Турнабайда: согуш жана тычтык көйгөйү
Планетабызга бейпил турмуш орноор бекен?
Алла Таала жер каймактатып турмуш үрөнүн чачып адамзатын жаратканда, пенделер бири-бирине согуш ачып, кыргын салып, аеосуз талкалап, тукум курут кылчудай чамгарактап дөөгүрсүп турсун деп ойлобосо керек. Мен түзгөн дүйнөдө жакшылык өнүп турсун, ага баш көз болуп, жандуу-жансызга мээрим салып, жаратмандык иштери менен өмүр көчүн улай берсин деп адамзатын аруу ниет менен жаратып, турмушка кое берген чыгар. Жаратканыбыздын ушул үмүтү толугу менен акталып жатабы? Албетте жок. Дүйнө турмушту кулпуртам деп жакшы ниет менен мээнет кылып жаткандарынан да, бузуп талкалайм деп жамандык чачып тургандары катуу чыгып жаткандай. Андай жаналгыч көркоолордун тилегин таш каап, өлчөөсү өздөрү менен эле кошо кетсин.
… Адамзатына кастарын тиккен баскынчылык апааттын кернейин тартып, камчысын чапкан жексур идеологиянын угутун уютуп, ана башчысы болгон Ницще сыяктуу желмогуз идеологдордун кесепетинен дүйнөдө эмне болуп жатканын караңызчы. Адамзатынын канын төгүп, жер бетиндеги турмушту бүлүндүрүп согуш оту жалбырттап басылбай келет. Немец жазуучусу жана философу Фридрих Ницщенин ( 1844-1900-ж.ж.) көз карашы адамзатынын жалпы таламдарына, түпкү кызыкчылыктарына карама каршы келген идеологияга угут болуп берген. Элди жек көрүүгө, демократияны муунтууга чакырып, нравалык асыл нарктарды караманча жерип чектен чыккан, баскынчылыкты жар салган, дүйнөгө көптөгөн жаманчылыктарды алып келип жаткан кесепеттердин уюткусу-угуту болуп берип жаткан бул жек көрүнчү идеология прогресивдүү адамзатынын каргышына калып, наалатына тушугуп келет.
Коюн-колтук алышып ынтымакта жашап, планетабызда турмушту гүлдөткөндүн ордуна бири-бирине эрегишип кастарын тигип согуш ачып, кыргын салып, бүлүндүрүп талкалоо апаатын күчөтүп, жер эненин жүрөгүн сыздатып, адамзатын азапка салып жаткан карасанатай желмогуздарга деги эмне жетишпей жатат? Алардын көздөгөн түпкү мүдөөсү эмнеде? Кандайдыр бир артыкчылыкка ээ болуп алдуусу алсызын эзип, көз каранды кылып ыйыгынан басып, бар ырыскысын тартып алып, өзүнүн кандайдыр бир ээлиги катары тебелеп-тепсеп, канын сүлүктөй соруп туралы деген жырткычтык карама көрлүгү, ажыдаарчылыгы да. Акыр түбү келип, азабы өз башын жутар ажыдаарчылыктын бир түрү. Адамзатына согуш отун бүркүп апаат салып, кыйроо алып келип жаткан баскынчылык, бул дарт акыр түбү келип желмогуздардын өз башын жутар күн бардыр.
Адамзатын азапка салган бул митечилик илдет кийинки жүз жылдыктарда мурда болбогондой күчөп чыгып, улам кийинки өмүр көчүнө жугуп, бүлүндүрүүчүлүгү жагынан бири-биринен кем калышпай ашса ашып, ажал уусун чачып келе жатат. Айрым бир кара мүртөз баскынчылардын дүйнөлүк үстөмдүккө жетишсем деген кыянаттык умтулуулары, бузуп жаруучулук иштери, деги эле алардын карасанатай жорук-жосундары кудайга да жакпайт. Жараткандын өзүнүн мыйзамы бар. Анын чегинен чыгып өзүм билем деп жан алгыч жырткычка айланып кутуруп кеткендер ар дайым жараткандын каарына калып, акыры келип өз жазасын алып тынат. Адамзатынын пейили тарып, ниети бузулган жерден ар дайым кудайдын кудурети сезилип турат. Дүйнө жүзүндөгү ар кандай апаат кырсыктар, бүтүндөй шаарларды талкалап жер менен жексен кылып салган жер титирөөлөр, жер көчкүлөр, суу ташкындары, океандарда тоодой толкундарды пайда кылган цунами, шаарларды каптап, там-таштарды уратып, кылымдык бак-дарактарды орду түбү менен кыйсыпырын чыгара жулуп, ар түркүн транспортторду жолунан чыгарып ала салдырып кеткен бороон-чапкындар, дегеле эле ар кандай кырсыктарды алып келип жаткан табияттын табышмактары жөн эле жеринен болбосо керек.
