Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Качкын качан кайтат?" - деп,
Беларустар турат кайгырып…
"Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп" Курманбек Бакиев учурда баягыдай эле байгерчилик турмушта жашоосун улантууда. Жүздөгөн бейкүнөө адамдардын канына забын болгон Курманбек Бакиевдин 2010-жылдын август айында Беларуссия жарандыгын алгандыгы, 2 миллион долларга хан сарай сатып алганы айтылган. 5 жыл бою Кыргызстанды талап-тоноп, азыркыга чейин жалпы журт каргап шилеп жаткан Бакиевдердин үй-бүлөсү эми беларустардын кыжырын кайнатууда. Беларуссиянын "Элдик эрк" маалымат агенттиги Минск шаарынын чет жакасындагы эң престиждүү делинген Дрозды деп аталган аймакта Бакиевдер кычыраган хан сарай салып жатканын жазып, сүрөтү менен жарыялады.
"Буга чейин Бакиевдер Березин коругундагы мамлекеттик резиденцияда жашап келишкен. Андан кийин үй-бүлөсү менен Раубичте жашап, ошол эле учурда Валерьянова кыштагында особнякты ижарага алып турушкан. Курманбек Бакиев Минскиде берген маалымат жыйындарынын биринде Бакиев беларус элинин эсебинен жашабай тургандыгын, иши жок жөн отурбастыгын айткан. Биринчи убакыттарга Кыргызстандагы жогорку звенодогу менеджерлик кызматтарда иштеп жүргөндөгү тапкан каражаты толук жетээрин да айткан. Бирок чоочун мамлекетте нөлдөн баштап мындай ири үй-жай курууга эмне деген гана каражат керектелет? Мамлекеттик кызматкер катары тапкан каражатына жана пенсиясына мындай ири хан сарайды салуу таптакыр мүмкүн эмес…" - деп жазат беларустардын маалымат агенттиги. "Элдик эрктеги" беларус кесиптештерибиз Бакиевдин хан сарайынын тушташ жашаган беларустардын атактууларын жана чириген байларын санап өтүптүр. Алардын катарында убагында Беларуссиянын Улуттук банкын башкарган, парламент депутаты, кийин президенттин жардамчысы болуп жүргөн Прокопович Петр Петрович, беларусстардын диний башчысы, Лукашенконун көздөй адамы протоиерей Федор Повный, экс-премьер-министр Геннадий Новицкий ж.б. бар. Журналисттер Минскидеги кыргыз элчилигине дагы баш багып, кыргыз дипломаттары Курманбек Бакиевдин тагдырына кызыгышабы, Кыргызстандын расмий бийлиги мурдагы качкын президенттин кайда жашаарынан кабары барбы деген сыяктуу суроолорду жаадырышкан экен, ал жактагы дипкызматыбыздын башчысы:
- Тилекке каршы Беларуссияда Бакиев кайсы жакта жашап жатканын билбейбиз. Анын тагдырына көз салган жокпуз. Бул адамдын тагдыры бизди кызыктырат бирок, бизде эч кандай маалымат жок - деп алакан жайыптыр.
Ошондой эле Бакиев туурасындагы көлөмдүү бул макалада анын экинчи аялы менен жашаарын, биринчи аялы Татьяна Бакиева Москвада экенин ж.б. бизге белгилүү болгон үй-бүлөсүнө байланыштуу аки-чүкүлөрү да жазылган экен. Эң башкысы бул макалада жана макала астындагы окурмандардын пикиринде Бакиевдерге карапайып беларус элинин кыжыры кайнап тургандыгы ачык эле байкалып турат. Кыргызстандын күч органдары качкын президенттин кайда экенин билип туруп, эмнеге кармап кетишпейт деген олуттуу, туура маселени да козгоп өтүшүптүр. Бул курган Курсалиевичтин балдары кыргызстандыктардын гана эмес, беларустарды да тажаткан көрүнөт. Пикир демекчи, news.tut.by сайтына жарыяланган " Сбежавший в Беларусь бывший президент Кыргызстана Бакиев строит дом в Дроздах" деп аталган макала беларустардын кызуу талкуусуна алынып, астына аз эмес, көп эмес 530 адам өз пикирлерин калтырган экен. Арасында качкын президентти шылдыңдаганы бар, ага кошуп өз президентин сөккөнү бар, Минск шаары дүйнөлүк диктаторлордун шаарына айланганын айтканы бар, айтор жакшы сөз жазган жан болбоптур. Далайды сыздаткан качкын президент Бакиев тууралуу беларустар эмне дейт? 530 комментарийдин 10 чактысын эч өзгөртүүсүз берүүнү эп көрдүк.

Даярдаган
Эрнис Балбаков






vitalev81 7 декабря 2013 в 17:10 из Беларуси
Бакиев строится в Дроздах. Молодец, заслужил, наверное, имеет заслуги перед нашей страной. А в это время: "Многодетной матери предоставили квартиру с обвалившейся штукатуркой и удобствами на улице"
Sveta_Bartkevich 7 декабря 2013 в 10:27 из Беларуси
Бакиев будет жировать на белорусской земле, а мы, титульная нация, дальше от зарплаты до аванса.
13th_nomer 7 декабря 2013 в 10:33 из Беларуси
А на родине он преступник.....
Иван_Таран 7 декабря 2013 в 10:35 из Беларуси
Как то странно, решил сэкономить на боковых заборах ( из бетонных плит) может нам страной скинутся ему на кирпич ,бедолаге.))
warwik 7 декабря 2013 в 10:58
Бомбу скинуть на это осиное гнездо, с жильцами
ytdhfu 7 декабря 2013 в 11:02
А должен сидеть в тюрьме.
brons 7 декабря 2013 в 11:34
раз строят, значит считают, что режим будет еңе до-о-олго
overloved 7 декабря 2013 в 11:34
Надо бы поделиться инфой на киргизских форумах.
Ruslanzima 7 декабря 2013 в 11:35
В то время, когда простые беларусы душатся в каменных норах по три семьи и рвут друг другу волосы за метры убогих панелек, обвиняя многодетных, сирот в халяве, слуги народа, спортсмены и заморские преступники живут в апартаментах по 500 квадратов на человека. Бакиев прожрал бюджет своей страны и приехал жрать наш, потому что его лучший друг считает бюджет своим кошелькам и ңедро помогает. Можно объявлять Беларусь приютом для всех международных преступников и кровопийц, пусть к нам едут сомалийские пираты, террористы Аль-Каиды,
Доктор_Ха 7 декабря 2013 в 11:52 из Беларуси
Думаю спецназ Кыргызстана уже выехал за ним.
vip_777 7 декабря 2013 в 12:30 из Беларуси
Ниче, скоро на родину поедет под охраной)) Придет и его время!
wowput 7 декабря 2013 в 12:35 из Великобритании
по количеству диктаторов на квадратный метр Минск самый первый город в мире