Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кара
айгыр
Мелис Карыбеков:

(Башы өткөн санда)
Айгүл Исаевна Баратбайдын барбайган эркектик мүчөсүн эки колуна толтура кармады. Оттой жанып ысып-күйүп турган Бакеңдин барбагайынын ысыгы эки алаканына өтүп бүт денесине тарады. Айгүлдүн назик денеси оттой балкып, ээрип Баратбайдын эркине койбой эки колуна толуп турган куралын өзүнүн жан жерине тартып "Баратбай, Баратбай баштачы, баштачы" деп жалбарып, суранып Бакеңдин куралы барбайып ишке кирээри менен денесинен көптөн бери кандайдыр белгисиз жоголуп, унутулуп бараткан кумардын суюктугу булактай агып, кумардын туу чокусуна чыгып, Айгүл бакырып, өкүрүп кыйкырык сала баштады.
Чочуп кетип "Айгүл, Айгүл сага эмне болду?"- деп жулкулдатып Асылбек Айгүлдү терең уйкудан ойготуп жибериди. Ыя-ыя-ыя эмне болду? Эмне болду? түшүнөн чочуп ойгонуп Айгүл бир топко эсин жыя албай жүрөгү бат-бат согуп денесин кара тер басып калыптыр. Бөлмөдө жарыкты күйгүзүп, көзүн алайтып, жанында турган өмүрлүк жары Асылбекти көрүп анан гана түш көргөнүн билди.
- Алтыным сага эмне болду? Жаман түш көрдүңбү? Деди Асылбек.
- Ох-ох "ооба-ооба, жаман түш көрдүм. Ооруканада катуу ооруган оорукчан колумдан өлүп калды"- деп шашылып жооп беримиш болду.
- Өзүңдү аясаң боло, жумушка да ушунча берилесиңби? Тынч укта алтыным деп Асылбек кайрадан уйкуга кирди. Бир топ убакыттан кийин эс акылын жыйган Айгүл чын эле тизесине чейин кумардын суюктугу куюлуп суу болуп калганын байкады.



***
Айгүл Исаевна эртеси күнү жумушуна кечигип келди. Иш бөлмөсүнө кирип бараары менен терезени ачып, терезенин түбүндө терезени чертип гүлдөп турган сирен гүлүнүн бутагын өзүнө тартып аңкыган жытын жыттап, жыттап алып, бөлмөнүн ичинде киши бою болуп орнотулган күзгүнүн астына басып барып күзгүдөн өзүнүн элесин карап "ты что дура, на старости сума сходишь" деп апакай бетиндеги чуңкурун чыгарып жылмая күлүп алды. Түндөгү көргөн түшүн күзгүдөгү өзүнүн элесинен башка эч кимге айтып бере алмак эмес.


***
- Алоо... Айгул Исаевна саламатсызбы,
- Саламатчылык Галина Абрамовна
- Биздин оорулуунун акыбалы жакшыбы?
- Жакшы сакайып баратат.

- Ден соолугу жакшы болуп калса жумушка тезирээк чыкса болот эле деди Галина Абрамовна
- Жок Галина Абрамовна ден соолугу толук жакшы боло элек, мен дарыгер катары азырынча жумушка чыгуусуна уруксаат бере албайм.
- Берген маалыматынызга рахмат Айгүл Исаевна мен сиз менен кабарлашып турам. Өзүңүз да сак саламат болуңуз деп Галина Абрамовна телефон менен болгон байланышын токтоткондон кийин Айгүл Исаевна бир аз ойлоно калып "мына кызык, мен эмнеге калп айттым"- деп өзүн ыңгайсыз сезип, ойлонбой берген жообуна өзү таң калды.


***
-Валентина Петровна №1 бөлмөдөгү оорулуунун ден соолугу кандай?
- Оо Айгүл Исаевна анын ден соолугу айгырдыкындай деп- күлүп калды башкы мээрман айым.
- Ой Валентина Петровна качан болсо тамашанызды койбойсуз мага Галина Абрамовна телефон чалып, "акыбалын өзүңүз текшериниз"- деп талап коюп жатат деп шылтооломуш болуп №1 бөлмөнү көздөй жөнөдү.



***
"Кызыктуу китеп, бекер жатпай окуп чыгып мага айтып бересиң" деп Галина Абрамовна алып келип таштап кеткен китепти окуп түшүнгөнгө аракет кылып башы маң болуп бөлмөсүндө отурган Баратбай Айгүл Исаевна кирип келгенде ордунан тура калып, "саламатсызбы" деп учурашты.
- Саламатчылык, ден соолугунуз кандай, жакшы болуп калдыңызбы?
- Ооба, жакшы болуп калдым, уруксаат берсеңиз жумушка чыксам болот эле.
- Азыр текшеребиз, жакшы болуп калсаңыз уруксаат беребиз. Мага жакыныраак отуруңуз деп Айгүл Исаевна аспаптары менен Баратбайдын көкүрөгүн, далысын тыңшап текшерип жатты. Гипократка ант берип, жүздөгөн оорулулардын ден соолугу үчүн күрөшкөн ыймандуу жана тажрыйбалуу дарыгер Айгүл Исаевна өз ыйманынын астында да, Гипократтын арбагынын астында да, өзүнө ишенген оорулуунун астында да "сиздин ден соолугуңуз али да жакшы боло элек экен, дагы бир апта жатасыз"- деп алгачкы ирет жалган айтты.


***
Баратбайдын ден соолугун текшерип бүтүп жумушчу ордуна кайра келип отурганда гана Айгүл Исаевна толкунданганын араң токтотуп, эсин жыйды. Баратбайдын денесине колу тийгенде эки бети анардай албырып, аспап кармаган колдору калтырап, денеси оттой ысып, чыдатпай түндөгү түшүндө болгон кубулуш кайра кайталанып, денесинен кумардын суюктугу бөлүнүп, балтырын көздөй агып, үнү каргылданып араң чыгып, Баратбай менен кош айтышымыш болуп тумандаган белгисиз бир мунарыкта адашкан адамдай жумушчу бөлмөсүн араң таап келип отурду. Турмушунда көп жылдан бери бекем орноп калган бейпилчилик, тынчтык бузулду. Махабатпы, азгырыкпы, Айгүлдүн акылына баш ийбеген сыйкырлуу сезим пайда болуп, ала жипти аттабаган ыйманы жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түштү.


***
Кумары кызык сүйүү үчүн,
Азгырат мени үмүтүм.
Шайтанга сатам өзүмдү,
Сен менен болчу түн үчүн.
Жумуш убактысы бүтүп үйүнө кайтып кеткенден кийин Айгүл Исаевнанын ээн калган жумушчу бөлмөсүнө кирип үстөлүнүн үстүндө жаткан ак баракты колуна алып жардамчы кыз (секратарша) ушул төрт сап ырды окуду. Жетекчисинин кол жазмасын жакшы тааныган жардамчы кыз ырдын маанисин түшүнбөсө деле "кызык, Айгүл Исаевна качантан бери ыр жазып калган?"-деп башын чайкап койду.

(Уландысы кийинки санда)