Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Турнабайда чек ара көйгөйү
Чек арадагы кырдаал качан оңолот?
Жараканын бүтүшү оңой эмес. Алыстай түшкөн эки жээктин кайра жакындап бириге түшүшү да кыйын. Жаңжалга даба жок. Болгондо да куралдуу кагылышууга. Чакалайдын чак түшүндө тажик чек арачыларынын эл аралык келишимдерди , мамлекеттер аралык өз ара макулдашууларды карөзгөйлүк менен бузуп,Ата Мекен деген чекти аныктап турган ыйык чек араны жүзү каралык менен бузуп кирип, арамзалык менен алдын ала даярданып алып биздин жерге минометтон ок атышын кантип кечиребиз? Бул карасанатайлык менен басмырлоонун жеткен чеги эмеспи. Алардын мындай жүзүкаралык жүрүш жасоого эч кандай укугу да, жүйөсү да жок болуучу. Муну менен тажик чек арачылары да, аларды шыкактап турган жана башкалары да өздөрүнүн жеткен кара мүртөздүгүн жана чалагайымдык менен сабатсыздыгын ашкерелеп алышты. Ушундай жорукка кантип келишүүгө болот?! Дагы да сабыр кылдык. Арты жакшы болсун дедик. Боордош эки элдин ортосунда тынчтык болсо экен, бейпилдигибиз сакталса экен деп тилек кылып, аракет арттырып турат кыргыз элинин эр азаматтары.
… Баткенде 11-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин абал турукташканы менен чек арага жакын жанаша жайгашкан айыл -кыштактардын эли дагы эле кооптонуу жана санаркоо менен күн кечирип жатышат. Өткөн жумада чек арадагы абал бирде курчуп чыкса, бирде дымып, эки тарапты сарсанаага салып, убайым чектирип турду. Куралдуу күчтөрдү чек арадан алып кетүү маселеси 15-январда Тажикстандын Исфара шаарында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө макулдашылды. Эми бул чечим ишке шар ашып кетсе жакшы болмок.
11-январдагы кандуу калаба кыргыз-тажик мамилесине жагымсыз таасирин тийгизди. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Душанбедеги элчиси Урмат Саралаевди чакыртып алып, тажик чек арачыларынын эл аралык келишимдерди жана өз ара макулдашууларды тоготпой чек араны бузуп ок атып киргени, ошону менен катар оор куралдарды колдонгону жөнүндө эки ирет нота жиберди. Нота жибергени жакшы, кеп анын тийиштүү жыйынтыгын талап кылып алууда эмеспи…
… Тийиштүү көкөй кести көйгөйлүү маселелер боюнча азыр эки тарап тең бир пикирге келе албай турат. Тажик тарап өздөрүнүн позициясын 1924- жылдагы документтер менен бекемдесе, кыргыз тарап 1958-59-жылдары жүргүзүлгөн тактоолордун негизинде кабыл алынган документтерге таянып жатат. Алар менен катар КМШ мамлекеттеринин жетекчилери кол койгон Минск документи да бар. Анда СССР убагындагы административдик чек аралар мамлекеттик чек ара катары кабылданаары айтылган. Бул маселе боюнча да эки тараптын өкүлдөрү бир пикирге келе албай, өз ара талашып-тартышып жатышат. Тажик тарап административдик чек ара деп 1924-жылдагы документтерде белгиленгендерди бетке тартса, Кыргызстандын өкүлдөрү кийинки мезгилдеги реалдуу шартты эске алуу менен кабыл алынган кийинки документтерде көрсөтүлгөндөрдү негиздүү деп таап жатат.
Бул маселе боюнча чек ара эксперти Саламат Аламановдун пикири төмөндөгүдөй: " Союз тараганга чейинки карталардагы чек араны биз калыптанган, турган чек ара, ошону бекители деп жатабыз. Тажик тарап болсо 1924-жылдан кийинки өзгөртүүлөрдүн бардыгы мыйзамсыз деп айтышууда. Биз чындыгы андай эмес деп караманча каршы туруп, алардын ырастамасын четке кагуудабыз.Союз тараганга чейин калыптанган тарыхый чек араны мыйзамдаштырышыбыз керек деп өз айтканыбызда бек туруудабыз."
