Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жоругу жолдо калгыр!
Өздөн чыккан жат жаман
Акыркы убакта "Майдан" гезити атбашылык белдүү жигиттерди - Эмил Өмүракунов, Шаршенбек Абдыкеримов, Бакыт Жусубалиевди, айрыкча айтылуу бизнесмен, элге чындап жардам кылган меценат, Аскар Салымбековду сандан-санга шыбап жатат. Илгери бир токойдо болгон бак-дарак, карагайлар күүлдөп "балта деген бир балакет чыгыптыр, ал баарын калтырбай кырып келатыптыр, не айла кылабыз" дешсе, көптү көргөн арча "аныңдын сабы бизден жасалыптыр, өздөн чыккан жат жаман деген ушул" деген тура. Анын сыңарындай жогоруда аты аталган жигиттерди боктотууда Камчыбектин көмүр жыттанган кулагы көрүнүп атат. Элге кылган кызмат, жакшылыктын алдында Камчыбек Аскардын жана жогорудагы үч азаматтын бучкагына да тең келбесе керек. А негизинде, жүргөн-турганы, адамдарга жасаган мамилеси, жарды-жалчыларды аесуз эзген өткөн феодализм кылымдардагы байларды элестеткен бүгүнкүнүн манабы Камчыбек Жолдошбаев жөнүндө айта берсен кептин учугу түгөнбөйт. Өзгөчө негативдүү багытта. Жинди кыялы кармаганда аксакалдарга акаарат келтирген, аялдарды ышкырылтып сөккөн, атыгүл бир сапар "Бешсары" соода түйүнүнүн алдында ага каяша кылган боюнда бар келинди ичке тепкен "итчилиги" менен элдин эсинде. Камчыкең оомал-төкмөлүү 90-жылдардын башында Кочкордогу, Ак-Талаадагы автобазаларды итбекер менчиктештирип, Майрам Акаеванын коюн-колтугуна кирип, Каракече көмүр кенинин каймагын өз билгенинче калпып бутка турган, артынан жакшы кепке караганда, "ошол аман эле болсунчу" деген осол сөздү ээрчиткен "олигархтардын" бири. Кыргызстандын тарыхында карапайым калкка жасаган "ит" мамилесинен улам эки гана адам элдин ташбараңына калган. Анын бири таластык рэкетир Рембо. Раматылык ташбараңда каза тапкан. Экинчиси, Жумгал элинин каарына калып, ташбараңга кабылган кадимки Камчыбек Жолдошбаев. Эми, өзү ташбараңга алынганын жердеши Аскарга оодара салгысы келип, "Майдан" гезити аркылуу "Салымбеков 2009-жылы Аксай, Арпанын 5 миң гектар жери менен Кытайга бериш керектигин айтып, Максимдин демилгесин колдоп, бажы терминалын 60 чакырым Кыргызстандын ичине бери карай жылдыруу демилгесине кошулуп, теңиртоолук туугандарынан токмок жеген" - деп өз кишилери аркылуу оозу-мурду кыйшайбай калп айттыртып туру. Ошол жалганды чындай койгулаштырган Жолдошбаевдин "жоролору" да сотко берилмекчи. Мындан да башка жазылган жийиркеничтүү ушактар боюнча Салымбеков тарап "Майдан" гезитин сотко берди. Ал ортодо, 2009-жылы Торугарт бажыканасы ичкери, Коргон Ташка жылат дегенде калың Ат Башы эли түп көтөрүлүп, "жерди бергенче жаныбызды беребиз" деп Бакиевдердин ата-жотосун калтырбай сөгүшүп, Бишкек-Торугарт жолун тосушкан. Ошондо вице-премьер Бабанов баштап барган комиссия элдин жаалынан улам бажыкананы ордунда калтырган. Ошол жерди сактап калуу жыйынына катышкан азамат атбашылыктар телефон чалышып, ал жерде эч ким Аскар Салымбековду сабамак тургай, сөкпөгөнүн айтып, "ушунчалык дагы ушактын пас деңгээли болобу, Кызыл-Тууга келип, накта чындыкты угуп кеткиле" дегенинен Ат Башыга сапар алып, барып келдик. Калганын жыйындын чыныгы каармандарына сөз берели.





