Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Талант Исаев
ИИМдин алдындагы Жол кайгуул-күзөт кызматынын башчысы,
"Бишкектин көчөлөрү 40 миң унаага эле эсептелген, а бизде 500 миң унаа бар"

(башы өткөн санда)
Ичип алгандар 50 миң сом айып төлөшөт
- Азыр ичип алып айдагандарга айып пулдун өлчөмү 1,5-2 миң сомду түзөт. 100 миң долларлык джип айдагандар үчүн 2 миң сом акча эмес. Алар керек болсо 2000 сом эмес, 100 долларды инспектордун колуна карматып туруп кете беришет. Азыр биз депутаттарга сунуш киргизип атабыз. Мас абалында айдагандар 1,5-2 миң сом эмес, 50 миң сом айып төлөсүн деп атабыз. Айдоочу күбөлүгүнөн 4 жылга ажыратылсын дегенди дагы кошуп атабыз. Ылдамдыкты сактабагандарга, ремень тагынбагандарга ж.б. мыйзам бузууларга көрүлчү чараларды күчөтүп, айып пулдардын өлчөмүн көбөйтөлү деп атабыз. Антпесек болбой калды. Айдоочуларда тартип сакчыларынан сестенүү сезими калбай баратат. 150-200 сомдук айыптар бар. Ушул дагы акчабы деп каалаганын кылгандар көбөйдү. Ушундан башаламандык болуп атат. Эрежени эч ким сактабай калды. Мына кечээ эле кечинде баратып 3 машинаны стоянкага койдурдум. Терезеси караңгылатып алгандарды алып келдим. Жумуштан чыгып кетип баратсам, шаардык МАИнин жанынан бир такси встречныйга чыгып алып кетип бара жатат. Бет маңдайынан чыгып туруп алдым. Токтотуп туруп айдоочулук күбөлүгүн алып, шаардык МАИнин балдарын чакыртып протокол түздүрттүм. Ал аңгыча болбой дагы бир такси "сплошнойдон" кайрылып атат. Аны да алып барып стоянкага токтоттуруп салдым. Жалгыз эле мен бир күндө 7-8 машинени кармадым.

Оң-сол чатагы
- Оң рулдуу унаалардын маселесин мен көтөрүп чыккам. Жогорку Кеңешке да алып чыгып, көптөн бери эле бул маселени козгоп атам. Мынакей, статистика, 2013-жылдын 9 айынын ичинде 5323 жол кырсыгы катталган. 1000 машиненин ичинен оң рулдуу унаалардан 15 пайызы кырсыкка учураган. Ал эми сол рулдуу 1000 машиненин 6 пайызы кырсыктаган. Кырсыкка учураган оң рулдуу унаалар сол рулдууларга караганда дээрлик 3 эсеге көп болуп атпайбы? Бул билинбегени менен чоң проблема. Азыр Бишкек-Ош, Бишкек-Талас деген сыяктуу шаарлар аралык чоң жолдордо оң рулдуу "Хонда Одиссей", "Хонда Степвагон" деген 7 орундуу машинелер менен эл ташып атышат. Алардын кандай айдаарын баарыбыз билебиз. Ошко же Караколго жеткиче капкара чачың агара түшөт. Ошол таксилердин айынан канча кишинин өмүрү кыйылды. Ошол себептен мен оң рулдуу унааларга каршы чыгып атам. Таптакыр тыюу салыш керек деген жокмун. Буга чейинки алгандар айдай беришсин. Бирок мындан кийин оң рулдуу унааларды ташып келүүгө тыюу салынсын же бажы төлөмдөрүн мындан да кымбаттатып салыш керек. Мындай кылбасак болбойт. Түркиялык коллегалар Бишкекке келип "ой силерде оңу да, солу да бар турбайбы. Кантип айдап жүрөсүңөр? " - деп таң калып атышат.

"Коопсуз шаардын" коомго пайдасы чоң
- Буга чейин "Коопсуз шаар" деген долбоор иштелип чыкты эле. Тендер туура эмес өткөрүлгөн деп Башкы прокуратурадагылар токтотуп койгон. Кайра тендер жарыяланып, азыр башка фирмага берилди окшойт. Бирок эртеби кечпи биз көчөлөргө видео камера коёбуз. Биз бул маселеде артта калып, ансыз деле кечигип атабыз. Мына, Алматыда коюшту эле, азыр кадимкидей тартип орноп калган. Видео камераларды койсок, журналист болосуңбу, МАИнин начальниги же министр, депутат болосуңбу тартипке баш ийесиң. Мыйзамды бузганың дароо тасмага тартылып, үйүңө "момундай айыпка жыгылдың, баланчасына чейин төлөп кой" - деп кат келет. Төлөбөсөң, чек арадан сыртка чыгарбайт, кредит берилбейт ж.б ушул сыяктуу чаралар колдонулат.

