Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мародёр маселеси...
Зарылбек Рысалиев,
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мурунку жетекчиси:
" МЕН БУЛАР МЕНЕН АЯГЫНА ЧЕЙИН КҮРӨШӨМ!"
"Мага сунушташкан кызматтардын ичинен бирөөсүнө макул болгом..."

- Зарылбек Кылычбекович, алгач сиздин "жылан чакпай, жылкы теппей" кызматтан алынышыңыздын себебин окурмандарга түшүндүрүп берсеңиз?
- Мен ал кызматтан мыйзамды бузгандыгым же ишимдеги кемчиликтерим үчүн алынган жокмун. Мен кызматтан жүйөлүү себептерден улам алындым. Муну билгендер билип, түшүнгөндөр түшүнүп эле турат. Бирок, кызматтан алынышым өзүмдүн макулдугум менен болду. Бул факт.
- Сиз "Ата-Мекендин" депутаттарынын 2010-жылдагы талап-тоноочулукка катыштыгы бар экендигин иликтеп, ачыкка чыгаргансыз. Демек, сиз айткан жүйөлүү себеп дал ушул маселеге байланыштуу экенин эч кимден жашырууга болбос...
- Туура, ал маселени эч ким жашыра албайт. Бул маселени баары эле билет да. Мен дагы жашыра албайм, жашырып башка жакка буруп айтсам, эртең эле калп экени ачыкка чыгып калат. Андыктан, ал чуулгандуу маселенин менин кызматтан кетишиме кандайдыр бир таасири тийди десем болот. Жашырганда не...
-Өкмөт сиздин кызматтан алынышыңызды башка кызматка которулушуңуз менен байланыштырды эле. Андан бери ай өттү. Ал ортодо айрым гезиттер сизди Чүй ИИББсине жетекчи болуп барарыңызды жазып чыгышты. Качан, кайсы кызматка барасыз?
- Ачыгын айтканда мага ар кандай кызматтар сунушталган. Мен ал кызматтардын бирөөсүнө макул болгом. Бирок мен өкмөттөн эч качан "мен бул ишке барам" деп кызмат тандап, талап кылган адам эмесмин. Мен генерал болсом да, мамлекеттин жоокеримин! Демек, өлкө башчыбыз менен өкмөт башчыбыз кайсы кызматты ыраа көрсө, ошол жерде отуруп иштей берем. Ооба, кызматтан кеткениме бир айдан ашты. Бирок, эмне себептен создуктурулуп жатканын билбейт экенмин. Балким кандайдыр бир жүйөлүү себептер болуп жаткандыр. Мен кызматка таарынган адам эмесмин. Бирок, мени колдогон Таластык жалпы туугандарым мага келишип: "сен эмне жашырынып олтурасың, эмне ачыкка чыкпайсың, же артыңда чала кылган иштериң барбы, күнөөң барбы? Андай болсо бизге келип түшүндүрүп кет. Министрликтен кеткенде да унчукпадың, биз да унчукпадык. Эми дагы кызматтан кеттиң, дале унчукпайсың"-деп, мага көп айтышты. Албетте, алардын минтип мен үчүн кам көргөндөрүнө рахмат дечи. Бирок, мен аларга барып, болгон ишти болгондой айткым келген жок. Мен бул кызмат маселесин айрым саясатчыларга окшоп, талаштуу маселеге айланткым келген жок. Менин тарбиям ушундай, табиятым ушундай.

"МЖАКты мурунку бийлик унутта калтырып койгон..."

