Кылмышка кылтак...
Депутаттар мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө каршыбы?
"Ата-Мекендин" атасы Өмүрбек Текебаев өткөн жылдын этегинде жалпы коомчулукка майдай жага турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Атап айтсак ал : "Оор кылмыштардын мөөнөтүн алып салуу" , "Мамлекеттик чыккынчылык" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген үч беренеден турат. Бирок бул мыйзам карапайым калкка майдай жакканы менен депутаттардын басымдуу бөлүгүнө караманча жаккан жок. Добуш берүү 15-январда болуп өттү. Залда 60ка жетпеген депутат олтурганына карабай, 99 депутат катталганын автоматтык каттоо аппараты кашкайта көрсөтүп турду. Добуш берүү башталганда, залда олтургандар келбеген депутаттардын кнопкасын басуу менен алек болуп, стол айланып "сайгактаган" малдай чуркап жүрүштү. Натыйжада мыйзамдын кабыл алынышына "макул" деп добуш берген депутаттардын саны 40ка жетсе, "каршы" добуш бергендердин саны 55ке жетип токтоду. Бирок жогоруда белгилегендей, ал учурда 95 депутат залда жок эле. Келбегендер үчүн келгендер уруксаты жок эле добуш берүү адаты азыркы парламенттин эң башкы аракети экенин баары эле түшүнөт.
Ошентип, чоң маселеге айланган бул мыйзамдын долбоору далай атка минерлердин тынч уйкусун бузуп, санаасын санга бөлгөнү ачыкталып, Кыргызстандагы коррупцияга каршы чоң сокку боло турган, мамлекеттин өнүгүшүнө бирден-бир жол ача турган абадан зарыл мыйзамдын кабыл алынышына бут тосулуп калды. Эмнеге бут тосулганы элибизге эң жакшы түшүнүктүү, анткени бул мыйзамга каршы болгон депутаттар таза эмес. Буга чейин иштеп келген кызматтарында коррупциялык иштерге малынганынан кабар берет. Демек, андай жемкорлорго мындай мыйзамдын эмне кереги бар? Керек болсо, кандайдыр бир шарт түзүлүп калса, мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон Өмүрбек Чиркешовичти ташбараңга алуудан да кайра тартышпайт.
Эми каршы добуш берген фракциялардын, тагырагы 55 депутаттын айрымдарынын баскан жолуна учкай токтололу.


"Ата-Журтту" айтпасак да түшүнүктүү...
Бул фракциядан жалпысынан 28 депутат болсо, анын 20сы (добуш берүүгө келген-келбегени кошулуп) Текебаевдин мыйзамын "тепкиге" алышкан.Экөө гана колдоп добуш берип, башкалардан айырмалана алышкан. Негизи, бул фракциянын онго жакын депутатынын буга чейин эле абийири аштай төгүлүп, коррупциялык иштери ж.б. акылга сыйбаган жоруктары ачыкталып келген. Мисалга : Ташиев, Жапаров Мамытов, Түлеев, Келдибеков, Сулайманкулов баштаган бир нече депутаттарды айтсак болот. Ал эми мыйзамга аксакал депутаттары , өмүр бою мамлекеттик чоң кызматтарда иштеп келишкен, өздөрүн кыйын юристтер деп эсептешкен Курмантай Абдиев менен Мыктыбек Юсупов караманча каршы болушкан. Алардын жолун жолдогон Айдаров Нургазы, Арапбаев, Жолдошева, Динара Исаева, Саматов Жыргалбек, Чолпонбаев Улан, Роман Шин ж.б. 13 депутат бар. Бул аттары аталган депутаттар эчактан бери ар кандай мыйзамсыз иштерге шектелип келатканы белгилүү. Мисалы, Арапбаев менен Айдаров Оштун эң бай адамдарынын бири. Арапбаевдин былыктары ачыкка чыгып, ага кылмыш иши козголгон. Бирок ал иш белгисиз себептер менен аягына чыкпай токтоп турат. Ал эми бул мыйзамга Жолдошева Жылдыз каршы болбогондо ким каршы болот? Каршы болбой, "макул" деп добуш берсе, анда Жолдошева болбой калбайбы? Анын "Курманжан датка" фондусуна жамынып алып, Ысык-Көлдө "басып" жаткан 20 гектар жери боюнча чатагы коомчулуктун чалкасынан кетирип, жийиркентип турган чагы. Динара Исаевага болсо сөз жок. Бир жылда араң бир сүйлөсө сүйлөп, сүйлөбөсө такыр сүйлөбөгөн бул айымга, мындай мыйзамдардан өзүн болбосо да, кыргыз мамлекетине кыянаттык иш кылып, өз элинен качып-безип жүргөн күйөөсү Данияр Үсөновду коргоо аялдык-жубайлык милдети эмеспи. Чолпонбаев Уландын артынан да далай сөздөр ээрчип келет. Алардын эң эле чулгандуусу Камчы Көлбаев менен жакын дос экени, УКТнын туруктуу мүчөсү тууралуу маалымат. Шин болсо башынан эле кыргызга кылча күйбөгөн, акчанын артынан кулаган адам. Айтор, бул мыйзам мамлекеттин кызыкчылыгына төп келгени менен "Ата-Журттун" депутаттарынын кызыкчылыгына төп келбейт. Демек, мамлекет менен "Ата-Журттун" кызыкчылыгы эки башка нерсе экенин ушундан улам даана байкалып турат.


