Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эл уулу...
Кыргыз чиновниктери Карганбек Самаковдон үлгү алышса
Эл-жерим, мекеним деген инсан - саясий интригалар менен алектенбей, курулай популисттик кылбай, чын жүрөктөн жакшы ниет, аруу тилек менен ак эмгек кылса болот экен. Биз муну Жогорку Кеңештин депутаты Самаков Карганбек Садыковичтин ишмердүүлүгүнөн көрүп-билип жатабыз.
Мына жакында, тактап айтканда 4-декабрда, Азербайжандын борбору Баку шаарында ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги VIII жыйыны - Кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн зор сыймык алып келген жыйындардын бири болуп калды. Кыргызга оомат келип, 180 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан бул жыйында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес, маданий мурастар тизмесине кирди. Кыргыз элинин зоболосун арттырган мындай жеңиш, улуттук маданий баалуулук, рухий дөөлөттөр үчүн күйүп-бышып, ичкен ашын жерге койгон Карганбек Самаков башында турган инсандардын үч жылдык тынымсыз аракетинин жемиши болду.
"Манас. Семетей. Сейтек" эпикалык үчилтигин аталган тизмеге киргизүү үчүн жыйында комитеттин көмөкчү органынын төрагасы Ахмет Конти: "Үчилтик кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, тарыхын түшүндүрүп, элдин биримдикте болуу таасирлери менен камсыз кылат. Аткаруу комитетинин макулдугуна ылайык, аталган сунуш баардык критерийлер боюнча туура келет. Аталган номинация элге формалдуу дагы, формалдуу эмес дагы билим берет" - деп билдирди. Ошентип Манасыбызга көз арткандардын куйту саясатына чекит коюлду.
Дегенибиз, Кытай мамлекети 2009-жылы "Манас" эпосун Кытай өлкөсүнүн атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес, маданий мурастар тизмесине каттатып, кыргыз эли катуу дүрбөлөңгө түшкөн. Коомчулукта бүйүр кызыткан бир топ талаш-тартыш, сын-пикирлер айтылып, "Манас кыргыз элинин көөнөрбөс рухий мурасы экенин далилдеп, Кыргызстандын атынан каттатчу бир азамат чыкпайбы, башкасы бүтүп эми Манасыбызды тарттырып жиберебизби" деген көз караш өкүм сүрүп турду. Ошондо арданып, күйүп-бышкандар менен катар кайдыгер карап, актангандар болду.
Ушул маселеде, Султан Раевге токтолуп өтпөсөк болбойт. Манасты кытайлар каттатып алды деп жумурай-журт күйгүлтүккө түшүп жатканда, ошол кезде Маданият министрлигин агентикке айлантып беделин түшүрүп, ага да кайыл болуп жетектеп отурган, азыркы Маданият министри Султан Раев: "Кыргыздар түшүнүп-түшүнбөй эле чуу салып жатышат. ЮНЕСКО Манасты Кытайда жашаган кыргыздардын атынан каттады. БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) "Манасты" 1995-жылы "Манастын-1000" жылдыгын өткөргөндө эле тааныган. Эми ошол БУУнун алдындагы материалдык эмес, маданий мурастарды каттаган ЮНЕСКО уюмуна Манасты каттатыш керек деп тескерисинче беделин төмөндөтүп жатабыз", - деп оозу-мурду кыйшайбай туруп жооп берген. Ал гана эмес, Ричард Хевитт (Кыргызстанда Рыспек деген атка жамынып, "Ала-Тоодогу кырк из", "Калпак", "Ак калпак", "Боз үй", "Манас жоголгону табылды" деген бир топ китептерди чыгарып, кыргыз эли еврейден тараган деген түшүнүктү сиңире албай жүргөн еврей) аттуу еврейди көкөлөтүп "биздин окумуштуулар Манастын көркөмдүк тилин изилдеп бүтө албай жатышса, Рыспек Библия, Тоорат менен катар коюп изилдеп жатат" деп мактап-жактап, кыргыз окумуштууларына таш ыргыткан. Рыспек кургуруң "Манас Жоголгону табылды" аттуу китебинде Манастын атасы Жакып хан менен, Жусуп пайгамбардын атасы Якуб пайгамбар менен салыштырып, кыргыздарды еврейлердин жоголуп кеткен 10 уруусунун бир катары көрсөткүсү келгенин, орошон окумуштуу Омор Сороонов бир катар макалаларында таасын көрсөткөн. Султан Раев ушундай "кереметтерине" карабастан азыр да министр болуп отурат. Жөн эле отурса жакшы эле, "Манастын" айкелинен 4 миллион сом "жеп" алганы боюнча узун сабак кеп болуп жатат. Эмоцияга алдырып темадан четтеп кеттим окшойт. Бул тууралуу кийин өзүнчө сөз кылабыз.