- Сиз жогоруда мен кызматтагы кемчиликтерим үчүн алынган жокмун деп айтпадыңызбы? Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн айтсаңыз, МЖАКты бир жыл жетектеп, алгылыктуу кандай иштерди аткара алдыңыз?
- Мен Мамлекеттик жаза аткаруу кызматын бир жыл, бир айга жакын жетектедим. Биринчиден, бул кызматтын мамлекеттик башкаруудагы орду чоң экенин эч качан унутта калтырбашыбыз керек. Бирок, тилекке каршы, мурунку бийликтердин учурунда көңүл сыртында калып калган. Мисалы, МАЖКтын кызматкерлеринин айлык маяналары абдан аз жана кызматта алар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Эң чоң көйгөй турак-жай маселеси да чечилбей, курч бойдон калган. Мен ишти ушул маселеден, тактап айтканда кызматкерлерге шарт түзүүдөн баштагам. Мисалы, биздин кызматкерлердин түштүктө бир да турак-жайы жок. Ал эми, Ош, Жалал-Абад окуяларынан жабыр тарткан адамдарга, милицияларга батирлер берилди. Бирок, ал окуяда тынчтыкты орнотууга салым кошкон биздин кызматкерлер үчүн батир маселеси такыр каралган эмес. Мен ал маселени көтөрүп чыгып, губернаторлор, мэрлер менен сүйлөшүп, акыры чечүүгө жетишкем. Натыйжасында, аталган эки шаардан жакын арада бештен он батир берилиши керек болчу. Ошондой эле, Бишкекте да биздин балдар үчүн турак-жайлар каралган эмес. Ал тургай аз болсо да жер тилкелери берилген эмес. Мен Бишкек мэриясы менен сүйлөшүп, 12-кичи райондон 9 кабаттуу үй салганга жер тилкесин алганбыз. Ал үйдүн долбоорун толугу менен чийдирип, даярдатып койгом. Курулуш иштерин ушул жазда баштоону максат кылганбыз. Андан тышкары, биздин кызматкерлер ачык кургак учук оорусу менен ооругандар жаткан түрмөлөрдө да иштешип, алар менен эртели-кеч байланышта болушат. Ал эми, кургак учук оорусу өтө жугуштуу оору болгондуктан, жугузуп алган кызматкерлерибиз да бир топ. Алар толук дарыланып-дарыланбай азыркы учурда да иштеп жатышат. Биздин ал кызматкерлерибиздин ден соолугун сактап, алдынала турган ооруканаларыбыздын да шарты бир топ начар. Талапка тап-такыр жооп бербейт. Ушу себептен, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп, бардык шарттары менен бир жакшы оорукана курдуруу макулдугуна жетишкем.
Чүйдөгү түрмөлөрдүн көпчүлүгү эгемендүүлүк жылынан бери, бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Айрымдарынын сыртындагы негизги дубалдары катуу жамгыр же шамал болсо кулап кала турган жагдайда болчу. Алардын артынан түрткүч менен жөлөп-таяп, эптеп кармап келишкен. Айрыкча канализациялары абдан эскирип, жарактан да чыгып калган. Мен ушул көйгөйдү чечкенге бюджеттен акча алып, чириген канализацияларды алмаштырып, араң турган дубалдарды ж.б. оңдодук. Канализацияларды тазалай турган атайын машинени да эл аралык уюмдардын жардамы менен алдык. №31 колониядагы кургак учук оорусу менен ооругандар жаткан түрмөгө кошумча үч корпусту ОБСЕ баштаган эл аралык уюмдардын күчү менен салдырдык. Ошондой эле, өмүр бою эркинен ажыратылган №19 - колониядагы 2005-жылдан бери бүтпөй жаткан түрмөнүн бир блогун бюджеттен алынган 27 млн. сомдун тегерегиндеги каражат менен бүтүрдүк. Анын экинчи блогун да бүтүрүүнү пландаганбыз. Бирок, бюджеттен акча кеч каралып калды, болбосо былтыр эки блогун тең бүтүргөнгө жетишмекпиз. №47 түрмөдөн чек араларга атайы темир тосмолорду жасатып, аларды Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы чек ара заставаларына арзан баада берип баштаганбыз. Колония-поселениелердин айыл-чарба багытындагы тапкан кирешелери 2012-жылы 3 млн. сомду түзсө, мен жетектеген 2013-жылдын 10 айында 10 млн. сомго жеткен. Быйыл болсо бери болгондо 30 млн. сомдон 42 млн. сомго чейин чыгаруу пландалган болчу.
Мындан тышкары, ЭКСПО-2013 эл аралык сынагынан биздин аялдар түрмөсүндөгү аялдар ойлоп чыгарган "Сойебелковый сок" деген азык, эл аралык конкурста алтын медалды жеңип алды. Алар азыр "7 дней", "Народный" ж.б. дүкөндөрдө сатылып жатат. Мындай нерсе Кыргызстандын түрмө системасынын тарыхында болгон эмес. Ал эми курулуш жагынан кирпич, пескоблок, брус чатка чыгаруу жана мал чарбачылык иштерин да жандантып, көбөйтүүгө алгылыктуу аракеттерди жасадык. Союз кезинде түрмөлөрдө мал абдан арбын болчу. Малды ошондой көп санда көбөйтө баштаганбыз.
- Биз билгенден МЖАКтын техника маселеси да абдан начар эле. Бул багытта жылыштар болдубу?
- Туура, унаа маселеси чечилбеген оор маселе болуп келген. Автозактардын көбүнүн эскилиги жетип, шалдырап калган. Эмнесин айтасыз, МЖАКтын жетекчисинин кызматтык унаасы жок калган учур болгон экен. Былтыр мен демөөрчүлөрдүн эсебинен үч кызматтык "ДЖИП", биздеги кызматкерлердин балдарын мектепке ташуу үчүн бир бир кичине жана бир чоң автобус алдырдым. Бир сөз менен айтканда, мен өз демилгем менен 6 автоунааны МЖАКтын балансына киргизип бердим. Кыскасы, өкмөттү эле карап олтура бербей, ушинтип аздыр-көптүр жеңилдиктерди түзгөнгө жетиштим десем болот. Аткарган иштердин айрымдары ушундай. Калгандарынын баарын тизмектеп айтуунун анчалык деле кажети жок деп ойлойм.