1958-59-жылдагы документтер Министрлер Советине чейин бекитилип, бирок Жогорку Советке чейин жетпей калганы, андан кийин да тактоо иштери тынымсыз жүргүзүлгөнү, акыркысы 1988-жылы жүргүзүлүп, ал дагы кандайдыр бир себептер менен Жогорку Кеңештерге жетпей калганы Саламат Аламановдун китебинде далилдүү баяндалган. Чек араны тактоого олку-солку, тийди качты мындай салкын мамиле өзүнчө бир кайдыгерликтин, жоопкерсиздиктин жеткен чеги эмеспи. Ушундан соң балык башынан сасыйт дегендей деги алар биздин чек арабыздын так болушун каалаган эмеспи деген арсар ой келет экен. Союз кези болсо да суверендүү ар бир республиканын чек арасы так аныкталып коюшу керек эле да. Эгер чек ара маселеси башынан туура такталып чечилип келгенде азыркыдай чыр-чатак, тирешүү көйгөйү болмок эмес. Чекеге чыккан чыйкандай болуп түйүндүү көйгөйдүн биздин учурга кайдан жетип жетип келгенин көрдүңүзбү… Бул жакшы жөрөлгө эмес, акыры жамандык жышаанын коштой келди.

Чептен элдин күчү бек
Түштүк чек арабызды канткенде бекемдей алабыз. Анын эң эле ынанымдуу жана ишенимдүү жолдору бар. Эгемендик алганыбыздан бери чет өлкөдө оор шартта жашап жаткан Памир кыргыздары, Түркиянын Ван өрөөнүнөн орун-очок алган боордошторубуз, башка жактагылары да, маселен Өзбекстандын Жизак областындагы кыргыздар да өз Ата Журтубузга барып жашасак, уул-кыздарыбыз татыктуу билим алып, келечегибизге жакшы болор эле деп ак эткенден так этип миграциялык тийиштүү мекемелерден, мамлекет жетекчилигинен өтүнүп келишет.
Эгер туулган жеринин карааны көздөн учуп чет мамлекеттерде жашап жаткан боордошторубуздун өтүнүчүн орундатып Түштүк чек арабызды бойлото маселен, Баткенге отурукташтырып койгондо ушул убакка чейин алда-канча өсүп-өнүп, чек арада калдайган караан, сүр болуп, айбат көрсөтүп турмак. Киндик каны тамган жерге сагынычы артып, айланайын Ата Журтум деп Мекен кадырын чет жерде жүрүп билип келип, топурагын жыттап таазим кылып отурукташкан эл-журт кандай калаба, коркунучтуу учур болсо да үй-жайын таштап көчүп кетмек эмес. Керек болсо тууган жердин касиети менен шерденип, ок атып келген душманга төш тосуп айбат көрсөтүп, Ата Журттун укумдай жерин да баскынчыларга бастырбайлы деп күрөшкө чыгып турмак деп ойлойм.
Анткеним, чет мамлекетте оор-шарттарда жашап жаткан кыргыздарды, өз ыкыласы бар мекендештерибизди көчүрүп келип чек ара бойлоруна кыдырата отурукташтырсак, анын тийиштүү программасын иштеп чыгып аракет кылсак эмне үчүн болбосун, али дагы кеч эмес. Чек араны эл коргойт. Калк жыш отурукташкан аймакка курал-жаракчан карасанатайлар оңой менен даап келе алышпайт. Бул дагы түштүк чек арабызды бекемдөөнүн келечектүү жолу болуп калмак. Аңылдап ээн турса чек арачыларыбызга тийишип, көзүн кызартып келе беришет да. Же аларыбыз бир жакшы шартта жашап, зор күчкө ээ болуп турушсачы.
Арийне, чек ара бойлорундагы айыл-кыштактардан жумуш издеп, борборго жана башка жактарга чыгып кетип жаткан жаштардын көбөйүп баратканы жашыруун эмес. Айыларда көбүнэсе карыялар, бала-чакалар калып жатат. Бул тамаша маселе эмес. Чек араны чыңдоонун дагы бир жолу ушул маселени комплекстүү түрдө ырааттуу чече билүүдө турат.
