Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Күн дүрбү: дүрбөлөң себептери эмнеде?
Украина: өлкөнү калтылдаткан окуялар
Жакшылыгы менен катар карама-каршылыктарга, пикир келишпестиктерге толгон дүйнө. Бейпилдиги менен жаңжалы катар жүрүп, алдуусу алсызын басмырлап, адилеттик менен карасанатайлыктын кармашы күчөп, калыстык үчүн күрөш тынбай уланып келаткан оомал-төкмөл, мээримдүү жана ырайымсыз дүйнө. Адамдардын жаркын турмушта өздөрү каалагандай эркин жашагысы келет. Ошондуктан өз оюн ачык айтып, түпүкү асыл мүдөөлөрүн турмушка ашыруу үчүн бийликтин үстөмдүк кылып ар кандай ыдык көрсөтүүлөрүнө туруктуу каршылык көрсөтүп ар дайым күрөшкө чыгып келишет. Дүрбөлөңгө толгон азыркы дүйнөнүн жакшылыкка умтулган таламдары да ушундай. Боло келген дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарынан мухиттин толкундарындай болуп көк тирей сапырылып чыга калып жаткан коогалуу жаңырыктардын маани- маңызы да ушундай. Ушу кезде мындай чыгуулардын күркүрөгөн эпкини жер шарындагы ар кайсы мамлекеттерден жаңырыктап угулуп, дүйнө көңүлүн буруп турат. Демек, калтылдак дүйнөнүн чексиз стихиясы, аалам толгон озуйпасы менен заң- мыйзамы да ушундай. Жараткандын амиринен кыйгап кетер эч нерсе жок.
… Ошол түнү Киевде бир канча күндөн бери евроинтеграцияны жактагандардын нааразылык көрсөтүү чыгуулары өтүп жаткан эркиндик майданын бийлик тукурмаларынын курчоого алганы чогулгандардын кыжырын кайнатты. Полиция күчтөрү аянттагы баррикадаларды бузууга аракет жасап, жандалбас
кылганы менен майнап чыгара алган эмес.
Мындай күч колдонууга жаалы келген демонстранттар; " Бул түркөйлүк, биз аягына чейин турабыз!" деп ураан чакырып, Украинанын гимнин созолонтушкан.
Украинанын Евробиримдик менен жакындашуу саясатын жүргүзүшүн, ошону менен катар эле өлкөнүн президенти Виктор Янукович менен азыркы өкмөтүнүн отставкага кетишин талап кылып Киевдин борбордук аянтына жүз миңдеген адамдардын чогулуп алып бууракандаган демонстрацияларды өткөрүп жатканына бир топ күн болуп калды.
… Жакында эле өлкөнүн президенти Виктор Янукович Украина Евробиримдик менен өз ара мамилени өркүндөтөрүн, ошону менен катар эле Орусия менен
соода байланыштарын жакшыртарын айтып чыкты. Ошол учурда мамлекет президенти Виктор Янукович өлкөнүн мурдагы президенттери Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко менен жолугушуп, саясий кырдаалды талкуулоого үлгүрдү. Бул жолугушууда Виктор Янукович: "-Мен бардык тараптар коюп жаткан талаптарга кошулам. Борбордук аянтка чогулгандар Украинанын келечеги кандай болорун, Евробиримдик менен интеграция маселелери кандай чечилерин билгилери келип жатат. Мен буга туура түшүнөм. Ошону менен катар эле аянтта эки тараптан тең мыйзам бузуулар болгонун айтып коюшум керек. Мындай кырдаалга тура баа берүү шарт. Эки тараптан тең күнөлүүлөр аныкталып мыйзам чегинде жазаланышы керек",- деп айтты.
Ошол учурда оппозиция лидерлери АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд менен сүйлөшүү жүргүздү. Ал арада Евро биримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча комиссары Кетрин Эштон Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн Киевге эки күндүк иш сапар менен келди.
Бийлик жакын арада оппозиция менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан
Тегерек столдогу жолугушууну өткөргөнүтурат. Жогорку Раданын өкүлдөрү аткаруучу бийликтин өкүлдөрү менен саясий туңгуюктан чыгуу маселелерин талкууга алышты. Ага оппозиция өкүлдөрү келген жок.
АКШнын мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Киевде европачыл оппозициянын лидерлери Виктор Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок
менен жолугушуп, өлкөдөгү абалды ар тараптан талкууга алышты. Аңгемелешүүнүн соңунда: " Биз оппозициянын көрүнүктүү жетекчилери менен өз ара түшүнүшө алдык. Биз кырдаалды жөнгө салууга бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз. Кошмо Штаттар бейпилдикти сактоо, адамдардын укугун коргоо, колдоо көрсөтүү, экономикалык туруктуулукка жетишүү үчүн Евробиримдиги менен тыгыз кызматташтыкта аракеттене берет",- деп айтты Нуланд айым кабарчыларга.