- Сиздин ордуңузга жаңы дайындалган полковник Советбек Арбаев тууралуу эмне айтмакчысыз? Ал бул кызматка татыктуу инсанбы?
- Бул адам МЖАКтын системасын толук түшүнгөн адам. Конвойлор менен иштеген №7701 аскер бөлүгүндө командир, андан кийин ИИМдин Ички аскерлеринин жетекчиси болуп эмгектенген. Өз кесиби боюнча чыныгы профессионал. Адамдык сапаты да мыкты. Мен сыйлап-урматтаган офицерлердин бири. Интрига менен иши да жок. Алдым-жуттумдуктан да алыс. Барыктабасовдун баскынчылык аракетин токтотуу операциясында бул адам менин жанымда болгон, жашы 50дөн эчак өтүп калса да, жаш жоокерлердин алдына түшүп алып, өзүнүн шамдагайлыгын көрсөткөн. Кыскасы, ишти толук алып кете турган кесипкөй, иш билги адам.

Рысалиевдин жалган кудагыйы жана Раушандын "күйөөсү"...

- Жакында "Ата-Мекенчилер" түрмөгө барганы боюнча кенен жыйын өткөзүп, ал жыйында сиздин дарекке көп сөздөрдү айтышты. Акырында сизге кылмыш ишин козгоо демилгесине токтошту. Буга кандай дейсиз?
- Чынын айтканда, "Ата-Мекендин" Текебаев баштаган айрым депутаттары мени казанга салып кууруп, кострюлга салып бышырып жегиси келип жатканын мен эмес, эл да жакшы билет. Алар Раушан Рыкунованын (Роза Качиеванын) арызы менен түрмөнү түрө кыдырып чыгышып, чындыкка дал келбеген жомокторду айтышты. Мен эми окурмандарга Текебаевдин канчалык калпычы экенин, анын чыныгы жүзү кандай экенин тиешелүү далилдер менен ачып берейин. Рыкунова өзү алдамчылык беренеси менен 9 жылга кесилген аял. Ал эптеп эле менден бир нерсе таба албай келген Текебаевге: "Юсуповдун камерасында килемдер тартылган, муздаткыч, телевизору бар. Анын жегени колбаса, кара, кызыл икра, чучук, май, манты", - деп арыз жазган да. Ошол сөзгө ишенип алып, өзүнүн ондой адамдарын ээрчитип алып түрмөгө барды. Юсуповдун шарты эл катары, керек болсо алардан начар ахыбалда, "дежурканын" так маңдайында олтурганын көрүп келишти. Буга чейин ал: "Рысалиев Юсуповго укмуш шарт түзүп бериптир" деп уялбай, көрбөй-билбей туруп калп айткан, бир аферист аялдын сөзүнө ишенип.
(Уландысы 8-9-беттерде)
(Башы 7-бетте)
- Баарынан кызыгы Текебаев: " Рысалиевдин кудагыйы түрмөдө олтурбастан, СИЗОдо олтурат", -деп айтып чыкканы болду. Кайсы кудагыйыңыз, кандай кылмышы үчүн камакта? Же бул жалган маалыматпы?
- Албетте, карандай калп. Түрмөгө барып келгенден кийин "Дело №" гезити аркылуу: " Ал кудагыйынын аты Салтанат Куланбаева",- деп жар салды. Мен ачык айтып коёюн. Менин СИЗОдо жаткан эч кандай кудагыйым жок. Бир уулум, бир кызым үйлөнүп жайланган. Бир тууган куда-кудагыйларым мугалим болуп эмгектенишет. Алардын эч кимиси камалган эмес, эл катары оокат кылып жатышат. Мен ал айткан Куланбаеваны иликтеп көрдүм. 2012-жылы Рыкунова сыяктуу эле "алдамчылык" беренеси менен 7 жылга соттолуптур. Андай жазаны алгачкы соттук инстанция бериптир. Мындайча айтканда, анын жогорку соттук инстанцияларга жазган кассациялык арыздары карала элек. Демек, ал мыйзам боюнча түрмөдө эмес СИЗОдо олтурушу керек. Анан ал аялды биз кантип ачык түрмөлөргө жөнөтөбүз. Же эмне, бул мыйзамды Текебаев билбейби? Ырас, ошончо Рыкунованын айтканына ишенип түрмөгө баргандан кийин, ошол Салтанат Куланбаеваны чакырып: "Рысалиевге кызыңды бердиң беле, же кызын алдың беле?", деп сураса болмок да! Текебаев менин ал айым менен куда -кудагый эмес экенимди сопсонун билет. Калпым чыгып калбасын деп, ошол Салтанаттан атайын сураган жок. Аферист Раушандын жалган маалыматына таянып, иши кылып мени бир жамандап алайын деп калп айтып олтурат. Мына силердин гезит журналисттик иликтөө кылып, менин кудагыйым делген Салтанаттын туугандарына барып жолугуп келипсиңер. Алар эмне дегенин силер жакшы билесиңер. Айтор, Текебаевдин Юсупов боюнча да, Куланбаева боюнча айткандары карандай калп экенин, минтип далилдүү фактылар менен ачыктай алам.
- Марс Жусупбеков боюнча эмне айтасыз? Анын "ата-мекенчилер" менен кандай байланышы бар?
- Абдан жакын байланышы бар. Анткени, Текебаевдер Жусупбековго "Рысалиевге каршы көрсөтмө берсең, сени СИЗОго жетекчи кылабыз " деп убада беришсе керек. Анан кызматка кызыккан Марс иним, менин дарегиме ар кандай жомокторду айтып баштаса керек. Мен Марстын канчалык таза экенин иликтеп көрсөм, ал 2012-жылы кызматтагы кемчилиги, зоналардан акча алгандыгы үчүн СИЗОго да олтуруп чыккан экен. Өздүк делосунда да көп жолу мыйзам бузгандары жазылыптыр. Ал; "Мен ОПГнын баарын талкалагам, СИЗОнун камераларына жаптыргам", -деп ооз көптүрүп жатат. Мен Ички иштер министри болуп турганда, ОПГларда СИЗОго жаптырып, алар ал жактан башаламандык уюштуруп жатканда, МЖАКтын ал кездеги жетекчиси Байзаков менен сүйлөшүп, ОПГлар үчүн атайын №50 СИЗОну салып, ОПГларды оптомунан ошол жакка которгонбуз. Жусупбековдун учурунда СИЗОдо зектер чоң бунт кылган. СИЗОнун кызматкерлери аларды баса албай калганда, мен ГУБОПтун балдарын жөнөтүп? баарын камерага жаптыргам. Анан кайдан ОПГны талкалап жүрөт?

