу айтып, урушуп салгам. Көрсө чын эле экен да. Күткөн эмесмин да.

Абдуллаев Кайрат,
Чүй облусунун Ысык - Ата районунун Гидростроитель айылындагы "Үмүт жана Ко" ЖЧКсынын башчысы.

- Биздин ишкана бүгүн Даңк медалы менен сыйланып отурат. Бул сыйлык биз үчүн өтө чоң сыймык. Мындан аркы демибизге-дем кошуп койду десем болот. Эмгегибизди баалаган мамлекетке, жетекчилерибизге ыраазы болуп отурабыз. Биз дагы өз кезегибизде Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө, элибиздин бай, бакубат жашашына колдон келген аракетибизди кылмакчыбыз.

Даярдаган
Эрнис Балбаков






Пикир: