Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аида айым мыкты адам!
Ошентип, ырлуу да, чырлуу да 2013-жыл аяктап баратат. Жакшысы да болду, жаманы да болду дегендей. Ал жөнүндө жыл жыйынтыктаар саныбызда кененирээк кеп кылаарбыз. Башкалар сыяктуу эле биздин гезит дагы "Жылдын мыктыларын" аныктоонун алдында турат. Бизге телефон чалгандар менен эринбей кат жазгандардын көбү "Жылдын мыкты адамы" деп Башкы прокурор Аида Салянованы айтып жатышат. Өзүбүз дагы бул айымдын эркектен артык эрдигин, түз сүйлөп, түз жүргөнүн окуп, билип, угуп отуруп ошондой чечимди туура деп атабыз. Азырынча, "Фабуланын" "Жылдын мыкты адамы" наамын Аида Салянова эч кимге бербей турат. Калган наамдар боюнча аныктоо иши жүрүүдө, жыйынтыгы 27-декабрда ачыкталат.
Баса, аттуу - баштуу адамдар арачага түшүп, ажого айттырып, Келдибековду үй камагына кесе турууну өтүнүп Аида айым отурган Башпрокуратура менен ажо отурган 7-кабатка кайра-кайра чыгышып, эшиктерин жыртып атышкан экен. Арасында эл өкүлү Исмаил Исаков дагы бар дешет. Бакиев өзүн камаганда Келдибеков эки-ооз кебин айтканга жараган эмес эле... Айкөлдүгү жанда жок көрүнөт,


Бийлик Келдибековдон коркот
Тантырактаган бир гезит бар, илгери кайсы бир кызматкери пара алып кармалган, ошол гезит: "Бийлик Келдибековдун эмнесинен коркот?" деген макала жазыптыр. Туура, бийлик тарап да, ак турмуш өткөзгөн эл да тарап Келдибековдон аябай коркот, жаны чыкканча коркот. Анткени, жеп-ичкендин классикалык түрүн көрсөткөн немеден эл кана эмес, жан-жаныбардын баары коркот. Кийинки муун ошондон үлгү албаса экен деп кудайдан тиленет! Келдибековдун жолуна түшүп, ондогон үйгө, квартирага, машинага, жер тилкелерине ээ болуп, элдин канын соргон "аты-жыты азырынча атала эле жегичтерден" оолак болсо экен деп коркот. Бүт эл коркот, Келдибековдун баскан жеп-жутуу жолунан. Сак боло көргүлө!


Жантөрөнүн кандай тиешеси бар?
Учурда "Өнүгүү-Прогресс" партиясы менен "Улуттар биримдиги" партиясынын саясий биримдигинен кийин Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бакыт Төрөбаевдин бир тууганын себепсиз эле кызматтан алып ыргытып, чарбалык иштер менен эмес саясий куугунтук иштери менен алектенип жатканын көрсөтүп койду деген сөздөр өкүм сүрүүдө. Жазмакерлердин пикиринде буга Сатыбалдиев Төрөбаевди кабинетине чакырса, ал келбей койгону себеп болгон имиш. Анан аргасы кеткен премьерТөрөбаевди анын досу Алтынбек Сулайманов аркылуу чакырыптыр. А чынында бул карандай калп экендиги айгинеленди. Себеби, мындай аракеттер болгон эмес. Дагы бир таркатылып жаткан жөө жомок - "Өнүгүүнүн" артында "карт түлкү" Сатыбалдиев турат имиш жана эки саясий партиянын биригиши анын долбоору экен. А чынында Жантөрө мырзанын бул эки партияга кымындай да тиешеси жок экенин эчен ирээт айтылган. Андыктан бул эки партиянын артында Өкмөт башчысынын турушу мүмкүн эмес. Тигилер аны өздөрүнө кошушпайт дагы...


Асан Жакшылыковдун жакшы эмес иштери
Асмандын башынан, анан да "Манастан" баштап кеп кылган Асан Жакшылыков деген акын бар. Мына ошол акын, эгерде акын болсо, Кыргыз жазуучулар кеңешинин катчысы болуп турган учурда жазуучуларга 73 квартиралуу үй курам деп 60 млн рубль алып, ага удаа эле жазуучулардын басмасын курам деп 1 млн рубль алып, жигин билгизбей жеп-жутун койгон деген факт бар. Жакында ошону изилдеп туруп ачыкка чыгарабыз. Асан акын, баса, ажы деген да аты бар неме Башкы прокуратура текшерсе ким болуп чыгары белгилүү болуп турат. Азырынча элдин ыйманын айтып, балээ баскырдыкы, Манасты көтөрө чуркап турган кези... Күтөлү… Жазабыз…


Эркиндин иниси эркинен ажыратылды...
Акылдуу сөздөн айтып, азуусун айга жанган Эркин Булекбаев деген бир кездеги аткаминер бар. Ал эски бийликтин тушунда түрмөгө камалып кордук көргөнү менен, 2010-жылы ошол эмгеги үчүн жаңы бийлик аны Мамлекеттик Каржы кызматынын жетекчиси кылып дайындаган. Ошентип, ал кылмышкерлер менен катуу күрөш жүргүзгөнү менен, жыйынтыгы жакшы деле болбой, көп узабай кызматтан түшкөн. Кызыгы, Эркин мырза кылмышкерлер менен күрөшүп жатканда, анын бир тууган иниси Казакстанда чоң көлөмдө героин менен кармалып, казактар аны 25 жылга эркинен ажыраткан экен. Мына сага, биздин кылмышкерлерге каршы күрөшкөн жетекчилердин "тарбиясы татынакай" инилеринин кылганы...


Филатовдун кылмыш иши кыскарды
2010-жылдын 7-апрелине чейин Бишкек мээринин орун басары болуп турган Андрей Филатовго козголгон кылмыш кыскарганы белгилүү болду. Буга анын адвокаты Нина Зоотованын ходатайствосу себеп болуптур. Анткени, вице-мэрге козголгон кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен имиш. Ал кызматта турган кезде кыянаттык менен пайдаланып, жеп ичкени аныкталган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 304- жана 305 - сыяктуу оор беренелери менен кылмыш козголгон. Бирок Филатов 7-апрель революциясынан кийин Москвага куйрук түйгөн. Ага ошондон бери издөө жарыяланган. Кыскасы, коррупцияга каршы күрөш кызып турганда, Филатовдун кылмышы минтип кыскарып кеткени коомчулукка түшүнүксүз болуп калды. Же ал байлыгы ташыган коррупционерден Москвадан көп суммадагы акча алып коюштубу.


Татыктуулар тандалды
Мухтарбек Өмүракунов атындагы фонд жана "Замандаш" журналы жыл мыктыларын аныктады. Абройлуу адамдардан турган тандоо комиссиясы бул жолу ат көтөргүс эмгек жасап, элет жеринде жашагандыктан, коомчулукка таанылбай калган азаматтарды иргеп алууга басым жасады. Бүйүр кызыткан конкурска 500дөн ашуун сунуштамалардын түшүшүнүн өзү эле сыйлыктын канчалык баалуу экенинен кабар бергенсиди. "Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" -дейт. Мыктынын баары, чыгаандын баары элдин арасында. Дал ушуну эске алып, алыскы аймактардын чыныгы чыгаандары иргелиптир. Бул тууралуу Мухтар Өмүракунов атындагы фонддун төрагасы Эмилбек Өмүракунов: "Бүгүн сыйлык алгандардын арасында бир да бай адам жок. Бирок алардын арасында өз Мекенибиздин тагдырына кайдыгер караган бир да адам жок. Бул бизде чоң адамдык потенциал бардыгынан кабар берет. Биздин өлкөдө сыйлыкка татыктуу адамдардын көптүгү кубандырат", - деди. Ооба, бул жолу өз эли-жери үчүн жан аябай иштеген, өз жумушунун фанаттары, элибиздин патриоттору сыйлыкка ээ болушту. Мухтарбек Өмүракунов атындагы сыйлык өтө калыс, чыныгы элдик сыйлык катары коомубузда өз ролун ойноп келе жаткандыгы бул жолу да далилденди.


Алымбеков Сатыбалдиевди такады окшойт…
Парламент жыйынында депутат Эркинбек Алымбеков премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге суроо берет: "Эмне үчүн физкултурник Тезекбаев деген 30% бюджети уурдалып турган "Кыргызжилкоммунсоюзга" деректир кылып шайланды?" деп Анда Сатыбалдиев дегениң: "Аны эч ким сунуш кылган эмес, менин кимди да болбосун шайлоого конституциялык укугум бар" деп жооп берет Сатыбалдиев. Муну уккан Алымбаков: "Сиздин жооптон кийин, менде кайдан суроо болмок" дептир.