Көз мончок
Жумагүл Райымжан кызы,
ырчы:
"Эркинмин, каалагандай басып, турам"
Жумагүл жаш эстрада ырчысы. Бирок башка ырчылардан айырмаланып, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан эски ырларга басым жасайт. Акыркы кезде "Бир келип кетчи Ош жакка", "Замандаш" деген ырлары менен эл оозуна алына баштады. Келечектен көптү үмүттөндүрөт...

- Жумагүл өткөнгө саресеп салсак. Өткөн жылы ырчылардын баары тойлордон арбын каражат таап, үйлүү, машинелүү болушканын айтышууда. Сен үчүн кандай жыл болду?

- Бул сөз ырас. Өткөн жылы ырчылардын баары, өзгөчө күз айында тойдон бошобой, бир күндө бир нече тойго чакырууга барышып, жетишпей да калып жатышты. Бул жакшылык бизди кубантпай койбойт. Элибиздин курсагы ток болсо, той болот да. Той көп болсо бизге да жакшы. Эң башкысы өткөн жылы өзүмдүн ден соолугум чың, жакындарым аман болду. Ушуга шүгүр деп жатам. Акча мен үчүн башкы маселе эмес. Албетте, чыгармачыл адам болгондон кийин ырчылык жааттагы ийгиликтер мени кубандырбай койбойт. Бир топ жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырдым. Кыргызстандан сырткары коңшу мамлекеттерге да чакырууларды алып, жакшы эле киреше таптым.

- Сыр болбосо канча каражат таптың жана ал акчаңа эмне сатып алдың?

- Канча чыгаша болсо, ошончо киреше кирет деп коет эмеспи. Бул сөзгө толугу менен кошулам. Анткени өткөн жылы чыгармачылыгыма көп каражат жумшадым, бирок ашыгы менен киреше таап жаттым. Маселен, бир топ ырларды жаздырып, клип тарттырып, кийимдерди да кымбат баага тиктирип, мыкты чеберлер менен иштештим. Андан арткан акчага азыркы автоунаамды жаңысына, көлөмдүүсүнө алмаштырып алсамбы деп жатам.

- Коңшу мамлекеттерге тойго чакыруу алып, барып келдим деп калбадыңбы. Кайсы өлкөдөн көп чакыруу алдың?

- Жаз айларында Казакстандан көп чакыруу алдым. Өзгөчө Астана шаарындагы тойлорго күбө болуп жаттым. Күз айында Тажикстанга атайын чакыруу менен чоң иш-чарага катышып келдим. Чынын айтканда, ырчынын бир жакшы ыры болсо эле эл тоюна чакырып, башкача айтканда бир жакшы ыр эле ырчыны багып коет экен. Албетте, өзүбүздүн жерибизде болгон тойлорго чакыруудан баш тарткан жокмун. Менин чыгармачылыгымды баалап, урматтап жакшылыгына чакырган элиме ыраазымын.
- Казактардын бир эле тоюна барып 4-5 миң доллар таап келебиз деп айрым ырчылардын айтканын угуп калабыз. Сен да Алматыга көп барат экенсиң, бул сөздүн канчалык чындыгы бар?

- Эми ар кандай. Ар бир ырчынын өз деңгээли, баасы бар дегендей. Анан кандай адамдын тоюна барасың, ошондон да көз каранды. Чоңдун, байдын тоюна барсаң чоң акча төлөшөт. Кээде тааныш - билиштик болуп, азыраак суммага, акысыз деле ырдап келесиң дегендей. А бир тойдон 4-5 миң доллар алабыз дегендин кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар.

- Мурда Коргоо министрлигинде иштечү эмес белең. Өз алдыңча ырдап чыккандан кийин кандай өзгөрүүлөр болду?

- Коргоо министрлигинен кеткениме эч качан өкүнбөйм. Жаңы жумуштан чыгып жатканда "Жумагүл, ордуңда эле иштей бербейсиңби. Азыр ырчылар абдан көп. Ал жакта деле иштей албайсың. Мындай жумушту эч жерден таппайсың",- деп айткандар да болгон. Ооба, ал жакта да жакшы иштедим. Ичкен кудугума түкүргөндөн алысмын. Бирок ал жерде иштегенде убакыт чектелүү эле. Аскер кызматы болгондон кийин тартип, жоопкерчилик күчтүү болот да. Көп чакырууларга жумуш деп бара алчу эмесмин. Азыр болсо эркиндик бар. Каалагандай басып турам. Чыгармачылыгыма кенен убакыт бөлүп калдым. Бирок азыр кайра чек ара кызматына жумушка орноштум. Кудай буюрса, жакында буйрук чыгат. Бул жолу убактымды чектешпей тургандыгын айтышты. Чек арачылардын концерттеринде, иш- чараларына барып ырдап берип, чоң чогулуштарга катышып турам. Башка учурда жеке чыгармачылыгым менен алек болом.

- Ырчыны баккан бир жакшы ыры болот экен деп айтып калбадыңбы, сенин атыңды кайсы ырың чыгарып жатат?

- Менин чыгармачылыгымды бир тепкичке көтөргөн "Бир келип кетчи Ош жакка" деген ырым болду деп айтсам болот. Ушул ыр менен нан таап жеп, чыгармачылыкка аралашып, өз күйөрмандарымды таба алдым. Чынын айтсам, канча тойго барбайын "Бир келип кетчи Ош жакка" деген ырымды көп суранышат.

- Майрамдык кечелерге борборго келип тартылып кеткен сен үчүн оорчулук туудурбайбы. Деги эле борборго көчүп келүү туурасында ойлор барбы?

- Жок, эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Тескерисинче, менин ырларымдын телекөрсөтүүлөрдөн кетип жатканы мен үчүн зор сыймык. Ар бир майрамдык кечеге тартылууга кубануу менен келип кетем. Талантың болсо, элдин суроо - талабы күчтүү болсо, телекөрсөтүүлөр деле элдин талабын аткарып, жакшы ырчылардын ырларын, клиптерин байма- бай берип турат. Ал эми борборго көчүп келүү туурасында ойлоно элекмин. Талантың болсо айылда жашап деле атың чыга берет.

- Эл оозуна алынып, эл көзүнө көрүнүп калган кыздардын колун сурагандар да көбөйөт эмеспи. Айтсаң, сага куда түшкөндөр барбы?

- Жок деп айтсам калп айткан болом. Бойго жеткен кыз элдин көзүндө болот экен. Колумду сурап, сөз айткандар аябай көп. Бирок адамдардын баары эле жакшы ой менен келбейт экен. Сөз айткандардын арасында да ою жаман, жөн гана күнүмдүк кызыкчылыгын көздөгөндөр бар. Андайларга сылык гана жооп берип коем.

- Ошондой кишилердин арасында чоңдор да барбы?

- Бар. Кызматына, байлыгына манчыркап жаш, сулуу кыздарды тузагына илген чоңдор туурасында көп эле угуп-көрүп, аралашып жүрөбүз да. Бирок мен акчага, байлыкка кызыкпайм. Анткени анын баары өзүмдө бар.

- Чыгармачылык деп жүрүп, жеке жашооң унутта калып кетпейби?

- Буга чейин турмушка чыгуу, жигит жандоо дегенди такыр ойлочу эмесмин. Азыр ойлоно баштадым. Жакшы адамга жолуксам, турмуш куруп, эне болсом деп кыялданып калдым. Кудай буюрса, 2014-жылы теңимди тапканга аракет кылам.

- Тилегиңе жет.
Жаркынай Кадыркулова