"Рыкунова аялдар түрмөсүнө баргандан коркот, анткени аны өлтүрүп коюшат..."

- Жусупбековдун командасындагы Рыскул деген опер дагы сиздин дарегиңизге ар кандай кептерди айтты го. Анын айтканы канчалык деңгээлде чындык?
- Эч кандай чындык жок. Анткени, Рыскул өзү моралдык жактан бузулган жигит экен. Ал 2012-жылы 1-августта кызматтагы кемчилиги үчүн, болгондо да аферисттик жайы менен бүт Кыргызстанга дайын болгон Раушан Рыкунова менен СИЗОдо эрди-катын болуп жашап алгандыгы үчүн кызматтан алыныптыр. Мына, ал тууралуу жазылган кызматтык иликтөөнүн кагазы. Кызматтан кийин үйүнө баргандын ордуна, Раушандын хатасында ха-ха тээп жүрүптүр да. Компьютерден, конфетке чейин ташып берип турчу экен. Өзүнүн бою узун, келишимдүү жигит болгондон кийин, аферист Раушан башын айлантып алса керек го дейм. Ошентип, анын мындай жүрүш-турушуна кызматтык иликтөө жүргүзүп, кызматтан алып салышкан. Бирок, 2013-жылы мен МЖАК жетекчи болуп келгенде Жусупбеков Рыскулду мактап, кайра опер кылып ордуна алып келген. Бирок Рыскул баягысын токтотпой, Рыкунова менен бирге жашай бергенде, кайра "уят болбойлу" деп Рыскулду №27-колонияга которуп салганбыз. Рыскулду мен кызматтан кетиргенден кийин, күйүтүнө чыдабаган Рыкунова мага асылып, ар кандай арыздарды жаза баштады. Анткени, ал мени жамандоо аркылуу эптеп эле "сүйгөнү" Рыскулду кайрадан өзү жаткан №1 СИЗОго котортуп келүү аракетин көргөн.
- Рыкунова өз укугунун бузулганын айтып жатпайбы, анын укугу кандайча бузулду? Эмне үчүн ал өзү СИЗОдон аялдар зонасына которулбайт?
- Анын укугу бузулган жок. Жанагы башын айландырып алган жаш жигит Рыскулдан ажырап калган күйүтүнө чыдай албай, мени болгон аракети менен жамандап жатат. Туура, соту бүттү. 9 жылга кесилди. Бирок, ал аялдар зонасына бара албайт. Анткени, ал жактан өлгүдөй коркот. Ал соттон акталып, үйгө түптүз кетем деп ойлоп, аялдар зонасын, ал жактагы "зечкаларды" укмуш жамандаган да! Анан кантип бармак эле, ал жакка!?. Эгер Рыкунованы ал жакка которсо, ал жерден айткан сөзүнө жооп бериши керек болуп калат. Ошон үчүн эптеп ал жакка барбоонун амалын көрүп, Текебаевдерди "крыша" кылып, СИЗОдо олтурат. Текебаев анчалык эле мыйзамчыл экен, ошол Рыкунованы СИЗОдо карматпай, түрмөгө которгула деп айтып чыкпайбы? Аны айткандын ордуна, менин кайдагы жок кудагыйымды "түрмөгө которбойт" деп кыйкырып чыкты го...

"Ата-Мекенчилер" СИЗОдо Юсуповго чырак кармап бериптирби?"

