Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ыр белес
Нуржамал Табалдиева
Кыргыз эл артисти, "Эл ырчысы Эстебес" тобунун жетекчиси:
" 45 жылдык чыгармачылык жолумда уттурганымдан, утканым көп болду..."
- Нуржамал эже, филармониянын босогосун аттаганыңызга канча жыл болду?

- Мен куттуу филармониябыздын босогосун 1969-жылы аттагам. Быйыл чыгармачылыгыма туура 45 жыл болду. "Эл ырчысы Эстебес" тобунда көп жылдан бери ырчы болуп, көздөрү өтүп кеткен Эстебес Турсуналиев баштаган көптөгөн залкар адамдар менен иштеп калдым. Абдан жакшы күндөрдү өткөрдүк. Чыгармачылыктын чыныгы изденүүсүн, ысык-суугун башыбыздан кечирдик.

- Аталган топ тууралуу кеңири айтсаңыз? Азыр канча адам эмгектенет? Акыркы жетишкен ийгиликтери кандай?

- "Эл ырчысы Эстебес" тобу жалпысынан 8 адамдан турат. Аттарын атай кетсем: Амантай Кутманалиев, Малик Аликеев, Аалы Туткучев, Каныкей Раймалиева, Гүлгаакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Таалай Иманкулов жана жакында эле чопо чоор, кыл кыякты, ооз комузду жакшы ойногон Насирдинов Асылбек да бизге кошулду. Аалы Туткучев буга чейин бул топто жетекчи болуп иштеп жүрүп, кетип калган. Жакында кайра келип, топто эмгектенип жатат. Буйруса, жаңы костюмдарды тиктирүүнү пландап жатабыз. Репертуарыбызды жаңыртып, жаңы ырларды да көбөйтүп жатабыз. Буйруса, 29 -мартта чоң гала - концерт беребиз. Ошого азыртан кызуу даярдыктарды көрүүдөбүз.

- Мурунку жетекчи Замирбек Үсөнбаев менен азыркы жетекчинин кызмат талашы боюнча эмне айта аласыз?

- Бул боюнча бир топ кептерди айткысы келгендер айтышты. Мен айта турган деле кеп жок. Чынында Замирбек Үсөнбаев филармониянын бардык маселесин ийне-жибине чейин билген адам катары жакшы иштеп жаткан. Ал эми жаңы жетекчи Кыргызбай Осмонов да ишти чечилбеген маселелерден баштап, алгылыктуу аракет кылып жатат. Бул адамды да жакшы билем, наамды чогуу алганбыз. Кызмат деген кызмат экен. Бүгүн бар, эртең жок. Жогорку жакта кандай көрсөтмө болсо, жетекчилер ошого жараша алмаша берет турбайбы.

-Чыгармачылыгыңыздын 45 жылдыгын белгилөө оюңуз барбы?

- Учурда, ошол ойду бышырып жатам. Элге отчёт катары чоң программадагы концерт берсемби деген эңсөөм бар. Ал концерт кандай болот, дагы кандай иш-чаралар менен коштолот, аны азырынча айтпай сыр кыла турайын.

- Салттуу суроодон узатайын. Ушул 45 жылдык чыгармачылыктын жолунда эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

- Жоготконума караганда, тапканым арбын болду. Уттурганыма караганда, утканым көп болду. Биринчи кезекте ырчылык өнөрдүн аркасы менен элге таанылдым. Эмгегимдин акыбети кайтып, "Эмгек сиңирген артистин", андан кийин кеч болсо да "Эл артисти" наамын алдым. Чыгармачылык жактан көп досторду күттүм. Филармониядан жолдошум Кубанычбек Турдалиевди таптым. Ал Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде комузда жана кыякта ойночу эле. Экөөбүз бир кыз, эки уулдуу болдук. Чыгармачылыктан мени колдоп, алдыга сүрөп, көп жетишкендиктерге жетишүүмө чоң салым кошту. Тилекке каршы, жолдошум арабыздан эрте өтүп кетти. Тагдырдын жазмышына айла жок экен.

- Мурун филармониянын ырчылары өлкөнү байма-бай кыдырып, шаңдуу концерттерди берчү эле. Ал тургай КМШ мамлекеттеринен тышкаркы мамлекеттерге чейин гостролдочу элеңер. Кийинки кезде, филармониядан анча алыс чыкпай калышты. Буга эмне себеп?

