Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Элмира айымдын жүрөгүн ким багынтты?
Эсеп палатасын башкарып жаткан, кадимки Султан Ибаримовдун кызы Элмира Ибраимова жакында эле турмушка чыкканын эшиттик. Эркекмин деп жүргөн анча-мынчаларга караганда эрдиги төөчөлүк өйдө Элмира айымдын жүрөгүн багындырып, колун сураганга батынган ким экени көпчүлүктү кызыктырууда. Укканыбызга караганда ал мырза убагында Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болгон, учурда саясатты жыйыштырып коюп карапайым эле көр тирилиги менен алек болуп жүргөн Болот деген байкебиз экен. Айтмакчы, Болот Алымкулов мурда депутат болуп жүргөн, Чүйдүн акскалдарынын бири, белгилүү энергетик Карыпек Алымкуловдун уулу. Эмнеси болсо дагы экөөнү үй-бүлөлүк бакыт, бактылуу жашоо каалайбыз!


Жерин саткандар элин кантип сатпасын!
Тарых деген тарых экен. Артыңдагы калбырың качан да болсо калкып чыгат. 2008-жылы Бакиевдер бакылдап турган кезде алардын "Ак Жолу" менен кереметтүү Каркыра жайлообузду казактарга кармата берген эргулдар бүгүн баатыр болуп, элге-журтка акыл айтып жатат. Алардын алдыңкы катарындагы Бегалы Наргозуев "Каркыра казактарга берилсин" деп балчайта кнопканы баса добушун берген. Бүгүн оппозициялык кыймылдардын биринин артынан экинчисин түзүп жатат. "Оштун ханы" аталып жүргөн Мелис Мырзакматов, оппозициялык олуттуу кептерин айтып жүргөн Улугбек Ормоновдор дагы кыргыздын кереметтүү жайлоосун Бакиевдерге жагынабыз деп сатып салышкан. Муну башкасы кечирсе дагы, тарых кечирбейт!

Лаврова кепке кемтик кылыптыр
Аткаруу бийлигиндеги аткаминерлерине "атаканы" катуу баштаган "Ар-Намыс" фракциясынын дагы бир өкүлү Кожобек Рыспаев Каржы министри Ольга Лаврованын айынан башка депутаттардын арасында кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп жатканын айтып арман кылды. "Ольга Лаврова бизге, комитетке таптакыр даярдыгы жок келип жатат. Депутаттар суроо берсе, жооп бере албайт, анткени цифраларды так билбейт. Мен ал үчүн уялып жатам. Башка фракциядагы депутаттар "Койгон кишиңердин кейпин карагылачы деп мага күлүп жатышат",- дейт Кожобек Рыспаев.


Жон терисин ойлошуп…
Жогорку Кеңештин депутаттары кирешелирин ачыктоодон коркуп, чочулап жатышканын кыйытышып, декларация толтурбай кыймылсыз мүлк, байлыктарын жашыруун кармоону туура көрүшөөрүн айта башташты. Буга мамлекеттик кызматкерлердин мүлкү тууралуу маалыматтар коомчулукка ачык жарыя болуп жатышы себеп болуп жатыптыр. Мындай жагдай капчыктуу, бай аткаминерлерди, депутаттарды кооптондуруп жатыптыр. Анткени декларациядагы маалыматтарды кылмышкерлер колдонушу мүмкүн экен. Мындан улам, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков аткаминерлердин киреше мүлктөрү тууралуу толтурулган декларациядагы маалыматты айрым гана органдар билиши керектигин, эгер коомчулукка ачык жарыяланса аны кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү колдонбойт деп эч ким кепилдик бере албай турганын айтып, "буга байланыштуу Юстиция министрлиги тийиштүү мыйзам даярдашы керек", - деп билдирип чыкты. Айтор Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жогорку кызматтагы адамдардын жана депутаттардын кирешелерин ачыктоону камсыздоого багытталып, жыл сайын жүргүзүлүп келген декларациялоо кампаниясын жабык кылууга аракет көрүүдө.


Чүйдүн чоңу ким болот?
Бүгүн, эртеңдерден мэрликке кеткен Кубанычбек Кулматовдун эски кызматы, Чүйдүн облус башчылыгына ким отураары аныкталганы турат. Сары Өзөн Чүйгө чоң болчулардын алдыңкы катарында ЖКнын "Ынтымак" депутаттык тобунун башчысы Канат Исаевдин, Ысык-Ата районунун акими Бакыт Кудайбергенов, Аламүдүн районунун акими Марс Сакараев, Сокулук районунун мурунку акими Элкинбек Ашырбаев жана Акаевдин учурунда элчилик кызматтарда жүргөн, Акаевдин өкүл баласы Жаманбаевдин да талапкерлиги такталууда. Булар да Чүйдүн чүйгүн жигиттери, кимиси келсе да Сары-Өзөн Чүйдүн жерлерин саттырбай, бастырбай, абийири менен эл үчүн, мамлекет үчүн ак иштеп берет деген ишенич чоң.


