Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Кыргыз гезиттер
Тагдыр
Катаал турмуш, кайда алып баратасың?
Мейли миң жыл, мейли жүз жыл жашагын,
Анык бир күн жер түбүнө жатарың.
Кайырчы бол, падыш бол-баары бир,
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.
(Омар Хайом)

Кыштын суугу бети-колду тызылдатканда кыш чилдесинде көчөлөрдө күн кечирген селсаяктар эсиме түштү...

Өткөн жылы Караколдо Кыргыз Республикасынын улуттук Кызыл Ай коомунун Ысык-Көл областы боюнча өкүлчүлүгүнүн короосунда туруктуу жашаган жери жок 20 адам үчүн убактылуу жашоочу жай ачылган. Анда адамдар жылуу, жумшак жатып эс алууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Кроваттар, матрац, төшөнчү,шейшеп, паластар кыскасы, бардык буюмдар жаңы сатылып алынып, бөлмөлөр жаңы ремонттолгон болчу. Чайканып алууга душ бөлмөсү, бир маал ысык тамагы уюшулган. Эртең ошол жакка барайынчы деп ойлодум.
Эртеси саат 10 чендерде эле "Үмүт-Надежда" деген аталыштагы ошол убактылуу жашоо борборуна жетип бардым. Ага кирип, бош кроваттарда тоголоктоп жыйнап койгон төшөнчүлөрдү көрүп, шаабайым сууй түштү. "Баары эле эртең менен кетип, кечинде чогулушат"-деди ал жерде иштеген келин. Ар бир бөлмөдө жылыткыч, ичи таза, бир бөлмөдө телевизор коюлган. Кир жууган автомат машинасы, кийим үтүктөгүч, зарыл болгон буюмдар өз орундарын тапкан. Медпункт жаңы ачылгандагыдай эле таза,тыкан. Анда учурда 16 адам жашарын билдик. Жакында эле эки эгиз баласы менен бир үй-бүлө батир таап чыгып кетишкен экен.
Аялдар бөлмөсүндө Людмила деген 56 жаштагы аял гана калыптыр. Берген суроого кекечтенип жакшы жооп бере албады. Аны бул жердегилер тетя Люда деп чакырышат. Табиятынан токтоо аял. Людмиланы кызы бага албай калганын, эки баласы бар экенин, дагы кош бойлуу болгонун, өзү батирлеп жашай турганын айтып, аны ушу жайга тапшырып кеткен экен. Людмиланын жашоосу өз учурунда жакшы эле болгон окшойт, бир кезде учкуч күйөөсү экөөнүн эки эркек, бир кызы болгон. Кийин күйөөсү, анан эки баласы да каза тапкан. Иниси кендир менен алектенип жүргөндө милициялар бул иштин бетин ачкан. Ал инисин аяп, күнөөнү өз мойнуна алган. Натыйжада 7 жыл эркиненен ажыратылып, 2 жылдан соң амнистияга туш келип, эркиндикке чыккан. Түрмөдөн чыкканда справка берилип, документтерин ала алган эмес. Жүрөк оорусу кармап жыгылгандыктан, кекечтенип жакшы сүйлөй албайт.
Сыртта олтурган эки кишинин бири алтымышка таяп калган Исаков Аскар деген адам менен кобураша кеттим. Өзү Түп районунан, бутун үшүтүп жибергендиктен, эки жакка чыкпай олтуруптур. "Жаш чагымда колхоздо механик болуп, Пржевальск ПМКсында иштедим. 1982- жылдан бери селсаяктык менен күн кечирем. Энемдин боюнда мен 7 айлык кезимде атам каза болгон экен. Эжем, агам бар эле. Алардын да көзү өттү. Энем алтымыштан ашып көз жумган. Үч бөлмөлүү үйүбүз бар болчу. Улуу агам аскерде жүргөндө орус улутундагы кыз менен жетелешип келген. Кийин ошол жеңем экөө үйдү сатып жиберип, Москвага кетишиптир. Каза болгонун кийин уктук. Мен болсо көбүнчө мал бактым. Ар кимдин малын. Бир адамдыкында 4 жыл 7 ай жүрдүм. Бир тыйын алган жокмун, кара курсактын камы менен жүрө бердим. Ойлонуп, малды санап короого киргизип, атты байлап, үйдү бекитип кетип калдым. Анан тааныштарым аркылуу Бишкектин четинде бирөөнүн малын бактым. 2 ай 2 жарым миң сомдон төлөп беришти. Кийин акча бербей калышты, андан кетип, Караколго келип, Пушкин атындагы парктагы бир эстеликтин артында чоң карагайдын түбүн байырладым. Кечкисин ошол жерге жатып алчумун. Мени ал жерге бийге барган жаш балдар сабап кеткен күндөр да болду.
Былтыр кой кайтарган резинка өтүгүм менен жүрө берип, кышында бутумду үшүтүп жибердим. Дарыгерлер эки бутумдун башын кесүү керектигин айтканда, алгач макул болбой, оорукананын алдында көпкө олтурдум. Үй-жайым жок болсо, "карышкырды эки буту багат" дегендей, эки бутуман башка эмнем бар? Акыры алардын айтканына көндүм дейт Аскар ага.

