Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Жан дүйнө жаңырыгы
Токтоолук
Токтоолук көтөрүмдүү кимден калган?
Тоотпой жүк көтөргөн пилден калган.
Тобо деп, ток пейилди ыйык тутуп,
Токтоолук - тоолук кыргыз элден калган.
Токтоолук толкуп келген жоону жеңген,
Токтотуп элдин кутун сактап келген.
Төп кылып мүнөзүнө жараштырып,
Тоолорду кыргызыма кудай берген.
Тоолордой ак мөңгүлүү, чалкалаган,
Тоолуктар токтоолукту аркалаган.
Тойбогон алкы бузук арамдардан,
Теңирим эл-журтумду калкалаган.
Токтоонун "жоош" деген бир аты бар,
Түшүнбөй айта берет шалаакылар.
Тоотпой жүргөнүңдү пастыктарын,
Теги жок, билими жок-сезбейт алар.
Токтоолук топук берип баарыбызга,
Токтолуп ыйман, ырыс жаныбызга.
Топтошуп пикеттерге чыкпайлычы,
Топ бузуп шек келтирбей бүт кыргызга.

Чоң казат
Кылымдын изи жаңылып,
Кытайга кетип жаңырык.
Кашыктап жыйган мээнеттен,
Калчудай болуп айрылып.
Кабылып мүшкүл сыноого,
Калың журт турду кайгырып.

Айтканда кантем башканы,
Айкөл Манас дастаны
Аз жерден элден кол үзүп,
Адашып кете жаздады.
Кайтып бизге жарыгы,
Кайгыдан журтум арылды.
Канат байлап көңүлгө,
Карганбектин салымы.
Үзүлбөй үмүт жарыгы
Үчилтик ээси табылды.
Үлгү болуп жалпыга,
Үзүрлүү иштин бардыгы.
Кабылан Манас баштаган,
Калыстыктан кайтпаган.
Калкынын чечип мүдөөсүн,
Каада-салтын барктаган.
Кайраттуу жигит Карганбек
Кажыбай кылган ак эмгек.
Кайтарып жүрөт жаныңда,
Кырк чоро менен Алманбет.
Даанышман ишти баштаган,
Даап артка кайтпаган.
Даңазалуу жол тапты-
Дагы кантип айталам.
Кубаныч батпай жүрөккө,
Кыргызым жетип тилекке.
Каниет кылып турабыз,
Кут болуп ырыс, береке.
Акталып албан эмгегиң,
Айрыкча сүйгөн эл-жериң.
Айып болбос эгерде,
Ажобуз берсе орденин.
Чогулуп кылган эмгегиң,
Чоң казатта жеңгениң.
Чын калыстык бар болсо,
Чоңдоруң берээр орденин.
Чоңдордон акыл чыкпаса,
Чоо-жайды тыңдап укпаса,
Чоочубай балам окуп кой,
Чоң ишти жаздым кыскача.
Чын жүрөктөн чыккан сөз,
Чындыкты айтып таптаза.

Замана
Жакшы менен жаманды,
Тууралаган Замана
Жаңылганда сөзүңдү,
Бурмалаган Замана.
Жокчулуктун аягын,
Бардар кылган Замана.
Жоон топту бир жанга
Кардар кылган Замана.
Байлык менен бийликти,
Байкуш кылган Замана,
Бал тилиңди агытып,
Айтыш кылган Замана.
Көк сорпого айранды,
Катык кылган Замана.
Жаш селкиге чалдарды,
Ашык кылган Замана.
Ач көздүктүн айынан,
Ачка калган Замана.
Алдым-жуттум көп болуп,
Талкаланган Замана.
Ага-тууган бийликти,
Аркалаган Замана
Келечегин жаштардын,
Балталаган Замана.
Жан дүйнөңдү кейитип
Жапа чеккен Замана.
Жай таба албай жашоодон,
Нашаа чеккен Замана.
Пикеттерге жалданып,
Акча берген Замана
Карылардан кут кетип,
Башка жеген замана.
Кур намыска чиренип,
Кудалашкан Замана.
Кулда болсо сыйлашпай,
"Кубалашкан" Замана.
Кен байлыгын сапырып,
Жакыр болгон Замана.
Элдин кутун качырып,
Каапыр болгон Замана.
Бир-бирине ишенбей,
Жүйүт болгон Замана
Ирип-чирип ичтеи,
Күйүт болгон Замана.
Заманага таарынып,
Зар какшаган пенделер.
Арыз-муңун айтууга,
Жол таппаган пенделер.
Үзүлбөгөн үмүт бар,
Үлгү болоор ниет бар.
Учу-кыйры түгөнбөс,
Улуу Залкар тилек бар.
Ак тилек кылып жалпыга,
Ниетти түздөп жакшыга.
Үмүттү үзбөй туралы,
Үлгүлүү иштер астыда.
Заманабыз оңолот,
Залимдер кетип жоголот.
Запкы көргөн эл-журтум,
Бутуна туруп оңолот.

Адылова А.С.
Чырпыкты айылы, Ысык-Көл району





Пенсия каратажын төлөп берүү мөөнөтү жаңы шартта жүргүзүлө баштайт
Социалдык фонд өлкөбүздөгү пенсия курагына жеткен аксакалдардын социалдык маселелерин чечүүдө жана пенсия төлөп берүүнүн үстүндө кызмат көрсөтүп келе жатканына былтыр мына 20 жылдын жүзү болду. Буга чейин бир нече жыл мурун аталган фонд үчүн жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу маалында бир топ оор маселелер жаралган. Анткени жарандар ал учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдө аз көлөмдө төлөшкөн же төлөөдөн такыр качышкан. Мындан улам, бир нече жыл мурун Соцфонддун казынасы тартыш болуп, пенсия ар кандай шартта өндүрүштүк (ун, шекер) товарлар менен берилип келген. Буга тарых өзү күбө. Андан бери атап айтсак, фонд тарабынан өз убагында алгылыктуу иштер аткарылып, мамлекеттик кызматкерлерден камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууда киреше бөлүгү канааттандыраарлык деңгээлге жеткени жылдык отчеттон билинип олтурат.
Социалдык фонд буга чейин почта жана коммерциялык банктардан пенсия каражаттарын өз убагында төлөп келген жана жыл аягында карызы жок деген билдирүүсүн массалык маалымат каражаттары аркылуу жазып чыкты. Эми үстүбүздөгү жылдын ар бир айында пенсия каражатын төлөп берүү мөөнөтү мыйзамда көрсөтүлгөндөй жаңы шартта жүргүзүлө баштайт. Пенсионерлердин тең укуктук принциптерин сактоо максатында, тактап айтканда февраль айынын 10унан баштап гана коммерциялык банктар жана Кыргыз почтасы аркылуу жалпы республика боюнча пенсия бериле баштайт. Кийинки айларда да ушул эле убакта пенсия алуу мөөнөтү кайталанат. Ошондой эле бул мекеменин пенсия системасынын мындан кийинки иштерин алдыга жылдырууда жана акча каражатынын туруктуулугун бекемдөөдө алдыда аткарыла турган бир топ максаттары айтылып келет. Мекеменин каржылык системасын реформалоо учурдун башкы талабы экендиги талашсыз. Анткени пенсионердин жашоо минимуму жыл өткөн сайын кыйындап барат, буга кошо инфляциянын өсүүсү бирден бир себеп. Азыркы кезде өз алдынча иштеген жарандар (ишкер ж.б.) камсыздандыруу төгүмдөрүн ай сайын орточо эсеп менен 400 сом гана өлчөмүндө төлөп келет. Ал эми айылдык товар өндүрүүчүлөр (дыйкан, фермер) болгону 30 сом, соодагерлер 80-200 сом өлчөмдөгү каражатты өз эсептерине которушууда. Ушул баскычта улана берсе, чегерген (төлөгөн) суммасына ылайык пенсия курагына жеткен дыйкан болгону 70 сом, ишкерлер 980 сом пенсия алаары белгилүү болот. Көрсөтүлгөн тариф 9 жылдан бери өзгөрүүсүз иш жүзүндө улантылып келе жаткандыгын эске ала турган болсо. Мындай абал белгиленген тарифтик бааларга жаңылануу мезгили жетип келгендигинен кабар берет. Акыркы жылдарда салык кызматы патенттин наркын 700 сомдон 3200 сомго жогорулатканы баарына маалым. Эгерде салык кызматынын тарифтик өлчөмүнө салыштыруу жагы каралса, 4 эсе айырмачылык бар экени байкалат. Албетте, жогоруда белгиленген сумма менен келечекте татыктуу пенсия алат деп айтуу кыйынга турат.
