Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…
Кыргызстан "өнүгүү жолунда"- "Саруустан" деген мамлекет пайда болду!
Кор болуп турган Конституциябыздын 64-беренесининин 9-бөлүгүндө минтип жазылып турат: "Президент конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет" деп. Ушул жазылган баракты ары аңтарам, бери теңтерем, бирок, кашайгырдыкы, "саруулуктар өзгөчө абал киргизүүгө укутуу" дегенди таппайм! Тигиге, буга чалып сураштырсам Конституцияда саруулуктардын укугу жазылбай калган дешти. "Андай болсо алар эмне комменданттык саатты киргизип алышты?" деп мээ чиритем… Анан, оо, көптө барып жанагы мээге бирдеме илингендей болду да. Көрсө, Конституциябыздын иштебегендигинен, мыйзам диктатурасы жоктугунан, бийликтин ылжырап-былжырап тургандыгынан тигинтип ким да болбосун коменданттык саат киргизип алууга "акысы" бар тура! Э наалатыныкы, ушундай да бечара мамлекет болобу?! Жети-Өгүз районунда Барскоон, Жети-Өгүз, Шалба, Тамга, Жон-Булак сыяктуу килейген айылдар да өз билгенин жасай баштаса, анда бийлигибиздин дамбалы шыпырылып калат тура! Ушинтип жүрөк түшөт! Дагы жакшы ал айылдыктар дайынсыз адыраңдаган жери жок…
Болуптур, саруулуктар өзүнчө мамлекет болуп жашасын. Анда аларга Кыргыз республикасына тийешелүү делген электрэнергиясын, сууну берүүнү, телекөрсөтүүнү токтотуу керек, Кыргызстандын бюджетинен бөлүнгөн айлыктарды, пенсия менен көмөк акчалар төлөнбөсүн, Саруу айылынын эки башына чек ара мамыларын орнотуп, Балыкчы тарапка же Каракол тарапка барам дегендерге виза режимин киргизүү керек, визаны берүүдө кыргыз бюрократиясынын классикалык түрүн көрсөтүү керек, жүз чукул справка чогултуп, бир жылда араң алгандай кылып ж.б. Ошондо митинг менен коркутуп, өзгөчө кырдаал киргизип алгандардын маңкасы канча күндө агаар экен?! Мамлекеттин маанисин кетирип, оозуна келгенди оттоп, оюна келгенди кылуунун да чеги болот! Азыркы заманда чала сабаттык менен зөөкүрдүк ырас делчү турмушка алып бара албайт… оңкодон саяры бар! Митингге катышкандар акча алып турса, элдин атынан аракет кылып жатабыз дегендериң миллиондогон доллар талап кылып жатса… "Саруу мамлекети" ошол кейпи менен ашып кетсе, алты күндүк өмүрү болор… Ырас, саруулуктардын көбү митингчилердин колдогон жок, аларды аргасыз кылып жатат деген маалымат бар. Уюштуруучуларды көз ирмемде укуруктап койчу кудурети бар бийлигиң болсо үргүлөп турганы! "Бийликтин укуругу узун" деген маани да тебелендиде калды окшойт…
Ылжыраган бийлик башынан эле элди жаман көндүрүп алган: митингдерге чыгып жолду бууп алса, жооп бербейт; кайсы бир имаратты курчап алып ал жерде иштегендерди киргизбей турса, жооп бербейт; ким каалаган жерге бир машина шагыл төгүп эне деген аты барларды орундукка олтургузуп ташта, эч ким жооп бербейт; ашынган криминалдар менен теңата сүйлөшөт, кылмышкерлердин көбүн камап салуунун ордуна "үй камагы" деген жыргал абалга алып келет ж.б. Мына ошондой абалда Конституция менен иши жок, түшүнүгү жок чала сабаттар "каалаганыбызды жасай берсек эч нерсе болбойт экен" деген ишенимди дилине орнотуп алышкан да. Мыйзам бузган учурда ылжырап олтурбай чагылгандай тийип турса, албетте, мыйзам чегинде, көпкөндөрдүн өнөрү көз ирмемде өчмөк, быш этип жели дароо чыкмак чыкчу жеринен! Эми кара, кайдагы бир немелер мамлекет ичинде бир айылды мамлекет кылып турганын! Кыргыз дегендин бирисмдигин көздөп, башка улуттарга маданий сокку уруп туруунун ордуна, наадандык ишти жасагандыкты кай ат менен кантип атадык?! Биз деле биртоп нерседен кабарыбыз бар эле, бирок, кайсы мамлекетте бир айыл өздөрүнчө Констиутция жаратып алганы эсте жок, Африканын жарым жапайы, чала сабат эли бар кээ бир мамлекеттерин кошподук…
Бишкекте кайсы бир телеканалдын маселени терең түшүнбөгөн бир кабарчысы айтыбатат: "Жергиликтүү бийликтин ишти жөндөй албаганынан саруулуктар ушинтип жатат" деп. Эй, ошол кабарчы, жергиликтүү бийликтин колунда эмне бар? Райжетекчи Дамир Моңолдоров, облбашчы Эмилбек Каптагаевдер колунан келген аракеттерин кылып жатат, дагы кыйын экен далайга чыдап берип жатышат. Аталган маселени мамлекеттик деңгээлден карап туруп чечим чыгарыш керек. Бишкекте жатып алып Каптагаев менен Моңолдоровго, анан да ИИБнын начальниги Эмил Салиевдерге жүк артпай, Президенттин деңгээлинде, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн деңгээлинде чечим чыгарып туруп тез арада чара көрүш керек. Болбосо, саруулуктардын "вирусу" башка айылдарга, райондорго тарап кетсе, "антивирус" таппай, тапсак да жетпей ит болорбуз!
Бу адамзат турмушу укмуштуудай татаал көрүнүш тура. Так эрежеси жок бу турмуштун бүгүнү эртеңине окшобойт. Бир кезде жарым сындырым нанга зар болгон адам, ага жетсе, дагы башкасын самайт экен. Жеген наны кенен болсо, баарына кайыл жашай бермеги унутта калат экен. Улам алдыңкы цивилизацияга жеткен сайын талабы жогорулап жүрүп олтурат тура. "Бүттү, баары жетти, эми бейпил жашайлы" деген бүтүм болбойт экен адам баласында. Пушкин деген гений акын "Алтын балык жөнүндөгү жомокту" бекеринен жазган эмес турбайбы! Адам баласы улам башканы самап турат экен, ошондон улам бүгүнкү күндөгү окуяларды кара, бүт дүйнө митинг оорусу менен ооруп калгандай. Франция, Бразилия, Германия, Англия, Испания, Италия, Турция, Греция, Украина, Россия, Египет, Ливия, Иран, Ирак, Пакистан ж.б. ири мамлекеттерде митингдер тынымсыз өтүп жатат. Бир өлкөдө митингчилер жалпы эл үчүн керектүү, зарыл маселерди көтөрүп чыгып жатса, кээ бир жерде эркек менен эрекекти, аял менен аялды үйлөнүүгө, аларды үй-бүлө деп атоого каршы чыгып жатасыңар деп бийликке нааразы болуп турушпайбы. Кантип айта кетпейли, биздин элдин арасында да обу жок, элибизге таптакыр коошпогон маселени көтөрүп чыкчулар бар. Андыктан аз жылдардан кийин эркектен катын алам дегендердин маселеси көтөрүлүшү бар. Андайга эмитеден сокку уруп турушубуз керек. Тигине килейген Россия президенти Путин баш болуп традициялуу эле жашайбыз деп чыгышты…Ал эми Францияда бир жыныстан турган экөөнү "үй-бүлө" деп тапканы адамдыкка урулган сокку болду! Ошондон аябай сак болушубуз керек.