Тыгынды кантип
тыябыз?
- Бишкектин көчөлөрүндө машине батпай калды. Бул МАИнин гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин баш оорусу болуп атат. Бирок башыбыз ооруду деп, башыбызды тырмап коюп жатып алган жерибиз жок. Бул маселени чечүү боюнча аракеттерди көрүп атабыз. Бишкектин бир топ көчөлөрүн бир багыттуу кылсакпы деген ойлор бар. Ал гана эмес, кээ бир көчөлөрдү таптакыр эле жаап салышыбыз керек. Унаа коюучу жайлар жетишпей атат. Бишкектин көчөлөрүндө бурулуштар өтө көп. Светофорлор бири-бирине аябай жакын жайгашкан. Ошондон улам машинелер чогулуп отуруп, тыгын пайда болуп атат. Машинелер жетишпей калып атат. Мисалы Ак үйдүн алдында майда барат көчөлөрдү жаап салып, ал жакты токтотуучу жай кылып ташташыбыз керек. Раззаков, Логвиненко, Панфилов, Тоголок - Молдо деген көчөлөрдү жаап салсак, Чүй проспектиси ачык болуп калат. Машинелер зуулдаган бойдон кете беришет. Бишкектин квартал-квартал болуп бөлүнгөн долбоору тээ илгери Фрунзенин убагында, 40 миң гана машинеге деп эсептелинген. А азыр Бишкекте канча машине бар? Расмий каттоодо турган машинелердин саны эле 306 550! Ысык-Көл, Чүй, Ош, Нарында катталып, бирок Бишкекте айдалып жүргөндөрү канча? Казакстандан кирип чыгып жатканы канча? Шаардагы ар бир үчүнчү машине башка облустуку экенин эске алсак, борбор калаада канча машине бар экенин эсептей бергиле. Жок эле дегенде 500 миңдин бери жагы. Тыгындардын көбөйүп жатышына дагы бир олуттуу себеп, айдоочуларыбыздын элементардык этиканы билбегени. Бири-бирин сыйлоо деген жок. Мен өтүп кетсем, мен эле батып кетсем, мен эле ашып кетсем дегендер. Светофор күйүп -жана баштаганда өтүп кетебиз деп жанталашкандар канча. Ошолордун айынан жөн эле жерден тыгын пайда болуп, бири-бири менен кырылып, сөгүшүп-сагышып жатып калышат.

Ысымдуу номур таккысы келгендер 250 миңге сатып алсын
- Терезелерин караңгылатып алгандар менен күрөштү тынымсыз жүргүзүп атабыз. Кырсыктын болушуна башкы себепкерлердин бири дагы дал ушул терезеси караңгылатылган унаалар. Күүгүм убакта же караңгыда күзгү менен көрүү мүмкүн болбой калат. МАИлердин ишине да мындай унаалар кедергисин тийгизет. Уюлдук телефон менен сүйлөшүп баратабы, коопсуздук ремени тартылганбы билинбей калат. Аварияга учураганда да ичиндеги кишилерди алып чыгуу оорчулукту жаратат. Себеби плёнка чапталган терезе оңой менен сынбайт. Терезесин сындыргыча ичиндеги адам каза болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул маселеге айдоочулар өздөрү деле олуттуу мамиле жасап, өздөрүнүн коопсуздугуна караңгылатылган терезелер олуттуу коркунуч алып келээрин түшүнүүсү керек. Ал эми ар кайсы аттарды жазып алган, мыйзамсыз номурлар боюнча да катуу чаралар колдонулуп атат. Менде эмне деген гана номурлар жок. 1,5 жылдык кызматым учурунда эле ондогон мыйзамсыз номурларды чогулттум. Мисалы, бир орус чалдын кызы 18ге чыккан экен, "Принцесса" дегенди тагып алып, ресторанга бара жатыптыр. Бул "Зуха" деген номурду мушташ боюнча чемпион болгон бир спортчу айдап жүрүптүр. "Мафия" деген номерди биздин эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен тартып алгам. "Өзүңөр милиция болсоңор, мындай номерди тагып алганыңар уят эмеспи" - дегем. Негизи мыйзам боюнча өз аттарын номерге тагып алса болот. Бирок андай номурлар 250 миң сом турат. Мыйзамдуу түрдө сатып алып, тагып алсын. Эч ким эч нерсе дебейт.

"Чодроңдогондорду" чокуга чабыш керек
- Чодронова деген немеге байланышкан окуя коомчулукта өтө чоң резонансты жаратпадыбы. Чодроновага окшогондор тилекке каршы өлкөбүздө жүздөп саналат. Ар кимдин атын айтып, МАИ кызматкерлерин тоготпогондорго катуу чара көргүлө деп атам. "Суранчиевдин тууганы экен, Турганбаевдин тууганы экен" деген жөн эле ушак сөз. Изилдеп, иликтеп чыктык. Оторов деген инспекторго телефон чалган ошол Чодронованын күйөөсү экен. Мурда МАИде иштеп кетиптир, экөө бири-бирин жакшы тааныйт экен. Болгону ошол. Негизи ушинтип "чодроңдогондорду" чоёктотпой ордуна коюш керек. Мына жакында эле Юнусалиев көчөсүндө чоң авто кырсык болду. Күбөлөр айтып жатат, төрт-беш кыз кафеден каткырып-кыйкырып чыгышып, машинесине отуруп эле катуу ылдамдык менен айдап, кайрылган экен, "Жигулини" тепселеп кетиптир. "Жигулидеги" байкуш бейкүнөө кыз каза болуп калды. Тебелеп кеткен машинедеги кыздын курбулары кармалды, көрсөтмө берип атышат, бирок айдоочу кыз качып кетиптир. Эртеби-кечпи ал деле кармалат, бирок мас абалында рулга отурганын далилдеш кыйын болуп калат. Күбөлөр айтып жатышат мас болчу деп. Ушундай жаштар көп болуп атат. Атасынын же башка туугандарынын байлыгына, бийлигине таянгандар канча деген бейкүнөө адамдардын убалына калып атат.
Негизи эле мен кызматкерлериме "эч кандай телефон чалууларга көңүл бурбагыла, визитка, удостоверение дегенди такыр карабагыла" деп атам. Атайын приказ да чыгардым. "Бирдеме болсо өзүм жооп берем, мыйзам жүзүндө протокол түзүп койгула дагы жолго салгыла" - деп атам.

Даярдаган
Эрнис Балбаков