Адегенде, жарандардын татыктуу пенсия алуусу максатында Социалдык фонд тарабынан жаңы концепция долбоору иштелип чыкты. Анда жеке ишкерлер (дыйкан,фермер) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө жаңы тарифтик баа сунуш кылынат. Башкача айтканда дыйкан же фермер жер үлүшүнөн эмес, орточо эмгек акы өлчөмүнөн ай сайын 4%, ишкерлер орточо эмгек акыдан 10% камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик чендерин өзгөртүү чаралары каралып жатат, тарифтик саясатка карата мындай өзгөртүү киргизилсе, анда болочокто пенсионерлер үчүн оптималдуу түрдө пенсия чегерилээри дайын болот.
Азыркы пенсиялык системанын түзүмү пенсионердин жакшы жашоосун камсыздоо максатында бир нече багытта иш алып барат. Пенсионерлерге Соцфонддун бир канча каржы булактарынан, өз убагында чегерген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына ылайык акча каражаты төлөнүп берилет. Анын сыңарындай Социалдык фонд чет өлкөлүк пенсия фонддору менен биргеликте, өз жарандарын пенсия менен камсыздандыруу маселеси боюнча жаңы усулдарын ишке киргизүүдө тажрыйба алмашып келет.
Бирок ошентсе да пенсия өлчөмү замандын талабына ылайык учурдагы пенсионердин жашоосунун каражат маселесин толук түрдө чечет деп айтуудан алыс болуу чындыкка дал келет. Анткени дүйнөлүк экономика талаасында күн санап пенсионерлер үчүн жакшы шарттарды түзүү жагдайы орчундуу маселе бойдон калууда. Бул өңүттөн алып караганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду приоритеттүү тапшырмаларды алдына коюп, келээрки муундун жакшы шартта жашоосу үчүн алдын ала чараларды көрүүдө. Ошондой эле ишкер жана башка тармактарда эмгектенгендер камсыздоо төгүмдөрүн ар жыл баскыч сайын көбүрөөк (чегерсе)төлөсө, ошого ылайык жогору суммадагы пенсия алаарын аталган фонддун кызматкерлери билдиришет. Эске сала кетсек, 2013-жылдын орточо пенсиянын көлөмү 4554 сом болуп, 10% га жогорулаган. Ал эми серепчилердин айтуусу боюнча, келээрки жылдарда айыл чарба өндүрүүчүлөр жана жеке ишкерлердин камсыздандыруу төгүмдөрү Социалдык фонд сунуш кылган жаңы тарифте төлөнө баштаса, жакынкы убакта пенсиянын көлөмү да жогору болоору мерченделүүдө. Бирок белгилей кетүүчү жагдай, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн акча каражаты ар бир жарандын катталган жеке эсебине түшөөрү мамлекет тараптан кепилдик берилет. Бир да тыйыны экинчи адамдын эсебине же мамлекеттин капчыгына алынат деген куру сөздөр суу кечпейт, тескерисинче камсыздандырылгандардын 20-25 жыл чогултулган каражаттары мамлекеттин кепилдиги менен пенсионерлерге милдеттүү түрдө төлөнөт. 2010-жылдан тарта чегерилген суммасынан 2% өлчөмдөгү төгүмдөрү коммерциялык банктарда жүгүртүлүп, соңунда пайызына жараша көбөйтүлүп, пенсия курагына жеткен жаранга кошумча каражат катары кайтарылып берилет деп белгилешет соцкызматкерлери.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу







Пикир:

Яндекс.Метрика