Ошентип, дүйнө жүзүндө "мода" сыяктуу болуп калган же мания маанисине өткөн митингдер бизде да байма-бай болуп жатат. Митингдерди өткөзүүгө мыйзам бар, бирок, ал кандай маанайда өтөт, маселе ошондо. Азыр коррупцияга белчесинен баткан наадандарга кылмыш ишин козгосо болду митингдер болуп, алар жол тосуп дагы да башка мыйзамсыз аракеттерди жасап жатышпайбы. Ар бир митингдин башында кайсы бир адамдар турат, мүшөк-мүшөк акча дегениң тизгин тарттырбай оюн көрсөтүп, арбап алат. Эр болсоң анын азгырык-абагынан чыгып көр! Акчасыз митингге чыккан адам таба да албайсың, тиги коррупционердин жакындарын кошпогондо.
Митингдерди уюштуруп, кагылыш болуп кетсе экен, хаос абалы өкүм сүрсө экен деп бу бийликтен кызмат тийбей калган наадандар жалаң кана тазалыктан кеп кылышат. Эгерде жараткан берген тазалыгы болсо, анда акча таратпай эле коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керек, сатылып кеткен бала бакчаларды кайтаруу керек, тиги коррупционерди эмнеге камабай жатасыңар, баланча бандит менен түкүнчө коррупционерди актап жиберген сотту жоопко тартуу керек, карыган энеси менен атасын карылар үйүнө өткөрүп жаткан наадандарды жоопко тарттыруу керек ж.б. маселелерди көтөрүп эмне митингдерди уюштурайт?! Антпейт, антсе, былгыткан иши болбой калбайбы, кара дили өлүп бербейби! Экинчиде, акчасы жок митингдерге эл дагы чыгып бербейт, цирктеги жаныбарлардай болуп суранып турган адамдардын жоон тобу пайда болуп адамдыкты булгап жатпайбы!
Жок, бүгүнкү кебете-кешпирибиз менен биз жакынкы жылдарда дурус делчү турмушка жете албаспыз. Азыр жакшылыкка кеткен жолубуз буулуп калгандай болуп турат. Мейли, биртоптордун курсагы жакшы тоюп жатат, наны жок ачкадан өлгөндөр жок дейли, бирок, ички кебетебизди келиштирген карачкыга окшогон дилибизди канттик?! Дилибизди тазалап "профилактикадан" өткөзүп турчу иш-чаралардын баары жүргүзүлбөй да калды. Майлуу, абройлуу кызматта иштеш керек, анан алыш керек, жулуш керек, баланчага караганда бай жашаш керек… болгон үмүт-тилегибиз ушунда болуп калды го! Баланча деген китепти таап окусам болот эле, түкүнчө деген окумуштуунун, акылман аксакалдын кебин уксам болот эле, эмнеге Рафаэлдин, Пикассонун, Айвазовскийдин сүрөттөрү жалпы эл баалайт, Бетховен, Лист, Шопен, Чайковскийлер чыгарган музыкалар эмне үчүн түбөлүктүүлүккө жеткен, согуш башаталары менен Шостакович 7-симфониясын кантип бат эле чыгара салды, дүйнөдөгү жети кереметтин бири эле- Египет пирамидадары калыптыр, калганы жок экен, алар керемет атка эмнеси менен жеткен, Манас эмне үчүн душмандашкан элдин өкүлү Алманбетти батырып алган, нота билбей туруп Карамолдо канча күүнү черткен, Атай менен Мусанын үнүндөй үн барбы азыр… деген адамды адам кылып турган суроолор азыркы жаштардын алдына коюлбай калган. Азыр эки кана суроо бар: кантип чоң кызматка жетүү керек, кантип чириген бай болуу керек? Экөө тең адамды күм-жам кылып таштачу суроо-көрүнүш, келечекке балта чапкан көрүнүш!
Элимдин жолу кылтылдап турат…
Баратбай Аракеев