Катарынан карасак...
Салмагың канча, саясатчы?
(САЯСИЙ САЛМАК ИНДЕКСИ - 2013: СОЦИОЛОГИЯНЫН СЫНЫНДАГЫ САЯСИЙ ЭЛИТА)

(Башы өткөн санда)
2013-түн "таасирдүүлөрү".
Өлкөнүн саясий жашоосунун дээрлик монополисттик катышуучулары, мамлекеттин өнүгүү нугун аныктагандар башкаруучу элита болуп калбадыбы. Карапайым калк өз дүйнөсүнүн көйгөйлөрү менен гана алпурушуп жаткандай сезилет. Андыктан дал ушул бийлик элитасы жакынкы жана алыскы келечекте республиканын тагдырына чечүүчү таасирин тийгизээри анык. Ошентсе да бийлик эшелонундагы төбөлдөрдүн ичинде саясий "аба ырайды" жасоого дараметтүү, өзгөчө таасирге эгедер болгон инсандар бар. Ал эми алардын таасири таризделген бийлик каражаттары аркылуу ачык, ошондой эле көмүскө түрдө дагы жүзөгө ашышы мүмкүн. Бул изилдөөнүн жүрүшүндө саясий ландшафттын таасирдүүлөрүн аныктоого багыталган тиешелүү суроону эксперттерге узаткан элек. Эксперттик пикирди жалпылоонун негизинде "таасирдүүлөрдүн" 2013-жыл үчүн төмөнкү рейтинги келип чыкты.
2013-жылдын май айындагы өлчөөгө салыштырмалуу (бул изилдөөнүн жыйынтыктары "Кыргыз Туусу" гезитинин 2013-жылдын 28-июнундагы №49 (23740) санында жарыяланган, ошондой эле тиешелүү маалыматтарды www.sak2010.com веб-сайтынан таба аласыз), жыл аягындагы таасирдүүлөрдүн тизмесинде өзгөрүүлөр жок эмес. Маселен, мырзалардан А.Атамбаевдин, ал эми айымдардан А.Салянованын таасирлери кыйла жогоруласа, Ө.Текебаевдики төмөндөгөндүгү байкалат. Президент өлкөдөгү эң таасирдүүнүн тагын сактап кала алса, башкы прокурор экс-президент Р. Отунбаеваны экинчи орунга сүрүп чыгарып, 1-чи орунду ээледи. Мындай көрүнүштү, биринчи кезекте, бул саясатчылардын эффективдүү ишмердиги, тагыраак айтканда, акыркы мезгил ичинде кооррупцияга каршы жүргүзүлгөн жигердүү иштери, жемкорлордун бир тобунун тутукундалышы менен ырастасак болот. Бу жолку таасирдүүлөрдүн рейтингинде "жоготуулар" да орун алды. Мисалы, А.Жээнбеков, Ж. Сатыбалдиев, А. Келдибековдор мурда 4-орунду ээлеген болсо, азыркы тизмеге такыр эле илинбей калышкан. Тескерисинче бул позицияга "жаңы адам" келди: Ө.Бабанов акыркы учурларда чоң саясаттан четте жүргөнүнө карабастан, эксперттик пикирге ылайык, түйүндүү саясий кызматтагыларды таасирдүүлөрдүн тегерегинен сүрүп таштады. Таасирдүү айымдардын катары да жаңы "оюнчулар" - депутат Д.Ниязалиева жана каржы министри О.Лавровалар менен толукталганы саясий айдыңда соккон шамалдын багыты өзгөргүч келээрин кабарлап тургансыйт.
"Партияң ким экендигин айтсаң сенин ким экениңди айтып берем". Мамлекеттин ахыбалы анын кыр аркасын түзгөн тиешелүү бийлик институттарына байланыштуу экени чындык. Алардын натыйжалуу ишмердигинен карапайым калктын турмушу тикелей көз каранды. Андыктан эксперттер сурамжылоонун алкагында негизги саясий институттардын 2013-жыл ичиндеги ишмердигинин эффективдүүлүгүн баалашкан эле. Баалоо 10 баллдык шкаланын жардамы менен жүргүзүлгөн. Эксперттердин берген бааларын жалпысынан "орто" деп мүнөздөсөк болот. Алар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: президент институту 5,3 балл; прокуратура - 5,2 балл; парламент - 4,9 балл; өкмөт 4,5 балл; сот институту - 3,5 балл.
Мамлекетибиз парламентке жана жергиликтүү эл өкүлдөр институттарына талапкерлерди шайлоонун жаңы тутумун тандап алганы, кыргыз саясий ландшафтынын кубулган жүзүн партиялар аныктап келет. Өлкө партиялык "курулуштун" баштапкы баскычтарында турса да, тиешелүү саясий маданияттын желаргысы сого баштады. Дегенибиз, чоң саясатка аралашуунун бирден бир иштиктүү жолу катары тигил же бул күчтөрдүн конкреттүү саясий партиянын тегерегине чогулушу же жаңы партиялардын түзүлүшү сымал көрүнүштөр орун алууда. Анда парламенттен тартып муниципалдык жана жергиликтүү кеңештерге чейин өз "үлүштөрүн" ээлеп турган саясий партиялар бүгүн кандай иштеп жатышат? Эксперттер булардын ишмердигин да 10 баллдык тутум аркылуу баалашкан. Депутаттык кресло үчүн күрөштө көпчүлүгү жети пайыздык тосмону араң ашып түшкөн партиялардын иши "орто" жана "төмөн" деген эксперттик бааларга арзыган.
Кайра эле "Кумтөр". Өлкөнүн саясий турмушунун ыргагын, бүтүндөй саясий элитанын таскагын бузган көйгөйгө "Кумтөр" кени айланды да калды. Сары алтындын чаңына аралашып калган сымал митингдердин, саясий оюндардын, аягына чыкпаган парламенттик талаштардын, дебаттардын, өкмөттүн маалыматтарынын ак-карасы, чын-төгүнү билинбейт. Деги бул туңгуюктан чыга турган жол барбы? Улуу-кичүү дебей, алтын кени жалпы жумурияттын көңүл чордонунда турганда бул маселени айланып кете албадык. Ушундан улам эксперттерге узатылган кийинки суроо мындай болду: "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу маселени чечүүнүн кайсы жолун туура деп эсептейсиз?". Изилдөөдөн алынган басымдуу пикир боюнча "мурда түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу керек". Мындай көз карашты (же алтын кениндеги Кыргызстандын үлүшүн 67-70% чейин көбөйтүүнү) сурамжыланган эксперттердин 50% колдойт. Ошол эле учурда "өкмөт сунуштаган меморандумду кабыл алуу" (же 50%:50%) жана "кенди улутташтыруу керек" деген пикирлер эксперттер тобун тең экиге бөлдү (18 пайыздан). Берилген суроого сурамжылангандын 12% жооп берген эмес.
Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда (тагыраак айтканда Жети-Өгүз районунда) орун алган жергиликтүү калктын каршылык көрсөтүү акцияларынын чыныгы себептерине байланыштуу эксперттик пикир дагы экиге бөлүндү: алардын 48,0% "элди айрым саясий күчтөр атайын чыгарууда" десе, 40,0% "эл өз ыктыяры менен чыгып жатат" деп эсептейт (12% суроого жооп берген эмес). Ошентип алтын меселеси эксперттик чөйрөдө да талаш пикирлердин кени болуп кала берет окшойт.
Изилдөөбүздүн жыйынтыктоочу суроолору, салт болуп калгандай эле, келечекке багытталып, божомолдоочу мүнөзгө ээ болду. Тактап айтканда, сурамжыланган эксперттер жакынкы алты айдын ичинде мамлекетте саясий туруксуздуктун келип чыгуу, ошондой эле парламенттин тарап кетүү (же таркатылуу) ыктымалдыктарын божомолдошкон. 1-чи диаграммадан баамдап тургандай, басымдуу эксперттик пикир боюнча саясий туруксуздуктун ыктымалдуулук чектери 20-40% деп белгиленди. Ал эми Жогорку Кеңештин тарап кетүү тобкелдиктери мындан жогору болуп, эксперттердин көпчүлүк бөлүгү анын ыктымалдуулугу 40-60 пайыздын тегерегинде деп боолголоду.
Мына ушундай божомолдор менен, урматтуу окурман, кыргыз саясий элатасынын 2013-жылдын жыйныктоочу саясий рейтингин талдоону соңуна чыгаралы. Жаңырган жылда калкыбызды жакшылык жылоолоп, мамлекетибизде тынчтык гана болсун дейли. Биздин изилдөөгө катышкан эксперттерге калыс, көз карандысыз жана негиздүү пикирлери үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Сиз менен, урматтуу окурман, жаңы изилдөөлөрдүн үстүндө жолгушууга чейин демекчибиз.

P.S. КСАнын саясий элитага байланышкан мурдагы изилдөөлөрүнүн жарыяланган жыйынтыктары менен биздин веб-сайтка кирип, кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүңүз бар экендигин эскертебиз. Веб-сайттын дареги: http://www.sak2010.com; ошондой эле фейсбуктагы баракчабыз: http://www.facebook.com/SociologicalAssociationofKyrgyzstan


Изилдөөчүлөр тобу:
Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын (КСА) президенти,
социология профессору - Кусеин ИСАЕВ;
Социология илимдеринин кандидаты - Самар СЫРГАБАЕВ;
Саясий илимдеринин кандидаты - Бакыт СЕЙИТБАЕВ
Социология илимдеринин кандидаты - Бакыт МАЛТАБАРОВ