Жомоктогудай үй кимдики, ыя?
Социалдык тармакта көпчүлүктү кайдыгер калтырбаган чоң талкуу жүрүп жатат. Алсак, мына бул сүрөттөгү Ленинград көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги көргөн адамдын көз жоосун алган үй кимдики деген суроо көптөрдүн көңүлүн бурду. Үйдүн жер тилкеси 1 гектардай жерди ээлесе, короосунун тосмосунун бийиктиги 4 метрден ашык. Сырткы жасалгасы, көрүнүшү жагынан опера балет театрынан мыкты. Кимдин үйү экенине кызыгып сураштыргандар түштүк аймактагы криминалдык топтун башчысы делген, азыр издөөдө жүргөн Алманбет Анапияевдики деген пикирлерди жазышууда. Айрымдар үй салынгандан кийин Анапияев 2-3 ирээт келгени туурасында жазышып, ушундай үйлөрдү көргөн азыркы жаштар анан кантип кримавторитет болгусу келбесин деген суроону кабыргасынан коюшту.


Карганбек Самаков "Республикага" лидер болобу?
Акыркы учурда кадыры калк арасында калыңдап кеткен Карганбек Самаковду алдыда шайлоого карата өз партиясына чакыргандардын саны арбып кеткени белгилүү болду. Алардын катарында Өмүрбек Бабанов да бар экен. Бабанов өзүнүн партиясы 3-4кө бөлүнүп кетип, аброю түшүп, айласы кетип турат. Эптеп эл назарынан калбоонун камылгасын көргөн Өмүкең Самаковго: "Керек болсо партиянын лидери бол",- деген сыяктуу "ысык" салам -дубаларды айттырып жаткан имиш. Кандай болгон күндө да, анын баары акыры ачыкка чыгат. Бирок кокус Самаков "Республикага" секирсе, анда аны эл азыраак колдоп калышы мүмкүн. Андыктан, кыраакы саясатчы бул жагын өзү байкап көрөөр...


Тайсаловдун "крышасы" Саляновабы?
Жал кичи районундагы "Джал артист" деген аталыштагы көп кабаттуу үйлөрдүн салынышы чоң коррупциялык иштер менен байланыштуу экени буга чейин учкай айтылып келгени менен, толук таржымалы ачыкка чыга элек. Бул иш боюнча Башкы прокуратура эчак эле кылмыш ишин козгошу керек эле. Тактап айтканда, Ленин районунун прокурору Тайсалов мырза "Жал артисти" салууга катыштыгы бар кореялык инвестор, бирок эл аралык аферист деп айтылып келген Квон Иен Гон мырзага кылмыш ишин козгоого санкция бериши керек болчу. Бирок эчактан бери козгобой, ишти улам алдыга жылдырып келатканы айтылууда. Себеби, анын таянганы Баш прокурор Аида Салянова дешет. Убагында "Жал артисти" салуу долбоорунда айтылуу генерал Мырзакан Субановдун инисинин 20 пайыз үлүшү бар экени да айтылып келген. Бирок аны жогоруда аталган корей инвестору "кидать" эткен имиш. Айрым маалыматтар боюнча "Жал артисте" Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева баштаган бир топ чиновниктердин батирлери бар экени айтылып келет. Бул тамыры терең коррупциялык маселебиз тууралуу журналисттик иликтөөлөрүбүздү гезитибиздин кийинки сандарында окуй аласыздар.


М.Абдылдаев президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды
Президент Алмазбек Атамбаев 22-январда Мурат Укушовду президенттин Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү кылып дайындаса, 23-январ күнү Молдакун Абдылдаевди мурда ээлеген кызматынан бошотуп, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кылып бекитти. Эске сала кетсек, мурунку туруктуу өкүлү Орозбек Молдолиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп кеткен.


Ишеничти актаңыз...
Тышкы иштер министрлигине караштуу "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп ийгиликтүү эмгектенип келген Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович жакында эле Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Президенттин ишенимине арзыган Дүйшөн мырзага эл да ишеним артып турат. Эми шайтан азгырып ушундай болуп кетти деген кээ бирөөлөргө окшошпой, ичип-жебей, элдин ишеничин актап, таза иштешиңизге тилектешпиз. Ишиңизде ийгилик болсун!


Аскарды Ак-Талаалык жигиттер жарга такашты...
Өткөн жыл этегинде "Эмгек" партиясын түзүп чыгып, акыркы учурда Кыргызстандын бардык аймактарын түрө кыдырып жүргөн Аскар Салымбеков барган жерине алдыдагы шайлоого карата чоң убадаларды шайма-шай берип жүргөн чагы. Мисалы, мындан бир жумача Жумгал жергесинде Чаекте чоң жыйын өткөзүп, башка убадаларын айтпаганда да, Жумгалга цемент завод куруп берерин убада кылып келди. Аскар мырза ал убадасын аткарабы-аткарбайбы азырынча айтуу кыйын. Ал эми Нарын шаарындагы жыйында Ак-Талаадан келген жаштар: " Сиз Нарында 6 жыл губернатор болуп, эмне иштерди аткардыңыз эле?"-деп өткөндү эстөөгө чакырыптыр. Айтор, Салымбеков алдыдагы шайлоого карата эмитен катуу даярдык көргөнү менен, санаасы азыр анчалык деле тынч эместей.


"Шабдан баатырдын" бет ачары болот
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жазмакерлик талантын унутпай, акыркы жылдары "Шабдан баатыр" деген көлөмдүү роман жазыптыр. Аталган китептин бет ачары 12-феврал күнү "Айкөл ордодо" саат 16:00дө болот. Бирок романды окуган айрым окурмандар Шабдан баатырды өтө эле ашыкча мактап салганын айтышууда. Эмнеси болсо да, тарыхыбызда өз изин калтырып кеткен Шабдан баатыр тууралуу бул романга жалпы окурмандар өз баасын беришер.


Тажиктер бүтүп, эми уйгур кытайлары калдыбы?
Баткендеги чек ара чатагы жаңы эле басылып, эл тынчып калган кезде, 23-январь күнү Ысык-Көлдө Жети-Өгүздүн Ак-Шыйрак участогуна жакын жердеги Чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болуп кетти. Натыйжада облустун аңчылар союзунун жетекчиси Александр Барыкиндин өлүгү табылган. Аны жөн гана өлтүрбөстөн мууздап, ага тиешелүү "Вепрь" мылтыгын да алып кетишкен. Бул адамдан тышкары, кол салгандар тараптан эки адам окко учкан. Кыргыз чек арачылары ал кол салган белгисиз топту "Пикертык" жылынуучу жайында курчоого алышкан. Облус губернатору Эмилбек Каптагаев кечээ күнү: "Кыргызстандын аймагында абал кыйын, болжолдуу 10-12 баскын кирип келген. Биздин чек арачылар аларды курчоого алып, кошумча күчтү күтүп жатышат", -деген пикирин ошол окуя болгон жерге баратып билдирген эле. Анын айтымына караганда, алар биздин чек арачыларга кол салгандар Кытайдан келген уйгур сепаратисттер болушу мүмкүн экен.