Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Бакыт Романов,
"Улуу биримдик"- саясий партиясынын төрагасы, "Манас" жаштар ордосунун жетекчиси:
" Биз бийликке барууну көздөйбүз..."
- Бакыт байке, эки тизгин, бир чылбырды колго алып, саясатчы Эмилбек Каптагаевдин "Улуу биримдик" саясий партиясынын төрагасы болдуңуз, Эмил Саламатович сизди эмне себептен төрага кылды?

- "Улуу биримдик" саясий партия болуп жаткандан кийин албетте, биринчиден саясий себеби бар. Бирок мени төрага кылганынын бирден-бир негизги себеби, партия жаңыланыш керек, партиянын ичинде жаңы саясий көз караштагы, улуттун кызыкчылыгын ойлогон жаштардын элитасы калыптануусу зарыл деген максатта, Эмил Саламатович партиянын төрагалыгын мага сунуштады. Мен ойлонуп, макул болдум.

- "Улуу биримдик" улутчулдардын партиясы, улуттук кызыкчылыктарды жогору койгон партия деп жүрүшөт, буга кандай карайсыз?

- Кыргызстанда жашап, Кыргызстандын саясатын жүргүзүп жаткандан кийин каалайбызбы, каалабайбызбы улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек. Себеби, мамлекетибиз улутка негизделип түзүлгөн, улут мамлекеттин ээси. Демократиялык принциптердин негизинде, өлкөдө жашап жаткан ар бир жарандын укугу бирдей. Кыргызстан титулдук өлкө болгондон кийин башка улуттагы жарандардын кызыкчылыгын эске алуу менен өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды баарынан жогору коюуга тийишпиз. Көп эле дүйнөлүк мамлекеттерде, ошол эле Европада аты башка аталганы менен титулдук улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга койгон партиялар өлкөнү жетектейт. Мен мисалы бизде жашаган майда этнос, улуттагы элдерге баа берем. Алар жанталашып, биз кенедей эле кыргыздар мындай болушубуз керек десек, кыргыздар биздин укугубузду тебелеп жатышат деп кыйкырып чыгышат. Ошентип алар өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоп жатышат. Мисалы маданиятыбыз башка улуттагы жарандарга таасир берип, алар биздин ырыбызды ырдап туруш керек эле. Жыйырма жылдан бери эне тил маселеси өлкөбүздөгү эң көйгөлүү маселелерден болуп келе жатат. Орустар, дуңгандар кыргыз тилинде сүйлөйт дейбиз, аларды мажбурлап сүйлөтүштүн кереги жок. Болгону аларга зарылчылык жаратышыбыз керек. Өлкөдө тил саясатын жакшы жүргүзүп, зарылчылык жаратып койсок эле, алар аргасыздан кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде сүйлөшмөк.

- "Улуу биримдик" партиясынын абалы кандай экен?

- Жөн эле ашыра чаап, мактана берүүнүн кереги жок. Айткан сөз менен иш айкалышып туруусу зарыл. Бийликтеги же, оппозициядагы алдуу-күчтүү партиялардай күчүбүз бар деп айткандан алысмын. Кийинки жылы парламенттик, анан президенттик шайлоо болот. Ошого "Улуу биримдик" партиясы азыртан даярдыктарды көрүп, катышууга аракет кылуудабыз. Кандай гана партия болбосун, негизги максаты бийликке жетүү да. Андыктан биз дагы бийликке барууну көздөйбүз.

- Партиянын багыты, максаты өзгөргөн жок да, мурда кандай болсо, ошол эле багытта иш алып барасыздарбы?

- Албетте, ишибиз мурдагы эле багытта жүрөт. Жаңы велосипед ойлоп чыгуунун эч кандай зарылчылыгы жок. Негизгиси ишти туура алып барып, так иштеш керек. Менин жеке пикирим, бизге парламенттик башкаруунун кереги жок. Бизге президенттик башкаруу керек. Келечекте Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин эл шайласын деп чыгышты. Эл шайлагандай мэрлер мыйзам чыгаруу орган эмес да. Ошондуктан, кандай болгон күндө дагы келечекте президенттик башкарууга өтүүбүз зарыл. Парламенттик башкаруу деген бул батыштын системасы.

- Партияда көрүнүктүү саясатчылардан кимдер бар?

- Азырынча кимиси биздин партияда калып, кимиси чыгат билбейм, алдыда көптөгөн чоң жыйындарыбыз бар. Бардыгын ошондо тактап, ким чыгып, ким калат ошондон кийин бул сурооңо жооп берсем туура болот го. Менимче, партияга мүчө болгон саясий кеңештин мүчөлөрү баары эле партияда калат деген ойдомун.

- Кайсы партия болбосун, капчыгы калың бизнесмендерге кызыкдар эмеспи, сиздер деле ошондой болсоңуздар керек...

- Азырынча биздин партияда капчыктуу бизнесмендер бар, биз байбыз дегенден алысмын. Бирок капчыгы жок болсо дагы, тажрыйбасы жогору, интеллигент, коомдук ишмерлер жок эмес, айрым мүчөлөрүбүз кызматта отурат. Билесиңер, "Улуу биримдик" партиясы КСДП партиясы менен бирге парламентке барган. Депутатыбыз Эркингүл Иманкожоева иштеп жатат. Андыктан, партиябыз жаман эмес.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев











??.??