- "Ата-Мекендин" Балтабаев баштаган депутаттары" Рысалиев Юсуповго сойкуларды, баңгизат, телефондорду жана башка тыюу салынган буюмдарды киргизип турушкан. Аны"Ата-Мекендин" депутаттарына курал катары кармап жүргөн" ?-деп оюн билдирди...
- Алардын антип айткандары түшкө кирбеген жомок да. Мен эмне, Юсуповго көз каранды белем? Кайдагы баңгизат? Кайдагы сойку? Баарын өздөрү көрүп келишти. Сойку демекчи, сойкулар СИЗОго кирбейт. Кирген сойку соо чыкпайт. Анткени, камераларда канча жылдан бери аялдын жытына зар болуп жаткан эркек зектер ал сойкуларды соо коймок беле? "Атсаң атып сал" дегенге чейин бара тургандары бар арасында. Балтабаев эркектик жашоону жакшы билбей калган окшойт. Кыргызда: "Бука карыса да, буканын мурду карыбайт" дечү эле. Ташболот аке жыт билбесе да, жытты текелер жакшы билет эмеспи, Текебаевден сураса болмок экен. Анткени Өмүрбек мырза аялдардын сырын да, жытын да өтө жакшы билет. Ошон үчүн убагында анын порнографиялык тасмалары чыккан да. Же Юсупов сойкулар менен жатканда, Текебаев же Балтабаев "свеча" кармап туруптурбу? Андай болбогондон кийин, так далилдерди айтышпайбы?
Мен буларды "мародёрлор" деп айтып келгем, дагы айта бермекчимин. Себеби, менде ага толук далилдер жетиштүү. Ал далилдерди эч ким, эч качан жок кыла албайт. Мен анын көчүрмөлөрүн бир нече нуска кылып, бекем жерге катып койгом. Ошончолук эле таза экен, мени эмне себептен 3 жылдан бери сотко беришпейт? Юсуповдун айткандары калп болсо, аны сотко беришпейби? Бере албайт, анткени өздөрүнүн күнөөсүн жакшы билет, арттары таза эмес, буркурап турат. Мен булардын 8-12-апрель, төрт эле күндөгү мародёрлугун иликтедим, андан кийинкиси да толтура. Казган сайын калкып чыга берет.

"Текебаев менен Юсупов тартылган тасма жакында чыгат... "

-Текебаев буга чейин Юсуповду такыр тааныбастыгын айтып келген. Бирок ал түрмөгө барганда эски тааныштардай болуп, эзилише сүйлөшкөнү, эл билбеген сырларды айтышканы тасмага тартылып алынганы тууралуу маалыматтар чыкты. Ал тасма туралуу сиз билесизби? Ал "бомба" качан жарылат?
- Саясатчылардын баары эл болбогон нерселерди, "бомба" деп айтып жаман көнүштү. Текебаевдер да буга чейин канча жолу ошол сиз айткандай мени өздөрүнүн компроматтан турган "бомбаларына" жардырмакчы болушту. Бирок жардыра алышкан жок го. Анткени, алардын бомбасы бомба эмес, жөн эле кичинекей петарда. Керек болсо ага дагы татыбайт экен да. Туурасын айтканда булардыкы, шымдын артынан "пыйп" деп чыгып кеткен үн жана сасык жыт. Ал эми сиз сурап жаткан маселени мен бомба деп деле атабайм. Ал факт. Ооба, тасма менин колумда турат. Тасмада Текебаев: "Ии, Абдулла баатыр. Чакырган экенсиң көрөм деп, мына келдим. Кандайсың?"-деп, эски таанышындай сүйлөшүп жатат. Юсупов болсо ага: "Өмүрбек Чиркешович, эркиндикте жүргөндө да тынчтык берген жоксуз, эми түрмөдө олтурсам да тынчтык бербей, минтип жан-жөкөрлөрүңүз менен коркутуп-үркүтүп жатасыз. Качан тынчтык бересиз? Рысалиев, Качкыналиев мародёрлук боюнча кандай иликтөө жүргүздү, сиз ошолордон сурап албайсызбы, бүгүн эмнеге топурап менин үстүмө кирип келдиңер-десе, Текебаев унчукпай калыптыр. Ал тургай корккон түрү байкалып, Юсуповго жакын жолой албай алыс турат, тасмада. Ал болсо: "Сиздин ордуңуз ушул түрмө, акыры экөөбүз чогуу олтурабыз",-деп ишенимдүү, чечкиндүү сүйлөп жатат. Бул чети эле, мындан да кызык сөздөрү толтура. Текебаев таза болсо: "Түрмөдөгү Юсупов мени ушунтип айтты, маскаралады, мен аны сотко берем",- деп айтып чыкпайбы.
- Ал тасма ким тарабынан тартылып алынган? Сизге ким алып келип берди?
- Текебаев түрмөгө өздөрү менен иштешкен, өздөрүнүн кызыкчылыгын жазып бере турган журналисттерди алып барган. "Ата-Мекендин" басма сөз кызматы, "24 kg", "АКИпресстен" жана дагы бир маалымат булагынан журналистти алып барган. Ошолордун арасынан Текебаевдин калптарынан тажаган бир журналист тартып алган ал тасмасын: "Зарылбек байке, ушундай окуя болду. "Ата-Мекен" жыйында бул тасманы көрсөтпөй койду",- деп мага алып келип берди. Эмне үчүн фракция жыйынында Текебаев менен Юсуповдун сүйлөшкөнүн көрсөтпөй койду? Анткени, булар тасмалардан өздөрүнө кереги жок жерлерин кесип салганга көнүшкөн. Батукаев чыгып кеткенде дагы, Болот Шер комиссиянын төрагасы болуп туруп, менин айткандарымды кесип салган. Мен ошондо: "силер эмне Кудай болуп кеттиңер беле? Эмнеге толук көрсөтпөйсүңөр?" деп айткам.
- Айтсаңыз, мародёр маселесине качан чекит коюлушу мүмкүн? Же ушинтип эле тытышып жүрө бересиңерби?