"Ар-Намыс" арына келдиби же?
Өткөн жуманын акырында "Ар-Намыс" фракциясы катуу чыкты. Өкмөттөгү өкүлдөрү Чынгыс Узакбаев менен Мамкаттоонун башчысы Эрлан Сапарбаевди иштен алды. Бул "иштермандарга" эмнеге ичтери чыкпай жатканын деле ачык айтышкан жок. Өз өкүлдөрүн баш кылып, бүтүндөй өкмөттү отставкага айдоого катуу камынышууда. Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин башчысы Анарбек Калматов "Өкмөттүн азыркы курамы таптакыр иштеген жок. Алар эч иш кылбай эле отурушат, ошондуктан премьерди баш кылып, баарын отставкага кетиришибиз керек" деп чыкты. Өкмөттүн өлдүр-сөлдүр иштеп жатканына көп эле болду. "Ар-Намыс" ошондо эле оюн айтпай, эми ойгонуп жатканында бир сыр жатса керек...


Асилбек Жээнбеков кийинки өкмөт башчысыбы?
Жаз алды менен Жантөрө Сатыбалдиев башында турган Өкмөт отставкага кетип, өкмөттүн курамы кайра түзүлө турганы айтылууда. Буга Жантөрө мырзанын "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү бир жыл бою жүргүзүп, бирок эч кандай алгылыктуу натыйжа чыгара албаганы себеп болуптур. Мындан улам Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кетип, ордуна Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков келээри күтүлүп жатыптыр. Учурда какаганга муштаган болуп, Жантөрө мырзанын Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра куруу боюнча мамлекетик дирекциясын жетектеп тургандагы иштери текшерүүгө алынып жатыптыр. Кокус кыңыр иштер чыга турган болсо, мыйзам алдында жооп берип калышы да ажеп 'vtc дешет, башына кара булут айланып турган Өкмөт башчысынын абалын жакшы билгендер.


Төрөбай мырза министр болобу?
Жакынкы айларда Ички иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алаары күтүлүүдө. Эң орчундуусу пенсиядагы министр Абдылда суранчиев кызматтан алынып, ордуна вице-спикер Төрөбай Зулпукаров келип калышы толук мүмкүн экен. Азырынча бул боюнча орчундуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ажонун макулдугу гана калыптыр. Ажонун Зулпукаровго көзү түз болгон менен ИИМге министр кылууга макулдук берээри азырынча белгисиз болуп турат. Ал ортодо 2010-жылы ИИМге бул тармактан эбак кол үзгөн капитан Болот Шер келип жарыткан эмес эле, эми Төрөбай мырза келсе абал кантээр экен деп бүшүркөгөндөр арбын.


Сатыбалдиев Зурдиновду эмнеге калкалайт?
Башкы прокуратура чын эле "коррупционерлерди" табып, мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү кат жүзүндө талап кыла алат экен. Кат жүзүндө дегенибиздин себеби, 2013-жылдын 24-октябрында Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага И.Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын ректору Зурдиновду эмгек кодексинин 378-беренесин одоно бузуу менен, 2011-жылдан бери мыйзамсыз ректор болуп иштеп жаткандыгын аныктап, министр айымыбызга Аширали аксакалга мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлүүсүн жана бул кишинин мыйзамсыз иштеп жатканына көмөктөшкөн аткаминерлер өз жазаларын алуусун талап кылган сунуш катын (каттоо номери 11/2-314-13) жолдогон. Бирок ушул кезге чейин министр айым тымпыйып отурат. Көрсө кептин баары Өкмөт башчысы Жантөрө Жолдошевичте экен. Анткени мыйзамга ылайык окмуштуулар кеңешинин тарабынан шайланган жетекчи кызматтык мөөнөтүн жогоруда аталган кеңештин чечими менен гана узартууга укуктуу болсо, Өкмөт башчысы жеке буйругу менен эле Зурдиновдун кызматтык мөөнөтүн мыйзам бузуу жолу менен узартып коюптур. Өкмөттүн бул буйругу мамлекеттик бир дагы массалык-маалымат каражаттарына чыккан жок. Демек, мамлекет башында турган жетекчилер өзүлөрү мыйзам бузуп "балык башынан сасыйт" болуп жатса, кантип коррупция менен күрөш аягына чыгып, мыйзамдуулук сакталсын.










??.??