Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сергей ПОНАМОРЕВ:
"Кумтөрдү" эффективдүүлүгү жок, чыгашалуу ишкана кылып алабыз"
- "Кумтөр" компаниясынын тегерегиндеги талаш-тартыштарга кандай баа бересиз? Бул жерде саясый упай топтоо максаты жокпу?
- Бул жердеги талаш-тартыштын мотивациясы көбүнесе саясый популизм болууда. Анткени мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы деп катуу кыйкырып жаткандар, ал маселенин кайсы бир чечимдери үчүн жоопкерчилик алуудан качып турушат. Эгерде кандайдыр бир маселени "ушундай кылыш керек" деп жаткандан кийин, анын жоопкерчилигин да алыш керек болчу. Жоопкерчиликтен качып жаткандан кийин, ал жөн гана саясый популизм болуп эсептелет. Жөн гана элдин көзүнө элдин байлыгына күйүп жаткандай түр көрсөтүү амалы.
- Кыргыз өкмөтү "Центерра" менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бирдей үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү тууралуу Меморандумга жетишкен эле. Бирок, ЖК депутаттары Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болушу керек дешүүдө. Бул талаш-тартыштардын аягы эмне менен бүтүшү мүмкүн?
- Эгерде Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшү 67 пайыз болуусу реалдуу деп эсептеп, аны жүзөгө ашырууга көздөрү жетип жаткандар болсо, анда ошону айтып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарына укук берип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөнөтүш керек. Айтып жатышабы, демек өздөрү аткарсын. Эгерде аны жүзөгө ашырып келишсе, анда аларды баатыр кылып, мактайлы. Анда өкмөт "Биздин колубуздан келбей калды эле, депутаттар ишке ашырды" дешип отставкага кетишет. Эгерде 67 пайыз болуш керек деп жаткан депутаттар өздөрү дагы аны ишке ашыра алышпаса, анда алар отставкага кетишсин. Анткени мындай күндө алар өздөрү жүзөгө ашыра албай турган маселени айтышып, курулай популизм менен алектенип жаткандары анык болот. Бул биринчи жагы. Экинчи жагынан бул "Центеррага" жасалып жаткан атайын басым болушу мүмкүн. "Биз ушинтип басым жасасак, дагы 2-3 пайыз кошушат" деген ойлор бардыр. Туура Акаевдин убагында бул келишимдер боюнча коррупциялык схемалар болгон. Бирок, аны сотто далилдеш керек. Ал эми сотто ал документтердин түп нускасы жок болсо карабайт. Бизде болсо түп нускасы жок. Алар Башкы прокуратуранын мурунку имараты менен кошо күйүп кеткен. Андыктан маселени чечүүнү колдо турган жагдайлары менен чечиш керек. Ал сүйлөшүү жолу. Мен жадакалса "Центерра" 50 пайызга да макул болбойт деп ойлогом. Буга өкмөт жетишкенде таң калганымды жашыра албайм.
- Акыркы учурларда "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин да айта башташты. Мындан Кыргызстан жабыркап калбайбы?
- Улутташтыруу маселеси боюнча Кыргызстандын мыйзамы да бар. Ал боюнча улутташтыруу болсо, демек финансыны кайтарып берүү жана алдыдагы жылдардагы жоготууларын да камсыздап берүү керек болот. Эгерде долбоор өзү бир нече миллиард доллар болсо, ага дагы алдыдагы жылдардагы жоготуулары бир нече миллиард болуп кошулса, ал акчаны кайдан табабыз? Ал эми денонсация боюнча эмне айта алабыз? Эгерде мен 5 миң долларга автоунаамды сизге сатып, кайра 6 айдан кийин келип "Мен арзан сатып жибериптирмин, ал 10 миң доллар болчу экен" деп акчаны кайра берип, автоунааны кайра алып алсам, ал эмне деп аталат? Экономикалык тил менен айтканда рейдерлик тартып алуу, саясый тил менен айтканда мародёрчулук. Эгерде биз бул маселе боюнча соттошсок сот иши өтө узак убакытка созулат. 3 жыл, же 5 жылда эле бүтөт деген дагы факт эмес. Андан да узак болушу мүмкүн. Биз соттошуп бүткөнгө чейин бардыгы бүгүнкүдөй эле болот канадалыктардыкы 67 пайыз, биздики 33 пайыз. Эгерде жөн эле аларды кууп жиберип, тартып алсак дагы башка ойлоно турган жагдайлар бар. Бизде мындан башка ийгиликтүү иштеп жаткан мамлекеттик ишканалар барбы? "Кыргызтелеком", "Кыргызалтын", "Кыргызгаз" ишканалары кандай иштеп жатат? Бул ишканаларда менеджменттик иштин өтө төмөндүгү байкалат. Анын үстүнө коррупция гүлдөп турган өлкөдө "Кумтөрдү" да жөн эле тартып алып, өзүбүз иштетебиз десек, жогоруда аталган ишканалардай эле эффективдүүлүгү жок, чыгашалуу ишкана кылып алабыз.
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА