Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Демилге...
Рустам Маманов,
коомдук ишмер:
Күрөш башталды. Бирок үч жылга кечигип башталды
- Рустам мырза, алгач жаңы-жыл алдындагы салттуу суроо узатайын. Быйылкы жыл сиз үчүн, мамлекет үчүн кандай жыл болду деп эсептейсиз?
- Биринчи жалпылап айтайын. Өтүп бараткан жыл биздин мамлекет үчүн жакшы эле жыл болду. Жетишкендик менен кемчиликтер коштогон, ар кандай кызыктуу фактыларга бай жыл болду. Мисалдарды айтсам, быйыл салыштырмалуу Токтогул ГЭСиндеги суу азыраак. Себеби, Бабанов былтыр премьер болуп турганда, сатып жиберген. Ал кезде ГЭСте 19 млрд. куб суу топтолгон болчу. Аны эч ким териштирген жок. Ал тургай унутта да калып калды. Дагы бир көйгөй - биздин сыртта жүргөн мигранттарга кыйыныраак болуп жатат. Ал эми элге жагып турган жакшы жагы - бул коррупцияга каршы күрөштүн жанданганы десек болот. Эми бийлик ушул баштаган ишин аягына чыгарышы керек. Ошто, Көлдө бир аз түшүнбөстүктөр болууда. Бирок эл мурдагыдай болбой, терең түшүнүп, ар бир маселени туура баалап калды. Демек, ал аймактардагы абал да өз нугуна келет. Президент Атамбаевдин өлкөнү башкарып жатканына 2 жыл болду. Бул мезгилде жакшы эле иштеди. Дагы 4 жылда баштаган иштерин, өзгөчө тазалануу боюнча аракеттерин аягына чыгарат деген ойдомун.
Жеке өзүм үчүн быйылкы жыл да мурунку жылдардай эле жакшы жылдардын бири болду.
- Миграция маселесин жакшы билесиз? Бизде бул багытта иш алып барган бир эмес, эки министрлик бар? Алардын ишмердүүлүгүнө сиздин жеке бааңыз кандай?
- Мен эки министрликтин миграция багыты боюнча алып барып жаткан иштерине жакшы бере албайм. Себеби, иш толук кандуу жүрбөй, жүрсө да талапка ылайык болбой жатат. ТИМди Руслан Казакбаев жетектеп турган кезде мен бир нече гезитке: "миграция боюнча министрликте коррупциялык иштер орун алууда. Айрыкча кытайларга виза берүү, ж.б. башка иштерине бир кытай 1000 доллары төлөйт. Бирок ошол акчанын 30 гана доллар өкмөткө, калган 970 доллары министрликтин жетекчилеринин чөнтөгүнө түшөт" деп айткам. Бул иштин экинчи этабын Жаштар жана миграция министрлиги улантып жатат. Аталган министрлик бул жакта иштеген кытайлардан ар кандай жолдор менен акча жасап жатат. Бирок ал акча өкмөткө эмес, өздөрүнүн чөнтөгүнө кетет.
Азыр Орусияда жүргөн мигранттарга абдан эле кыйын болуп калды. Буга чейин орус туугандары биздин мигранттарга абдан жакшы карап келген. Кийин ал жакта биздин жарандар улам көбөйүп олтуруп, натыйжада ар кандай кылмыштар көбөйүп кетти. Албетте, бул жагымсыз көрүнүш. Биз Орто Азияда мигранттардын саны боюнча 3-орунда турабыз. Биринчи өзбектер, экинчи тажиктер. Биздин министрликтер мигранттар боюнча толук маалыматты ала албай, ар кайсы санды айтып жүрүшөт. Ал эми тажиктер: " биздин мигранттарыбыздын саны 3 млн." - деп так айтып жатышат. Алар жакында Москвага жаңы келген 15 күндүк жеңилдик боюнча келишимге кол коюшту. Учурда биздин мигранттар ар кандай себептер менен көп кайтып келип жатышат. Келишсин, өз мекенинде болушсун. Жакшы аракет кылышса, бул жактан деле иш таап, жакшы жашаса болот.
- Сөз башында коррупция тууралуу сөз кылдык. Жеке пикириңизде азыр коррупцияга толук кандуу күрөш жүрүп жатабы?
- Күрөш башталды. Бирок үч жылга кечигип башталды. 2010-жылы апрель окуясынан кийин коррупцияга каршы күрөштү абдан катуу күчөткөндө, азыр бир топ тазаланып калмак. Такыр башталбай, күрөш жүрбөй калганча кеч болсо да ушундай кыймыл болгону жакшы.Бирок башталган күрөштүн жыйынтыгы кандай болорун ким билет. Деги аягына чыгабы, же токтоп калабы? Экинчи маселе ошол кармалып жаткан адамдарга соттордун чечим кандай болот? Себеби, бизде сот системасы да таза эмес. Алардын чечиминен кийин гана биз кармалган адамдарды коррупционер деп айтсак болот, ага чейин эрте. Жол тосуп, ачкачылык кармап жатышат. Ооба андай түшүнбөстүктөр болот. Тууганга тууган, доско дос күйөт болуп чырылдап жатышат да.
- 25-декбарда Кумтөр маселеси каралганы турат. Бул чыры дагы, сыры да көп маселе боюнча мурда да айтып келгенсиз, эми да айта турганыңыз бардыр...
- Туура, буга чейин Кумтөр маселесин чечүүнүн жолдорун айтып келгем. Негизи, 20 жылдан бери топтолгон чырды бир күндө чечип, дароо эле 33 пайызыбызды 67 пайызга алмаштыра албайбыз, биринчи этабы 51-49 болсун, анан дагы белгилүү убакыт өткөн соң, экинчи этабына өтүп, өз пайызыбызды улам көтөрүп туралы. Болбосо, мындан башка дагы бир жолу - бул денонсацияга баруу. Бирок ага эл даяр болушубуз керек. Себеби, бюджет тартыш болуп пенсия, пособие, айлык өз убагында берилбей калышы мүмкүн. Кумтөр маселеси сот аркылуу чечилгенче салыктар 2-3 эсе көбөйсүн, дагы бир топ ж.б. жолдорду айталы. Бирок ошого эле чыдайбы? Биринчи кезекте аң-сезимибизди даярдашыбыз керек. Дагы бир жолу: карышкыр да ток болсун, эл да ачка болбосун деп туруп, жогоруда айткандай 49 -51 пайызга көндүрөлү. Азыр түшүп жаткан пайда талапка ылайык көбөйүшү керек. Мына ушундай маселелерди элге референдум аркылуу алып чыкса да болот. Эл өзүнө жаккан жолду тандап алат. Андан тышкары, 1993-2003-2009-жылдардагы түзүлгөн келишимдер боюнча 5-6 адамдын айыбы угузулушу керек. "Камекодон" да бир нече жетекчилер жоопко тартылышы зарыл. Ошондо гана дүйнө эли Кумтөр чырын туура түшүнөт. Кумтөр боюнча кыскача пикирим ушундай.
- Парламенттик шайлоого бир эле жыл калды. Катышайын деген оюңуз барбы? Өзүңүз кайсы партияны колдоп жүрөсүз? Ар кайсы партиядан чакыруулар көп түшүп жатса керек...
- Мен мурун демократия үчүн деген партияларды колдоп, жактап жүрчүмүн. Бирок 2010-жылы "Ата-Мекен", КСДП, "Ар-Намыс", "Замандаш" партиялары өз өзүнчө кетип, люстрация мыйзамы кабыл алынбай калганда, бир да партияга кошулбай, колдобой калдым. Себеби, мен ошол партияларды демократиялык күчтөр деп эсептечүмүн. Ошондо ЭЛТРден: "партиялар туура эмес кетти, эми бир баштуу ажыдаарды, жети баштуу ажыдаарга айлантып албайлы, булар бири-бирин менен кармашып жүрүп, көп өтпөй реваншисттик күчтөр келип, жеңип чыгат" деп айткам. Бул партиялар убагында БЭК болуп биригишкен. Ошол бойдон калса, абдан жакшы болмок. Абдан чоң күч болмок да. Туура, мен айткандай эле реваншисттик күчтөр келмек тургай, алар шайлоодо жеңип да чыкты. Мен азыр эч бир партияда жокмун. Шайлоого катышамбы, катышпаймбы, аны шайлоого жакын калганда көрөбүз. Иним Ош Шаардык кеңешинде вице-спикер. Өзү КСДПда. Мен шайлоодо: аялы "Республика" болсо, күйөөсү, "Ата-Журт" болсо, экөө бир төшөккө жатпай калат экен" деп айткам. Себеби, ошол шайлоодо ушул эки партия катуу согушкан да. Негизи бир күндө түзүлгөн партия бир күндө жок болот. Буга мисал, "Алга Кыргызстан" жана "Ак-Жол" партиялары. Эл колдосо, ошол партиялар сакталып калмак да. Кийинки партиялардан "Республиканы" айтса болот. Бул партия дагы Кыргызстандын көпөстөрүнөн, болгондо да ошол кездеги өлкөдөгү кырдаалдын агымына жараша коррупционерлерден бир күндө түзүлгөн. Ал партияда белгилүү саясатчы жок. Акыры келише албай, 3-4кө бөлүнүп чачырап кетти. Беш колду тыгып жебей, бир колду тыгып жесин... Бизде тарыхы кенен КСДП, "Ата-Мекен" жана "Замандаш" бар. Кыскасы, ар бир нерсе өз тарыхы менен болушу керек.
- Парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Парламентте күчтүү балдар бар, бирок аз. Үч жылда ар бир депутат ким экенин, эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөттү. Баарынын жүзү ачылды. Бирок чынын айтканда, парламенттин ишин көтөрө турган бир нерсе жетишпей тургансыйт. Балким регламенти начар... Мага жакпаганы көпчүлүк коалициянын министрликтерден баштап, мектептердин директорлук кызматтарына чейин бөлүп алганы болду. Бул кайсы мыйзамда жазылганын мен билбейт экенмин. Баш мыйзамды 20 жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген да туура эмес. Биз парламенттик өлкө болдук. Бирок ошону биздин парламент өз деңгээлинде көрсөтө албай жатат.

- Көп жылдан бери меценаттык кылып келесиз. Айрыкча тарыхты тактоого чоң каражат жумшап жүрөсүз. Кылган мээнеттин жыйынтыгы кандай болуп жатат?
- Кудайга шүгүр, жаман эмес, белгилүү өлчөмдө жетишкендиктер бар. Биз түзгөн "Санжыра" борборунун жетекчиси Асыкбек Оморов баштаган топ тарыхыбызды тактоо үчүн дүйнөнүн төрт бурчун кыдыра албаса да, кыргыздын байыркы жерлерин дээрлик баарын кыдырып, бизге керектүү материалдарды жыйнап жатат. Андай баалуу маалыматтар биздин Улуттук илимдер академиясында да жок. Дагы топтоп, дагы жыйнайбыз. Орто Азияда мамлекеттердин ичинен биз эң байыркы, тарыхы өтө бай эл болобуз. Демек, биздин келечегибиз да жакшы болушу керек. Мен азыр 8 долбоор менен иштеп жатам. Ар биринин өз багыты, өз сметасы бар. Мындай аракеттерди тынымсыз жүргүзө бермекчибиз.
Алдыбызда жаңы-жыл келатат. Жаңы жылыбыз мамлекетибизге чоң жетишкендиктерди, өнүгүүнү, молчулукту алып келсин! Элибиз жакшы жашоодо жашасын! Ар дайым кичүүгө ызаат, улууга урмат болсун! Буйруса, мамлекетибиз 2017-2018-жылдары бутка туруп, алда канча өнүгүп калабыз деген ишеничим бар. Ылайым ошондой болсун!
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев