Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Дурус Молдакматов,
Кант шаарынын депутаты, жеке ишкер:
"Атамбаевдин шоопуру Икрам
Илмиянов менен Искак Масалиев..."

- Дурус байке, алгач коомчулукка өзүңүздү тааныштырып, өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?
- Мен Ысык-Атанын Санташ айылынан болом, ишкерлик менен алектенип, Ысык-Атада чакан сүт фирмам бар, ошону иштетем. Кол алдымда жыйырмага жакын адам эмгектенет. Чүй облусунун сүтчүлөр бирикмесинин төрагасымын. Үй-бүлөм, үч балам бар, он беш жылдан бери КСДП партиясынын мүчөсүмүн.
- КСДПга мүчө болгонуңуздун себеби эмнеде?
- Себеби мен аталган партиянын "идейный" фанатымын. Партияга өзүмдүн симпатиям менен келгем. Негизи социал-демократтар дүйнөдө өңчөй кара тамандардын партиясы болуп эсептелет эмеспи, биздин КСДП деле кара тамандардын партиясы.
- Президент Алмазбек Атамбаевди кара таман деп эсептесек болобу?
- Болот. Атамбаев кара тамандын үй-бүлөсүндө туулган. Москвада окуп жүрүп, студент кезинде көчө шыпырып иштеген. Мунун өзү кара таман эмей эмне. Президенттин кара таман экенин мага окшогон партиялаштарынын баары жакшы билет.
- Атамбаев менен жеке мамилеңиз кандай?
- Мамилебиз жакшы. Жолуккан жерден саламыбыз түз. КСДП партиясы он беш жылдан бери үч жолу президенттик, эки жолу парламенттик шайлоого катыштык. Жаман эмес, элдин колдоосуна ээ болуп учурда лидерибиз өлкөнү башкарууда.
- Атамбаевди адам катары кандай баалайсыз?
- Атамбаев мага адам катары да, президент катары дагы жагат. Мен мындан бир топ жыл мурун Түркияга барып Мустафа Ата түрктүн музейине киргем. "Вот тогда я понял что хочет Атамбаев. Он хочет остаться в истории как турецкий лидер"
- Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов жөнүндө коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып келет, ал боюнча сиздин оюңузду уксак...
- Икрам мага окшогон кара таман кыргыздын үй-бүлөсүнөн чыккан эр-азаматтардын бири. Туура, ал тууралуу коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Бирок мен Икрам тууралуу айтылган ушактардын бирине да ишенбейм. Ал тууралуу жакшы гана пикирди айта алам. Ал убагында президент Атамбаевдин шоопуру болгондугун коомчулук жакшы билет. Экөөбүздүн мамилебиз ал шоопур кезинде кандай болсо, азыр деле ошондой. Кичи пейил, саламынан жазбаган жакшы жигит. Икрам негизи чоң кызматка барса жакшы болот эле. Анткени мамлекетти кара тамандар башкармайынча, мамлекет оңолбойт да.
Икрамды көрө албагандар көп болуп жатат. Икрамдын ордуна бир чоңдун баласы барып иштесе, көрө албастардын көзү жабылып калмак беле. Анда деле бир нерсени айтып чыгышат да. Чоңдордун балдары деле кандай иштеп жатканын көрүп жатпайбызбы, мисалы Апсамат Масалиевдин баласы Искак Масалиев. Искак менен илгери Испанияга командировкага барып калдым. Атасы Апсамат ал кезде өлкөнү башкарып турган кез. Искакта акча туман. Менде болсо сокур тыйын жок. Испанияны борборунда жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар фонтанга тыйын ыргытып, сыйынган жер бар экен. Ал фонтанды кайырчылар тегеректеп, тыйын чогултушат экен. Ошол жерге барып кайырчылар менен кошо талашып тыйын чогултуп, үйгө белек алып келдим эле.
- Муну менен эмнени айткыңыз келип жатат?
- Эмнени айтмак элем, И. Масалиев тыйындын каарын тартпай чоңойгон да. Анан ал кантип салык жыйнап өлкөнүн бюджетин толтурмак эле. Чоңдун баласы кара тамандын турмушун түшүнбөйт да. Баса, Икрам, Искак экөө тең Баткенден. Бирок Икрам кара таман.
- Сиз Икрамды өтө эле мактап жибердиңиз, окурмандар кошомат кылыптыр деп түшүнүшөт го...
