Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Толгоо тартуу
Динара айым, аялдар көчөдө төрөп калабы?
Учурда төрөт үйүндөгү ар кандай чуулуу окуялар төбө чачты тик тургузуп, жака карматып атканы маалым. Илгери адамдын көңүлүн көтөрүп, жүрөгүн жылытчу ушул төрөт үйлөрү эмес беле? Сүйүнүчтүү кабар угуп, наристелүү болуп, жентек бузуп жыргашчу. Азыр болсо, бир аз башкача түшүнүктөр пайда болгон. Тескерисинче, төрөт үйүнө баргандан чочулап турасың. "Быссымылда" дегенде эле, төрөй турган аялдын оюна "мени кандай кабыл алат, кандай врачка туш болом, канча сом (!) деп айтат, аман-эсен төрөтүшсө экен?" деген суроолор келет. Кыргызда качан ушундай эле? Мен бүгүн төрөт үйүнө байланышкан бир гана маселеге токтолгум келип турат.
Өзүм журналист катары далай ирет төрөт үйлөрүнө барып, интервью алып, ырчылар балалуу болгондо төрөт үйлөрүнөн чыгарып, тактап айтканда, журналист катары алардын жакшылыктары менен тең бөлүшүп, фото-репортаж жасап келчү элем. Бирок, ал жактагы эл билген жана билбеген көптөгөн "сырларды" этибар алчу эмес экенмин. Качан гана өзүм ушул жылдын июль айында төрөгөндө, төрөт үйүндөгү көрүнүштөрдү, врачтардын мамилесин көрүп, аял катары жүрөгүм ооруду, көңүлүм муздады. Өзгөчө алигүнчө эсимден кетпегени, Бишкек шаарындагы №6 Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы акушер-врач Ксения Геннадьевнанын мага кылган орой мамилеси болду. Буга чейин бир канча жолу телевидениелерден, басма сөз кызматтарынан "Кош бойлуу аялдарды паспортунун каттоосу боюнча гана төрөт үйүнө кабыл алуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ойлорду тиешелүү адистер какшап келишкен. Себеби, мунун кесепетинен энелер учурунда медициналык жардам ала албай, өлүмгө дуушар болуп жаткандарын баса белгилешкен. Алтургай, коомчулукта "Аялдын дени сак болсо, үй-бүлө жана коом таза болот!", "Аялдар ден соолугуна байланыштуу" деген ж.б. аталыштагы акциялар өткөрүлүп келген. Ал эми паспортунун каттоосу Кыргызстанда, бирок өзү чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз, мисалы, Казакстан, Россиянын бир канча шаарларында, облустарында жакшынакай төрөп, убагында медициналык жардам алып атканын интернет булактарынан, сайттардан окуп жана өзүбүздүн тууган-уруктардан угуп эле жүрөбүз. Бирок, аталышы "Эне жана баланы коргоо улуттук борбору" деп айтылганы менен, булар энени да, төрөлө турган баланы да коргошпогону абдан өкүнүчтүү. Менин паспортум Сокулук районуна катталган. Биринчи төрөтүм болгондуктан, №2 төрөт үйүнө төрөгүм келди. Анткени, бул төрөт үйүн көпчүлүк макташат. Тажрыйбалуу врачтар эмгектенерин да алдын-ала билгем. Анан ушул төрөт үйүнө карай турган районго убактылуу каттоого туруп, справка алгам. Анан 3-июль күнү толгоом келип, №2 төрөт үйүнө барганымда алар 14-июлга чейин ремонтко карата жабылганын билдиришип, ошол күнү № 2ге келген кош бойлуу аялдарды милдеттүү түрдө №6 төрөт үйү кабыл алып, төрөтүшөрүн айтышты. Мен түшкү маалда №6 төрөт үйүнө тогуз ай бою врачтын көзөмөлүндө болгон китепчемди, паспортумду алып барганымда, акушер-врач Ксения Геннадьевна өзү көрүп, үч манжа ачылып калганын жана ошол күнү кечинде төрөй турганымды айтты. Бирок, төрөрүмө 3-4 саат калганына карабай, "паспортуң Сокулукка катталыптыр, ошол жакка же Чүйский төрөт үйүнө бар" деп мени кабыл албай, сыртка чыгарып койду. Биринчи төрөтүм болгон үчүн толгоонун оор экенин түшүнүп-түшүнбөй, ичим сыздатып, бурап ооруп атканына карабай, абалымды көрүп туруп, толгоо кандай болоорун билип туруп, "кабыл алып коюңузчу?" деген кайрылуумду четке кагып, кыйкырып, "сенсиз да ишим көп, төрөй турган аялдар толтура, убактымды алба!" деп орой мамиле жасады (күбөлөр бар). Анан ушундай врачтар эне, баланын ден соолугун коргойбу? Мени менен барган апам, эки жеңем, эжемдер "эмнеге кабыл албайсыңар, төрөй турган аялды паспортунун каттоосуна карабай, төрөткөнгө милдеттүүсүңөр! Мисалы, Ошто жашап, ден соолугуна байланыштуу убактылуу Бишкекке келип төрөй турган болсо, эмне "Ошко бар" деп айтасыңарбы?!" деп сурашканда, акушер-врач "эгер мен сени азыр кабыл алып, бул жактан төрөтсөм, юридикалык жактан соттолуп кетем" дейт. Кокус мен Сокулукка кетип баратып, жолдон төрөп койсомчу? Кокус мен коркуп атып, жолдон машинеге урунсамчы? Же кан басымым көтөрүлүп (ансыз да көтөрүлдү, нерв болдум), ден соолугума, өмүрүмө зыян келсечи? Анда жанагы акушер-врач Ксения эки эсе соттолмок! Айланайын, кыргыз элим! Биз кайсы заманда, кайсы өлкөдө жашап атабыз? Акыры Сокулукпу, Ошпу, Нарынбы, айтор, баары бир Кыргызстан го! "Аялдын бир ажалы - төрөт" дешет. Ошону билип туруп, эмнеге төрөй турган аял паспортунун каттоосуна карабай, шартына карап, ден соолугуна карап, үйүнүн жанындагы төрөт үйүнө же жакын райондогу төрөт үйүнө барып төрөй албайт? Дагы жакшы, жашай турган күнүм бар экен, журналисттик тажрыйбамдын пайдасы тийип, №2 төрөт үйүнүн акушер-врачы жардам кылып, мени менен кошо сарсанаа болуп, менин өмүрүмдү жана төрөлө элек баламдын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшады. №1 төрөт үйүнө барып, аман-эсен көз жардым. №1 төрөт үйүнүн акушер-врачтары мени төрөткөндүгү үчүн ыраазычылык жылуу сөздөн башка зыян тартышкан жок. Аман болушсун, ылайым элдин батасын алып, эне жана балдарды коргой беришсин! Жакшылык кайтат кыргызда. А кандайча Ксения Геннадьевна соттолуп кетет билбейм?! Мына урматтуу кыргыз калкым, бул төрөт үйүнүн босогосун аттай электеги терс көрүнүштөрдүн бири. Ал эми аттагандан кийин эмне болот, бир гана Кудай билет. Эгер өзүңө тың, билимдүү жана акчалуу болсоң, аман-эсен каласың. Мен дагы бир жолу баса белгилейм, өзүм журналист болгонум үчүн гана врачтын (Ксенияга окшогон) мамилесине чегинип берген жокмун. Унчукпай, аман-эсен төрөдүм, "болоору болду" деп, бул окуя тууралуу жазбай деле койсом болмок. Бирок, кеч болсо да менден алсыз, шаардын жагдайын билбеген, карапайым аялдарга сабак болсун иретинде калемимдин сыясын аябадым. Айымдар, эч качан өзүңөрдүн укугуңарды тебелетпегиле! "Айтып койсок, врачтар жаман мамиле кылат" деп коркпогула. Биз Кыргыз мамлекетинде кыргыз жараны катары алгачкы медициналык жардамды алууга толук укуктуубуз. Кандай гана эреже болбосун, эң биринчи кезекте адам фактору болгон өлүм менен өмүрдүн ортосунда алпурушуп, эми төрөйүн деген айымга кайдан да болбосун медициналык жардам көрсөтүлүшү зарыл. Урматтуу министр Динара Сагынбаева, бу жерде төрөт маселесине байланыштуу бир эле көйгөйдү учкай белгиледик. Ал эми буга окшош көмүскөдө жаткандарды кантебиз? Дале улана береби же сураштырып, териштирип, терс көрүнүштөрдү ирээтке келтире аласызбы?

Айнура Касымова
P.S. Төрөт үйүндөгү башка көйгөйлөр тууралуу журналисттик иликтөөлөр уланмакчы