Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бар болгула, кыргызымдын кыраандары!
Аз күндөрдөн соң жыл жаңырат. Эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп алабыз. Жакшы тилектерди артынабыз. Жыл бою мыкты ишти аркалагандарга ызаат сый айтылып, бата беребиз. Мен да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эки жылдан бери биздин Ак-Өргө, Ала-Тоо, Ак-Ордо конуштарынын көйгөйлөрүн угуп, жетим-жесирлерге колдоо көргөзүп, жардамын аябаган, бирок ал иштерин ай асманга айтып мактангысы келбеген кыргыздын мыкты уул-кыздарына ыраазычылык айтып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктагым келет. Өжөр эмгегинин аркасы менен Манасты кыргыздын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө өтө зор иштерди аркалаган, айтор кайрымдуулук иштерине санак жетпеген ЖК депутаты Карганбек Самаковго, Бишкек СЭЗ директору Орозбек Нусувалиевге, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Чынара Шейшекеева, Насирдин Айсаев, Дамир Жумашевге, жеке ишкерлер Гүлкан Молдобекова, Чолпон Алдекова, Гулнар Умаровага, "Адеп башаты", "Элим, барсыңбы", "Умай Нур" кайрымдуулук фонддоруна Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо конуштарынын жашоочуларынын атынан жана өзүмдүн атымдан алкыш жаадыргым келет. Бар болгула, кыргыздын уул-кыздары, эмгегиңерден баар таап, бакубат өмүр сүргүлө. Сиздер жетим-жесир, кары-картаңдын чекесинен сылап, жылуу сөзүңөрдү, жардамыңарды эч аяган жоксуңар, кудай жолуңарды ачып, ишиңерге ийгилик арттырсын.
Терең урматым менен Жылдыз
МУСАБЕКОВА, Бишкек шаарынын Ленин районунун №3 муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы


Бекешовго окшогондор көп болсо, атаганат!
Кандай айтсак да депутат Дастан Бекешов таза инсандардын бири. Кээси менен жаңылып кеткенин адамдыктын табиятынан деп билишибиз керек. Аз мурун анын кызмат шоопуру машинасын тротуарга токтотуп койгон сүрөтү интернетке чыгат. Аны уккан Бекешов дароо эле айтып турганы: "Мен шоопурумдун ал кылыгын угарым менен ага сөгүш бердим, дагы да ошондой жоругу кайталана турган болсо, анда кызматтан айдаларын айттым. Жол эрежесин бузгандар катуу жазаланышы керек. Жол эрежесин ким бузса дагы жооп бериши керек…" деп. Депутаттын баары, дегеле адамдардын баары эле Бекешовдой болсо кана?!


Асылбек Жээнбековдон үйрөнбөйбү
Анткен менен спикер Асылбек Жээнбеков "эт менен челдин ортосундагы" жигиттерден эмес. Оор басырыктуу, маселени түбүнөн түшүнгөн саясатчылардын бири болуп келет. Ошол саясатчыбыз, спикерибиз депутаттарга кайрылып, сынды көтөрө билишибиз керек дегенди айтып турат. Айтканы туура, туптуура. Адыраңдай кеткендер Асылбек мырзадан токтоолукту үйрөнсө пайдасы чоң болор эле…



Депутат Жолдошева кулкунду тыйыңыз!
Жылдызкан Жолдошева жажалап сөз бербей турган айым болуп турганы. Курманжан датканын музейин уюштурам деп, ошол улуу атка таянып көл жээгинен аша кеткен жер алып спекуляция жасап жатканын моюнга албас болду. Аны моюнга алмак турсун, уялбай-этпей эле "мага заказдуу материалдарды жарыялатып жатышат" - деп буулугуп турганы. Жок, Урматтуу Жылдыз депутат, Сиз жутунганыңызды тыйышыңыз керек! Жажалап туруп баарына жеткен заман өтүп барат... жебе жетпейт, жебе жетет сыяктанат!..


Көбөт да көбөт, көпөстөр
Азыркы эл өкүлдөрүнүн көбү өзүнчө эле көпөстөр, кудум эле илгерки манаптардай мандатына манчыркашат го чиркин. "Каргайын десем байкушсуң..." дегендей эле кеп да. Каргабайлы десек, анан ушулардын кылганы туурабы? Быйылкы жылдагы туристтик сезондун жыйынтыгын чыгарып, болочок максаттарын аныктоо үчүн ЖКнын Экономика жана фискалдык саясат комитети жыйынын өздөрүнүн эле парламентинде эмес, же Бишкектеги мекемелердин биринде эмес, Ысык-Көлдүн боюндагы "Аврора" пансионаты менен Караколдун түбүндөгү "Каприз" эс алуу борборунда өткөрүп келишти. Жыйын өткөрүшмөк беле, жыргап эс алып келишти да. 13 адамдан турган депутаттардын баскан турганы, ичкен жегени, жол киреси эле канча сомду "жайлап" түштү болду экен.


Кеп маянада эмес, мансапта!
Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева айлыгы көтөрүлгөндөн бери 48 миң сом алаарын айтып, "соттор материалдык жактан көз карандысыз болушу керек, бул өтө маанилүү маселе" - деп маек берди. Көтөргөн маселесинде мандем жок деңизчи бирок, Феруза айымдын жакындарынын айтылуу "Бишкекжылуулук", "Чыгышэлектро", "Түндүкэлектро", "Электр станциялары" өңдүү күндүр-түндүр акча аягы тыйылбаган мекемелерде олчойгон үлүшү бар эмеспи. Миң долларга чукул айлыгы менен мындай байлыкка ээ болуш эң эле кыйын иш го. Маселе маянасында эмес, мансабында болуп жүрбөсүн?


Абдыганы Эркебаев туура айтат!
Өткөндө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук илимдер академиясын чарбалык-эсепке өткүлө дегенди айтты. Буга Академия окумуштуулары катуу таарынды. Чынында премьер-министрдин айтканы маселени нөлгө жараша билген адамдын кеби болду. Азыр биздин окумуштуулардан өткөн бечаралар жок. Уялбай эле айтсак, Ош базарында тачке түрткөн бала илим докторунан көп каражат табат. Сатыбалдиев аны жакшы билет, бирок, өзү небак тоюп алган неме билгиси келбейт! Жок, окумуштуулар жетиштүү жашап, жемиштүү жыйынтык бериш керек. Бул туурасында Академиянын президенти академик Абдыганы Эркебаев туура айтып жатат!