-Балдакты ким берди?-дедим.

- Жөн эле жыгач таянып тентип жүрсөм, бир таксист байкап жүргөн окшойт, балдак берди. Бирөөнү кызыл жарым ай коому берген.

-Эми мындан ары кантип жан сактайсыз?

-Кайрадан мал багам. Бул жердин жетекчилиги протез койдуруп берсе, бассам эле болду, мал багам. Мында турганыма бир жылдан ашты.

-Апаңызды эстейсизби, өткөн күндөрдөн кайсы мезгилди көп эстейсиз?

- Мамам Түптө кафеде кароолчу болчу. Өткөндү эстегенде эмне, мындан ары кандай жашоону ойлонуш керек. Эми бир-эки жыл жашасам, мага ошол жетет. Бул жашоого деле тойдум. Кээде бул жерден чыгып, балдак менен базарга барып, таныштардан тамеки-самеки алып кайра келем. Балдар кээде кыйнап жүз грамм берип коет,-дейт.
Бул жайда иштегендер: -Жакында Намазбек деген 12 балалуу кулагы катуурак бир аксакал келди,-дейт. Аны ар кайсы баласы алмак-салмак багып жүрүшөт окшойт. Бир жолу Караколдо жашаган баласыныкына келсе керек. Ал бизге "убактылуу бул жерде туруп турсунчу, ар нерсени айтып тажатты, бул жердин жашоосун көрсүн, ар кандай тагдырларды уксун" деп бир айга мында таштап, кайра алып кетишти, -деп айтты.
Бул жер бир жыл мурда ачылып, бардыгы 85 кишини кабыл алган. Мында убактылуу жашап, бири жумуш таап кетсе, экинчиси туугандарыныкына, үчүнчүсү балдарынын үйүнө, дагы бири карылар үйүнө, күндө ичимдик ичип, тилемчилик кылып, "эркин" жашоону каалагандар селсаяктык жашоого кайрадан аттанышат. Көп тагдырлар жазылган жайда адамдын асыл дагы, булганыч дагы сапаттарын билет экенсиң. Арасында башкаларга алданып, жылдап бир тыйын албай бирөөлөр үчүн бекер иштегендер, ичимдикке тоюп алып үйүнүн документтерин алдырып жибергендер, тагдырдын түрдүү толкунуна кабылгандар, өз күнөөсү, өз кемчилиги менен селсаяктык жашоого баш байлагандар бар. Алардын жашоосу, карагай түбүндө, көп кабаттуу үйдүн подүездинде, от жагуучу жайларда өткөн.

- Бүгүн эмне тамак берилет?-дедим ашканага кирип.

- Гречка шорпо. Эртең менен рожки басып бергем,-дейт ашпозчу Раушан эже. -Бул жерде эки маал тамак беребиз. Бир кишиге бир бөлкөнүн үчтөн бири берилет.
"Үмүт-надежда" үйү социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын каржылоосунда КРнын мыйзамына ылайык уюшулган. Кыргыз Республикасынын улуттук Кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл областы боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Ж.Кадыралиева аталган борбордун жашоочулары шаардык мекемелердин жардамы менен жумушка тартылып, айлык акы төлөнүп, ден соолугу көзөмөлдөнүп турарын билдирди. Ал бул иш-аракеттин аркасында аталган категориядагы адамдар арасында кыш күрөөдө тоңуп өлгөндөрдүн, алкоголдук интоксикациядан зыян болгондордун саны кыскарышы керек деген тилегин кошумчалады. Учурда алардын тамак-ашына төлөнгөн акчаны Каракол шаардык мэриясы каржылайт. Бирок, ал каражаттын жаздан кийин да төлөнүп-төлөнбөшү азырынча белгисиз бойдон калууда.
Жумагүл БАрКТАБАСОВА







Пикир:

Яндекс.Метрика