Калыбек Арабаев,
Ат Башы районун ардактуу аксакалы.
"Жаныш бакиев команда берген экен"
Калыбек аксакал менен бүткүл Кыргызстан сыймыктанса болот. Бакиевдер эчкимди көзгө илбей дөөгүрсүп турганда, алар өткөргөн курултайда элдин чындыгын айтып чыгып, КурСалиевичти безге сайган. Данияр Үсөнов Нарынга барганда калк көзүндө жарга такаган, кийин бажыкана бери жыларда "жер кеткенче башыбыз кетсин" деп калың элди көтөргөн. Дайыма чындык үчүн чыркырап келген Калыбек аксакал болгонун болгондой айткан калыстыгы менен да белгилүү.
- - 2009-жылы, жайында кытайлар Коргон-Ташка уруксатсыз бажыкана салып баштаганда жалпы атбашылыктар жапа тырмак көтөрүлүп чыкканбыз. Алардын башында Бейшенаалы Нурдинов экөөбүз турганыбыз чын. Ал жыйында Жолдошбаевдин жыты да болгон эмес. Ал жөнүндө мурда көп эле айттылды. 7-июль күнү вице-премьер Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү тикучма менен келип Коргон-Ташка келип конушту. Ага чейин Бейшенаалы Нурдинов экөөбүз Аксай, Арпа жайлоолоруна мал жайлап чыккан элге дейре барып айтып чыгып, Ат-Башынын болгон жеринен эл чогулду. Эл бир метр жер үчүн тикесинен тик турабыз деп каны кызый баштады. Жыйынга Ат-Башынын ар тарабынан кыйла эл чогулду. Бабановго эл, аксакалдар "50 чакырым жер үчүн жаныбызды бергенге даярбыз. Жерди эч качан сатпайбыз. Чекара 50 чакырымга бери жылса Аксай, Арпа кетет. Андай болсо атышып өлөлү"-дедик, бирооздон. Анан эле Бабанов, өкмөттүк комиссия бажыкана жылдырылбасын деп чечим кабыл алганын билдирди. Жер кетип атса, каны кызып калган айрымдар, "Аскар сен губернатор болуп турганда кол коюп берген турбайсынбы?"-дешти. Аскар, "Мен кол коюп берген эмесмин. Мен башта эки аксакал айткандай жерди-элди эч качан сатпаймын жана жанымды-канымды берем"-деди калыбынан жазбаган токтоо мүнөзү менен. Аскарды камчы менен чаап, сабашты деген калп сөз. Болгонун болгондой айтыш керек да Кудай урбадыбы! Мен жаңы бажыкананы салуу үчүн губернатор, аким уруксат бербегенин, аны салып аткан орус архитектор Бакиевдер документин кийин бүтүрүп беришет деп эле салып атышканын айткандан кийин эл бул жерге, дегеле чекара, бажыкананы бери жылдырууга Аскар Салымбековдун такыр тиешеси жок экенин билишти. Көрсө, андан мурдараак акмак Жаныш Бакиев өзү келип, бир жумадай иликтеп кетип тигилерге сала бергиле деген команда берген турбайбы.

Асылбек Жусупов,
Казыбек айылынын тургуну
"Азыркыга чейин уялам"
- - 2009-жылы жайында Бишкекте жүрсөм "Аксай, Арпаны Салымбеков сатыптыр, эми жерлерибиз Кытайга кетет экен" деген сөздү угуп, жерге күйгөн балдар менен Ат-Башыга бардык. Кызыл-Туу айылына барсам, Камчыбек Жолдошбаев байке, "эл Салымбеков Арпа, Аксайды кытайларга сатыптыр деген сөз жүрүп жатат. Сен жыйынга бар дагы, Аскарга жерди сен саткан турбайсыңбы, киши эмес экенсиң де"-деп айтты. Жер кетип атса, жиним келип Аскар байкеге ачуу сөздөрдү айтып, катуу тийдим. Ал кылганыма азыр деле өкүнөм. Уялам. Кийин жолукканда "Аскар байке ошондо башкалардын тилине кирип, туура эмес сөздөрдү айттыптырмын" деп кечирим сурадым. Көрсө, ошондо Аскар байкени атайылап эл душманы кылуу үчүн саясаттын сасык оюну жүргөн экен. Акырын бажыкананы жылдырып туруп, тиги байкебизге шылтап коюшмак экен. Аны кийин билдик. Анан гезит беттеринде "ошол окуяда Аскар элинен токмок жептир, айылынан кубаланыптыр" деген жалган маалыматтарды окуп, ошону жазган кишилер менен журналисттерге таң калдым. Мынчалык деңгээлде калп сүйлөөнүн эмне кереги бар? Же мурда-кийин айткандарына жооп бербейбиз деп ойлошобу?!

Ишенбек Исаков,
Кызыл-Туу айылынын тургуну
"Жогорку Кеңешке биздин айылдан 95% добуш алган"
- - 2009-жылы мен Кызыл-Туу айылдык кеңештин төрагасы элем. Кытайлар бери киргени жатыптыр дегенде биздин айыл да түп көтөрүлүп чыктык. Ат-Башынын аркы өйүз, берки өйүзүнөн 400дөй атчан, 40-50дөй автоунаа менен толтура эл келди. Өкмөттөн Бабанов башындагы министрлер келди. Кызыл-Туу айылынын атынан мен да өкмөт мүчөлөрүнө жерибиз үчүн акырына чейин туруп берерибизди айттым. Өкмөт мүчөлөрү калктын каарынан чочуштубу, бажыкананы ордунда калтырышты. Ал жерде эч ким Аскарды сабаган эмес. Анын бул маселеге эч кандай тиешеси жок болсо. Жардамынын башка жамандыгы жок кишини ким сабайт. Кадыры жок болсо, жөнөкөй адам болсо бир жөн. 2005-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болгондо Аскар Салымбеков биздин айылдан 95% добуш алган. Мына, Аскардын ушундай денгээлдеги авторитети бар. Айрымдар билбейт калат дегенби калпты чындай койгулаштырып гезит бетине жазып жатышат. Ага кызылтуулуктар катуу нараазыбыз, биз Аскар эмне жооп бербейт, болгон чындыкты айттырбайбы деп ойлоп жатканбыз.

Акылбек Таштанбеков,
Кызыл-Туу айылынын тургуну
"Аскер байке дээринде жөнөкөй, боорукер киши"
- - 2009-жылдагы ал окуяда Аскар байкени сабады дегендерге таң калып атам. Кичине жалган сүйлөгөндүн да чеги болот. Аскар Салымбеков биздин айылга татынакай мечит салып берген. Таза суу чыгарарда да жардам берди. Айыл-ападан Бишкекке жардам сурап, иш сурап баргандардын көбүн кур кол чыгарбайт. Дээринде абдан жөнөкөй, боорукер киши. Чыры да жок. Ошондуктан жанагы жалганчыларды сотко бербей, "ит үрө берет кербен жүрө берет" деген кеменгер кеп менен кенебей жатса керек. Бирок, ушул ушакты төгүндөп чыгарып атканыңар эң туура. Себеби, Аскар Салымбеков Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн киши. Биз чындыкты билгенибиз менен жалпы журт билбейт эмеспи.

Улан Карагулов,
Ат-Башы айылынын жашоочусу
"Депутаттыкка 2 жолу койду эл шайлаган жок"
- - Биз ушул жерде туруп, Салымбеков менен Жолдошбаев бири-бири менен тирешип, Камчыбек гезит бетинде Аскарды жамандатып атыптыр деген кепти угуп атабыз. Эми, экөө тең биздин байкелерибиз, жалпы журттун астында уят болбой эле коюшса болмок. Тилекке каршы бу жок жосунду Жолдошбаев баштап атыптыр. Негизи Ат-Башыдагы Жолдошбаевди сыйлай деле беришпейт. Сыйлашса өзү Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2 жолу койду бирок эл шайлаган жок. Ошондо да элге каршы тетири сүйлөп, туура кетип бараткан жеринен солго кеткен. Адамдарга өтө жаман, өкүмзордук менен мамиле кылат деп угам. Бишкектеги "Бешсары" соода түйүнүн караңыз. Жайында ысык, аба жетишпей сасып турат. Кышкысын суук. Адам болгондон кийин, өзүнө ижара акысын төлөп жаткан ижарачыларына нормалдуу шарт түзүп берип койбойбу. Эл деген кой эмес да акыры. 2011-жылы Жолдошбаевге нараазы болгон соодагерлер "Бешсарынын" алдында митингге чыкканда боюнда бар аялды ичке тепкенин ММКлар жазып чыгышпады. Бул деген айбанчылык да?!
Семетей ТАЛАС уулу