Чек ара бойлорундагы - айыл кыштактарыбыздын калкына жашоо жана эмгектенүү үчүн ар тараптан жакшы шарт түзүлүп берилсе, социалдык жана маданий мекемелер курулуп, инфраструктурасы жакшыртылса, болумдуу-толумдуу жумуш орундары ачылса, чек ара боюнда жашаган эл деп жогорулатылган эмгек акы төлөнүп берилип турса ким кетмек эле. Жашообуз жашы болот экен деп чек ара бойлоруна көчүп келип отурукташкан мекендештерибиз көбөймөк. Ошондуктан, бул жагдайга жеткиликтүү көңүл буруу маселеси азыр абдан курч турат.

Чек арабызды кантип бекемдесек болот?
Ар кайсы замандын ар бир маселе боюнча өзүнчө өзгөчөлүгү болот. Анын бири, чек араны бекемдөө жагын алсак. Маселен, байыркы Кытайда мамлекет чегин коргоо үчүн улуу Кытай дубалын курушкан экен. Ал чеп эле эмес ар кай жактан эл келип соода-сатыгын жүргүзүп кете турган жайдын да милдетин аткарып турган. Караңызчы кытайлардын тереңден жибектей жүрүп турган дипломатиясын, алысты көрө билген акылгөйлүгүн. Жөн эле сепил, чеп кургандары мындан көп болгон. Азыр заман башка. Чек араны бекемдөө да заманбап өзгөчө өңүттөн каралып турган кез. Карандай күчкө эле таянбай, жети өлчөп бир кесип дегендей акылга салып абайлап иш кыла турган өзгөчө татаал мезгилде жашап турабыз…
…Тажик туугандар америкалык өндүрүштөн чыгарылган минометтон жергебизге мөндүрлөтүп ок атып жатса биз эмне үчүн аймагыбызда турган эбегейсиз зор кубаттуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай турабыз деген кыжалат ой келет. Эгер ушул жылдын июнь айында мөөнөтү аяктай турган АКШнын авиабазасын эгер ыңгайы боло турган болсо Баткенге жайгаштыруу маселеси каралып калса кандай болмок. Чыгарып жиберүү оңой эле. (Ага жетпей эки көзү төрт болуп бизге келсе экен деп турган кошуналарыбыз четтен чыгат). Бирок, Америкадай кубаттуу держава менен мамилени сактап, бул эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрдү мамлекетибиздин кызыкчылыгы, чек арадагы туруктуулук үчүн пайдалана билүүнүн, эл аралык абал курчуп турган азыркы учурдагы мааниси абдан эле чоң эмеспи. Америкалыктар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн болсо да заманбап өнүккөн курал-жарактары менен биздин түштүк чек арадан чычкан жөргөлөтпөй сак-сактап, коргоп беришмек. Албетте, бул жогорку жетекчилик тарабынан макулдашылып чечилер маселе экени турган иш.
Маселен, албетте мезгил көрсөтөт, эгерде авиабаза Баткенге жайгаштырылып кала турган болсо бул аймактын экономикалык жактан чыңдалышына, инфраструктурасынын жакшыртылышына пайдасы аябай зор болмок. Элге жумуш орундары көбөймөк, турмушу жакшырмак. Түштүк чек арабыз да бекем калканыч менен корголуп турмак. Бул борбордун турушунун сүрү эле канчалык болмок. Куралчандар кол салам деп даап келе алмак эмес. База көчкөн соң жүргүнчүлөрдү тейлөөчү эл аралык "Манас" аэропорту да коопсуз болуп калмак. Дагы көптөгөн маселелер оңдуу чечилмек. Турмуштун көп кырдуу зарылчылыгы, замандын көп түрдүү булуң-буйткалары бар. Анын бири ушундай шартты сунуштап да, ырастап да тургандай. Кыргызда "эң башкысы акыл тап" деген накыл кеп бар. Заман каттамдарындагы, мезгил бүктөмдөрүндөгү кылымдары карытып келаткан турмуш тажрыйбасынан улам айтылып калган нуска болсо керек.

Меңдибек Асылбеков








??.??