- Эмне кылабыз, карандай калпты айтып жатышса, тытышабыз да. Мародёр маселеси жакында бүтпөйт. Булардын депутаттык мөөнөтү аяктап, укук коргоо органдарынын башына таза, кара кылды как жарган калыс, намысы бар адамдар келгенде гана бир жаңсыл болуш мүмкүн. Ага чейин бүтпөйт. Булар сөзсүз түрдө соттолот. Мен өмүр бою оор кылмыштардын, теракттарды, буйрутма өлүмдөрдүн бетин ачып келген адаммын. Мародёрлук боюнча да кылмыштын бетин ачтык, демек булар соттоло турган адамдар.
Эгер Текебаевдер анчалык таза болсо, өздөрүнүн фракциясына мени чакырып, уят кылбайбы! Болбосо КТРКны алалы. Ар кандай көрсөтүүлөрдү берет, ар кимди сүйлөтөт. Бирок мени бир чакырбай койду го! Мародёрлук боюнча атайын тартылган тасманы элге көрсөтпөй койду. Эмнеге көрсөтпөйт? Эмнеден коркот? Анткени, Кубат Оторбаев Текебаевдин айтканын аткарбаса, анда Текебаев ага көрсөтчүсүн көрсөтүп коёт. Бул көпчүлүккө түшүнүктүү. Менин айтканым калп болсо, анда Оторбаев бир жолу түз эфир уюштуруп же "Ой ордо" көрсөтүсүнө кыйын юристтерди, эксперттерди, депутаттарды, фракция жетекчилерин, Текебаевди, мени чакырсын! Эл көрсүн да чындыкты! Ушул иш колунан келеби, кудурети жетеби? Албетте, жетпейт да!
- Бул сиз тараптан "Ата-Мекенге" болгон чакырык деп түшүнсөк болот да...
- Ооба, мен тараптан Текебаевдерге чындык ким тарапта экенин издөөгө болгон чакырык. Эгер алар таза болсо, КТРКдан менин ит-акмагымды чыгарышсын! Бирок мен аларга мындан да күчтүү чакырык таштайт элем. Текебаев кыргыз элинин көзүнчө куранды кармап туруп "мародёрлукка эч кандай тиешем жок, "Ата-Мекендин" депутаттары таза, Зарылбек мага жөн эле жалаа жаап жатат. Кудай уруп кетсин" деп Кудай алдында бала-чакасы менен каргансын. Ак сөзүн айтсын. Мен дагы бала-чакам менен карганып: "ата-мекенчилердин" мародёрлукка тиешеси бар экенин, жалаа жаппаганымды айтайын. Ал ушул чакырыкты кабыл ала алабы? Көзүм жетпейт, анткени алар коркот, арты таза эмес! Текебаев Конституцияны жазган, анын чоң атасы болуп жүрөт, бирок, өзү жазган баш мыйзамды өзү каалагандай калчап жүрөт.
Текебаев мага Жогорку Кеңештин трибунасынан: "Энеңди таанытам",- деп кыйкырган. Менин энем ага эмне кылды? Менин өзүмө асылбайбы, карыган энеме асылбай! Энем шайлоо учурунда айылдан Текебаевдин балчыкта жаткан сүрөтүн үйгө алып келип: "Текебаевдин сүрөтү балчыкта жатыптыр, кор болуп",- деп илип койгон. Парламентте мага "энеңди таанытам" деп кыйкырганын телевизордон көргөн апам байкуш, ызасына чыдабай ыйлаптыр. Балдары, кыздары: "Апа, сиз анын сүрөтүн кастарлап катып жүрсөңүз, ал минтип жалпы эл алдында жар салды",- деп алар да ыза болушкан.
Көрдүңүзбү, Өмүрбек мырзанын энемди кандай абалга жеткизгенин. Ал апамды таарынтып, ызасын ичинде калтырган үчүн, аны менен башкача сүйлөшүш керек болчу! Бирок мен ага барган жокмун, мыйзамды сыйладым. Ошентсе да, мен булар менен аягына чейин күрөшөм!