- Туура айтасыз. Акыркы жылдарды элди аралап, алыскы айылдарга концерт коюп барбай калдык. Көбүнчө, ар бир ырчы жеке концерттерди борбор шаарда эле берип калышты. Мурун Кыргызстандын бардык аймактарынан тышкары, СССРдин курамындагы мамлекеттерин кезек менен кыдырып, "Маданият күндөрү" дегенди өткөзчү элек. Биздин топтун Кытай, Турция сыяктуу өлкөлөргө гастролго барып, элдик ырларыбызды, күүлөрүбүздү көрсөтүп келсек деген аруу тилеги бар. Бирок ал мамлекеттерге качан, кантип барабыз, азыр белгисиз. Чынында союз учурунда, биз элди абдан көп аралап, чоң концерттерди берчүбүз. Кийинки учурда өзүң айткандай, ал да калды. Анын баары эле каражат маселесине такалып, токтоп турат. Чыгып, кыдырып келсекпи деп максат кылып коёбуз, бирок чыга албайбыз. Анын үстүнө элибизде ар кандай окуялар, митингдер болуп, тынччылык да бекем болбой жатат. Мындай көрүнүштөр, биздин элге концерт тартуулашыбызга чоң тоскоолдук жаратат. Тынччылык болбосо, эл кайдан биздин ырды уксун. Ыр укмак тургай, көпчүлүк чынында кыйын ахыбалда жашап жатат. Биз деле элибиздин жалпы жашоосу оңолуп кетсе деп, илгери үмүт менен карап жатабыз. Кыскасы, акыркы учурда биздин алыскы аймактардагы эл менен байланышыбыз үзүлүп калды.

- Кийинки кезде жасалма ырчылар абдан көбөйүп кетти. Обону же сөзү түшүнүксүз ырлар да арбыды. Сиз профессионал ырчы катары бул боюнча кандай пикир айтасыз?

- Азыр эмне көп? Албетте, ырчы көп. Үнү бары деле, жогу деле ырдап жатышат. Мисалы, союз учурунда Маданият министрлигинин алдында "Көркөм кеңеш" деген болгон. Ал татыктууларды тандачу, "жарайт" деп өзүнүн уруксатын берчү. Ошондон кийин гана биз эл аралап концерт коюп келчүбүз. Тилекке каршы, "Көркөм кеңеш" жоюлуп кетип, татыктууларды тандаган эч ким жок болуп калды. Колунан келгендин баары эле, көбү акчанын күчү менен ар кандай маанисиз ырларды ырдап, өз билгендерин кылып жатышат. Чынында ошондой башаламан ырчыларды электен өткөзө турган мурункудай күчтүү "Көркөм кеңеш" болсо, абдан жакшы болмок. Филармонияда Үсөнбаевдин учурунда өзүбүз "Көркөм кеңеш" уюштуруп, татыктууларды тандап, анан аларды элге чыгарып калдык.
Дагы өкүндүргөн маселе - ырчылардын көбү фонограмасыз ырдабай калышты. Фонограманы жоёбуз деп маселе көтөрүп чыкканда, биз абдан сүйүнгөнбүз. Бирок ал иш колдорунан келбеди окшойт, айтор фонограма күчөгөндөн күчөп баратат. Сапатсыз ырчылардын көбөйүп кетишине да ушул фонограма да себепкер. Алар үндөрүн компьютерден кооздоп алышып, тойдо деле, тоодо деле фонограма менен "берилип" ырдаган түр көрсөтүп калышты. Фонограма менен дайым ырдаган ырчынын деңгээли эч качан өспөйт, бир эле орунда туруп калат. Ошон үчүн чыныгы профессионал ырчы болом дегендер фонограмадан алыс болушу кажет. Кыскасы, акыркы учурда жандуу үн менен ырдагандар абдан азайып кетти. Бирок жандуу ыр менен ырдоо үчүн аппаратура мыкты болушу керек. Ошол жагын да эске алуу керек.

- 45 жылдан бери филармонияда иштеп, бул маданий мекеменин бардык маселесин жакшы билип калдыңыз да. Сиздин байкашыңызча, филармонияга эмне жетишпейт, кайсы маселеден аксайт?

- Чынында филармонияда шарттын баары түзүлгөн. Костюм десек каалаган костюмдарыбыз бар, ыр жаздырабыз десек өзүбүздүн студиябыз бар. Инструменттери да жетиштүү. Айтор, баары эле жетиштүү. Бир гана нерсе филармонияда талыкпай иштеп, өз чыгармачылыкты гүлдөтүү керек. Бирок биздин акыркы кезде сыртка чыгып, эл аралап концерт коё албай жаткан абалыбыз менин жүрөгүмдү өйүп турат. Шаарга ашып кетсе, 2 күн концерт беребиз. Ал концертке ашып кетсе 2000 адам келет. Бирок элет жеринде жашаган элибиз келе алышпайт да. Ошон үчүн элетке союз учурундагыдай байланышты түзүп, өз өнөрүбүздү байма-бай тартуулап турсак абдан жакшы болмок. Менин бирден-бир тилегим да ушул.
Акырында айтарым, босогобузга жаңыдан кирип келген жаңы жылыбыз куттуу жылдардан болсун! Мамлекетибиздин экономикасы дүркүрөп өссүн! Ар бир үй-бүлөдө бакубат жашоо орносун! Элибизде ар дайым тынччылык, токчулук болсун! Кыргыз эли дүйнөгө жаман жаңылыктар менен угулбай, ар дайым жакшы жаңылыктар менен угулуп турсун!
Суроо салган
Айбек Шамшыкеев










??.??