Экинчи орунда "Республика"...
Бул чуулгандуу мыйзамга каршы добуш берүү жагынан биринчи орунду "Ата-Журт" 20 депутат менен ээлесе, 16 депутат менен "Республика" фракциясы камсыздап олтурат. Каршы добуш бергендердин арасында: мурда министр болгон Роза Акназарова баштаган, кылмыш козголгон депутаттар Пирматов Искак, Элмурат Обдунов өңдүү депутаттар бар. Пирматовго кызматта турганда 250 млн. сомдон ашык акчаны жеп койгондугу боюнча кылмыш козголуп, ал аягына чыкпай турат. Ал эми Обдуновго ОшМУда бухгалтер болуп турганда 500 миң сомго жакын акчаны өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы боюнча кылымыш козголгону менен, ал да жоопко тартылбай келет. Андан тышкары, өзүн өтө өткүр жигит сезген Алтынбек Сулайманов да бул мыйзамдын алдында коркконун билгизип, каршы добуш берген. Арипов, Режевалиев, Бокоев өңдүү бар экени же жок экени анча билинбеген депутаттар да бул мыйзамга каршы болгон. Айтмакчы, Кенжебек Бокоев депутаттыкка чейин Таластта айыл өкмөт болуп иштеген. Артында бир мандеми бар окшобойбу. Бирок бул фракциянын жалпы чечими өздөрүнө анча таандык эмес. Партия атасы Өмүрбек Бабанов мындай маанилүү чечимдерге өз таасирин тийгизип турат. Анткени, ал дагы бул коррупционерлердин "башын жула" турган мыйзам "менин башымды дагы жулуп кетпесин" деп алдыртадан сактанып, сагызгандын кадамын шилтеп турган чагы.


Мамытбай менен Мамат аксакалдардын корккону эмне?
Бул мыйзамга добуш берүүгө Кыргызстан социал демократтар фракциясынын 21 депутаты катышып, анын спикер Асылбек Жээнбеков баштаган 19су "макул" деп добуш берсе, аксакал депутаттар Мамытбай Салымбеков менен Мамат Орозбаев каршы добуш беришип, Текебаевдин бул демилгесине тескери пикир айтып турушат. Себеби эмне? Корккону эмне? Албетте, жүйөлүү себеп бар да. Бул эки аксакалдын артынан далай чуулгандуу кептер ээрчип келет. Мисалы, Мамат Орозбаев таза эмес адам экенин президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып жатканда дааналап баса белгилеп айтпаса да, шайлоо убагында КСДПнын атынан депутаттыкка байкабай өткөрүп жибергенин өкүнүү менен жар салды. Демек, президенттин сөзүнүн төркүнүндө мандемдүү кеп жатат. Ал эми Мамытбай Салымбековдун жаш кезинде кыз зордуктап коюп, ал кылмыштын бети белгисиз себептерден улам жабылып калганы байма-бай айтылып келет. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, анда аксакал депутат кылмыштын мөөнөтү эскирбей, ошол "аңгилик" айыбы үчүн жоопко тартылып каламбы деп коркуп жаткан шекилдүү.


