Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тайырбек Сарпашев,
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри
"ИӨБ бизге, мамлекетибизге ишенет"
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өткөн жумада иш сапары менен Сауд Аравия Королдугуна барып келди. Иш сапарынын учурунда бир катар эл аралык ири каржы уюмдарынын, анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкынын жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдөгү жетишилген келишимдер тууралуу Тайырбек Сарпашев "Объектив" гезитине берген маегинде кеңири айтып берди.

- Тайырбек Дүйшөкеевич, өкмөттүн түйшүгү жетишээрлик эмеспи. Жаңы Жылдын алдында иш эселенип да көбөйүп кетээрин билебиз. Сауд Аравиясына дал ушул майрамдын алдында барганыңыздын жөнү бизди кызыктырып атат?
- Сурооңузга аягынан жооп берсем, мен ал жакка иш сапарга даярдыктар толугу менен бүткөрүлгөндө бардым. Өзүңөр түшүнөсүңөр да, ал жактагы биздин өнөктөштөрүбүзгө алдын ала такташуусу жок, эскертпей эле бара калганга болбойт эмеспи. Эмне үчүн мен бардым? Анткени силердин элпек балаңар Кыргыз Республикасынын атынан Ислам өнүктүрүү банкында башкаруучу да болуп иштейт, ал эми анын штаб-квартирасы Сауд Аравиясында жайгашкан.
- ИӨБ менен кызматташуу биздин өлкө үчүн өтө маанилүү деп эсептейм, анткени алар Кыргызстанга жеңилдетилген, демек, биз үчүн өтө ыңгайлуу кредиттерди үзгүлтүксүз берип келет. Баарынан дагы ИӨБ менен болгон ийгиликтүү өнөктөштүк - бул исламдык каржы чөйрөсүнүн бардык өкүлдөрү үчүн мыкты индикатор. ИӨБ бизде иштесе, демек, эртеби кечпи акча келет, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү укмуштуудай кенен жеке менчик исламдык түзүлүштөр келет.
- Туптуура, сөзүңүзгө толугу менен кошулам. Ишенип коюңуз, өкмөт бул нюанстарын эң жакшы түшүнүп турат. Иш сапарымдын учурунда дагы айрым чиновниктерибиздин кенебестигинен, бюракраттыгынан улам өнөктөштөрүбүздө пайда болгон бир катар күмөн саноолорун жоюуга аракет кылдым.
- Сүйлөшүүлөр каржылоонун ислам принциптери менен гана чектелбесе керек (КИП)?
- Мындай учурда дипломаттар: эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер каралды деп коюшат. (күлүп). Ирети менен айтып берейин.
ИӨБнын президенти Ахмад Мохаммед Али Аль Мадани мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Мындан аркы кызматташтыгыбызды кеңейтүү, ири иштерде мисалы CASA 1000 сыяктуу долбоорлордо биргеликте аракет кылуу тууралуу сүйлөштүк.
Кайсы маселе боюнча келишимге келдик? "Баткен облусундагы Аркин массивиндеги электр камсыздоону жакшыртуу" (баасы 16 млн. доллардан жогору), "Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо" (баасы 21 млн. доллардан жогору) сыяктуу 2 долбоорду ИӨБ каржылап берет. Азырынча ушундай келишим түзүүгө жетиштик. Мындан сырткары өнөктөштөрүбүз айыл-чарба продуктуларын кайра иштетүү: анын ичинде түндүктө жана түштүктө эки эт комбинатын куруу боюнча долбоорлорго каражат жумшоо мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп көрүшмөк болушту.
Ошондой эле Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясы (ЖСӨИК) келе жаткан жылы Кыргызстандын мамлекеттик банктарына кичи жана орто бизнестерди колдоо үчүн 5 млн. доллар кредит бермей болду. ЖСӨИК менен өкмөт ортосунда 10 млн. долларлык уставдык капиталы бар шарият принциптери менен иш алып барган лизингдик компания түзүлөт.
- Өкмөттө ИӨБ менен, башка исламдык каржы уюмдары менен болгон алакага сиз жооп берет болушуңуз керек?
- Туура. 2006-жылдын бери Кыргызстанда шарият принциптерин кеңири колдонуу боюнча пилоттук программа иштеп атат. Анын катышуучулары: Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана ЭкоИсламикБанк (пилоттук банк). Маал-маалы менен өнөктөштөрүбүз менен кызматташтыгыбызды ушинтип тактап да коюп атабыз. Бул жолу ИӨБнын президенти жана анын департаменттеринин башчылары бул пилоттук долбоорго чоң кызыгуусун билдиришти. Бул ИӨБ үчүн бүтүндөй КМШ аймагы боюнча жалгыз пилоттук долбоор, бул болочоктогу Кыргызстандагы исламдык каржы кызматын көрсөтүү индустриясынын (ИККИ) башаты катары каралууда. Кийинчерээк борбору Бишкекте жайгашып, бүтүндөй Борбордук Азия аймагын камтуу максаты бар.
Ийгиликтер кандай болду? Көп иш жасалды, ачык эле айтайын көбүндө пилоттук банктын жетекчилигинин жана акционерлеринин шайма шай аракеттеринин натыйжасында мыкты иштер жасалды. Бирок… Бирок алдыда дагы далай иштер бар, бул өзүнчө маселе.
- Өнөктөштөрүңүзгө оптимисттик ой туудура алдыңызбы?
- Ооба деп так кесе жооп берем. Мисалдарбы? Мынакей:
Кийинки жылы Кыргызстанда араб өлкөлөрүнүн бизнесмендеринин катышуусунда ири инвестициялык конференция өткөрүү тууралуу келиштик.
Ошондой эле Араб координациялык тобунун кезектеги жыйыны дагы бизде өтмөй болду.
ИӨБнын президенти Ахмад Мохаммед Али Аль Мадани биздин өлкөнүн Тилектештик Ислам фондусуна жана Кредиттерди экспорттоо жана инвестицияларды камсыздоо Ислам корпорациясына мүчөлүккө өтүүбүздү сунуш кылды. Эгер биз бул структураларга мүчө болсок, инвесторлордун тобокелчиликтерин камсыздоого шарт түзүлүп, Кыргызстанга мусулман өлкөлөрүнөн жеңилдетилген кредит жана инвестиция тартууга кенен жол ачылмак.
- Тобокелчиликтерин камсыздоо кимдин эсебинен жүргүзүлгөнү атат?
- Чыгымдарын инвестор өзү көтөрөт. Ошону менен бирге биздин өлкөдөгү ири долбоорлорго каражат жумшоону каалаган араб бизнесинин өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жогорулап атат.
- Суроолорубуз көп эле, бирок улам-улам саатыңызды карап атасыз…
- Ооба, туура баамдадыңыз. Жаңы Жылдын алдында Өкмөттүн иши чачтан көп экенин өзүңүз деле айтпадыңызбы. Мен сиздердин гезитти дайыма окуйм. "Объектив" өлкөдөгү каржылоонун ислам принциптерин жайылтуу боюнча маселелерди терең иликтеп, олуттуу чагылдырып келесиңер. Бул багытта жетишкендиктер бар албетте бирок тилекке каршы, өтө олуттуу маселелер узакка чейин чечилбей калып атат. Баардык суроолор боюнча Жаңы Жылда да сиздердин окурмандарыңыздар үчүн дагы кененирээк айтып берүүгө убада берем.

Маектешкен
Курманбек МАМБЕТОВ,
"Объектив" гезити. Журналисттик иликтөөлөр агенттиги.
№ 38 (102) 26-декабрь 2013-жыл - 1-январь 2014-жыл