Уюткулуу эл элек, уучубуз кур эмес экен, Карганбек Самаковдой эр-азаматтарыбыздын күчү менен "Манас" үчилтиги 196 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКОдо кыргыз элинин тарыхый эпосу катары ташка тамга баскандай бекиди. Айрымдар мамлекеттин акчасына жол салганын, мектеп курганын доомат кылып, "менин учурумда салынды, мен жасадым" деп төш кагып, "мен жакшы иштеп жатсам, кызматтан алып салды" деп элди митингге алып чыгып жатса, Карганбек мырза өз каражатына Маданият министри жасабаган ишти жасап, эч кимге милдет кылбай, кыргыз элинин аброюн арттырып, Кыргызстандын эл аралык имиджин көтөрүп иш жүргүзүп жатат. Мына үч жылдан бери "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизем деген түйшүк менен, миллиондогон сомду чапчыган каражат коротуп, өз акчасына бир канча делегаттарды алып Европага байма-бай каттап, 118 мамлекеттин Маданият министрлери, элчилери жана башка адамдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кино тарттырып, файлдарын даярдап чаалыкпай эмгек кылды. Мындай ат көтөргүс эмгегин даңазалап, эч кимге деле догун арткан жок.
Манас деп чуркап жүрүп, эки ортодо кыргыз шырдагы менен ала кийизин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүүгө да жетишти. Мындан сырткары Самаковдун түздөн-түз аракетинин негизинде Кыргызстандын кадыры калыңдап 24 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар боюнча комитетине мүчө болду. Бул 24 мамлекеттин ичинен тандалып алынган 6 мамлекеттин катарында көмөкчү топко кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Карганбек мырзанын айтуусунда бул алты мамлекеттен турган топ - ЮНЕСКОнун тизмесине кирүү үчүн ар өлкөдөн келген маданият жаатындагы байлыктарга, мурастарга баа берип, тескей турган орган. Кыргызстандын бул топко кирип калышынын өзү эле, эл аралык деңгээлде канчалык аброй алып келээри айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.
Кыскасы, Кыргыз мамлекетинин эл аралык масштабда деңгээлин көтөрүп, аброюн арттырган жогорудагыдай үлгүлүү иштерден улам, "эл-жерим үчүн жанымды аябайм" деген жогорку эшелондогу чиновниктер, элге, мамлекетке кандай ак кызмат кылышты Карганбек мырзадан үйрөнүп, үлгү алышса дейсиң. Анткени эл деп күйгөн инсан - Карганбек Садыковичтей болот десек ашыкча болбойт.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





Келдибеков түрмөдөн кеңеш айтат...
Абакта жаткан Келдибековго ЖКнын Өмүрбек Абдрахманов баштаган бюджет комитетинин 7 мүчөсү кирип чыгышканы белгилүү болду. Эмесе, эркин депутат Абдырахмановдун коомчулукка Келдибековд ун "кереметүү" кеңешин айтып турган жери: "Биздин мурунку төрага өзүн сергек эле сезип атыптыр. Ал бизди жылуу кабыл алып, өзүн күнөөлүү деп сезбестигин, Башпрокуратура коюп жаткан айыптар менен макул эместигин айтты. Ал 2012-жылдын бюджетин бекитүүдө УКМК абагына 10 млн. сом каралганын эскертти. Ал жалпысынан абакта шарттар дурус экенин айтып, камералардагы айрым жабдыктарды алмаштыруу керектигин, керебеттер эскиргенин айтты. Ал абактын муктаждыктарына 5 млн. сом бөлүүнү суранды". Атаң гөрү десең, бу, Ахмат мырза абакта жатса да ЖКдагы Бюджет комитетин бөлүштүрүп жатканын караңызчы. Кыязы, УКМКнын абагындагы керебеттердин зымы көчүгүнө өтүп жаткан окшобойбу. Болбосо, абакка түшүп, ал керебетке жатпаса, абактагы керебеттерди жаңыртуу оюна кайдан келсин.


Татыксыздар жана татыктуулар да алды
Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 50гө чукул депутатка "Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чин берилди. Ал эми спикер Асылбек Жээнбековго "Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген чин берилди. Спикер мырза, ал сыйга толугу менен татыктуу, бирок жогоруда айткан 50гө чукул депутаттын басымдуу бөлүгү эч кандай чинге татыксыз. Мисалы, парламенттин босогосун бир жылда эки-үч гана жолу аттаган: Абдыкеримов Шаршенбек да тизмеде биринчи болуп жүрөт. Кылмыш козголот деген Домшенко Олег менен Чыныбай Турсунбеков, Турат Мадылбеков, Пирматов Исхактар да сыйлык алгандардын тизмесинде тизилип турат. Андан тышкары, кыргыздын кас душманы Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева өңдүү "балык" депутаттарга да берилиптир. Кыскасы, элди жыргатпаган эл өкүлдөрүн сыйланып жатканы жакшы көрүнүш эмес.