"Ар-Намыс" деле жыргаткан эмес...
Атагынан чатагы арбын "ар-намысчылардан" 17 депутат каршы добуш берип, Текебаевди тепкиге алып олтурушат. Бирок алардын арасында "Добуш берген эмеспиз, биздин ордубузга башкалар басып коюптур",-деп Узакбаев Талант менен Майрам Тиленчиева нааразы болуп чыгышып, бул мыйзамга экинчи иирет добуш берүү сунушун киргизишти. А. Артыков,Т. Бакир уулу, К. Иманалиев, Бекбооев, Гусаров, М. Маматалиев сыяктуу мурда кызматта жүргөндөр каршы добуш беришип, өздөрүнүн ачык жүзүн көрсөтүшкөндөй болду.
Ал эми мыйзам долбоорун жазып чыккан Өмүрбек Текебаевдин фракциясынан 11 гана депутат колдоп добуш берген экен. Калгандары, кайда жүргөндөрү белгисиз, айтор жумушка келишкен эмес.

Мыйзам бузгандардын кезектеги жемиши
Бул мыйзам караларына 15 күн калганда, тактап айтканда 2013-жылдын 31-декабарында дагы бир чоң кылмыштын он жылдык мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарып калды. Ал кылымдын аферасы аталган "Кумтөр" келишими боюнча мындан он жыл мурун мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кол коюшкан Өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, Юстиция министрлигинин экс-статс-катчысы Нурлан Алымбаев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы төрага орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков жана өкмөттүн аппаратынын мурунку кызматкери Азимбек Жолошевдерге козголгон кылмыш иши болчу. Эгер биз сөз кылып жаткан мыйзам депутаттар тарабынан кабыл алынып калганда, бул адамдар темир тор артында олтурушмак. Тилекке каршы, ""карга карганын көзүн чукубайт" болуп коррупционерлер коррупционерлерди колдоп, азырынча таза адамдарга булганган адамдар үстөмдүк кылып турган кез. Бул адамдардын кылмышы кыскарып кеткенден кийин мыйзам долбоорунун автору Текебаев "Азаттыкка" : "Эгер мен сунуштаган мыйзам 31-декабрга чейин күчүнө киргенде бул кишилердин кылмыш иштери кыскармак эмес. Ошондуктан булар парламенттеги жана башка кызматтагы таасирдүү адамдар аркылуу жаңы жылдын алдында аталган мыйзамды өткөрбөөгө аракет кылышты. Болбосо, мыйзам долбоорду мен ноябрь айында киргизгем. Парламенттеги айрым комитеттер атайылап эле долбоорду талкуулабай, создуктуруп туруп алышты. Бирок ал мыйзамды кабыл алууга азыр деле кеч эмес. Мындан кийин да кылмыш иштери кыскарбашы үчүн мыйзам долбоорду тезинен кабыл алуу керек" деген пикирин билдирди.

Кайра добуш беришти. Бирок...
Абдан көп пикир жараткан бул мыйзамга кечээ күнү кайра добуш беришип, экинчи окудан кабыл алынды. Бул талап добуш бербей калган айрым депутаттардын талабы менен эмес, жалпы элдин талабы менен болгонун эске алуу зарыл! Экинчи ирет добуш берүү маалында таза эмес депутттар так секирип, эшикке чыга качышты. Ушул учурда да алардын канчалык деңгээлде таза экенин, айтор анык жүзү ачык билинди. Добуш берүү учурунда 102 депутат катталып, анын ичинен 61 "макул", 37 депутат "каршы" добуштарын берди. Муну менен парламент өткөн жумада кабыл алынган мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө чечимди жокко чыгарды.

Айбек Шамшыкеев