Ал эми Орусиянын мамлекеттик думасы чет өлкөлүк саясатчылар Украинанын ички ишине кийлигишпеши керек деген маанайда билдирүү жасашты.
Жакын арада Украинанын делегациясы Брюсселге барары маалым болду. Бул жолугушуу да Евробиримдиктин 2014-жылдын март айында өткөрүлүүчү саммитине чейин ассоциативдик келишимге кол коюу жагдайлары, ага даярдык көрүү маселелери талкууланмакчы.
Украинада нааразылык акцияларынын күүлдөп турганына 20 күндөн ашып калды. Өлкө саясий кризистен чыгуунун жолдорун издеп жатат.

Кыргызстан: Саруулуктардын каяшасы

Көл кылаасынын толкундары түрмөктөлө көккө атырылып айбарланып турган чагы. Эмнеден дебейсизби. Кыргызстанда Кум-Төрдү улутташтырууга байланыштуу уюштурулуп келген пикет-митингдер , ага удаа коррупцияга каршы аесуз күрөш ачылганда какаганга муштагансып кошул-ташыл болуп чыга келген пикет-митингдер бир тең да, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын митингге катышы бар саруулуктардын каяшасы бир тең болуп калды окшойт. Бул окуя кандайдыр бир деңгээлде А.С. Пушкиндин Дубровскийин эске салып коет экен. Өз укугун жана намысын к оргоп, элинин бакты-таалайы,улуттун кызыкчылыгы үчүн өз өмүрүн тобокелге салган адамдарды коргонууга эмне мажбур кылат? Бул тамыры аябай тереңге кеткен өтө аялуу социалдык да, коомдун көкөй кестиси болуп турган укуктук да маселе. Анын түпкүрү коомчулукту терең ойлонтуп турган кез.
Ушул жылдын май айынан бери Кум-Төр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг уюштуруп жаткандар Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өздөрүн өздөрү билип айылга "өзгөчө кырдаал" киргизип алып жатканы эмнени туюнтуп турат. Бул"өзгөчө тартиптин" талабы боюнча айылда кечки саат 10 дон таңкы саат 7ге чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат экен.
Айылга кире бериш жерлерге атайын тозоттор коюлган. Айылдын тың чыкмасы Замир Мендибаев; "мындай абал күч кызматтарынын аларды кармап кетүүсүнө каршылык көрсөтүп, коргонуу иретинде аргасыздыктан жасалып жатканын" айтып келет.
Ысык-Көл облусттук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө; " Саруу айылында митинг уюштуруп жаткандардын " чукул кырдаал" киргизгени коомчулуктун көңүлүн буру үчүн жасалган аракет, мыйзамга туура келбейт. Алардын айыл элинин баскан турганын көзөмөлгө алууга, тескөөгө укугу жок. Бул алардын кылмыш жоопкерчилигинен качууга, мурунку иштери боюнча көрсөтмө берүүгө каршылык көрсөтүп жатканы" деп айтылат. Нааразылык көрсөтүп жаткандар менен областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ортосунда өз ара сүйлөшүүлөр болду. Мыйзам бузуулардын негизинде козголгон кылмыш иштери боюнча айрым саруулуктар сурак бериши керек. Айылдыктар мыйзам чегинде болсо андан качпай тургандыктарын билдиришүүдө. Сактыкка кордук жок дешет алар.
Ушул жылдын 7-октябрында Саруу айылында башталган Кум-Төргө байланыштуу уюштурулган акция Караколдо уланып, чыр-чатак менен бүткөн. Ошол учурда кармалган 8 адам абакта жатат. Аларга күч колдонулуп, кордук тарттырып жатышкан жокпу, муну тастыктап, далилдеп тийиштүү тыянагын чыгарыш керек. Дароо эле байлап-матап алып кетип, камап жибергендей эл мал эмес, кул эмес. Элдин эрки менен ойноого болбойт. Эл коррупционер эмес. Кандайдыр бир кемчиликтер кетирилип жатса да алардын түпкү мүдөө талаптары туура.
Митингдер, пикеттер өтүп жатат. Эмне максат менен, кимдин кызыкчылыгы үчүн уюшулган митинг кеп ушунда. Ар нерсенин чеги болот. Айрымасын ажыратып таанып алуу керек. Ата-Журттун түпкү таламдарын коргоп, элдин, улуттун кызыкчылыктарын козгоп коогалуу жыйынга чыгыштын жөнү бир башка. Мамлекеттин келечегинин кең болушу, түбөлүгүнүн түз болушу үчүн эмне керек деп ойлойсуз. Митинг, пикеттерге чыгардан мурда эмне үчүн, ким үчүн деп ойлонуп көрөлү.
Учкундан жалын тутанып кетип жүрбөсүн. Элдин талабын орундатып, мамлекетке пайдалуу иш жасоо эң башкы парыз.
Меңдибек Асылбеков