…Дагы да согуш отун тутандырган жаңжалдарды көбүн эсе "ницщелик" азаптын илдети жуккан желмогуздар чыгарып жатканы байкалат. Дүйнө жүзүнүн ар кайсы жерлеринде жалындап турган согуш очоктору адамзатынын көкөйүн кесип турат. Айрым мамлекеттерде жаңжал басылмак турсун ого бетер күчөп барат. Сириядагы атуулдук согушта жүз миңден ашык адам мерт болуп, үч миллиондой адам качкынга айланган. Мындай тагдырды жараткан эч бир элдин башына салбасын. Бирок, тилекке каршы эли согуш азабын тартып жаткан мамлекеттер бирин-экин эмес…
Сириядагы абалды жөнгө салууга арналган "Женева-2" конференциясы Швейцариянын Монтре шаарында болуп өттү. Бул тынчтык конференциясы Сирияда үч жылдан бери токтобой жаткан согушту токтотуу максатында жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык аракеттердин жакшы жыйынтыгын чыгарып берет деген үмүт бар.
Ирактын өкмөт күчтөрү Рамади шаарын согушчандардан тазалап жатат. Анбар дубанында жайгашкан Рамади шаарын " Аль-Каидага" тийиштүү топтордон арылтуу иштери 16-январдан бери активдүү жүргүзүлүүдө. Шаардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн карамагына өттү. Күч түзүмдөрү согушкерлер басып алган бардык аймактарда операцияларын улантып жатат. Иракка эл аралык уюмдар гуманитардык жардам көрсөтүүдө.
Ирактын борбору Багдадда жана ошол тегеректеги жардыруудан 73 адам курман болду. Анбар провинциясындагы Рамади шаарында, Саклавия кыштагында, Фалужжада болгон салгылашууларда 11 согушкер мерт кетти. Иракта бомбалоодон кыркка жакын адамдын өмүрү кыйылды.
Пакистандын аскердик самолеттору менен тик учарлары козголоңчулар жайгашкан жерге сокку уруп, бери дегенде 25 согушкерди жок кылды. Кийинки күндөрү талибдердин эки жолку чабуулунан 33 жоокер набыт болду. Согуш болгон жерде курман болгондордун саны да уламдан-улам өсүп барат.
Украинанын баш калаасы Киевде өкмөткө каршы күчтөр менен полиция ортосундагы кагылышуулар мурда болбогондой курчуп чыкты. Абал коркунучтуу болуп турат. Тирешүү күчөп, эки тарап тең бири-бири менен аябай кырчылдашып турган кез. Көп кырдуу оппозициянын курамында либералдар да, улутчулдар да бар. Шаардык администрациянын маалыматы боюнча эки тараптан 200дөн ашык киши жарадар болгон. Жүздөй адам ооруканага жаткырылган. Оппозиция өз тарапкерлерин Киевдеги борбордук аянтка, Майданга чогулууга чакырып, өзүнчө отряддарды түзүүгө аракет кылышкан.
Украинанын президенти Виктор Янукович Киевде каршылык көрсөтүп жаткандар менен сүйлөшө турганын билдирип, атуулдарды чагымга алдырбоого, козголоң уюштуруп жаткандардын артынан ээрчип кетпөөгө чакырык таштаган. Киевдеги кырдаал бычактын мизинде тургандай.
Бул дүйнөдө болуп жаткан согуш кесепеттеринин, аягы жоктой созулган жаңжалдардын бери эле жагы, чет четин гана учкай айттык.
…Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал да кооптондуруп, дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп турат. Кудай жакшылыгынан айтсын. Байыртан жанаша жашап, кыз алышып-кыз беришип, коюн-колтук алышып жашап келе жаткан боордош эки элдин ортосунда куралдуу кагылыш чыгып кетишине жол бербешибиз керек. Буга эки тарап тең бар мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, элдик дипломатиянын нускасына түшүп аракеттениши, ийкемдүүлүк жана кеменгерлик менен иш алып барышы зарыл.
Боордош эки элди тымызын жатып алып бири-бирине тукуруу айла-амалы менен кайраштырып, ортодон жаңжал чыгаргысы келип алаканын ушалап турган көркоолордун арамза ойлорунун ишке ашып кетишине жол бербей, кыраакылык менен бек туралы! Ачуу душман, акыл дос. Чек ара маселесин чечсе болот. Кыргыз жана тажик калкы илгери чек арасы жок эле бир туугандардай болуп жашап келген эл болгон. Жанаша жашаган боордош эки элди өз ара жаңжалга салып коюп, ушул аймактагы жер, сууга көзүн кызартып турган кыянатчылардын арам оюна биргелешип бөгөт коелу! Чек арадагы кырдаал ушуну талап кылат. Азыркы жасалып жаткан иштерге каниет дейли. Анын жыйынтыктары жакшы болуп, элибиз сүйүнүп калар күнгө үмүт артып турабыз.

Меңдибек Асылбеков