"Юсуповду түрмөдөн Исмаил Кочкаровдой кылып өлтүрүп коюшу толук мүмкүн..."

- Юсуповду СИЗОдон түрмөгө шашылыш которуп, ал жактан өлтүрүп коюшу мүмкүн деген имиштер айтылууда. Балким бул маалыматты сиз да уккандырсыз?
- Силер уккан маалыматты, мен да угуп жатам. Бирок канчалык деңгээлде чындык бар экенине кепилдик бере албайм. Менин укканыма караганда ушул жуманын башында Юсуповду №47 СИЗОго которушат экен, анан ал жактан аны сындырып, жоготот имиш. Өлтүрүп коюш оңой эле. Беш-алтоо асмандата көтөрөт да, цементке бир урат. Ошону менен арка-моюну, жүлүнү үзүлөт. Сиз билесизби, Рысбек Акматбаевдин Исмаил Кочкаров деген жан-жөкөрүн түрмөдөн ушундай жол менен өлтүрүп тынышкан. Буга чейин Райкан Төлөгөновдун баласы "10 миң доллар берем, Абдулда Юсуповду өлтүрүп бергиле",-деп, түрмөдөгүлөргө заказ бергени, тасмага тартылып кылмыш ишинде тиркелген болчу. Юсуповду сатып алабыз деп абдан аракет кылышты. Бирок ал сатылбай койду. Демек, аны Кочкаровду өлтүргөн сценарий менен өлтүрүп салышы толук мүмкүн. Юсупов Текебаевдерге сатылган күндө алар өзүн өлтүрүп коюшарын жакшы билет да, демек аларга ишенбейт. "Кел,бул ишти жууйлу" дешет да, Юсупов болсо ошону менен кошо ваннада кислотага эрип, жуулуп кетиши толук мүмкүн. Эгер ал чындап эле түрмөгө которулуп, ал жактан болбогон шылтоолор менен өлүп калды деген жаңылык чыкса, анда анчалык таң калуунун кажети жок. Аны кимдер өлтүрүүгө кызыкдар экени деле белгилүү да.
- Балким бул сөз ушак да болуп калышы мүмкүн да...
- Туура, ушак да болуп калышы мүмкүн. Ошол эле учурда чын да болуп калышы ыктымал. Анткени, жогоруда айттым, булар эч нерседен жийиркенбеген адамдар. Азыр алар Рысалиевди же Юсуповду жок кылалы дегенден көздөрү төрт болуп, айласы кетип турган чагы. Баарына барышы мүмкүн, алардан ар кандай сюрприздерди күтсө болот.
Маектешкен
Жанкороз ЭСЕНГЕЛДИЕВ










??.??