- Мен ушул жашка чыкканы бирөөнө кошомат кылып көргөн эмесмин, кошомат кылсам, эмдигиче кызматта отурмакмын да. Он беш жылдан бери КСДПда жүрүп кызмат сурап көргөн эмесмин. Сурабайм дагы. Балдарыма дагы кызмат сурабайм.
Тескерисинче партияга жардам бергем. Дагы берем.
- Эмне кылып жардам бергенсиз?
- Партия кыйналып турганда акча берип, колумдан келген жардамымды көрсөткөм. Акча бергеним Бакиевдин КГБсына жетип куугунтукталган элем. Партияны өстүрүп, өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Буйруса КСДПнын келечеги алдыда...
- Калыс адам катары айтсаңыз, партияда кошоматчылар көп болсо керек?
- Көп эле. Алардын кимдер экенин баарыбыз жакшы билебиз. Биз куугунтукталып, азап чегип жүргөндө алар Бакиевдин колтугунда жүрүшкөн. Революциядан кийин КСДПга мүчө болуп, жогорку кызматтарды ээлешти. Депутат болду, министр болду дегендей.
- Ал кошоматчыларды Президент Атамбаев деле жакшы билген чыгаар...-
- Бул сурооңо мындай деп жооп берем. Бул өзү мыйзам ченемдүү, тарыхый көрүнүш. Мен жогоруда айтпадымбы, менин партиялаштарымдын көбү мага окшогон кара тамандар деп.
Революцияны кара тамандар жасайт, байлар менен чоңдор үзүрүн көрүп, кызматка барышат. Карапайым калк эч нерседен коркпойт. Анткени жоготоор эч нерсеси жок. Ушуну туура түшүнүү керек. Бирок, революциядан кийин мага окшогон дыйкандар айылына барып кетмен чаап оокатын кылышы керек. Менин кээ бир партиялаштарым колунан келсе, келбесе дагы кызматка жулунушуп, уят болушту. Анан албетте президент башкаларды кызматка чакырды да.
- Кошоматчылардын кызматка келиши калыссыз болуп жатпайбы...
- Туура, калыссыз. Болоору болду. Кошоматчылар эми бизге окшоп партиянын идеясына, келечегине күйсө болду, эски ооруларын карматпай.
- Партиянын лидери Чыныбай Турсунбековду дагы кошоматчы дегендер көп...
- Ачык айтканда Чыныбай деле КСДПга өз кызыкчылыгы үчүн келген. "Это дураку ясно" анын бизнеси бар, аны коргош керек. Бирок "надо отдать должное, он как политик растёт, и потихоньку завоёвывает авторитет среди партийцев..."
- Ысык-Аталык өзүңүздүн агаңыз, ЖКнын депутаты Эркин Сакебаевчи...
- Эркин байкем жакшы эле адам. Бирок ал деле өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. "У них семейный бизнес" "Абдыш-Атаны" баары эле билет да. "Он как личность в политике слабый человек..."
- Анда Турсунтай Салимов деле ошондойбу?
- Турсунтай деген ким эле? Аны тааныбайм.
- Мадина базарынын кожоюну Турсунтайчы...
- Аа. Турсунтайбы. Койчу аны, кайсы бийлик келсе, ошол бийликтин ырын ырдап бизнесин сактаса болду.
- Деги сизге, сизге КСДПдан кайсы депутаттар жагат?
- Ирина Карамушкинанын чын жүрөгү менен эл үчүн күйүп иштегени көрүп эле турат. Анан жанагы жаш бала бар го, ким эле...ии...баса, Данияр Тербишалиев деген, анын кандай бала экенин билбейм, бирок активдүү иштеп жатат.
- Чүйдүн азыркы губернатору Кубанычбек Кулматов жөнүндө эмне айта аласыз?
- Кулматов тың жигит экен. Кудай буюрса жакшы губернатор болот деп ойлойм. Мурунку губернатор Айбек Азыранкулов өзүмдүн эле иним, бирок жоош болчу. "он как личность был слабый..."
- Партиялаштарыңызга кандай каалоо, тилектерди айта аласыз?
- КСДП партиясы бир гана элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келген. КСДП мага абдан кымбат. Мен өзүм ээрчитип өстүргөн жакын иним, раматылык Руслан Шаботоев биздин партия деп жүрүп кайтыш болду. 7- апрелде досторум, партиялаштарым окко учту. Партияга жаңы кошулгандар тазаланышсын, "идейный" болушсун. Эл алдында уят болбошубуз керек. Мени досторум КСДПнын фанаты деп коюшат. Мен КСДП фанатымын.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев